Лейлек районунун түзүлгөнүнө - 80 жыл

Лейлектин келечеги кең, керемет жер
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шайназаров Кубанычбек Төлөнович менен маек

Шайназаров Кубанычбек Төлөнович, 1963-жылы төрөлгөн. 1985-жылы Политехникалык институтун аяктап, инженер-механик кесибине ээ болгон. Ал эми 1996-жылы КМУУда билимин өркүндөтүп, экинчи жогорку менеджер-укук таануу адистигин өздөштүргөн. Эмгек жолун 1985-1986-жылдары Лейлек районундагы "Бешкент" совхозунда автомеханик болуп иштөөдөн баштаган. 1986-жылы автогараждын башчысы болуп эмгектенет. 1986-1990-жылдары Лейлек районунун "Бешкент" совхозунун комсомол комитетинин катчысы болуп иштейт. 1990-1991-жылдары райондук элдик контролдоо комитетинде инспектор, андан кийин "Коминтерн" совхозунда директордун орун басары болуп иштейт. 1992-1996-жылдары болсо "Коминтерн" совхозунун профсоюз комитетинин төрагасы, "Маргун" айыл чарба кооперативинин төрагасы болот. 1996-1999-жылдары Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы, 1999-2000-жылдары Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 2000-2001-жылдары райондук кеңештин төрагасы, 2001-2005-жылдары акимдин биринчи орун басары болуп, жетекчилик бай тажрыйба жыйнайт. 2005-жылдын 27-сентябрынан бери Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп үзүрлүү иштеп келүүдө.


- Кубанычбек Төлөнович, алгач жакында белгилене турган санжыралуу Лейлек районунун 80 жылдык мааракесине карата аткарылган иштер, даярдыктар тууралуу айтып берсеңиз?
- Районубуздун 80 жылдык мааракесин татыктуу тосуп алуу үчүн районубуздун жашоочулары биримдикте астейдил аракеттерди көрүштү. Көптөгөн социалдык объектилерди куруп бүткөрүүгө жетиштик. Мисалы, Лейлек районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгынын урматына Исфана шаарындагы кыргыздын чыгаан уулу Исхак Раззаковдун эстелиги реконструкцияланып, 583 миң сомдук акча каражаты жумшалды. Андан сырткары Токтогул атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна 21 млн. 965 миң сомдук каражат жумшалып, 240 орундуу эки кабаттуу жаңы имарат, спорт залы менен "Исфана" АК тарабынан бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле Самат Садыков атындагы орто мектептин эки кабаттуу жаңы имараты сметалык баасы 26 млн. 900 миң сомго спорт залы менен бүткөрүлдү. Лейлек райондук "Тарых, край таануу" музейинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө 1 млн. 100 миң сомдук акча каражаты каралып, сапаттуу ремонттон өткөрүлдү. Бул музейде 1986-жылы 866 экспонаттар болсо, 2008-жылдын январь айына карата 1900 экспонат катталган. Районубуздагы № 48 кесиптик лицейинин сметалык баасы 33 млн. 352 миң сомдук 240 орундуу эки кабаттуу жаңы имаратынын жер төлөсү жана спорт залы менен кошо курулушун "Исфана" акционердик коому 2008-жылдын октябрь айында баштаган. Лицейдин курулушу бекитилген графиктин негизинде 2009-жылдын 1-августуна карата бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Райондун 80 жылдык мааракесине карата Исфана шаарындагы борбордук спорт залды реконструкциялоо иштери болду. Спорт залдын аянты - туурасы 18 м, узундугу 36 м. Бир эле мезгилде 120 адам волейбол, теннис, шахмат, күрөш боюнча машыга алат. Спорт залды ремонттоо иштерин жүргүзүүгө сметалык баасы 547,5 миң сомдук долбоор жазылып, ал ПРООН тарабынан 540 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 100,5 миң сом каржыланган. Андан сырткары Исфана шаарындагы райондук стадионду реконструкциялоо иштери колго алынды. Стадион 1982-жылы "Ашар" жолу менен курулуп, 1500 адамга эсептелген. Узундугу 110 м, туурасы 90 м болгон футболдук талаа, 400 м чуркоо аянты, волейболдук жана баскетболдук аянттар, узундукка секирүүчү чуңкур бар. Бир эле мезгилде 250 адам спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгууга болот. Бүгүнкү күндө белгилүү даталарга карата спорттук маданий-массалык иш-чаралар ушул стадиондо өткөрүлөт. Лейлек районунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына карата аталган стадионду толук реконструкциялоо боюнча сметалык баасы 4 млн. 814 сомдук долбоор жазып, КР Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия, спорт жана балдарды коргоо иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 3 млн. сом акча каражаты каржыланып, бүгүнкү күндө реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Андан сырткары КР Каржы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү фондуна 1,2 млн. сомдук долбоор түрткү берүүчү гранттын эсебинен каржыланып, курулуш, ремонттоо иштери бүткөрүлдү. Кыскасы, биз 80 жылдык мааракени жакшы жетишкендиктер, жогорку көрсөткүчтөр менен белгилегени жатабыз.
- Мааракени мыйзамдык шаң менен өткөрүүгө дагы кандай иш-чаралар болуп жатат?
- Быйылкы жылы "80 жылдыкка 80 ыр десте", "Кут конгон куш ысымдуу Лейлегим" деген аталыштардагы бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Жергебиздин баалуулугун, кооздугун даңазалоо, эл ичиндеги таланттардын көрөңгөсүнө көңүл буруп, аларга моралдык, материалдык колдоо көрсөтүү максатын көздөп, кароо-сынактар, таймаштар өткөрүлдү. Жакында Лейлек районунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Албетте, маараке райондун басып өткөн жолун чагылдырган театралдаштырылган көрүнүш жана чоң программадагы концерт менен коштолот. Мындан сырткары, Лейлектин атагын алыска даңазалаган "Лейлек күрөш" улуттук спорттук оюндардын бардык түрлөрү майрамды көркүнө чыгарат десем жаңылышпайм.
- Лейлек районунун аймагында быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү кандай болду?
- Лейлек районунун табигый шартынын оордугуна карабастан, аймактын ички дүң продукциясынын 65 пайызы айыл чарбасына туура келет. Дыйкандарга кызмат көрсөтүү менен өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн акыркы эки-үч жылда эле кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо үчүн 9 комбайн, 38 жер айдоочу тракторлор берилип, учурда өндүрүшкө колдоо- лор көрсөтүлдү. Натыйжада 2008-жылдын түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу кылкандуу дан эгиндери 1059 гектарга көп эгилип, 2751 тоннадан көп дан өндүрүлдү. Ар бир гектар кылкандуу дан эгининен орточо 28,2 центнерден түшүм жыйналып, 12173 тонна буудай өндүрүлдү. Мындан ары кылкандуу дан эгиндеринин аянтын көбөйтүп, элдин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун үстүндө бир топ иштер аткарылат. Баса белгилей кетүүчү нерсе, мамлекет тарабынан дыйкандарга колдоо көрсөтүлүп, 2008-жылдын жазгы талаачылык иштерине 64 тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөөнү, 131 тонна минералдык жер семирткич, 2,0 млн. сом 7% үстөгү менен акчалай кредиттер жана арзандатылган баада 451 тонна дизелдик отун берилди.
- Кубанычбек Төлөнович, республиканын эң кыска, табигый шарты оор аймагын жакынкы жылдары чечүүнү талап кылган кандай приоритеттүү багыттар бар?
- Президентибиз К.С.Бакиевдин "Күчтүү аймак - күчтүү мамлекет" деген көрсөтмөсүн жетекчиликке алуу менен жогоруда аталган программаны ишке ашырууда, үстүбүздөгү жылы 3 тармакты приоритеттүү деп кабыл алдык. Алар "Сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу жана жаңы сугат аянттарын өздөштүрүү", "Калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну жакшыртуу" жана "Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун абалын жакшыртуу". Аталган багыттарда бүгүнкү күнгө чейин бир топ иштер аткарылды. Учурда райондун аймагында 50гө жакын элдүү конуштарда 116 миңден ашуун эл жашап, 14 улуттун өкүлдөрү ырыс-ынтымакта жашап келишүүдө. Райондо 9 айыл өкмөтү жана 1 шаар башкармалыгы бар. Бүгүнкү күндө 54 орто, 6 башталгыч мектептер, 5 гимназия, 5 балдар бакчалары, 2 балдардын жайкы эс алуу лагери бар. Районубуздун аймагында көмүрдүн изилденген кору 121 миллион тонна, алтындын запасы 1,328 тонна, мунай зат 8413 тонна, чопо - 900 миң куб, кварц кумунун запасы 6874 тонна. Эң негизгиси мээнеткеч, ынтымактуу эли бар. Ошондуктан, Лейлектин келечеги кең, керемет жер деп айтаар элем.




  Салыктын көлөмү көбөйүп жатат

Салыктар жана жыйымдар боюнча Мамлекеттик комитеттин
Лейлек райондук башкармалыгынын башчысы Кенжебаев Исамидин Дүйшөбаевич менен маек
- Исамидин Дүйшөбаевич, Лейлек районунун аймагында салыкты жыйноо боюнча аткарылып жаткан иштерге токтоло кетсеңиз?
- Үстүбүздөгү жылы райондун экономикасында жакшы көрсөткүчтөр жаралганына байланыштуу салыктын көлөмү да көбөйүп жатат. Эгерде фактыларга таяна турган болсок, 2008­жылдын 9 айында 30 млн. 306,6 миң сомдук көлөмдөгү салык жыйналды. Бул көрсөткүчтү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10 млн. сомго салыктын көлөмү көбөйгөнү мекеме­ишканалар жакшы иштеп жатканынан кабар берет. Албетте, жогорудагы көрсөткүчтөрдү камсыз кылууда бир топ кыйынчылыктар бар. Ошого карабастан биздин башкармалыктын ар бир кызматкери өзүнө жүктөлгөн милдетти так мыйзам чегинде аткарып, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга өздөрүнүн салымын кошуп жатышат. Ар бир айдын планын ашыгы менен аткаруу камсыз кылынууда.
­ Лейлек районунун аймагында салыкты арбын төлөгөн мекеме­ишканалар тууралуу да маалымат берсеңиз?
­ Чындыгында ишканалардын жакшы иштөөсү, арбын продукция өндүрүүсү салыкты убагында жыйноого чоң өбөлгө болот. Салыкты арбын жана өз убагында төлөгөн ишканалардын катарына "Исфана" акционердик коому, Кулундудагы "Лейлексуукурулуш" акционердик коому, "Ак­Таш" акционердик коому, Лейлек борбордук базары чоң салым кошуп, алдыңкы салык төлөөчүлөр болуп эсептелет. Ошондой эле биздин район агрардык аймак болгондуктан арбын салык айыл чарба тармагынан жыйналат. Октябрь айында эле салыктар жана жыйымдар боюнча Лейлек райондук башкармалыгына 4 млн. 110 миң сом план­тапшырма болсо, аны ашыгы менен аткарууга жетиштик.
­ Сиздердин райондо салыкты мыйзамсыз жашырган фактылар аныкталдыбы, аларга кандай чаралар көрүлүп жатат?
­ Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин аткарылыша көзөмөл жүргүзүү боюнча бир топ иштер аткарылууда. Жыл башынан бери 44 салык төлөөчүгө эскертүү берилген. Анда салыктан мыйзамсыз жашырылган 1 млн. 501 сом өндүрүлүп, бюджеттин киреше бөлүгүнө өткөрүлдү. Жылдан жылга элибиз салык төлөөгө чоң маани берип, кирешени мыйзамсыз жашыргандар азайып бара жатат. Биздин кызматкерлер салык төлөөчүлөр менен бат­бат жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жакшы жолго коюп, дагы жакшы натыйжаларды берип жатат. Учурда районубуздун аймагында 30 миңден ашык юридикалык жана физикалык тараптагы салык төлөөчүлөр бар. Жакында кабыл алынган жаңы Салык кодекси боюнча салык төлөөчүлөргө түшүнүдүрүү иштерин колго алып, ар бир айыл өкмөттө жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Биздин башкармалыкта мекеме­ишканалардын башкы бухгалтерлери үчүн окуу­семинарлар уюштурулууда.
­ Азыр канча өндүрүлбөгөн салык бар?
­ Бүгүнкү күнгө жалпысынан 719 миң сом көптөн бери өндүрүлбөй келген салык бар. Бул карыздарды өндүрүү боюнча азыр кызматкерлерибиз иштиктүү аракеттерди көрүп жатышат. Буюрса, жыл аягына чейин карыздарды азайтууга мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда биздин башкармалыкта жалпысынан 18 кызматкер эмгектенет. Кызматкерлердин өндүрүмдүү иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн. Имараттарыбыз ремонттолуп, айланасы көрктөндүрүлүп, тосмо менен тосулган. Кабинеттер дагы ремонттолуп, эмеректер алынган. Ар бир бөлүм компьютер менен камсыз болушкан. Кышка дагы жакшы даярдык көрүп, кызматкерлерге жылуу кабинеттерде иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Башкармалыкта өз кесибинин профессионалы болгон алдыңкы кызматкерлердин катарына А.Кишматов, А.Өмүрзаков, Ү.Наматкулов, Г.Кумарбаев, Т.Бердиевди кошууга болот.
­ Ишкердик менен алектенип жаткан райондун аймагында жашаган элге патент берүү маселеси кандай чечилген?
­ Ишкердиктин өнүгүүсүнө патент системасынын тийгизген таасири чоң. Андыктан патент алып, ишкердик менен алектенген адамдардын саны улам көбөйүп жатат. Мисалы, 2007­жылдын 9 айында 1 млн. 152 миң сомдук патент берилген болсо, быйылкы жылдын 9 айында 1 млн. 192 миң сомдук патент берилип, ишкерлердин ишинин өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болду. Жылдан жылга салыктын бул түрү боюнча көрсөткүчөртөр жогорулап жатат. Анткени, ай сайын ишкердик менен алектенип, жаңы чакан ишкана ачкандар көбөйүп жатышы жакшы көрүнүш. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, акимибиз Шайназаров Кубанычбек Төлөнович баш болуп ишкерлерди колдоп, аларга ыңгайлуу шарт түзүүгө бардык аракеттерди көрүп жатат.
Буюрса, Лейлек районунун салык кызматкерлери жылдык белгиленген план­тапшырманы ашыгы менен аткарып, республикабыз боюнча салык башкармалыктардын мелдешинде жакшы жетишкендиктерге ээ болууга астейдил аракеттерди көрөбүз.




Исфанага инвестиция арбын тартылууда
Исфана айылдык кеңеши 1937-жылы түзүлүп, 1996-жылы Исфана айыл өкмөтү болуп өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2001-жылдын 5-февралында Исфана айыл өкмөтү райондук баш ийүүдөгү Исфана шаар башкармасы болуп түзүлгөн. Исфана шаар башкармасы Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан 1000 чакырым, областтын борборунан 130 чакырым алыстыкта жайгашкан. 2005-жылдын декабрь айында жалпы элдик шайлоо менен Муминов Марипжан Муминович Исфана шаар башкармасынын башчысы болуп шайланган.
Исфана шаар башкармасынын аймагында 12 орто мектеп, 4 бала бакча, 1 борбордук оорукана, 4 ФАП, 7 үй-бүлө дарыгерлер тобу бар.
Жалпы элдин саны 27905 адам. Анын ичинен кыргыздар 515, өзбектер 48%, башка улуттун өкүлдөрү 1%ды түзөт. Исфана шаар башкармасы айыл чарба багытындагы жаңы шаар катары эсептелип ага караштуу 6 айыл бар.
Эмгекке жарактуу адамдардын саны 7046, бюджеттик мекемелерде иштеген адамдардын саны 1610, анын ичинен саламаттыкты сактоо мекемелеринде 525 адам; билим берүү тармагында 598 адам; башка мекемелерде 473 адам эмгектенип келүүдө.
Исфана шаар башкармалыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ички жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча 2008-жылдан баштап төмөнкүдөй иштер жүргүзүлгөн.
Бүгүнкү күндө 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин стимулдаштырылган грантына бүгүнкү күндө 3 долбоор каржыланууда. Ысык-Көл орто мектебине спорт зал курулуу- да, жалпы суммасы 3100000 сом карал-са, бүгүнкү күндө 2700000 сомдук иш аткарылды. Голбо айылына ФАПтын имаратын курууга 488360 сом каралып, бүгүнкү күндө аткарылганы 410000 сомду түзөт.
Чимген айылындагы ҮДТнын капиталдык ремонтуна 180 миң сом жумшалды.
АРИС тарабынан айылдык инвестициялык долбоор боюнча Исфана шаардык кеңешинин 4 айылына жалпы суммасы 1678840 сомдук долбоорду каржылоо белгиленген.Анын ичинен Чимген айылындагы "Катар-Өрүк" насостук станциясын реабилитациялоого 179861 сом жумшалып, бүгүнкү күндө насос иштеп жатат. Ошондой эле Чимген айылындагы Т.Жапаров атындагы орто мектебине спорттук күрөш килемин сатып алууга 215600 сом жумшалды. Голбо айылында ирригациялык сугат суу түтүгүн курууга 760304 сом жумшалып, бүгүнкү күндө курулушу толук аяктады. Ак-Булак башталгыч мектебинин полун ремонттоого 163675 сом жумшалды. АРИС программасынын "Шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана кичи шаарлардын потенциалын көтөрүү" проектисинин негизинде Амир-Тимур орто мектебинин кошумча буу казанын куруу боюнча 360000 сомдук жумуш аткарылууда.
Мындан тышкары Исфана шаар башкармалыгында 9 мамлекеттик эмес уюмдар менен иш алып барылууда. Өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан Исфана шаар башкармалыгынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн жана граждандык коомдун потенциалын күчөтүү боюнча ар түрдүү гуманитардык жардам берүүдө 13584000 сомдук ар түрдүү долбоорлор ишке ашырылды.
Учурда шаар башкармалыгынын аймагында 4 кредиттик союз, Айыл банкынын бир бөлүмү кызмат көрсөтүүдө.
Исфана шаар башкармалыгынын алдында "Тоо-Жайлоо" суу пайдалануучулар ассоциациясы түзүлүп, шаар башкармалыгындагы шаарды жана айылдарды сугат суу менен камсыз кылууда.
Кышка карата даярдык боюнча Исфана шаар башкармалыгында атайын токтом, буйруктар чыгарылып, атайын штат түзүлүп, 1 айда 2 жолу отурум өткөрүлүп турат. Бүгүнкү күндө элди көмүр менен камсыз кылууда ар бир айылда көмүр сатуу пункттары уюштурулган. Шаардын ичинде 4 жерде көмүр сатуу пункттары уюштурулган, бүгүнкү күндө шаар башкармалыгынын 80%ы кышка карата көмүр жана отун менен камсыз болушкан.
Шаар башкармалыгында 14 мектеп жана 1 бала бакчасына 640 тонна көмүр ташылуу керек болсо, бүгүнкү күндө 524,5 тонна ташылды. Райондун 80 жылдыгына карата Исфана шаар башкармалыгы боюнча атайын иш-чара түзүлүп, анын негизинде бир топ иштер аткарылды. Бүгүнкү күндө бардык мекеме-ишканаларды ремонттоо, үйлөрдү актоо иштери жүргүзүлүүдө. Шаардын ичин көрктөндүрүү жана санитардык иштер аткарылып жатат. Райондун 80 жылдык мааракесине карата шаарда марафон өткөрүлүп, 200000 сомго жакын акча жыйналып, шаардын ичиндеги асфальт жолду жамоо иштери жүрүп жатат.




Электр энергиясын үнөмдөө зарыл
- Биздин райондун жашоочулары үчүн электр энергиясын 100% Тажик Республикасы аркылуу алабыз. Азыркы мезгилде күнүнө орточо 190 миң кВт/саат электр энергияны пайдаланып жатабыз. Быйылкы кыш мезгилине карата Лейлек райондук электр тармактар ишканасы жакшы даярдыктарды көрүштү. Электр энергиясы менен жылуулук берилген мектептерге, медициналык мекемелерге, элдерди тейлөөчү мекемелерге, элдерге графиктин негизинде электр энергиясы берилүүдө. Районубуздун аймагындагы жогорку чыңалуудагы линияларды ремонттоо иштери 122 пайызга аткарылды. Ал эми 04 орто чыңалуучу линиялар боюнча ремонт иштери 100 пайызга, трансформаторлорду оңдоо болсо 110 пайызга аткарууга жетиштик. Районубуздун аймагындагы 8 чоң электр подстанцияларынын ремонту да толук бүткөрүлүп, элге электр энергиясын берип жатабыз. Өкмөттүн электр энергиясын убактылуу өчүрүү боюнча токтому чыккандан бери, белгиленген чектин негизинде лимитти кармап келе жатабыз. Азыр 9 айдын жыйынтыгы менен биз лимиттен 5 млн. 406 миң кВт/саат электр энергияны үнөмдөөгө жетиштик. Учурда биздин райондун аймагында 18 миң абонент бар, аларга үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Эми биздин ишкананын көрсөткүчтөрүнө токтоло кетсем, электр энергиясын жоготууну азайтуу боюнча жыл башынан бери бир топ иштер аткарылды. Азыр коммерциялык жана техникалык жоготуулар 31,5 пайызды түзүп жатат, жаңы жылга чейин 30 пайызга түшүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми пайдаланган электр энергиясынын акысын жыйноо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көп болду. Ал эми дебитордук карыздар болсо жылдын алгачкы күндөрүнө салыштырганда 2 млн. 77 миң сомго кыскартууга жетиштик. Ошондой эле орточо бир айда бир абонентке 120 сомдон электр энергия сатканбыз. Азыр биздин кызматкерлер пайдаланган электр энергиясынын акысын чогултуу боюнча иштиктүү аракеттерди көрүп жатышат. Биздин эң көйгөйлүү маселелер - районубуздагы карызы арбын мекеме-ишканалардан карыздарын өндүрүү болуп жатат. Ири өлчөмдө карызы бар ишканалардын катарына "Лейлек суу канал" ишканасы 4 млн. 342 миң сом, ал эми калган мекеме-ишканалар электр энергиясынын акысын өз убагында жөнөтүп турушат. Ал эми элдин карызы 48 млн. 958 миң сомго жетти. Электр энергиясын уурдоо жолу менен мыйзамсыз пайдалангандарга карата катуу чаралар көрүлүүдө. Райондогу укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирдикте рейддер өткөрүлүп жатат. Азыр жаңы үлгүдөгү электр учетчиктерин үйдүн сыртына орнотуп жатабыз. Быйыл 376 жаңы электр учетчиктерин орноттук. Ал эми мөөнөтү бүткөн 562 электр учетчиктерин алмаштырдык. Бүгүнкү күндө биздин ишканада 126 адам эмгектенип жатат. Алдыңкы кызматкерлердин катарына электр монтерлор Кусанбай Калилов, Дөөлөт Туракулов, Арзыбек Аташов, Алмаз Абдумомуновду кошууга болот. Баткен облусунун аймагында "Айгүл-Таш" подстанциясын куруу боюнча маселе улам кечигип жатканы өкүнүчтүү. Эгерде бул долбоор ишке батыраак ашып калса, Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын жашоочулары электр энергиясын Тажикстан аркылуу албай түз пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.