Жолдорду оңдоо көңүл борборунда
Лейлек районундагы "Ак­Тилек" акционердик коомунун башкы директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, райондук кеңештин депутаты Исаев Жусупали Калматович менен маек
­ Жусупали Калматович, сиз жетектеген ишкана Лейлек районундагы эң алдыңкы ишканалардын бири экен, алгач жыл башынан бери аткарып жаткан иштериңизге токтоло кетсеңиз?
­ Биздин ишкананын түзүлгөнүнө быйыл 50 жыл болот. Өткөн аралыкта районубуздун аймагындагы жолдорго асфальт төшөп, көптөгөн көпүрөлөрдү куруп бүткөрдүк. Алардын көпчүлүгү өз ишин мыкты өздөштүргөн тажрыйбалуу механизатор, айдоочулар болуп эсептелет. Ишканабыздын карамагында асфальт чыгаруучу чоң завод бар. Аны эки жылдан бери тынымсыз иштетип жатабыз. Өткөн жылы районубуздун борбору болгон Исфана шаарынын эки көчөсүнө асфальт төшөп бүтүрдүк. Шаардын көркүнө көрк кошуп бир кыйла жакшы болуп калды. Андан сырткары өткөн жылы Ош ­ Исфана жолуна районубуздун аймагындагы үч чакырым аралыкка жаңы асфальт төшөлдү. Ал эми үстүбүздөгү жылы биздин "Ак­Тилек" акционердик коомунун эмгек жамааты бир топ иштерди аткарууда. Мисалы, 2,5 чакырым аралыкка жаңы асфальт төшөлүп, Исфана жана Сүлүктү шаарларында көрктөндүрүү иштери боюнча белгиленген пландар ашыгы менен аткарылды. Ошондой эле Бешкент айылында быйыл сел ташкынынан көпүрөнү алып кетип, оор абал түзүлгөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өтүнүчү менен ошол көпүрөнүн курулушун баштаганбыз. Бул көпүрөнү биздин куруучулар кыска мөөнөттө жогорку сапаттуулукта бүткөрүп, районубуздун түзүлгөнүнүн 80 жылдык мааракесине тапшырууну пландаштырып жатабыз.
­ Чындыгында чоң көпүрөнү куруп бүткөрүү алдында турасыздар, көпүрөгө канча каражат жумшалды?
­ Көпүрөнүн сметалык баасы 9 млн. сомду түзгөн. Мына ушул суммага бардык талаптарга жооп берген, кенен көпүрөнү курдук. Андан сырткары Лейлек районунун аймагында быйылкы жаз мезгилиндеги жамгырдан жарактан чыккан жолдорду, көпүрөлөрдү ремонттон чыгардык. Эң негизгиси биздин "Ак­Тилек" акционердик коомунун кубаттуулугу тээ союз убагындагыдай деңгээлде. Техникаларыбыздын оң абалда болушуна чоң маани берип, убагында ремонттоп, натыйжалуу пайдаланып жатабыз. Ошондой эле өзүбүздүн тапкан каражаттарга жаңы техникаларды сатып алып, техникалык базабызды чыңдап жатабыз. Районубуздун аймагындагы жол тармактарын оңдоого бүгүнкү күндө техникаларыбыз жетиштүү десек болот. Учурда чоң кубаттуулуктагы 4 КРАЗ маркасындагы машина, автокрандар, эксковаторлор, асфальт жайуучу техникалар, спецтехникалардын бир нече түрү оң абалда иштеп жатат.
­ Сиздердин ишкана Лейлек районунун аймагындагы жолдорго асфальт төшөпсүздөр, сапатына кандай маани берилүүдө?
­ Биз эң биринчи асфальттын сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бурабыз. Себеби,биздин төшөгөн асфальт жок дегенде 10­15 жылга чейин бузулбай, элге кызмат көрсөтүшү керек. Анткени, биздин ишкана райондун аймагында жайгашкандыктан, эгерде эртең төшөлгөн асфальт начар болуп, жол бузулуп калса, эл бизге нааразы болуп, жасаган жолуңар ушубу деп уяткарышы мүмкүн. Ошондуктан, биздин адистер өз ишине берилгендиктен, жолдорду сапаттуу курууга, элдердин алкышына ээ болууга аракет кылып, ишканабыздын атына шек келтиришпейт. Бардыгыбыз биргеликте сапаттуу жол курганга, асфальт төшөө көңүл борборунда болот.
­ "Ак­Тилек" акционердик коомунда канча кызматкер бар, алардын өндүрүмдүү иштөөсүнө түзүлгөн шарттарга да кыскача токтоло кетсеңиз?
­ Учурда биздин ишканада жалпысынан 55 кызматкер эмгектенет. Жамаатыбыз өтө ынтымактуу, биримдиги жакшы. Көпчүлүк кызматкерлер чейрек кылымдан бери иштешкендиктен, иштерине жоопкерчилик менен мамиле жасашат. Кызматкерлерибиз ай сайын эмгек акыларын кечиктирбей алышат. Бүгүнкү күндө орточо эмгек акылары 8­10 миң сомдун тегерегинде. Жумушчулардын социалдык маселелерине да көңүл бурулуп, ишкана тарабынан колдоолор көрсөтүлөт. Быйылкы кыш мезгилине бардык кызматкерлерди көмүр менен камсыз кылдык. Турмуш­тиричилиги оор болгон үй­бүлөлөргө акчалай да көмөк көрсөтүлөт. Тажрыйбалуу адистердин табылышы кыйын. Ошондуктан биз адистердин кандай гана көйгөйлүү маселеси болбосун чечип берүүгө аракеттенип, алардын өндүрүмдүү иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзөбүз. Эгерде ушундай тажрыйбалуу адистер Россияга кетип калса, ишканабыз токтоп калышы мүмкүн. Андыктан, жумушчуларды социалдык жактан колдоп, өзүбүздүн фонддон көмөктөшүп турабыз. Натыйжада ишканабызда жакшы ийгиликтер жаралып, белгиленген объектилер өз убагында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүүдө.
Кудай буюрса ишканабыздын экономикалык көрсөткүчтөрү жакшы. Ишканабыз салыкка, Социалдык фондуга жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөп турабыз. Тескерисинче биздин жасаган ишибизге убагында акча которулбай калган мезгилдер кездешет. Ошондо бизге бир аз кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Андыктан биздин ишкана менен кызматташкан Финансы министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги курулуп жаткан курулуш объектилерине өз убагында акча каражатын берип турса, максатка ылайык болмок.
­ Сиздердин ишкана менен кызматташууга барган мекеме­уюмдар көбөйүп жатабы?
­ Ооба, көптөгөн мекеме­уюмдар объектилерин биздин ишкана аркылуу бүткөрүүгө кызыгышат. Тилекке каршы, бардык эле кызматташууну каалаган мекеме­ишканаларга кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ошондуктан, биз эң негизги болгон элдин социалдык маселелерине тиешелүү гана объектилерди куруп жатабыз.
­ Ишканаңыздарды рынок шартында кеңейтүү боюнча пландар барбы?
­ Албетте, азыр учурда ар тараптуу изденип иштөө зарыл. Бирок, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, биз Кыргызстандын эң алыскы, четки аймагында жайгашкан район болгондуктан, биздин ишкана алысыраак жерлерге барып иштөөгө мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Ошого карабай өзүбүздүн кызыкчылыкты ойлосок башка жерлерге барып иштесек да болмок, бирок биздин жумушчуларда патриоттуулук сезим күчтүү болгондуктан районубуздун аймагындагы маселелерди чечүүгө бардык аракеттерди көрүп жатабыз.
­ "Ак­Тилек" акционердик коомунун карамагында асфальт чыгаруучу завод бар экен, анын абалы кандай?
­ Биздин райондогу асфальт заводу союз мезгилиндеги Кыргызстандагы эң акыркы курулган ишкана болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө асфальт заводунун абалы өтө жакшы, мүмкүнчүлүгү жогору. Тилекке каршы, ишканабыздын толук кубаттуулукта иштөөсүнө заказдар аз болуп жатат. Ошон үчүн жылына 3­4 ай гана иштеп, калган мезгилде иштебей туруп калууда. Жылына бул ишкананын 10­15 чакырым аралыкка жете турган асфальт чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.
­ Сырье менен камсыз кылуу маселеси кандай чечилген?
­ Бүгүнкү күндө керектүү болгон сырье жетиштүү десек болот. Биздин Козубаглан дарыясынын жээгиндеги кумдар таза болгондуктан алыстыгына карабай ташып келип иштетип жатабыз. Асфальт чыгарууга эң зарыл болгон сырьелор өзүбүздүн аймакта жетиштүү деңгээлде десек болот. "Ак­Тилек" акционердик коому райондогу алдыңкы ишканалардын бири. Ишканабыздын ар тараптан өнүгүүсүнө чоң салым кошкон алдыңкы кызматкерлердин катарына асфальт төшөгөн машинанын айдоочусу Парманбек Каров, жогорку категориядагы бульдозер айдоочу Галыбай Шамуратов, эң күчтүү ширетүүчү Шамшидин Якубов, КРАЗ маркасындагы жүк ташуучу кубаттуу техникаларды башкарган Абдыкаар Каразаков, асфальт чыгаруучу заводдо иштеген оператор Аскарали Расулов, тажрыйбалуу прораб Апас Салыкбековду кошууга болот. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кече күнү белгиленген Лейлек районунун түзүлгөнүнүн 80 жылдык мааракеси менен бүткүл райондун элин чын ыкластан куттуктайм. Илегилек куштун ысмын алып жүргөн керемет, кооз Лейлек жергесинен береке кетпей, экономикасы өнүккөн гүлзарга айланган аймак болушуна тилектешмин.
Маектешкен
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".