Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ө.А.Абдуллаева:
"Кагазда эмес иш жүзүндө аткарылууда"
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич Бакиевдин
2008-жылдын 17-октябрындагы
Кыргызстандын элине кайрылуусу
биздин өлкөбүздүн жакынкы мезгилге өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктап, учурда түзүлгөн социалдык-экономикалык кырдаалды
жакшыртууга жана экономикалык өнүгүүгө шарт түздү.


Президенттин кайрылуусунда "Ушул мезгил ичинде экономиканы кыйла натыйжалуу режимге которуу боюнча иштер жүргүзүлүп, ошол эле учурда сапаттуу өнүгүүгө багытталган социалдык
саясатты түзүүгө жаңыча мамиле кылуу сунуш кылынды" - деп белгиленген.

Коргоого муктаж ар бир жаран социалдык колдоого алынат

Соңку жылдары бүткүл социалдык инфраструктуранын 30 пайыздан ашыгы жаңыланды. Ошону менен бирге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, маданият тармагында иштегендердин эмгек акысы 2006-жылдан баштап жыл сайын орточо 30 пайызга өсүп жатты. Мына ушунун бардыгы өлкөдө орчундуу маселелерди чечип, жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн бир топ дарамет топтолгондугунан кабар берет. Ошону менен бирге эле Президент өз кайрылуусунда айткандай жарандарды бүгүнкү күндө "Жылуулук жана жарык менен камсыз кылуу кандай болот? Азык-түлүк жетиштүү болобу? Кирешелердин туруктуу деңгээли сакталып калабы?" деген сыяктуу суроолор тынчсыздандырып жаткан.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бүгүнкү күндө мыйзамдардын негизинде, нормативдик-укуктук актыларга таянып өлкөбүздөгү кары-картаңдарга, майыптарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, алардын жашоо шартын жакшыртуу багытында максаттуу иш жүргүзүп жатат.
Мисалы, өткөн 2007-жылы республиканын экономикасында бир топ өсүш жетишилгендиктен, бюджеттен биздин министрликке 1,8 млрд. сом бөлүнүп, анын 87 пайызы балдарга мамлекеттик жөлөк пул берүүгө, майыптарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеңилдиктерди төлөөгө жумшалды.
Министрликтин бюджетинин көбөйгөнү бир топ социалдык чараларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түздү:
- жеңилдиктерди акчалай түрүндө компенсация берүү (монетизация) ишке ашырылды ( турак жай төлөмдөрүнө, электр кубатына, жол киреге жана дары дармекке). Эгерде айыл жергесинде жашаган ардагерлерибиздин дээрлик көбү эң эле аз өлчөмдө пенсия алаарын эске алсак, бул иш чара алардын үй-бүлөлүк бюджетине бир топ эле кошумча болоору талашсыз;
- 2007-жылдын 1-октябрынан тартып социалдык жөлөк пулдардын көлөмү 55%га жогорулады, ал эми 2008-жылдын 1-январынан тартып бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөк пул жана социалдык жөлөк пулдун көлөмү дагы 25%га көбөйтүлдү;
- ай сайын берилүүчү жөлөк пулду жана жеңилдиктерди өз убагында акчалай берүүгө жетиштик (белгилүү болгондой, мурунку убакта жөлөк пулду натуралай, ун же шекер түрүндө берүү практикаланып келген);
- 2007-жылдын августунан тартып бардык майыптарга 5 жылда бир жолу тийиштүү проценттик жеңилдиктери менен санаторий - курортторго дарылануу үчүн жолдомо алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү;
- үй-интернаттарда жашаган кары-картаңдардын тамак-ашы үчүн бөлүнүүчү акча нормалары эки эсеге жакын көбөйтүлдү;
- жеңилдиктерди алуучуларга дары-дармек үчүн компенсация суммасы эки эсеге көбөйтүлдү (800, 600 жана 400 сом өлчөмүндө);
- 2007-жылдын 1- августунан тартып түрдүү категориядагы жарандарга жеңилдик берүү топторуна карап, транспортто жүрүү акысы үчүн компенсацияны акчалай төлөө жүргүзүлүүдө (80 сомдон 330 сомго чейин).

Жеңилдиктерди акчалай берүү (монетизация) иши жолго коюлду

Өлкөбүздө мыйзам боюнча каралган жеңилдиктерди рынок шартында акчалай түрдө берүү иши биздин министрлик аркылуу кезеги менен ишке ашырылып жатат.
Чынында айыл жергесинде жашоочулардын көпчүлүгү бул демилгени колдошту. Анткени, буга чейин айыл жеринде жеңилдиктер кагазга жазылган менен, иш жүзүндө айылдагыларга берилбей келген.
Мисалы, ысык сууга, жылуулукка жеңилдик айылдыктарга да, шаардыктарга да бирдей каралган. Бирок, айылдагылар үчүн, ысык суу, жылуулук кызматы жок болгондуктан, алар бул жеңилдиктен буга чейин колдоно алышкан эмес.
Эми болсо алар жеңилдиктердин ордуна акча ала алышат, ошондуктан согуштун майып ардагерлерине жана башка адамдарга ушул кызматтар үчүн жеңилдиктерди акчалай түрүндө алуу өтө пайдалуу. Мисал үчүн, айылда өз үйүндө жашаган ардагерге көмүргө ай сайын 460 сом, транспорт үчүн 330 сом, бардыгы болуп ай сайын 790 сомдон жеңилдик акчалай түрүндө төлөнүп берилет. Бул сумма үй-бүлөгө бир топ жардам экенин байкасак болот, анткени айыл жергесинде орточо пенсиянын көлөмү болгону орточо эсеп менен 700-800 сомду түзөт эмеспи.

Өлкөбүздө 38 категориядагы жарандар ар түрдүү жеңилдиктерди алууга укугу бар

2008-жылдын 1- январынан тартып жеңилдиктердин баарын акчалай түрүндө берүүгө чечим кабыл алынган эле, мындай акчалай түрүндө төлөө өлкөбүздүн бардык аймактарында сөзсүз түрдө колдонулууда.
Акчалай түрүндөгү жеңилдиктер дары-дармектер жана көмүр үчүн жыл сайын бир жолу төлөнүп берилет. Башкача айтканда дары-дармектер үчүн жылдын башында биринчи жарым жылдыкта берилсе, ал эми көмүр үчүн жылдын экинчи жарым жылдыгында, жылытуу сезону башталаарда берилет.
Акчалай компенсация 12 айга эсептелинип, ар бир жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин төлөнөт.
Жеңилдикти пайдаланууга мүмкүнчүлүгү бар адамдардын 20дан ашык категориясы жол жүрүү жеңилдиктерине акылуу деп эсептелет. Чындыгында мындай жеңилдиктер менен негизинен шаарларда (автобус, троллейбус) жашаган адамдар пайдаланышкан.
Айыл жеринде унаалардын жоктугуна байланыштуу жарандар транспорттордо жүрүү жеңилдиктерин пайдалана алышкан эмес. Ошондуктан эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан жарандардын айрым категорияларынын жол жүрүү жеңилдиктерин республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылануусуна түздөн-түз акчалай төлөмдөрүнө которуу сунуш кылынды.

Баалардын
өсүү шартында калктын аярлуу катмарына социалдык коргоо чаралары көрүлүп жатат

Президент кайрылуу сөзүндө энергия ресурстарын туура пайдалануу жана ага болгон баалардын туруктуу өзгөрүп турушун айтты. Энергияга болгон баалардын өсүүсү калктын аярлуу катмарларына оор таасирин тийгизип жатат. Мындай кыйынчылыктардын кескин өсүшү улантыла берсе, социалдык жактан колдоодогу компенсациялык иш-чаралар каралышы керек,-деп баса белгилеп өттү.
Буга ылайык эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Өкмөтүнүн 2008-2012-жылдардагы Тариф саясатынын планына ылайык төмөнкүлөргө токтолот.
2008-жылдын 1-июлунан баштап, ар бир киловаттка тариф 8 тыйынга өсөт, азыр бир киловатт баасы 62 тыйын болсо, өскөндөн кийин төлөө акысы ар киловаттка 70 тыйынды түзөт. Орто эсеп менен алганда 150 киловатт энергиянын баасы 12 сомго көбөйөт, биздин эсеп боюнча пенсионерлердин көбү 150 киловаттан ашык колдонушпайт.
Биринчиден, мына ушул 12 сом өлчөмүндөгү максаттуу компенсацияны 1500 сомго чейинки өлчөмдө пенсия алуучу пенсионерлерге төлөп берүү каралды.
Өлкө боюнча 455 миң кишиге бардык пенсионерлердин 92,1 процентине кошумча акча төлөнөт. Компенсация республикалык бюджеттин эсебинен пенсиянын көлөмүнө жараша 2008-жылдын 1- июлунан тартып төлөнө баштады. Бул компенсация министрлик иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына жараша төлөнөт.
Экинчи, 25, 50, 100 пайыздагы жеңилдиктерди жылуулук жана электр кубаты үчүн компенсация төлөп берүү жаатында улантылмакчы. Бишкек шаарында болсо атайын турак-жай субсидия Борбору түзүлгөн
Турак жайынын аянты 35 кв.м. болуп, коммуналдык төлөмдөр үй-бүлөнүн кирешесинен 16 пайыз көбүрөөк болсо, анда мындай үй-бүлөлөргө субсидия төлөнөт. Мындай субсидия жылуулукка, жаратылыш газына, муздак жана ысык сууга, лифтке жана таштанды чыгарууга берилет.
Быйылкы жылы өкмөттүн буйругу менен - 321 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, эгерде ай сайын алчу кирешеси бир адамга 560 сомдон төмөн болсо, аларга 7, 9 миң тонна ун сатылат, анын баасы 16 сомдон (бир үй-бүлөгө 25 кг) туура келет. Президенттин кайрылуусун турмушка ашырууда эң алды экономикалык, социалдык тармактын ишин жакшыртуу зарыл.
Бюджет тармагында иштегендердин, пенсионерлердин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн негизги азык-түлүк продуктуларын алдын ала күзүндө, кышка чейин мамлекеттик резервге даярдоо керек, ошол азык-түлүктү кыш мезгилинде аз камсыз болгон категорияларга арзан баада сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ошондой эле пенсиянын өлчөмүн жогорулатууга аракет кылуу, мамлекеттик жөлөкпулдарды жогорулатуу жана бюджетте иштегендердин айлык акысын мындан ары дагы жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек.
Жер-жерлерде калктын аз камсыз болгон катмарына азык-түлүк продуктуларын базар баасынан төмөнүрөөк баада сатуучу муниципалдык азык-түлүк магазиндерди ачуу мезгилдин талабы болуп турат.
Мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөп берүү иштери аткарылууда

Министрлик мамлекеттик жөлөкпулду аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төлөп берүүнү уюштурууда, бардыгы болуп 453 миң кишиге жөлөкпул (пособие) берилет. Алар негизинен 18 жашка чейинки балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген майып жарандар.
Ай сайын төлөнүүчү аз камсыз үй-бүлөлөргө берилүүчү бирдиктүү жөлөкпулга 2008 -жылы бюджеттен 1 миллиард 215 миллион сом каралган.
Майыптарды социалдык жактан коргоо көйгөйү министрликтин алдыңкы катардагы иш пландарына кирет.Анткени мамлекеттик саясат программасынын негизинде, майыптарды реабилитациялап жана аларды коомдун ишине кайрадан киргизүүгө багытталат.
Тилекке каршы, жыл сайын майыптардын саны биздин өлкөдө 4 пайызга өсүп келүүдө. Анын негизги себептери болуп, иш орундарында шарт түзүлбөгөнү жана ошого байланыштуу травманын көп болуп жатышы, ошондой эле жакырчылыктын айынан болуп жаткан оор жумуштар да себеп болуп калууда.
Жыл сайын 48,0 миң адам майып болуп, алардын 14 пайызын жашы жете элек балдар түзөт.
Министрликтин алдында 14 үй-интернаттары бар, алардын ичинде бирөө эркектердин психоневрологиялык үй-интернаты, экөө аялдардын психоневрологиялык жана 2 аралаш психоневрологиялык үй-интернаты, 2 балдар үчүн үй-интернат, 1 майыптарды реабилитациялоочу үй-интернаты, 6 кары-картаңдардын жана майыптардын үй-интернаты иш алып барууда.
Бүгүнкү күндө бул жатак үйлөрдө 2437 адам мамлекеттин камсыздоосунда каралып турат.
Кыргыз Республикасынын 1998-жылынын 5-майында күчүнө кирген "Мамлекеттик жөлөк пул алуучулар жөнүндө" мыйзамына ылайык аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жарандарга үй-бүлөнүн кирешесине жараша каражат чектелет.
Анда үй-бүлөнүн 1 айлык кирешеси жан башына керектөөнүн гарантияланган эң төмөнкү деңгээлинен (ГМУПтан) ашпаган учурда гана чектелет. Азыркы убакта ГМУПтун деңгээли - 200 сом. Жөлөкпулдун өлчөмү - үй-бүлөнүн бир адамына туура келүүчү айлык кирешеси менен ГМУПтун ортосундагы айырма жөлөкпул иретинде төлөнөт.
Жөлөкпулдун орточо өлчөмү бүгүнкү күндө 125 сомду түзөт, эгерде шартка туура келсе жөлөкпул үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө чектелет.
Өкмөт 2007-жылы 2006-жылга салыштырмалуу бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгын37 пайыз , пенсияны -26 пайыз , жөлөк пулдун көлөмүн 10 пайызга көтөрүүгө жетишти.
Үстүбүздөгү 2008-жылы дагы элдин жашоо шартын колдоо максатында төмөнкү иш чаралар көрүлүп жатат:
- 1-январдан баштап бюджетте иштегендердин айлыгы 30 пайызга көбөйдү, ошондой эле жөлөк пул үчүн колдонууну керектөөнүн минималдуу гарантияланган деңгээли (ГМУП) - 175 сомдон 200 сомго көтөрүлдү;
- 1-январдан баштап пенсиянын алгачкы базалык көлөмү (базовая часть) - 50 сомго жетти жана 1-июлдан баштап электр кубатына компенсациялоонун көлөмү дагы - 12 сомго өстү;
- 1-июлдан тартып пенсиянын камсыздоо бөлүгү (страховая часть) 10%га көбөйдү же пенсияга дагы 65 сомдон кошулду.
КРнын Президенти К.Бакиевдин кайрылуусунда алдыбызга бир топ милдеттерди койду. Анын негизинде экономиканы өнүктүрүү, ишкерлерди колдоо жана аларга шарт түзүү, социалдык инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, спорт жана маданият тармагына колдоо көрсөтүү, кадр саясатын ишке ашыруу, ички ресурстарды туура пайдалануу сыяктуу иш чаралардын багыттары аныкталды.
Учурдагы дүйнөлүк финансылык кыйынчылыктардын кесепети биздин өлкөгө да таасирин тийгизип жаткандыгын билдирип, мындай шартта калктын аярлуу катмарын колдоого алууну баса белгиледи. Дүйнөдө азык-түлүккө жана энергия ресурстарына баалардын туруктуу өзгөрүп турушу байкалат. Кыргызстан дүйнөлүк процесстердин мындай залалдарын өтө курч сезүүдө. Мындай кыйынчылыктардын кескин өсүшү улантыла бере турган болсо, социалдык колдоо көрсөтүүнүн компенсациялык чаралар дагы каралышы керек. Улуу муундагы адамдар, пенсионерлер үчүн пенсияларды жогорулатуу жолу каралат. Өлкө башчысынын кайрылуусундагы милдеттерди жана тапшырмаларды аткарууну кечиктирбестен колго алуубуз шарт.

Шайгүл Урматова,
"Эркин Тоо".