Жүзүмзарлуу Молдова
Молдова Республикасынын борбору Кишинев шаарында өтүүчү КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын саммитине катышуу үчүн Премьер-министр баштаган Кыргызстандын делегациясы кечки саат 17де "Манас" аэропортунан абага көтөрүлдүк. Биз "Манастан" учуп жөнөгөндө Бишкекте күүгүм кирип, күн уясына батып бараткан эле. Самолёт улам бийиктеп булуттардын үстүнөн кызарып батып бараткан күндү кууп бараткандай асман жиреп учуп баратты. 2-3 сааттай учсак дагы баягы горизонтко кирип бараткан күндү кууп жете албай келаттык.
Бир убакта стюардесса Кишиневго келип калганыбызды, самолёт ылдыйлай баштаганын жарыялады. Байкалбаган менен Бишкектен бери 4,5 саат бою батып бараткан күндү кууп учуп Кишиневго жакындаганда ал бизге жеткизбей уясына кирип кеткен экен. Биздин самолёт Кишинев убактысы боюнча кечки саат 18де жерге конду. Кишиневдо жерди жаңы караңгылык каптап, светтер жаркырап күйүп, калыптыр. Бишкек менен Кишиневдун ортосунда убакыт 4 саатка айырмаланат экен. Бул убакта Бишкекте саат кечки 9-10 болуп калган кез эле.
* * *
Кишинев саммитке аябай даярданыптыр. Мындай ири масштабдагы иш-чаралар Молдовада чанда өтөт. Саммит башталардан бир жума мурда өкмөттүк сарайлар полиция тарабынан дыкат текшерилип, көчөлөргө формачандар тургузулуп, маанилүү окуяга карата машыгуулар башталган экен. Саммитке катышуучулар келип баштаган 13-ноябрдан баштап негизги көчөлөр жабылып, транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилгени парламент депутаттарынын нааразылыгын пайда кылып, бул тема парламент трибунасында да көтөрүлөт. Саммит болор күнү бүт Кишиневдо полиция жана жашыруун кызмат толуп кеткенине нааразы болгон бир депутат: "Биз эмне папуастардын жана террористтердин өлкөсүбүзбү? Молдован эли меймандос эл дейбиз. Анан эмне, Кыргызстандын Премьер-министрине бирөө бомба ыргытат деп ойлоп жатышабы?"-деп айтканын күн сайын чыгуучу жергиликтүү "Время" газетасы жазыптыр.
* * *
Молдова Республикасынын калкы 5 млн.го да жетпейт. Өлкөдө румын тили мамлекеттик тил болуп саналат. А эмне үчүн молдова тили эмес?-деген суроомо молдовалык коллегалар румын тили менен молдова тилинин эч айырмасы жок экендигин айтышты. Андай болсо молдова тили деп эле коюшса эмне болмок?-деген суроомо ынанымдуу жооп уга албасам да, мында кандайдыр саясат бар экендигин туйдум. Сыягы румын тилин мамлекеттик тил катары кабыл алуу республика ичиндеги ар кандай саясый күчтөрдүн тирешүүсүн, саясый дебаттардын курчушун жараткан сыяктуу.
Анан калса кичинекей республикада эки автономиялык түзүлүш бар. Анын бири Приднестровье аймагында 1990-жылы СССР курамындагы Приднестровье Молдова Республикасы деп борбору Тирасполь болуп жарыяланган автономиялык республика. Бирок Молдованын территориясындагы бул жаңы республиканы Молдова Республикасы тааныган эмес. 1991-жылы Приднестровье аймагында референдум өткөрүлүп, көпчүлүк көз карандысыз Приднестровье Молдова Республикасынын түзүлүшү үчүн добуш беришкен. 1993-жылдан баштап Приднестровье статусу боюнча талаш-тартыш, сүйлөшүүлөр жүрүп, аягына чыкпай келет. Молдовалык коллегалар менен бул темада сүйлөшкөнүбүздө алар саммит өткөндөн кийин бул маселени чечүү кайра жанданаарын айтышты.
Ал эми Кичинекей Молдованын ичиндеги экинчи автономия Гагауздар Республикасы. Гагауздар өз тарыхында түрк, орус, румын, ал гана эмес немец бийлигинин алдында да болуп келген. Тарыхчылардын, этнографтардын баасында гагауздар түрк дүйнөсүнүн башкага окшошпогон өзгөчө элдеринин бири. Гагауздар көчмөн огуздардын уруусунан экендиги айтылат. Ошондой эле аларды түркчө сүйлөгөн болгарлар, гректер менен байланышкан деген ж.б. версиялар да бар. Ал эми акын агайым Карбалас Бакиров аларды түз эле кыргыздар деп айтып, Молдовияга кетип жатканда гагауздарга жолуга кел деген каалоосун айткан эле. Мен бул тапшырманы аткаруу аракетинде саммит учурунда жергиликтүү журналисттерди атайын издеп таанышып, тилекке каршы ал жерде гагауз журналисттеринин жок экендигин билдим. Бирок "Мир" телеканалынын Молдовадагы өкүлчүлүнүн кабарчысы Виталий Крупаненков жана жергиликтүү 4-каналдын кабарчысы Аня менен сүйлөшүп, гагауздар жөнүндө көп нерселерди билдим. Өзгөчө Виталийдин гагауздар жөнүндө кеңири маалымдуулугуна таң калдым. Гагауздардын улуттук өзүн-өзү таануусу 80-жылдарда жанданып, 1988-жылы "Гагауз калкы" кыймылы түзүлүп, 1989-жылы кыймыл өзүнүн биринчи съездин өткөрөт. Съездде гагауздар жашаган Молдованын түштүгүндө Гагауз автономиясын түзүү чечимине келишет. Ошентип 1990-жылы августта борбор шаары Комрат болгон Гагауз автономиялуу республикасын түзүү жөнүндө декларация кабыл алынат.
Бирок Молдова Өкмөтү муну жокко чыгарат. Молдовадагы румын тилинин мамлекеттик тил катары кабыл алынышына байланыштуу абалдын курчушу, өлкө ичиндеги маданий жана экономикалык проблемалар шартында гагауз элинин көз карандысыздыкка умтулуусу көп улуттуу молдовалыктар тарабынан колдоого алынат. Ошентип 1994-жылы Молдова парламенти Гагаузиянын өзгөчө укуктук статусу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып, ага ылайык Молдованын ичинде борбору Комрат шаары болуп, Гагауз автономиялуу республикасы жарыяланат.
Бүгүнкү күндө Гагауздардын жалпы элдик добуш берүү менен шайланган Башканы (Президенти), парламенти, өзүнчө бюджети, Гагауз мамлекеттик университети, телекөрсөтүүсү, газетасы жана башка бардык мамлекеттик атрибуттары бар. Бирок гагауздардын эл аралык мамилелерди түзүүгө укугу жок. Кызыгы алар түрк тилинде сүйлөп, христиан динин тутунушат экен. Гагауздардын саны 200 миңдин тегерегинде. Бир чоң райондун калкындай болгон гагауздар мамлекет ичиндеги мамлекет катары өз көз караңдысыздыгын орнотууга жетишкен.
* * *
Молдова Республикасы парламенттик республика болуп саналат. Республиканын Президенти жалпы элдик добуш берүү эмес, парламент депутаттары тарабынан шайланат. Бүгүнкү күндө парламент 101 депутаттан турат. Анын 55ин Молдованын Коммунисттер партиясынын фракциясы түзөт. Парламентте 4 партиялык фракция жана 15 көз карандысыз депутат бар. Президент В.Воронин да коммунист. Андыктан бүгүнкү Молдованы коммунисттер башкарып жатат десек болот.
Антсе да Молдова гендердин теңчилик жактан алда канча алдыга кетип, Европа өлкөлөрүндө 8 орунду ээлейт экен. Республиканын премьер- министри Зинаида Гречаный жана андан башка да Өкмөттө он чакты аялзаты эмгектенсе, 22 аялзаты депутаттык мандаттын ээси болуп саналышат.
* * *
Эгерде Молдованын мамлекеттүүлүк тарыхына кылчайсак XIV кылымдан баштап көз карандысыз Молдова княздыгынан башталып, андан кийин бирде жоготуу, бирде калыбына келүү же башка мамлекеттердин курамына биригүү менен коштолгон ар кандай этаптарын баштан кечириптир. Алар өз тарыхынын кайсы бир мезгилдеринде Осмон империясынын, падышалык Россиянын, Румын королдугунун курамында да болуп келишкен. 1812-жылы болсо Молдова падышалык Россиянын курамына кирип, Бессерабия аталган. Азыркы Молдованын территориясы андагы Бессарабиянын территориясынан аздык кылат. Себеби, Совет бийлиги тушунда анын аймагынын кайсы бир бөлүгү Украинага өтүп кеткен. Ал эми Совет бийлиги орногондо 1918-жылы Молдова көз карандысыздык алат. Бирок ушул эле жылы Румыния менен биригүү чечимин кабыл алат. Анан 1940-жылы Молотов-Риббентроп пактына ылайык Молдова кайрадан СССРдин курамына өтөт.
* * *
Молдованын борбору Кишинев шаары кантсе да европалык стилде курулган шаардай таасир калтырды. Шаарда европалык архитектура традицияларына жакын имараттар көбүрөөк кездешет. Шаар 7 дөңсөдөн жана ылдыйыштардан турганы менен өзгөчөлөнөт. Ошондон улам Кишинев мага кандайдыр деңгээлде биздин Ош шаарыбызды элестетти. Көчөлөрүндө бизге окшоп каршы-терши жүргөн микроавтобустар дээрлик жокко эсе. Мында негизги коомдук транспорт катары автобус, троллейбустар жүрүп, аялдамаларда баягыдай эле топтошкон элдер турушат.
Молдованын борбор шаарында 750 миңден ашуун адам жашайт. Молдовада жай жана күз узак болуп, климаты дыйканчылыкка ыңгайлуу. Ноябрда гана алгачкы үшүк жүрүүлөр башталат экен. Биз барган ноябрдын ортосунда жалбырактар жерге сапырылып түшүп, мемиреген коңур күз өкүм сүрүп турду.
* * *
Эми башканы коюп, Молдованын "визиттик карточкасы" болгон вино өндүрүшү жөнүндө айтпай кетсем күнөө болор. Кыргызстанда Молдова виносу жөнүндө укпаган адам жок болсо да, чыныгы молдова виносунун даамын татпагандар көп эле чыгар. Анткени биздин дүкөндөрдө Молдова виносу деп сатылып жаткандар чыныгы молдова өндүрүшүнөн экенине чоң күмөн бар. Анткени бизде азырынча Молдова менен соода-экономикалык мамилелер жолго коюла элек.
Молдовада жүзүмчүлүк жана вино өндүрүшүнүн байыркы тарыхы бар. Бүгүнкү күндө да молдовандар дүйнөгө өз винолору менен таанылып келет. Молдова Өкмөтү вино өндүрүшүн андан ары колдоо чараларын көрүп, Европалык Реконструкция жана Өнүгүү банкынын кредитине вино бөтөлкөлөрүн чыгаруучу ири завод куруп, өндүрүш технологиялары да модернизацияланыптыр.
Жүзүм өстүрүүчүлүк жана вино өндүрүшү молдован элинин улуттук маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү катары болуп калган. Молдовандар келген сыйлуу мейманга нан, туз менен катар эле виносун көтөрүп чыгып тосуп алмайы бар экен. Саммитке келген делегация башчыларын да ушинтип тосуп чыгышты.
Молдовада бүт кыймыл вино өндүрүшү менен байланышкандай сезилди. Мында 15 вино сакталган жер төлөлөр бар экен. Алардын жалпы узундугу 100 кмди түзүп, 53 гектар жер алдындагы мейкиндикти ээлейт. Жер төлөдө винолордун сорту менен аталган 12 көчө бар. Мисалы: Шардоне, Рислинг, Каберне, Алиготе ж.б. Шардоне көчөсүнө түшсөңүз бөтөлкөгө куюлуп тизилип коюлган Шардоне винолорун көрүп санагыңыз келсе санактан адашарыңыз чын. Жер төлөлөрдө 10-50 миңден баштап 1 млн. бөтөлкөгө чейин винолор сакталат. Мында бүгүнкү коллекциялар менен катар эле качанкы эски винолор да коюлган. Мисалы 1902-жылдагы диний эски еврей виносун да көрүүгө болот. Молдовандарда сыйлуу конокторду вино бөтөлкөлөрү тизилген жер төлөлөргө алып баруу салт болуп калган. Дүйнөдөгү эң чоң Криково жер төлөсүндө Мао Цзе Дун, Ким Ир Сен, Жак Ширак, Ю.Гагарин ж.б. жогорку даражалуу коноктор болуп кеткен. Россиянын биринчи президенти В.Ельцин гана жубайы Наина айым жер төлөгө экскурсияга баруусуна катуу каршы болуусунан улам барбаптыр. Кишиневдо өткөн Өкмөт башчыларынын саммитинин программасында да делегация башчылары үчүн Криково жер төлөсүнө экскурсия белгиленген.
Винолор коюлган жер төлөлөрдүн тереңдиги жердин рельфине жараша 35-100 метр, абанын температурасы жыл бою бир калыпта 11-140да кармалып турат.
Мында Молдова өндүрүшүнүн гана эмес, дүйнөнүн башка элдеринин винолорун кошуп алганда 640 сорттогу вино коллекциялары сакталып коюлган.
Бул өзүнчө эле Молдованын "алтын запасы" сыяктуу. Өндүрүлгөн вино продукциясынын 85%ы экспортко чыгарылат. Республиканын бюджетинин 15%ы жалаң вино өндүрүшүнөн түшөт.
Бирок, Молдованын экономикасы өнүгүп кетиптир деп айтуу кыйын. Себеби, Молдовада жогору айлык акы издеп өлкөдөн чыгып кеткен мигранттардын саны 1 млн. 200 миң экен. Бул жалпы калктын ј бөлүгүнөн ашыгы дегендик. Ошентсе да Кишиневдо азык-түлүк баалары арзаныраактай сезилди. Балким биз алып барган акчаларыбызды жергиликтүү валюта -Лейге алмаштырганда суммасы көбөйө түшкөндүктөн ушундай сезилдиби, билбейм. Ал жакта 1 доллар алардын улуттук акчасы - 10 лейге барабар. Ал эми бир лей биздин сомубуз менен болжолдуу алганда 3,7 сомго тең экен.
Бүгүнкү Молдова биздин баамыбызда мына ушундай контрасттуу өлкө катары эсте калды.
Б.Турдалиева,
"Эркин Тоо".












??.??