Ак шайы жоолук Алымкан
(Башталышы өткөн сандарда)
81 жашка келсе да, күүлүү­күчтүү адыр­кырга мал айдап барып, мал айдап келип жүргөн Жамшитбек абанын тарыхый аңгемесин канааттануу менен угуп болуп, ыраазычылык менен ракматыбызды айтып, бизге ак батасын берүүнү сураган учурубузда бата берээримден мурун дагы бир нерсени бир чоң өтүнүчүм бар, мына ушул өтүнүчүмдү сөзсүз жазып, жарыялай кеткин! ­ деди.
­ Айтыңыз аба, кандай өтүнүч эле? ­ дедим.
­ Кээ бир адамдар Алымкан бул жарыкчылыкта жашаган эмес, ал бир ойдон чыгарылган нерсе, анан Токтогул тигиндей­мындай болуптур деп болбогон жалган сөздөрдү айтып жүрүшөт экен. Бул тууралуу өткөндө Самсак да айтты, сен да айтып жатырсың азыр.
­ Сиз эмне маселеге өзгөчө нааразы болуп жатасыз?
­ Менин нааразы болгонум Төлөгөн Алымкандын өмүрүн туура эмес жазгандыгында болууда. Анын жазганы боюнча тартылган "Алымкан" деген кинону көрүп жүрөсүңөр да. Кичи­Ак-Жолдогу комузчу Ниязаалы анын абалары болот. Ошол Ниязаалы Алымканга Токтогулду ээрчитип барган экен, анан Алымканды алып качып жөнөгөндө кармап кетишиптир, анан дагы андай­мындай деген бир балекет сөздөрдү кошуп жалган жөнүндө жазыптыр. Мени менен кошо жүрүп, менден сурабайбы!.. Бул тарыхты бурмалоо эмеспи?.. Бул Алымкандын арбагына, урук­ тукумуна шек келтирет да…
Жогоруда мен эскерип кеткендей, Токтогул жөнүндө сураганымда чоң энем:
­ Эшикке келип эле ырдап кетип жүрчү. Ырдаса ырдай берсин да!.. ­ деп гана койгон эмеспи. Алымкан чоң энемди Токтогул сүйсө сүйгөндүр. Сулуу кызды ким сүйбөйт… Бирок, да алып качкан эмес. Аны аземдүү той берип, кыргыз наркы, кыргыз салты менен ата­энеси күйөөгө узаткан.
Мына ушундай деп Алымкан тууралуу сенден мурун жолуккан журналистке да айтып берген болчумун, ал да чыгарган китебине мен айткандай кылып киргизбептир. Ошол журналистке Бишкекке барсам бир жолугуп:
­ Эй, жазуучу, журналист!.. Сага мен эскертип айтпадым беле, менин айткандарымды мине бүт жазган жоксуң?.. Төлөгөн акеңен корктуңбу?.. Баатыр десе эле биротоло мойнуңду кылыч менен үзө чабабы?.. Сен мине үчүн чындыкты бурмалайсың?.. ­ деп айтмакчымын.
Ушул биздин Аксынын борбору Кербенде жашап, иштеген бир Абдымомун Калбаев деген журналист да чоң энем Алымкан жөнүндө маалымат сурап келгенде жогорудагыдай Төлөгөндүн бурмалоолорун кошуп айтып берген болчумун. Бир топ убакыт өткөндөн кийин барып сурасам Абдымомун журналист:
­ Жакында Төкөм келген экен Кербенге, ошондо сен мага каршы эл арасында айтылган сөздөрдү жазбагының деп дайындап кетти, ­ дейт мага.
­ Төкөң айтса анда жүрө бер сен Төкөң менен. Сенден башка да журналисттер толуп атыры! ­ дедим.
Москванын алдындагы Волоколамский шоссесин коргогон Панфилов атындагы дивизиясында эрдик көрсөткөн кыргызстандык Бауржан Момуш уулу жөнүндө китеп жазам деп барып кайрылган бир жазуучуга Бауржан:
­ Жазгың келсе, жазгының!.. Эгер менин айтканыман бир жеринен ката жазсаң, сенин сол колуңду үзө чабамын!.. Экинчи жолу ката жазсаң оң колуңду үзө чабамын! ­ деген экен. Карабайсызбы, Бауржан Момуш уулу кандай курч киши болгон… Биздин кээ бир жазуучу, журналисттердин тарыхты бурмалап жаткандарын көрбөйсүзбү!.. Мындай болбойт да!..
Мен кээде ойлонуп калам, ушу Бишкекке бир барып калсам, ошол Алымкан болгон эмес деген кишилер телекөрсөтүүлөрүнө болобу, радиосуна, газетасына болобу бир чогулуп келишсе:
­ Ой, мына мен Алымкандын небереси… Ал болгон… Арбакка шек келтирип, сен минени айтып, силер минени жазып жатасыңар?.. ­ деп айтсамбы деп жүрөм…
Мына, ушинтип жүрүп журналисттериңен да көңүлүм калды. Айтып берген туура сөздү туура жазбайт экенсиңер!..
***
Албетте, өзү айтмакчы, кызыр даарып, бак конгон Алымкан эженин небереси Тазабек уулу Жамшитбек карыянын тарыхты бурмалап айтуучулар менен бурмалап жазып жаткандарга койгон таарыныч дооматында чындыктын чоң үлүшү бар экенин эч кимибиз тана албастырбыз. Кечээки эле өткөн окуяны тактап жазып кала албай, бүгүнкү күнү болсо бар тарыхты жокко чыгарып, Алымкан бул турмушта болгон эмес, Токтогулду болсо бай­манаптар каматпай эле, айдалып бараткан туткундардын ичиндеги бир досун узатам деп улам ырдап коюп, ээрчип кете бергенде жандармдар жини келип, Таш­Көмүргө барганда кошо айдап кеткен экен деген ж.б.у. сыяктуу имиш, тузсуз сөздөрдү эл арасында таркатуучулар пайда боло баштады.
Бул тема албетте, өтө көп сөз. Ал тууралуу Кудай буюрса жакынкы убакыттарда жарыкка чыгуунун алдында турган "Токтогулду ким каматкан да, ким качырган?.." деген көлөмдүү китептен окуй аласыздар.
***
Айтылуу Алымкан сулуунун өз небереси Жамшитбек карыя жана көптөгөн жылдар бою өмүр шерик болуп 16 перзентти жарык дүйнөгө алып келип, алардын бир нечесин кара жерге жашырган Анаш чоң эненин куттуу үйүнөн кош айтышып сыртка чыкканыбызда Малгалдынын эртеден бери бүркөлүп турган асманынан күздүн майда жааны себелей баштаптыр. Жамшитбек аба себелеген жаанга карабай, бизди көчөдө турган машинебизге чейин узатып келип отургузуп, экинчи ирет ак батасын берди да, төш боорундагы кыя жолдун жээгинде бизге кол булгалай коштошуп кала берди… Мени өз автоунаасы менен атайын карыянын үйүнө урматтап алып барган, Аксынын Бозбу биегинде төрөлүп­өскөн архитектор жигит, жазмакер Кеңешбек Шадыбеков экөөбүз ошол кыя кеткен жол менен Малгалды айылын аралай алыс жол сапарына түштүк… Мен алды­артымды, туш тарабымды тескей адырлар менен кенен коктунун ичиндеги узун жолдун жээктеринен Токтогул менен Алымкандын, Субан бий менен Тазабектин, согуштан кайтпай калган Сыдыктын, төрт жашар кызын кучактап жерге көмүлгөн Бурулайдын, далай ирет Малгалды элинин аш-тойлорунда ырдап, күү чертишкен Жеңижок менен Ниязаалынын издерин издеп бараттым… Кеңешбек эмнелерди ойлоп баратты экен?.. Балким, ал деле мен ойлогондорду ойлоп бараткандыр… Кантсе да ошол 2008­жылдын 6­ноябрь күнү менин өмүрүмдөгү эстен кеткис тарыхый касиеттүү күндөрдүн бири болуп калды…
Анткени касиеттүү Алымкан өз койнуна алып жатып жүрүп чоңойткон өз небереси Жамшитбек карыянын колунан даам татып келе жаткан элем… Кол кармашып, жүз көрүшкөнчө аман болуңуз Жамшит аба, Анаш эже!..
- Токтогул кайсы Алымканды сүйгөн?..
Жогоруда биз "Эркин Тоо" газетасынын 86­87­88 номерлеринде Токтогул акындын алгачкы махабаты деп айтылып да, жазылып да жүргөн Алымкан эстүү, Алымкан сулуу тууралуу айрым бир авторлордун ушул тема боюнча иликтөөлөрүн окурмандарыбызга сунуш эттик. Ал иликтөөлөрдө М.Убукеев өзүнүн 1990­жылы 19­сентябрдагы чыккан "Фрунзе шамы" газетасына жарыялаган "Акындын улуулугу" аттуу макаласында: "Эгерде Коргоолго ишенсек, Токтогул менен Алымкандын ортосунда эч кандай сүйүү болгон эмес. Бирок, эл өзү сүйгөн акындын арзыган селкиси болбогону менен келише албады. Ошентип, Алымкан жөнүндө уламыш пайда болгон. Биздин окуганыбыз (Алымкан жөнүндөгү ­ М.Ө.) бактысыз сүйүү жөнүндөгү учуртма. Тагыраак айтканда, өткөн мезгилдин социалдык учуртмасынын нугунда кайталанган ашмалтай уламыш. Бул Токтогулдун жана анын чыгармачылыгын изилдегендердин оюнан чыгарылган нерсе ­ деп жазса, маркум жазуучу Шабданбай Абдраманов Алымкан аттуу кыз же келин дегеле өзүбүздүн элде жашап өткөн эмес, Токтогул андай инсанга, Кашкарда 5 жылдан ашуун жашырынып жүргөндө гана жолуккан, ал турсун ага үйлөнүп өмүр сүргөн ж.б.у. сыяктуу окуяларын жазат. Бул чоң макала менен сиздер газетабыздын өткөн сандарынан толук тааныша алдыңыздар. Шабданбай ыраматылык абанын ушул макаласын толук талдоо үчүн өзүнчө эмгек талап кылынчудай нерсе. Ошондой болсо да айрым бир жазган саптарын талдоого алып көрөлү:Автор Токтогулдун артынан издөө кагазы келгендиги тууралуу: акын сүргүндөн качып келген соң, артынан издөө кагазы келип, биерде аягы сай таппай, кооптонуп, Кашкарга кетип, андагы кыргыздар арасында кыязы беш жылдай (балким андан да көбүрөөк мезгилдеби…) жүрүп калгандыгы тууралуу маселе…
***
… Анткени, Токтогулдун Сибирь сүргүнүнөн качып келген соң, артынан качкандыгы тууралуу кат келгендигин, куугун­издөө болоорун сезип, жан соогалап Кашкарга кеткен…
***
… Анткени, анын азыркы тагдырына Сибирь сүргүнүнөн качкандыгы үчүн артынан кагазы келген ­ куугун бар деген сыяктуу үч жерде эскерүү бар. Буга жооп:
Ошол учурдагы орус падышасы Николай II уулдуу болгондугу тууралуу сүйүнүч иретинде түрмөлөрдө жаткан айрым кылмышкерлерди өз жарлыгы менен мунапыс берип бошотот. Ал статьяга Токтогулдун да статьясы туш келет. Бирок, жергиликтүү түрмө башчылары аны билгизишпей, бекер күч катары түрмөдөгүлөрдү Көйтүндөгү тоннелди казууда эзип иштете беришет. Токтогул качкан учурда ал мунапыстын чыкканына бир жарым жылдан ашуун убакыт болуп калган. Бул жөнүндө изилдеген авторлор бар. Токтогулдун артынан издеген эч кандай кагаз келген эмес. Ал өзүнүн камалуу статьясы Падышанын мунапысына илингенин билген эмес, ошон үчүн жергиликтүү төбөлдөр кайра кармап береби деп кооптонуп, ар кайсы жерге жашырынып жүргөнү ырас. Эгерде ал мунапыска илээшпей түрмөнүн чыныгы каттоо эсебинде турган болгондо орус падышасынын жандармдары аны жер түбүнөн болсо да чукутуп таап кетмек.
Ш.Абдрамановдун жогорудагы макаласында:
Көк шайы жоолук колго алып,
Көрүнөө булгап дөңдө кал.
Көрүнбөй кетсем түбөлүк,
Алымкан,
Көз жашың төгүп эске сал…
"Алымкан" аттуу белгилүү ырдын варианты Токтогулдун жалындаган сүйүүсүн көрсөтүү менен бирге, анын коогалуу да, кайгылуу да өмүр тагдырынан кабар берип турат. Анткени анын азыркы тагдырында Сибирь сүргүнүнөн качкандыгы үчүн артынан кагазы келген куугун бар. Сибирь сүргүнүндө туулган жерине зар болуп өткөргөн жылдарынан соң, кайрадан аргасыздан бөтөн элге (Кашкарга) баш калкалап кеткен жылдарында ал куса болду. Ошол үчүн тобокел кылып, Ала-Тоосуна жөнөмөк болду. Бирок, сүйгөнү Алымканды колдон алып, кошо жөнөөгө акын батына албады.
Күйүтүм, бугум ичимде,
Алымкан,
Көмүскө ыйлайм билбейсиң! ­ деп атпайбы акын, ­ деп бүтүм чыгарып жазган саптар кездешет.
Эгер бул саптар чын эле Токтогул менен кашкарлык Алымканга таандык болсо, аксылык Алымкан сулууну кайда алып барабыз?.. Кеп кезегин мына ушуга бурсак, талдап көрсөк.
Биринчиден:
Күйүтүм, бугум ичимде,
Алымкан,
Көмүскө ыйлайм билбейсиң! ­ деп буркурап ыйлаган курактан Токтогул эбак ашып калган кырк жаштан өткөн учур болчу. Аксыдагы Алымканга балалык сүйүүсүн арнап, бала маалында ушинтип ырдаган десек жарашат эле…
Экинчиден:
Токтогул Сибирде зарлап жүрүп келип, "Апакем аман барсыңбы?" ­ деп араң жеткен карыган апасын таштап коюп, өз кара башын калкалап алыс жакка кетпегени аны эскерип жазгандардын эмгектеринен байкалат. Токтогулдуку деп жазылып алынган ыр саптарынан же болбосо анын шакирттери же замандаштары болуп эсептелинген: Жеңижок (Өтө) ырчы, Калык Акиев, Барпы Алыкулов, Алымкул Үсөнбаев, Коргоол Досуев сыяктуулардын Токтогул жөнүндөгү эскерүүлөрүндө же ыр саптарынын бирөөндө да Токтогулдун Кашкарда каңгып качып жүргөндүгү тууралуу бир ооз да кеп жок.
***
Ушул эле Ш.Абдрамановдун "Тарыхтагы ак тактар" аттуу китебинде:
Мына ушулардын ичинен бул темага атайын кайрылгандардын көрүнүктүүсү Т.Касымбековдун "Алымкан" аттуу драмасы болгон. Автор аны Академиялык театрга 2­3 кечеге созуп коюла турган кылып узун жазган экен, бирок театр койбой калган. Ошондон соң аны таланттуу режиссерубуз Балташ Каипов алып кыскартып, оңдоп­түздөп телефильм тартууга бел байлаган.
Киногруппа Аксыга барганда (1962­жылы) баягы Субанкул болуштун кызы Алымкан тирүү 82 жаш курагында экен. Ошондо кемпирдин бала-чакалары, неберелери айтышыптыр: "Токтогул акындын сизге болгон ашыктыгын, байланышыңарды киного тартканы келишиптир", ­ деп… А кемпир болсо таптакыр жолотпоптур:
­ О кокуй! Мен Токтогулдун жүзүн көргөн эмесмин, менин тоюмда атамын айтуусу боюнча, ал акындын ырдаганын кийин уккамын. Көп ырдап жаткан ырчылардын кайсынысы Токтогул экенин кайдан билем! ­ дептир.
Ошондон соң, Алымкан кемпирдин небере­чеберелири аттанып чыгышып, андай фильмди тарттырбай тургандыктарын кескин айтышыптыр.
­ Андан кийин, ­ деп айтчу ыраматылык Балташ, адатынча кыт­ кыт күлүп, ­ киногруппаны Арстанбапка алып кетип, айрым сценаларын, натуралдык съемкаларын тарттырдым. Калганын биерге павильондо, Ала­Арча токойлорунда тарттык, ­ деп айткан деп жазыптыр.
***
Эгер маркум Шабданбай Абдрамановдун бизге жазып калтырган "тарых чындыгына" таянсак же ишенсек, анда согушка кеткен Сыдык аттуу уулун зарыга күтүп жүрүп, 1942­жылы өлүп, сөөгү Таш­Көмүр шаарынын үстүндөгү мүрзөгө коюлган Алымкан эне 1962­жылы көрдөн туруп келип Балташ Каиповго жолугабы?.. Бул жалган жазылган окуяга ишенсек, Ш.Абдрамановдун кашкарлык ак шайы жоолук Алымканы жөнүндө жазган икаясына деле ишенбей койсок негиз бар да?..
***
Токтогулдун аксылык Алымканга жетпей калганы тууралуу дагы бир мисалды алалы. Ал Асанбай Жусупбековдун "Жеңижок" деген жыйнагындагы 437­бетте "Кетмен­Төбөдөгү айтыш" деп аталып, ошол тойдогу Жеңижок менен Токтогулдун учурашуусунда Токтогул:
Айрылып катын-баладан,
Арылбай жүрөм санаадан.
Келгиче элге Шыбырдан,
Көп жылдар өттү арадан.
Жеңижок ырас жан досум,
Жүрөккө жакын санаган.
Катыным байга тийип кетиптир,
Кантейин кейийм мен аган.
Куу турмуш мынча кыйнадың,
Кууруп, тарып заманам.
Куураса деле мейли эле,
Кууратыптыр баладан! ­
деп ырдаганда Жеңижок:

"Аялым байга тийип кетти, ­ деп
ага сен кайгы жебегин.
Уулдуу дагы болоорсуң,
Улуу Кудай себепчи,
Унутпасын эгерим.
Улуулук кылып сөз айтсам,
Ушунуң болбойт дебегин.
Кырктан жашым өтсө да,
Көөнүмдө жаштай элемин.
Аксыда досуң жүрсө да,
Али да тиет керегим.
Током ­ өңүңдөн азып кетипсиң,
Өзүм да билем себебин.
Баягы,
Алымканыңдын башы бош,
Кааласаң, калыңсыз алып беремин?!.­ дегенде элдин баары жапырт күлүп жиберишти дейт.
Анда Токтогул: "Кагылайын жан досум, адамдын оюндагысын таап ырдайсың да, ыракмат!" ­ дептир.
Жеңижоктун ушул эле Алымканыңдын башы бош, кааласаң калыңсыз алып беремин, ­ деген бир сап ыры Алымкандын кимиси Токтогулга таандык экенин чечип коюп атпайбы… Эгерде Токтогулдун Алымканга болгон ышкы отун бала кезден кошо жүргөн Өтө ырчы көрүп, билип жүрбөсө, Токого минтип ырдабайт эле го?..
аны кийинчерээк Болуш ава тарыхын билбестен туруп радиого жаздырып жиберген "Ак бакай" күүсү аталып кетиптир.
***
кыргыз калкынан, канынан жаралган улуу инсан аялзатынын акылман өкүлдөрүнүн бири, көп перзенттин энеси, эл айтымында улуу акын Токтогул Сатылгановдун алгачкы балалык жакшы көрүүсүнө татып, бул дүйнөдөн өткөн Суван бийдин сулуу кызы Алымкандын калк арасында айтылып жүргөн тарых­таржымалы менин иликтөөмдө мына ушундай экен…
эл арасында дагы да болсо, бул инсан жөнүндө так билген адамдар бар чыгаар… Балким бул макалага үн кошоор…
Мамат ӨСӨРОВ,
"Эркин Тоо".














??.??