22-ноябрь - Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Эльмурза Сатыбалдиев:
"Мыйзамдуулуктун чегинде бекем турабыз"
- Эльмурза Ракиевич, кыргыз прокуратурасынын басып өткөн жолуна кыскача токтоло кетсеңиз?
- Кыргызстандын прокуратурасынын тарыхы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялык областы түзүлүп, анын Революциялык комитетинин Президиумунун № 6 токтому менен 1924-жылы 22-ноябрда 15 адамдан турган биринчи прокуратура негизделген мезгилден башталат. Ал мезгилде прокуратура юстициянын Элдик Комиссариатынын системасына, областтын прокурорунун кызматы областтык аткаруу комитетинин түзүмүнө кирген.
1936-жылы союздук республика түзүлгөндөн кийин Кыргыз ССРинин прокуратурасы болуп түзүлгөн.
Өзүнүн түзүлүшүнөн кийинки 84 жыл убакыт аралыгында прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын тарыхында кайра жаралуулар жана жаңы коомду куруу мезгилиндеги жолду мамлекетибиз менен чогуу басып өттү.
Бул жылдар аралыгында, өзгөчө бүгүнкү күндө эркиндик, демократия, адам укугу баалуулуктарына негизделген укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө бир катар мол тажрыйбалар топтолду.
Ар кайсы жылдары прокуратура органдары мамлекеттик деңгээлдеги ар кандай маселелерди аткаруу менен бирге, дайым мыйзамдуулуктун бузулушуна каршы мамлекеттин көзөмөл калканы катары кызмат кылып келди. Прокуратура органы ар убак инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп келгенин биз сыймыктануу менен айта алабыз.
Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын тарыхы - мыйзамдын улуктугунун конституциялык принциптерин иш жүзүнө ашыргандыктын, аны так жана бирдиктүү аткаруунун жана мыйзамдуулукту чыңдоонун айкын күбөсү.
Тарыхый жактан алып караганда прокуратурада жөн гана билимдүү жана аракетчил адамдар эле эмес, чынчыл, принципиалдуу, керек болсо бүт өмүрүн жана болгон күчүн Ата Мекенге кызмат кылууга арнаган, акыйкаттык жана мыйзамдуулук үчүн талыкпай күрөшкөн, өз ишине берилген инсандар иштеген. Биздин кесиптик адамдарга ар дайым өзгөчө талаптар коюлуп келген.
Мыйзамга кызмат кылуу бийик кадыр-барк, бирок зор жоопкерчиликти талап кылат. Кыргыз прокуратурасы ар дайым элдин ишенимин актап, коомдо урмат-сыйга жетүү үчүн бардык аракеттерди жасап келет.
- Прокуратура органдарынын бүгүнкү күндөгү орду кандай?
- Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында 900дөн ашуун кызматкер кызмат өтөөдө.
Мамлекеттин укуктук жактан калыптануусундагы Кыргызстандын прокуратурасынын кошкон салымына тарыхый баа берип, бүгүнкү күндө алдыда өтө жооптуу тапшырмалар тургандыгын терең түшүнүү менен айта алабыз.
Мамлекеттеги саясый-экономикалык чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдүн агымы, Кыргызстанда иш жүзүнө ашырылып жаткан укуктук реформа прокурордук көзөмөл жана анын функциясына сөзсүз оңдоп-түзөөлөрдү киргизет. Бул нерсе прокурордук системада жүрүп жаткан структуралык ашыкчылыктан жана баланстын жоктугунан арылууга жумшаган иш-аракеттин, ишенимдин бекемделүүсүн, кадрлардын беделинин көтөрүлүүсүн камтыган реформалардын идеологиясын аныктайт.
Андыктан, азыркы учурда ишти бардык тараптан жакшыртуу, мезгилдин талаптарына ылайык иш жүргүзүү негизги милдет болуп эсептелет.
- Демек, ички структуралык өзгөрүүлөр жасалып жаткан турбайбы?
- Бул иш-чараларды ишке ашыруу максатында жакында "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору иштелип чыгып, ал Мыйзам бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берилди.
Мындан тышкары, республиканын аймактарында иш-аракеттерди күчөтүү максатында түштүк аймактык өкүлчүлүктү жана Башкы прокурордун түштүк аймак боюнча орун басары штатын ачуу алдында турабыз. Буга чейин Президентибиздин колдоосу менен прокуратура органдарынын саны 30 бирдикке көбөйтүлгөн.
Укуктук жардам көрсөтүүнүн жана жазыктык куугунтукка алуунун натыйжалуулугун арттырууга, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн Башкы прокуратураларынын суроо-талаптарынын жыл сайын өсүп жаткандыгына байланыштуу Башкы прокуратуранын Эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүн өз алдынча бөлүм катары бөлдүк.
Ал эми иштин уюштуруу бөлүгүн жакшыртуу максатында уюштуруу жактан камсыздоо жана эл аралык байланыштар башкармалыгын уюштуруучулук-инспектордук башкармалыкка өзгөрттүк.
- Бүгүнкү күндө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүү жаатында аткарып жаткан ишиңиздерге учкай токтоло кетсеңиз?
- Прокуратура органдары өлкөбүздө адам укуктарын гана кепилдик кылбастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясы талап кылгандай аны толук камсыз кылган демократиялык мамлекетти курууга өз салымыбызды кошуп жатабыз.
Ошондуктан прокуратура органдары бүгүнкү күндө жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, алардын мыйзамдуу таламдарын, жеке коопсуздугун коргогон, өлкөнүн укуктук талаасынын биримдигин камсыз кылган, мамлекеттин кызыкчылыгын натыйжалуу коргогон, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшкөн орган катары кызмат кылып келет.
Быйылкы жылы прокуратура органдары тарабынан мамлекетке келтирилген зыяны бар 438 кылмыш иштери боюнча казынага 76448036 сом өндүрүлгөн, ал эми мыйзам актыларынын так жана бирдиктүү аткарылышына көзөмөл жүргүзүү багытында жалпысынан 252566822 сом өндүрүлгөн, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарында келтирилген доо арыздар менен 199111564 сом өндүрүлгөн.
Прокурорлорго мамлекеттин атынан иш алып баруу ишеними көрсөтүлгөн, адамдардын мыйзамга карата ишеними жана адилеттүүлүктүн болушу түздөн-түз биздин сапаттуу иш-аракеттерибизге жараша болот. Анын жыйынтыктары аркылуу мамлекеттик бийлик тарабынан жарандардын укугу, эркиндиги жана мыйзамдуу таламдары канчалык деңгээлде корголгондугу аныкталат. Ошого байланыштуу биздин иш билимдүүлүктү, өзгөчө кесипкөйлүктү жана калыс болууну талап кылат.
84 жылдан бери прокуратура укуктук институт катары мамлекетибиздин тирөөчү болуп, жарандарды жана коомчулукту адилетсиздиктен жана мыйзамсыздыктан коргоп келет. Прокурордук кызматтын тарыхында ар кандай мезгилдер өттү, бирок мыйзамга берилгендик жана абийир ар дайым чыныгы ишмерлерди айырмалап келген.
Кыргызстандын прокуратурасынын тарыхы мындан ары да улана берет. Биз өзүбүздүн башатыбызды, көп жыл бою прокурордук кызматкерлер тарабынан иштелип чыккан бир топ үлгүлүү жана керектүү нерселерди унутпашыбыз керек.
- Эртең белгиленүүчү кесиптик майрамыңыздарга байланыштуу кандай каалоо-тилектерди айта кетээр элеңиз?
- Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамыбыз менен чын ниетимден куттуктайм. Мамлекетибиз укуктук мамлекет болгондуктан эркин элибиздин турмушунда мыйзамдуулук орноп, тынччылыкта жана байгерчиликте жашоосун камсыз кылуу багытындагы аракеттер арта берсин. Сиздерге бекем ден соолук, жоопкерчиликтүү ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөр менен аман, бакубат өмүр сүрүшүңүздөрдү каалайм.
Т.ТЕМИРОВ,
"Эркин Тоо".




"Бийик жана ыйык ленталуу Күн чыгыш" ордени
СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, КРнын ыйгарым укуктуу элчиси, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Бишкек гуманитардык университетинин Эл аралык кафедрасынын башчысы, профессор Ишенбай Абдуразаков кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Япониянын чет өлкөлүк инсандарга арналган эң жогорку мамлекеттик "Бийик жана ыйык ленталуу Күн чыгыш" ордени менен сыйланды. Бул сыйлык КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң алгач коомдук ишмер, кыргыз Ишенбай Абдуразаковго буйрулгандыгы биз үчүн да сыймык. Маселен МГУнун ректору, академик Садовский экинчи даражадагы орденди алганын айта кетүүбүз абзел. Ишенбай Абдуразаковго берилген Япония мамлекеттик эң жогорку сыйлык орусча "Восходящего солнца на Большой ленте", япон тилинде "Кекудзицусе кекудзицудайдзюсе" деп аталат.
Сыйлыкты тапшыруу аземи 2008-жылдын 5-ноябрында Япониянын борбор шаары Токиодо императордун сарайынын "Ак кайың" залында болуп өттү. Япониянын императору Акихито бул мамлекеттик жогорку сыйлыкты Ишенбай Абдуразаковго өз колу менен тапшырды. Негизи императордун колунан сыйлык алуу аземи өзгөчө үлпөттө өтөт. Императордун сол жагына мамлекеттин премьер-министри олтурат да, сыйлануучулар залга бирден киргизилип турат. Падышага кирүүгө атайын кийим тандалат. Ак көпөлөк бантик-галстугу бар фрак же ар бир элдин улуттук кийими болуш керек. Ишенбай Абдуразаков фрак кийип барган эле.
"Бийик жана ыйык ленталуу Күн чыгыш" ордени 1875-жылы император Мацухито тарабынан түптөлгөн. Бул орден менен япон мамлекетине кызмат кылып, эмгек сиңирген чет өлкөлүк жарандар сыйланат. Дүйнөдөгү ошондой инсандардын катарына Кыргызстандан Ишенбай Абдуразаков кошулуп олтурат. Кошулганда да КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң алгач биринчи даражадагы орденге ээ болду. Бул тарыхта биринчи жолу болуп жаткан окуя. Баса, Ишенбай Абдуразаков Японияда 1971-1978; 1981-1986; 1991-1994-жылдары элчи болуп эмгектенген. Япон тилин кыргыз тилиндей эле билет.
18-ноябрь күнү БГУда журналисттер, жазуучулар, мугалимдер, студенттер, илимпоздор менен жолугушкан коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков көптөгөн суроолорго жооп берди.
Ал: "Эми бул ордендин жол-жобосу гезиттерге чыкты, ошондуктан аны кайталап отуруунун деле кажети жок. Мурда түзүлгөнүнө карабай, азыркы император келгенден кийин бир аз коррекция болуптур, өзгөрүптүр. Мени таң калтырганы чечимди император эмес, Өкмөт чыгарат экен. Бирок, императордун атынан берилет. Грамотасында Акихито деп императордун аты турат, хризантема эмблемасы бар. Ошону менен берилет. Калп айткан менен болобу, тарыхта биринчи жолу сизге берип атабыз деп айтышты. Анан кылган кызматы ат көтөргүс, "Тойотонун" Президенттери, ири компаниялардын төрт жетекчиси менен чогуу алып атсаң, албетте, толкунданбай кое албайсың. Ошол эле учурда мынчалык даражалуу чоң сыйлыкты кантип актайм деп өзүм да сарсанаа болуп отурамын. Сыйлык алып, жөн эле басып жүрө бербей, аны акташ керек да.
Мен биринчи Япониядан келгенден кийин бизде жаштарды тарбиялап, аларга билим берип, мекенчил адамдарды тарбияласак гана Япониядагыдай ийгиликке жетебиз деген жыйынтыкка келдим", - деди.
Японияда көйгөйлөр барбы деген суроого Ишенбай Абдуразаков: "Албетте, көйгөйлөр бар. Алар патриот, мамлекет өнүксүн, өссүн деп эмгектенишет. Турмуш-шарттары жакшы. Бирок, жумушчу күч жетишпейт. Эркектердин орточо жашы 89, аялдардыкы 86. Узак жашоочулар. Бирок, бирден гана балалуу болушат. Ошондон улам пенсионерлер көбөйүп, элинин саны 127 миллион. Бүгүнкү күндө элдин санынын өсүшү токтогон. Бирок, ошого карабай жумушчу күч жетишпегенге карабай, роботозациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Кыскасы, кандайдыр бир жашоого ыңгайлуу жолдорду табууда", - деп жооп берди.
УТРКнын кабарчысы, акын Өмүрбек Тиллебаевдин: "Япондордун жана кыргыздардын улуттук тилдерге болгон мамилелеринде кандай айырмачылыктар бар?" - деген суроосуна: "Мамлекеттик тил япон тили". - деп жооп берди.
Жолугушуу абдан кызыктуу өтүп, суроолорго жооп берүү эки саат чамасында уланды. Урматтуу Ишенбай Абдуразакович, "Бийик жана ыйык Күн чыгыш" ордени кут болсун. Япон-кыргыз элинин экономикалык байланышын, достугун, ынтымагын чыңдай бериңиз демекчибиз.
К.БАКИРОВ, "Эркин Тоо".