Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Иманкулович Ногоев:
"Бирдиктүү агрардык саясат жүргүзүлөт"
­ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 2008­жылдын 17­октябрындагы Кыргызстандын элине кайрылуусунда "айыл чарбасында башкаруунун эскирген ыкмалары эми жарабай калгандыгын, агрардык сектордогу башкаруу системасын олуттуу реформалоо" зарылдыгын баса белгилеп өтпөдүбү. Бул боюнча сиздер кандай иш­чараларды көрүүнү белгилеп жатасыздар? Президент койгон бул милдеттерди аткарууга болобу?
­ Үстүбүздөгү жылдын 17­октябрында өлкөбүздүн Президенти Кыргызстандын элине кайрылуусунда белгилегендей тармакты башкаруунун принциптерин кайра карап чыгуу талап кылынат. Айыл чарбасындагы реалдуу акыбал менен аны башкаруунун ыкмаларынын ортосундагы шайкеш келбестик агротармактын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып келген.
Азык­түлүк корпорациясы мамлекеттик акционердик коомун (МАК) түзүү менен агроөнөржай комплексин (АӨЖК) башкаруунун жаңы схемасын иштеп чыгуу зарыл. Ал бир жагынан Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү, экинчи жагынан Азык­түлүк корпорациясы (МАК) аркылуу рыноктук чарба жүргүзүүнүн механизмдерин өз ичине камтыш керек. Айтор, Агроөнөржай кеңеши жетектеген бирдиктүү түзүм түзүлөт. Натыйжада бирдиктүү агрардык саясатты жүргүзүүгө шарт камсыздалат.
Акциялардын мамлекеттик пакети бар тамак­аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын бардык ишканаларын КРнын маммүлккомитетинин балансынан Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин карамагынан өткөрүп берүү керек. Бул аталган ишканалардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө, продукцияларды өндүрүүдө жана аларды кайра иштетүүдө тийиштүү түзүмдөрдү, ассоциацияларды, кооперативдерди, класстерлерди жана холдингдерди түзүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары "Кайыңды­Кант" акционердик коому кант заводун мамлекетке алып, анын акцияларын кант кызылчасын өндүрүүчүлөргө берүү зарыл. Мындай болгондо кант кызылчасын өстүргөн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн жана аны кайра иштетүүчүлөрдүн кызыкчылыктары бириктирилип, өстүрүлгөн кант кызылчасы эч бир проблемасы жок эле кайра иштетилип, анын айдоо аянттары, кант өндүрүүнүн көлөмү көбөйүп, республиканын калкын камсыздоо жакшырат.
Менимче, Азык­түлүк корпорациясы МАКтын алдында айыл чарбасын өнүктүрүү фондун түзүү да максатка ылайыктуу. Бул ири инвестициялык долбоорлорду жана программаларды каржылоо үчүн мамлекеттик бюджеттен, донордук уюмдардан, түз келген чет элдик инвестициялардан түшкөн каражаттарды топтоого мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, кыйын экендигине карабастан катышуучулардын жалпы кызыкчылыктарын эске алуу менен чийки зат өндүрүүнү, аны кайра иштетүүнү жана сатып өткөрүүнү камтыган окшош түрдөгү продукцияларды өндүрүү боюнча класстерлерди (акционердик коомдор) түзүү багытында чараларды көрүшүбүз зарыл. Мисалы, дан класстерин түзүү айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн, үрөнчүлүк чарбалардын, ун комбинаттарынын, нан бышыруучу жана кондитердик ири ишканалардын буудай өндүрүүдөгү жалпы кызыкчылыгын пайда кылат. Анткени, продукцияны сатып өткөрүүнүн жыйынтыгында акционердик коомдун ар бир мүчөсү пайда көрүшөт.
Андан тышкары жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн базарларында биздин товар өндүрүүчүлөрдүн өндүргөн айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүүсүн көбөйтүү үчүн министрликтин алдында агрардык биржаны түзүү учурдун талабы деп эсептейм.
Азык­түлүк корпорациясы МАКтын базасында буудай, кант, өсүмдүк майы өңдүү айыл чарба продукцияларынын негизги түрлөрүнүн Улуттук буфердик корун түзүү зарыл. Бул болсо базарда баалар көтөрүлгөндө аларды төмөндөтүү максатында көбүрөөк алып чыгууга мүмкүндүк берет.
Президент койгон милдеттерди толук кандуу жүзөгө ашыруу үчүн бир катар мыйзамдардын долбоорлору иштелип чыкты жана Кыргыз Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди. Алсак, "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" (Өкмөткө берилди), "Өсүмдүк өстүрүүнү камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө" (ЖК кароосунда), "Мал чарбасындагы асыл­тукум иши жөнүндө" (Өкмөткө берилип, 6 айдан кийин министрликке кайра кайтарылды), "Жайыт жөнүндө" (Өкмөткө берилди), "Ветеринария жөнүндө" (министрликтерде макулдашуудан өтүүдө), "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө", "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" мыйзамдарга жана Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (Өкмөттө) КР мыйзамдарынын долбоорлору даярдалды.
­ Республиканын бүткүл жер фондусун текшерип чыгуу, азык­түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ижарага берилген жерлерге улуттук заказ идеяларын пайдалануу колго алынабы?
­ Ушуларга байланыштуу министрлик Өкмөткө бир катар сунуштарды киргизди. Маселен, кызыкдар министрликтер менен ведомстволордун, статистика органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсүнүн жана дыйкан, фермерлердин өздөрүнүн катышуусу менен айыл чарба багытындагы жерлердин пайдаланылуусуна мониторинг (текшерүү) жүргүзүү керек. Бул иш-чара пайдаланылбай жаткан жерлерди таап чыгууга, аларды пайдаланбоонун себептерин тактоого, аларды продукция өндүрүү үчүн иштетүүгө киргизүү чараларын белгилөөгө, товардык чарба түзүү үчүн айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин чегинде айдоо аянттарын аныктоого, бул аянттарда айыл чарба долбоорлорун жүзөгө ашырууга, аларды конкурстук негизде оперативдүү башкарууга берүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан сырткары Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин мындан ары пайдалануунун стратегиясын иштеп чыгуу жана КРнын Президентинин кароосуна киргизүү зарыл. Анткени, кайра бөлүштүрүү үчүн жер резерви катары ал фонд өз милдетин аткарды, Жогорку Кеңештин чечими менен Фонддун жерлери эми кайра бөлүштүрүлбөйт. Ошондуктан Фонддун жерлери мамлекетке гана таандык болуп, бир айыл өкмөтүнүн максатында эмес, а мамлекеттик максатта гана пайдаланылышы абзел.
Министрлик тарабынан бул Фонддун жерлерин конкурстук негизде оперативдүү башкарууга берүү жана мунун негизинде айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча улуттук заказдарды жана ири инвестициялык долбоорлорду жайгаштырууга боло турган ири товардык чарбаларды түзүү боюнча конкреттүү сунуш киргизилет.
­ Айыл чарбасында тармактык корпорацияларды түзүү жолу менен барсак азык­ түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жетише алабызбы?
­ Бүгүнкү күндө азык­түлүк коопсуздугун камсыз кылууда рыноктук механизмдерди жадынан чыгарбаган тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү тармактык корпорацияларды түзүү жолу менен алга баруу максатка ылайык. Ошондо бирдиктүү агрардык саясатты жүргүзүүгө, мамлекеттик органдардын жана жеке менчик коммерциялык структуралардын айыл чарбасын, кайра ишететүү өнөр жайын өнүктүрүү маселелерин биргелешип чечүүгө карата болгон аракеттеринин бир нукка түшүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Жалпысынан алганда бүгүнкү күнгө чейин республиканын айыл чарбасын өнүктүрүүдө майда товардык өндүрүш көптөгөн түйүндүү маселелерди пайда кылып келген. Ошондуктан өндүрүштүк, керектөөчүлүк, сервистик, камсыздоочулук, кредиттик жана кайра иштетүүчүлүк сыяктуу кооперативдердин бир катар түрлөрүн түзүү зарыл. Мындай учурда товардык ири чарбалардын түзүлүшүнө, кызыкчылыктары бирдей чакан дыйкан чарбаларынын бир чоң чарбага биригишине, ошондой эле алардын банк мекемелери жана кайра иштетүү ишканалары менен интеграцияланышына жол ачылат эле. Демек, ирилештирилген чарбаларды түзүүдөн тышкары биз алардын ишине өбөлгө боло тургандай тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүбүз керек. Ошондо гана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн түшүмү мол болуп, азык­түлүк коопсуздугу жөнүндө сөз болбойт.
­ Бардык эле өлкөлөрдө айыл чарбасы дотациялуу тармак болуп саналат. Андыктан, Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен жетиштүү өлчөмдө каражат бөлүнүп берилип жатабы?
­ Агро азык­түлүк корпорациясын (ААК) өнүктүрүү стратегиясы өзүнө айыл чарбасынын саясатын түзүүнү жана ишке ашырууну, маалымат менен камсыздоону жана айыл чарба өндүрүшүн колдоо, өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүнү, айыл чарбалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана көмөкчү кызматтар чөйрөсүн кеңейтүүнү камтыйт.
Бул тапшырмаларды иш жүзүнө ашыруу үчүн албетте каржылоо маселесине маанилүү көңүл коюлушу керек. 2007­жылы бюджеттик каражаттардын чыгашасынын өсүү динамикасы 112,7%ды түзүп, 2008­жылы 89,5% болушу күтүлүүдө. 2006­жылы жалпы топтолгон бюджет 2220,4 млн. сомду, 2007­жылы 2517,3 млн. сомду түзүп, 2008­жылы 2241,8 млн. сом болушу күтүлүүдө.
Акыйкаттык үчүн белгилей кетүү керек, 2008­жылы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай (АСЧжКИӨЖ) министрлигинин бюджети (ПГИ жана атайын каражаттарды эсептебегендеги республикалык бюджет) 2007­жылдын деңгээлине карата 50,8%га өсүп, 1100 млн. сомду түзгөн. Бул көбөйүү айлык акыны көбөйтүү үчүн кошумча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жана айыл чарба техникасын алууга кредиттердин, ссудалардын, карыздардын (заем) көлөмдөрүнүн көбөйүшүнүн эсебинен болду. Ал эми айыл чарба өндүрүшүнө бөлүнгөн акча каражаты азайды. Мисалы, АСЧжКИӨЖ министрлиги тарабынан айыл чарба өндүрүшүнө негизги көрсөтүлүүчү кызматтар каржылана турган "Башка кызматтарды алуу" беренеси 2007­жылга караганда 23,0 млн. сомго азайса, "Имараттар жана курулуштар" беренеси 68,2 млн. сомго, "Коммуналдык тейлөөлөр" беренеси 34,5 млн. сомго, "Транспорттук кызматтар" 7,7 млн. сомго азайган.
Мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө керектүү 280 млн. сомдун ордуна бюджеттен 162 млн. сом бөлүнүп, камсыздалуу 58%ды түзөт.
Өсүмдүктөрдү химиялык коргоо жана карантиндөөгө 87,0 млн. сом керектеле турган болсо, бюджеттен 55 млн. сом бөлүнүп, камсыздалуу 63,2% болду.
Үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө 150 млн. сом керектелсе, 2008­жылдын бюджетинен 20 млн. сом бөлүнүп, камсыздалуу 13,3%га жетти.
Суу чарбасын өнүктүрүүгө б.а. суу чарба объектилеринин курулушун бүтүрүү жана жаңы сугат жерлерди ишке киргизүү үчүн 2,7 млрд. сом керек, бирок бул максаттарга жетүү үчүн жыл сайын 750­800 млн. сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнүп турушу керек. 2008­жылы кошумча бөлүнгөн каражаттар менен бирге 441,2 млн. сом бөлүнүп, камсыздоо 55%ды түздү.
Жалпысынан агрардык секторду өнүктүрүүгө 5,0 млрд. сом керек, учурдагы республикалык бюджеттин чектелген абалынан керектөөнүн 1/5 бөлүгү гана бөлүнүп жатат.
­ Айыл чарбасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жайыттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу менен чечсе болобу?
­ Жайыттарды жакшыртуу, аны үнөмдүү пайдалануу, мурда иштелип келинген скважина, кооптаждарды, мал токтоочу жайларды жана мал айдоочу жолдорду кайра калыбына келтирүү, жайыт талаш маселелерин жеринде чечип берүү боюнча министрликке жаңы милдеттер коюлуп жатат.
Бүгүнкү күнү республикабыздын аймагында 9184,8 миң гектар жайыт жери бар, анын ичинен кыштактардын жанындагысы 2376,88 миң гектарды, ортоңку жайыттар 3129,9 миң гектарды жана алыскы жайыттар 3685,1 миң гектарды түзөт. Акыркы жылдары элдин турмуш­шарты оңолуп, малдардын саны өсүү менен бирге элдин жайытка болгон талабы жылдан жылга өсүп бара жаткандыгы баарыбызга маалым. Ошого карабастан Ак­Сай, Арпа, Кара­Кужур, Алай, Суусамыр, Ажыке сыяктуу негизги жайыттардын түшүмдүүлүгү азайып, мал чарбасын суу менен камсыз кылуу, жайыттардагы инфраструктуралар (скважина, каптаж, мал суу ичүүчү аянтчалар жана түтүктөр) дээрлик иштебей калган. Көпчүлүк жерлерде жолдор, көпүрөлөр бузулуп, малдар негизги жайыт жерлерине бара албай, каттоо жагы татаалдашкан. Ошондуктан бир топ жайыттар бүгүнкү күндө пайдаланылбай жаткандыгы анык.
Кыргызстандын турмушунда жайыттын ролу баштагыдай эле өтө маанилүү экендигин эч ким тана албайт. Кыргыз эли жайыт менен жашап, мал­жанын багып келгендиги баарыбызга маалым. Азыр реформадан кийин айылда жалпы турмуш жакшырып, элдин колунда мал көбөйүп, жайыттар талашка түшүп, аны туура жана сарамжалдуу колдонуу проблемасы келип чыгууда.
Бүгүнкү күндө мыйзамга ылайык жайыт мамлекеттин карамагында, ошондуктан жайытка мамлекеттик көз менен карап, бюджеттен жок эле дегенде жылына 15­20 млн. сом караштыруу зарылдыгын турмуш көрсөтүүдө. Анткени жеке дыйкан­фермер чарбалары, жергиликтүү айыл өкмөттөрү бул маселелерди чечүүдө дале болсо алсыздык кылат.
Жайыттардын пайдаланылышына катуу көзөмөл жүргүзүп, жайыттардын бөлүштүрүлүүсүнө (айыл өкмөттөрү менен бирге), аны которуштуруп пайдаланууга ж.б. жагдайларына көңүл бурсак, айыл чарбасынын мүмкүнчүлүктөрү бир топ кеңеймек.
­ Келерки жылдын мол түшүмү учурдагы күздүк айдап­себүүлөрдүн жүрүшүнө, сапатына, үрөн менен камсыздалуусуна жараша болот эмеспи? Бул өнөктүктүн жыйынтыгы кандай болууда?
­ 2009­жылдын түшүмү үчүн 2008­жылдагы күздүк айдап­себүү иштерин уюшкандыкта, сапаттуу өткөрүү максатында Кыргыз Өкмөтүнүн №446 токтому кабыл алынып, анда 280,0 миң гектарга күздүк буудай жана 20,0 миң гектарга күздүк арпа себүү программасы бекитилген. Ошондой эле ошол токтомдун негизинде күздүк себүү иштерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн супер элита жана элита үрөндөрүн сатып алып, ал үрөндөрдү көбөйтүү максатында үрөнчүлүк чарбаларга 60,0 млн. сом, ал эми 1 жана 2-репродукциядагы үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди, күйүүчү­майлоочу майларды жана запастык бөлүкчөлөрдү сатып алуу үчүн 80,0 млн. сом "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна жеңилдетилген кредит түрүндө 1,5 жылга берилген. Андан тышкары материалдык резервден 5,0 миң тонна дизелдик отун брондолуп, азыркы мезгилде талон түрүндө бардык областтарга жеткирилген. Жалпысынан мамлекеттин бюджетинен күздүк айдап­себүү иштерин жүргүзүү үчүн 321,4 млн. сомдук жардам берилди.
Андан тышкары дан эгиндерине болгон азык­түлүк коопсуздугун сактоо максатында эл аралык уюмдар тарабынан да гранттык жардамдар көрсөтүлдү. Атап айтканда Ислам өнүгүү банкы 741,3 тонна, ФАО ­ 525,5 тонна, ЮСАИД ­ 275 тонна жана Дүйнөлүк банк ­ 350 тонна сапаттуу, жогорку репродукциядагы буудай үрөндөрүн Ош, Баткен, Жалал­Абад, Талас, Ысык­Көл жана Чүй облустарынын дыйкандарына бөлүштүрүп беришти.
Натыйжада бекитилген күздүк себүү программасын аткаруу боюнча кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрү жетиштүү көлөмдө топтолгон же болбосо 61889 тонна буудай үрөнү керектеле турган болсо, 61891 тонна үрөн даярдалган. Ошондой эле 3609 тонна арпа үрөнү керек болсо, 3664 тонна үрөн даярдалып, муктаждык 100 пайызга аткарылган.
Соңку маалыматка ылайык республика боюнча Ысык­Көл облусунан башка облустарда азыркы мезгилде күздүк себүү иштери улантылууда. 2008­жылдын 27­ноябрына алынган маалымат боюнча бардыгы болуп 239 миң гектар жерге күздүк буудай же 2007­жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59,0 миң гектарга көп себилген, ал эми 9,5 миң гектар жерге күздүк арпа себилип, өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 миң гектарга аз болууда.
Т.ТЕМИРОВ,
"Эркин Тоо".