email • архив • редакция   



Дүйнө дүрбөсө кошо дүрбөйбүзбү же дүйнөлүк финансы кризиси министрлердин шылтоосуна айланбаса
Кыргызстандын экономикасын дүйнөлүк кризистин терс таасирлеринен коргоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө жакында эле өткөн кеңешмеде Президент Курманбек Бакиев бүткүл дүйнөнүн аналитиктери келе жаткан 2009­жыл дүйнөлүк экономика үчүн өтө татаал жыл болот деген бирдиктүү тыянакка келишкенин билдирди.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, тиешелүү тармактардын жетекчилери азыртан ойлонуп, чечкиндүү аракеттерди көрүүлөрү зарыл. Буга өлкө башчысынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги тескери "прогноз" бере турган мекеме эместигин айтканы айкын күбө. "Башкаруу системасын оперативдүү жаңылап, фискалдык саясатты кайра карап жана жакшыртып, энергетикага жаңы технологияларды тартуу керек. Бул үчүн ойлонулган жана үзгүлтүксүз кадамдар, жыйнактуулук жана биримдик зарыл. Ошондуктан, Өкмөттүн позициясына канааттанбагандыгымды билдирем. Жалпы аракеттерди мобилизациялоонун ордуна координациянын жоктугу, министрлердин ойлонулбай аракеттенүүсү байкалууда", ­ деди Президент.
Чынында эле Өкмөт саат механизминдей так, бирдиктүү, ырааттуу иштөөсү керек. Бизде бул багытта мүчүлүш көп. Мамлекет жетекчиси дүйнөлүк кризистин залакасы Кыргызстанга да тийиши мүмкүн экендигин эскертүү менен бирок, өтө эле дүрбөлөңгө түшкөнгө негиз жок экенин да баса белгиледи. Бул багытта куру бекер убаракерчилик, ойлонулбаган аракеттер, сарсанаага батуу кырдаалды татаалдатып жибериши мүмкүн экендиги айтылды.
Негизи, дүйнөлүк кризис Америкадан чыгып бүт өнүккөн өлкөлөрдү каптагандыгы белгилүү. Мындан жер жүзүндөгү өтө бай адамдар көп зыян тартышты. Айрым эксперттер муну "ашыкча ач көздүккө кудай тарабынан жиберилген жаза катары" да белгилешүүдө. Анткени, миллиардерлер биржа рыногундагы акцияларды, баалуу кагаздарды, ипотекалык кредиттерди пайдалануу менен өтө тез пайда көрүү жагына өтүп, өндүрүштү, ишкерчиликти көтөрүүдөн жана алардын түмөн­түйшүгүнөн алыстап кетишкен.
Бактыбызга жараша Кыргызстандын реалдуу экономика менен жашап, акырындап өнүккөнүбүз, жогорудагыдай дүйнөлүк цивилизациянын базар экономикасына тиешелүү жалаң гана компьютерлер системасында олтуруп минут, секундада миллиондогон долларларды түшүрүп алчу же алардан ажырап калчу зор рынокко кошула электигибиз өлкөбүздү бир топ апааттардан сактап калды. Тескерисинче, айрым учурларда пайдасын да көрүп жатабыз десек болот. Маселен, дүйнөлүк кризистин таасири менен нефтиге болгон баанын арзандашынан Кыргызстанда бензинге болгон баа төмөндөдү. Муну менен товарларга жана продукцияларга баанын арзандашы күтүлөт. Жерге, кыймылсыз мүлктөргө карата өсүп бараткан баа токтоду. Бул акча таап, сыртта жүргөн жарандарыбызга кыйла эле пайда болуп жатат. Албетте, дүйнөлүк кризистен жабыр тартып жаткан өнүккөн өлкөлөр менен кошо биздин өлкөнүн чечүүчү алакада болгон өнөктөштөрү Россияга, Казакстанга кандай залака тие турган болсо, алардан өтүп бизге келбей койбойт. Аталган ал өлкөлөрдө финансылык кризис накта экономикалык кризиске айланып кетип, өндүрүш, курулуш тармагы басаңдаса, мигранттарыбыздын акча табышы кыйындашы мүмкүн. Бирок, азыркы учурда Россия менен Казакстан дүйнөлүк кризиске карата туруктуу каршылык көрсөткөн өлкөлөрдөн деп эсептелинүүдө.
"Жаман айтпай, жакшы жок" дейт, эгерде дүйнөлүк финансылык кризис жалпы экономикалык кризиске айланып, башка тармактарга да (өнөр жай, айыл чарба ж.б.) жайылып кетсе, анда биздей жай өнүгүп келе жаткан жакыр өлкөлөр зор кыйынчылыктарды тартып калышын азыртан ойлонгон оң. Анан эле айрым жетекчилер өздөрүнүн иш билбестигин, тармакты өнүктүрө албай жатышканын бизге келе элек дүйнөлүк кризиске шылтай бергендиктери ­ өтө эле "одоно" көрүнүп калып жатат.
Өлкө башчысы быйыл Өкмөт менен январда, мартта, июлда, октябрда жумушчу кеңешме өткөргөнүн, бирок, иш жүзүндө реалдуу кадамдар байкалбай жаткандыгын белгиледи. "Талкуулардын баарынын жыйынтыгы кумга сиңип кетип жаткан сыяктуу таасир калтырат. Көзгө көрүнөрлүк натыйжа жок. Биз кризистен өзүбүздү өзүбүз тартипке салуу менен гана чыга алабыз. Убакыт аз, талашып­тартышып, жоромолдоп отургандын ордуна иштөө керек. Кимдин билими, тажрыйбасы жетпесе, ордун бошотуп коюшу керек", ­ деп кесе эскертти.
Бирок, ишин жөндөй албаган, билим тажрыйбасы жок министрлер болсо да өз эрктери менен кызмат ордун бошотуп бербейт экен.
Президент жумушчу жыйындан кийин бир күн өтпөй КРнын өнөр жай, энергетикажана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековду дароо кызматтан алды. Ордуна иш билги кадрды алып келгенсиди. Айрым эксперттердин берген баасы ушундай. Эми аны убагында көрө жатарбыз. Жакынкы милдет ­ энергетикалык коопсуздукту камсыз кылып, быйылкы кыштан элибизди аман­эсен алып чыгуу. Жаңы министр эң ириде ушул жагын ойлонуштуруу зарыл.
Эл арасында: "Эмне үчүн Токтогул ж.б. ГЭСтерде суу өтө азайып кетти?" ­ деген суроо ушул күнгө чейин байма­бай коюлуп келе жатат.
Жогорудагы суроого "Электр станциялар" АКнун 2007­жылга карата түзүлгөн отчету эң жакшы жооп берет экен. Бул документке караганда, 2007­жылы 14,6 млрд. кВт/саат электр энергиясы иштелип чыгыптыр. Мунун ичинен 13,8 миллиард кВт/саат электр энергиясын ГЭСтер, ал эми ТЭЦ 0,803 млрд. кВт/саат элекроэнергияны гана иштеп чыгарган. Бул электроэнергиянын 94,5 пайызын ГЭС, ал эми 5,5 пайызын гана ТЭЦ өндүрдү деген сөз. Демек, 2007­жылы ГЭСтерден суу өтө көп кое берилген. Эмне үчүн? ­ деген суроону иштеп кеткен министрге тиешелүү укук коргоо органдары бериш керек.
Бир эле экс­министрдин тегерегинде канча сөздөр жүрүп келет. Калган дагы ушундай министрлердин тегерегинде да көптөгөн сөздөр бар. Ошондуктан, Президент туура айтты, азыр өлкөнү тазалык жана темирдей бекем тартип менен гана оңой алабыз. Кыргызстандын алдында башка жол деле калбай калгансыды. Кызматка барган эле чиновниктер коррупцияга малынып, четинен жеп­ичип уурдай беришсе өлкө эч качан оңойлбойт.
2008­жылдын жыйынтыгы катары декабрь айында Өкмөттүн отчету болот. Өз ишине кайдыгер министрлер "портфелинен" ажырап калышы мүмкүн. Өлкө башчысынын Өкмөттүн тез жана жыйнактуу иштеген Президиуму түзүлсүн дегени жакшы болду. Тынымсыз өзгөрүп жаткан кыйын кырдаалда, дүйнөлүк жкономикалык кризистин оп тарткан деминен коргонуу үчүн өтө ылдам жана чечкиндүү иштешибиз керек.

Азизбек ЧАМАШЕВ,
"Эркин Тоо".


















??.??