Майда - маани

Нурада жаңы үлгүдөгү үйлөр курулат
Жер титирөөдөн жапа чеккен Алай районунун Нура айылында бүгүнкү күндө чатырда жашагандар жок. Бул тууралуу Ош облусунун губернатору Аалы Карашев билдирди. Анын айтымында, Нурада жалпы мобилдүү 89 үй курулуп, пайдаланууга берилди. Ал эми кыш чыгаары менен өкмөт тарабынан иштелип чыккан архитектуралык башкы пландын негизинде катуу зилзаладан жабыр тарткан адамдардын турак үйлөрү курула баштайт. Анын негизинде ар бир үй-бүлөгө 10 сотыхтан жер бөлүнүп, алар жаңы үлгүдөгү үйлөр менен камсыз болушат. Бул максаттагы курулуш иштери мамлекеттин каражатынан жана жардамга келген акчалардын эсебинен бүткөрүлөт.

Түйшүктүү эмгек үзүрүн берет
21-ноябрь күнү агроөнөр-жай комплексинин кызматерлеринин кесиптик майрамынын урматына өткөрүлгөн салтанаттуу жыйын өзгөчө жайдары маанайда өтүп, айыл чарба тармагынын кызматкерлеринин шаңдуулугу менен коштолду. Жыйынга КРнын биринчи вице-премьер министри Искендербек Айдаралиев келип катышып, өлкөбүздүн айыл чарба кызматкерлерин майрамы менен кызуу куттуктап, эң мыкты деп табылган кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Жыйында салтанаттын катышуучуларына акыркы жылдары биздин айыл чарбабыз кандай деңгээлге жетишкендигин көрсөткөн фильм тартууланды.
Айыл чарбасындагы бир топ көйгөйлөргө карабастан учурда бул тармакта ийгиликтер да жок эмес экендигин белгилеген Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министри А.Ногоев жетишкендиктер айыл чарба кызматкерлеринин жакшы ишинин натыйжасында гана болуп жаткандыгын белгиледи.

Мыйзамдын күчү
"Административдик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" мыйзам күчүнө кирген жүз күндүн аралыгында жол транспорт кырсыгы бир топ азайган.
Маселен авариялардын саны 5,9, адам өлүмү 14,7, жол транспорт кырсыгынан жаракат алгандардын саны 7,9, жаш балдар менен байланышкан жол транспорт кырсыгы 14, жаш балдардын өлүмү 5 пайызга азайган.

Муза кечеси
26-ноябрдан тартып 14-декабрга чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында филармония концерттеринин сериясы өтөт.
"26-ноябрда камералык музыканын кечеси болуп, анда камералык президенттик "Манас" оркестри М.Бегалиевдин, Т.Сатторовдун, К.Молдобасановдун, Л.Леонкаваллонун, Э.Капуа менен П.Чайковскийдин чыгармаларын аткарат. 14-декабрда орган музыкасын жакшы көргөндөр Ф.Мендельсон менен С.Бахтын чыгармаларын филармониянын ырчысы Виктория Васильеванын аткаруусунда көрө алышат. Сериянын акыркы күнүндө фортепиано концерттеринин кечеси болот.

Кыргыз шахматчылары Дрезденде
Кыргыз шахматчылары Дрезденде өткөн Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын 10-турунда Колумбиянын командасын жеңди. Кыргызстандын аялдар курама командасы ушул жеңиштен кийин 114 команданын ичинен 50-орундан 33-орунга чейин көтөрүлдү, ал эми Польшанын, Украинанын жана Түркиянын аялдар командалары 1, 2 жана 3-орундарды ээлеп алдыда баратат. Украинаны, Кыргызстанды жана Грузияны эсептебегенде СССРдин мурдагы республикаларынын ичинен Россия 6-орунда, Армения 8, Беларусь 15, Өзбекстан 21, Латвия 22, Азербайжан 33, Литва 39, Молдова 41, Эстония 43, Түркмөнстан 45, Казакстан 53 жана Тажикстан 63-орунда. Эми кыргыз шахматчылары 11-турда Израилдин командасы менен ойнойт. Азырынча ким менен ойноору аныктала элек.

Жол кыймылы жөнгө салынды
Ош шаарында электр жарыгынын үзгүлтүккө учурап жатышынан улам жол кыймылын жөнгө салуу максатында Ош ички иштер башкармалыгынын МАИ кызматынын долбоору менен Оштогу Зайнабединова, Мониев, Масалиев, Абдыкадыров атындагы борбордук көчөлөрүндөгү светофорлорго кытайдын электр берүүчү генераторлору орнотулду. Электрогенераторлорго кеткен чыгым Ош шаардык мэриясы тарабынан каржыланып, жол кыймылын жөнгө салуу МАИ кызматы тарабынан жүрүүдө.

Унаа уурдаган уурулар
Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жеңил автомашиналарды уурдаган топ кармалды. Алар 10- 19 - ноябрдын аралыгында эле "Мазда-3232", "Фольксваген - Пассат", "Фольксваген - Гольф - 2", "ВАЗ - 210132". "Фольксваген - Венто" жана "БМВ - 525" автомашиналарын уурдашкан. Автоуурулардын эң жашы он, улуусу мурда соттолгон он сегиз жаштагы өспүрүм болгон.

Сот иши жүрүп жатат
Ош облустук сотунда 1-октябрдагы Орозо Айтта Ноокат райакимчилигин ташбараңга алгандардын үстүнөн сот жүрүп жатат. 32 жаранга Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик партиясынын мүчөсү катары массалык башаламандыкты уюштурган, жаш өспүрүмдөрдү кылмыш жасоого аралаштырган, мамлекеттик мүлктү талкалаган жана бийлик өкүлдөрүнө кол салган деген айыптар тагылууда.
.
Россия ижарага тепловоз берет
КМШ өлкөлөрүнүн темир жол транспорту боюнча кеңешинин жыйынында Латвия, Литва жана Эстония менен "Россия темир жолу" компанияларынын ортосунда "Кыргыз темир жолу" келишимге кол койду, ага ылайык Россиянын темир жолдору Кыргызстанга магистралдык 6 тепловоздорду 15 жылдык мөөнөткө ижара негизинде берет.

Айтматовду эскерүү кечеси өттү
Жакында К.Тыныстанов атындагы китепканада "Айтматов жана поэзия" деген темада Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү. Ага С.Жетимишов, Г.Момунова сыяктуу акын, жазуучулар, №73 орто мектептин окуучулары, ж.б. катышты. Кечеде акындар жаңы жазылган ырларынан окушуп, ойлорун ортого салышты.

Мигранттардын арасындагы мониторинг
Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети жакында Россиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын арасында мониторинг өткөрдү. Мониторинг процессинде Бишкек шаардык комитетинин кызматкерлери тарабынан Москва менен Екатеринбургдан келген 6 поезддин жүргүнчүлөрү, бардыгы болуп 3500 адамга берилген суроолорго жооптор алынган. 35тен 40 жашка чейинки адамдар, алардын 70 пайыздан ашыгы легалдуу иштеген, бардыгы келишим жана катталуу менен иштешкендигин белгилешти. Негизинен Кыргызстандык эмгек мигранттары курулушта, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштешкен. Алардын белгилегенине караганда айына орточо үйлөрүнө 100 доллардан 300 долларга чейин жиберип турууга мүмкүнчүлүк болгон.

Кыргыз-кытай темир жолу
"Кабар" агенттигинде Бишкек шаардык кеңештин депутаты, темир жолчулардын профсоюздук комитетинин төрагасы Эрнис Докенов кыргыз -кытай темир жолун куруу боюнча долбоор инвестициялангандыгын айтты. Анын айтымында, бул долбоорду инвестициялоо акыркы стадиясынан өттү. Кыргыз-кытай темир жолу 2 млрд. АКШ доллар суммасында инвестицияланат.

Испаниялык дарыгерлер тарыхый операция жасашты
Дарыгерлер аялдын бузулган кекиртегин өзүнүн сөңгөк клеткаларынан өстүрүлгөн органга алмаштырышты. Муну менен дарыгерлер оорулуу аялдын иммундук системасын жаңы органды өзүнүкү катары кабыл алууга мажбурлашкан. Адистердин айтымында, бул жаңы техника өз органын алмаштырууга мажбур болгон оорулууларда үмүт отун жандырды. Эл аралык дарыгерлер тобу жамаштыруу операциясын июнь айында Барселонада ишке ашырышты. Бирок бул тууралуу 19-ноябрда гана белгилүү болду, себеби мынча убакыт бою дарыгерлер операциянын жыйынтыгын күтүшкөн эле.

Саипов өлтүрүлгөн курал табылды
Ички иштер министрлиги журналист А.Саипов өлтүрүлгөн курал Бишкекте кармалгандыгы жана аны менен бейбаштык жасагандардын ичинде оппозиция лидерлеринин бири А.Жекшенкуловдун уулу бар экени жөнүндө билдирүү жасады.
Алишер Саипов атылган "Макаров" үлгүсүндөгү тапанча Бишкектеги "Х.О." боулинг эс алуу борборунда болгон мушташ маалында колдонулган жана кийин милициянын колуна түшкөн.

Маалымат булактарынан даярдаган
Ж.Дыйканова, "Эркин Тоо".