Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетов:
"Президент койгон милдеттер аткарылууда"
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуу менен чыкты. Өткөн жылдын жыйынтыктарын талдап, өлкөдө конкреттүү жыйынтыктарга жетишүү жана проблемаларды чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экендигин ишенимдүү билдирди. Бирок ошого карабастан, жетишилген натыйжаларыбызды ашыра баалап жибербестен, республикадагы чечилбеген социалдык-экономикалык проблемаларды, энергетикалык, азык-түлүк коопсуздугу өңдүү дүйнөлүк өнүгүүнүн өзөктүү тобокелдиктерин белгилеп кетти.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөр экономикалык оош-кыйыштардын бардык терс кесепеттерин өздөрү сезүүдө, андыктан Кыргызстан да мындан тышкары кала албайт. Стратегиялык мүнөздөгү көп чечилбеген ички проблемалардын бардыгы Кыргыз Республикасы үчүн абалды ого бетер оорлотту. Президент аткаруу бийлигинин алдына тезинен ишке ашырууну талап кылган конкреттүү милдеттерди койду.
Атап айтканда, Маммүлккомитеттин алдына мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну жогорулатуу жана энергетикалык сектордогу проблемаларды чечүү, фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, калган объекттерди менчиктештирүүнү тездетүү, реформаны улантуу боюнча милдеттерди койду.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процессин тездетүү максатында зор көлөмдөгү жумуштар жүргүзүлдү.
Биринчиден, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү жагындагы ченемдик-укуктук база жакшыртылды. Мамлекеттик менчикти башкаруу жана менчиктештирүү маселелерин жөнгө салуучу тийиштүү мыйзамдарга жана Өкмөттүн бир катар чечимдерине зарыл өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Экинчиден, 2008-2012-жылдарда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасы кабыл алынып, ага мамлекеттин менчигинде турган жана менчиктештирүүгө жатпаган объекттердин тизмеси жана белгиленген мыйзам тартибинде менчиктештирилүүчү объекттердин тизмеси киргизилген.
Менчиктештирүүнүн бул Программасынын мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп көбүнчөсүн инвестиция сыйымдуу келип, бир кыйла инвестициялык каражаттарды тартууну талап кылуучу Кыргызстандын ири ишканаларын жеке менчикке өткөрүү саналат. Ошондуктан, биз Кыргызстандын ишканаларына жаңы технологияны киргизгенге жөндөмдүү жана инвестициялык ресурстарга эгедер инвесторлорго чоң ишеним менен үмүт артабыз.
2008-2012-жылдары мамменчикти менчиктештирүү Программасын ишке ашыруу процессинде мамменчик объекттерди менчиктештирүү жөнүндө ММКда кеңири чагылдыруу жолу менен менчиктештирүүнүн тунуктугун камсыздоо боюнча жумуштар жүргүзүлөт.
Программаны натыйжалуу ишке ашыруу белгилүү бир акционердик коомдордун акцияларынын мампакетинин бир бөлүгүн фондулук биржада лицензиялуу соодалоо уюштуруучулар аркылуу сатууну эсепке алуу менен менчиктештирүүнүн жүрүшүн тездетет. Бул өлкөбүздүн экономикасына түз инвестициялардын агылып келишин камсыздоо боюнча милдеттерди чечүүгө, менчиктерди кайра бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырууга жана мамлекеттик бюджет үчүн керектүү финансылык каражаттарды алууга мүмүкүндүк берет.
Мындан тышкары баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча активдүү жумуштар жүргүзүлүп жатат. Фондулук рынокто ишканалардын акцияларынын айланышын камсыздоо, фондулук рынокто алардын акцияларын ачык эл алдында сунуштоо менен мамлекеттик ишканаларды акционердик коом формасына өткөрүү боюнча чаралар кабыл алынды. Мамлекеттик катышуу үлүшү бар акционердик коомдорду фондулук биржада листинг жол-жобосунан өткөрүү боюнча иштер жүрүүдө. Азыркы учурда листинг жол-жобосунан алты ири компания: "Кыргызтелеком" ААК, "Эсептешүү-аманат Компания" ААК, "Манас" эл аралык аэропорту" ААК, "Учкун" ААК, "Айыл Банк" ААК, "Кыргызнефтегаз" ААК өтүштү.
Жалпысынан, жүргүзүлүп жаткан чаралар менчиктештирүү процессине мобилдүүлүктү, тездетүүнү, экономикалык максатка ылайыктуулукту камсыздап, ошондой эле ички капиталдын менчиктештирүүгө катышуусуна мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик менчикти башкарууну натыйжалуу жогорулатуу милдети өтө маанилүү болуп саналат. Маммүлккомитети тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ишканаларды корпоративдик башкарууну күчөтүү боюнча бир кыйла чаралар көрүлүп жатат. Азыркы убакта республиканын министрликтери сунуштаган талапкерлердин ичинен тандоо өткөрүү жана жалпы чогулуштарда мамлекеттик катышуусу бар акционердик коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн аларды көрсөтүү механизми колдонулуп жатат. Талапкерлерди тандоонун негизги критерийлери болуп алардын кесипкөйлүк даярдыгы, тийиштүү тармактардагы иш-аракеттериндеги ийгиликтүү башкаруу тажрыйбасы саналат. Мындай мамиле тармактык министрликтер менен ведомстволорго ишканалардын проблемаларын терең түшүнүүгө мүмкүндүк берип, ишканалардын рентабелдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт. Мунун тууралыгын акционердик коомдордо мамлекеттин катышуусу кыскарганына карабастан акционердик коомдордун акцияларынын мампакетинен түшүп жаткан дивиденддердин көлөмүнүн жылдан жылга көбөйүшү ырастайт.
Айтсак, эгерде 2005-жылы дивиденддердин түшүшү - 197,4 млн. сом болсо, 2006-жылы - 273,9 млн. сомду, 2007-жылы - 293,2 млн. сомду түзгөн. Дивиденддердин түшүү көлөмүнүн көбөйүүсүнүн оң жышааны тийиштүү чечимдерди кабыл алуунун натыйжасынан улам болду. Ошентип, 2005-жылдан тартып карыздарды дивиденддердин эсебинен өз ара эсептешүү жүргүзүү практикасы токтотулуп, бардык эсептелген дивиденддер республиканын бюджетине которулуп калды. 2006-жылдан баштап Маммүлккомитети акционердик коомдор менен жылдык финансы-чарбалык иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө боюнча графиги менен келишим түзүү практикасын киргизген. Убактысынан өтүп кетсе үстөк айып тартышат. Мындай мамиле өзүнүн оң жыйынтыктарын берди: акционердик коомдордун көпчүлүгү айып эсептөөлөрү болбоосу үчүн жылыга дивиденддерин толук төгүшүүдө. Жыйынтыгында 2005-жылдын дивиденддери боюнча карыздар жок.
Азыркы күндүн шарттарында өзгөчө көңүл бурууну талап кылып жаткан тармакка - энергетикага токтолуп кетким келет.
Азыркы убакта энергия жабдуулардын, өзгөчө төмөнкү чыңалуудагы электр бөлүштүрүүчү тармактын техникалык абалы, жылуулук жана электр энергиясын керектөөнүн эсебин алуу, компанияларды башкаруу токтоосуз түрдө ири инвестицияларды тартууну жана натыйжалуу жеке менчик ээсин киргизүүнү талап кылууда.
Электр энергиясын жоготуунун бир топ деңгээли, электр энергетикалык компаниялардын дебитордук жана кредитордук карыздарынын азайбастан, тескерисинче көбөйүп баратышы чоң чочулоону туудурат. Компанияларда жабдууларды модернизациялоо үчүн финансылык каражаттардын жоктугу абалды ого бетер тереңдетип, менеджмент болсо алардын иштеринин финансы-экономикалык көрсөткүчтөрүн түп-тамырынан бери жакшыртууга жетише алган жок. Энергетикалык компаниялардагы абалды жакшы жагына өзгөртүү алардын өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү мүмкүнчүлүгү бар стратегиялык инвесторлорду өз убагында тартуу аркылуу гана мүмкүн болот.
Азыркы мезгилде төртүнчү - Бишкек шаарындагы ТЭЦтин мүлк комплексин жана "Түндүкэлектр" , "Бишкекжылуулуктармагы" акционердик коомдорун өнүктүрүү үчүн аларды менчиктештирүү аркылуу инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү каралган "Кыргызэнерго" акционердик коомун менчиктештирүү жана мамлекеттен ажыратуу Программасынын аяктоочу этабы ишке ашырылып жатат.
Бүгүнкү күндө көз карандысыз баалоочу уюмдарды тартуу менен "Түндүкэлектр", "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мампакетинин жана Бишкек шаарындагы ТЭЦтин мүлк комплексинин наркы аныкталды.
"Түндүкэлектр" АКнын акцияларынын мамлекеттик пакетинин 80,49%ы, баштапкы наркы 4817,5 млн. сом же 135,7 млн. АКШ долларын түзөт.
"Бишкекжылуулуктармагы" АКнын акцияларынын мамлекеттик пакетинин 80,49%ы, баштапкы наркы 1758,6 млн. сом же 48,3 млн. АКШ долларын түзөт.
Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлк комплексинин рыноктук баасы 11438 млн. сом же 314,1 млн. АКШ долларын түзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн объектилерди бир пакет менен бир стратегиялык инвесторго менчиктештирүү жөнүндө чечим кабыл алды.
2008-жылдын 18-ноябрында Маммүлккомитети белгиленген тартипте "Слово Кыргызстана" жана "Кыргыз Туусу" гезиттери аркылуу "Түндүкэлектр", "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакетин жана Бишкек шаарынын ТЭЦинин мүлк комплексин сатуу боюнча инвестициялык конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат кабарлоосун жарыялады. Инвестициялык конкурстун негизги шарттарында объектилерди сатып алган тарап беш жыл ичинде 367 млн. АКШ долларынан кем эмес көлөмдөгү инвестиция салуусу, макулдашылган мөөнөт ичинде тарифти жогорулатпоо, тарифти укук берилген мамлекеттин органы менен түзүү, ишканалардын 2516,7 млн. сом суммасындагы карыздарын (чет элдик кредит жана бюджеттик ссуда боюнча) жабуу боюнча милдеттенмени аткаруу ж.б. талаптар көрсөтүлгөн.
Жыйынтыгында, Маммүлккомитетинин иш-аракеттеринин түпкү максаты маммүлктү натыйжалуу колдонуу болуп саналаарын белгилеп кетким келет.
Т.ТЕМИРОВ, "Эркин Тоо".




КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК
ЖООПКЕРЧИЛИК ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИНЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
ЖАНА ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы

2008-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене. Кыргыз Реслубликасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 340-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"340-статья. Чыгармалардын же фонограммалардын нускапарын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу,прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу";
1 -бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чыгармалардын же фонограммапардын нускаларын даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, прокатка берүү же коммерциялык максаттарда башкача түрдө мыйзамсыз пайдалануу, төмөндөгү учурларда:";








3-пунктчанын биринчи абзацы ", эгерде ал аракеттер жазыктык жазалоо жосунунун белгилерин камтыбаса" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 594-статьяда:
1 -пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ага карата администрациялык укук бузуу жөнүнда иш боюнча өндүрүш жүзөгө ашырылып жаткан адам, администрациялык укук бузуу менен дене боюна, мүлктүк же моралдык зыян келтирилген жабырлануучу жогору турган органга (жогору турган кызмат адамына) же сотко даттануу бере алат.";
2-пункт "иши боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун чаралары колдонулган адамдын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жабырланган тараптын кызыкчылыгында" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 20-ноябры, № 239.


Закон
Кыргызской Республики
О ВНЕСЕНИИ ИЗМЕНЕНИЙ И ДОПОЛНЕНИЙ
В КОДЕКС КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ОБ АДМИНИСТРАТИВНОЙ ОТВЕТСТВЕННОСТИ

Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 9 октября 2008 года

Статья 1. Внести в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (Ведомости Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, 1999 г., № 2, ст. 77) следующие изменения и дополнения:
1. В статье 340:
название статьи изложить в следующей редакции:
"Статья 340. Изготовление, приобретение, хранение, продажа, сдача в прокат или иное незаконное использование в коммерческих целях экземпляров произведений или фонограмм";
абзац первый части 1 изложить в следующей редакции:
"Изготовление, приобретение, хранение, продажа, сдача в прокат или иное незаконное использование в коммерческих целях экземпляров произведений или фонограмм в случаях:";
абзац первый подпункта 3 дополнить словами ", если эти действия не содержат признаков уголовно наказуемого деяния".
2. В статье 594:
пункт 1 изложить в следующей редакции:
"1. Лицо, в отношении которого осуществлялось производство по делу об административном правонарушении, потерпевший, которому административным правонарушением причинен физический, имущественный или моральный вред, могут подать жалобу в вышестоящий орган (вышестоящему должностному лицу) или в суд.";
пункт 2 после слов "лица, в отношении которого применены меры обеспечения производства по делу" дополнить словами ", а также в интересах потерпевшей стороны".
Статья 2. Настоящий Закон вступает в силу со дня официального опубликования.
Правительству Кыргызской Республики в двухмесячный срок привести свои нормативные правовые акты в соответствие с настоящим Законом.

Президент Кыргызской Республики К.БАКИЕВ
гор.Бишкек, Дом Правительства, 20 ноября 2008 года, № 239.