Аксы районуна - 80 жыл

"Аксыда арбын иштер болду"
"Эркин Тоо" газетасынын жалпы эмгек жамааты Аксы элинин маараке жылы менен куттуктайт.
Үстүбүздөгү жылдын 15­ноябрь күнү Аксы районунун коомчулугу райондун 80 жылдык мааракесин салтанаттуу түрдө белгиледи. Бул салтанатка байланыштуу райондун борбору Кербен шаарында чоң жыйын болуп, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице­ премьер­министри Искендербек Айдаралиев катышып, райондун калкын Президенттин, Өкмөттүн атынан жылуу куттуктап, райондун ар тараптан өнүгүп­өсүшүнө баалуу салымдарын кошкон адамдарга Ардак грамота жана баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле "Ак жол" элдик партиясынын атынан шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Абдираим Кулбаев ошол эле партиянын райондук координаторуна, райондук ооруканага бирден, райондун ички иштер бөлүмүнө төрт автомашинаны белекке берди. Депутат Бегалы Наргозуевдин атынан да ички иштер бөлүмүнө 1 автомашина тартууланды.
Райондун тарыхы жазылган энциклопедия чыгарылганы тууралуу элге маалымдалып, райондун атын чыгарган эр­азаматтардын аты аталды.
Ошону менен бирге Аксы эли менен жерин камтыган театралдаштырылган көрсөтүү, жетишкендиктерди камтыган парад өткөрүлдү. Айыл чарба жарманкеси жана спорт оюндары көрсөтүлдү. Спорт оюндарында жеңүүчүлөр үчүн 160 миң сом каражат жана 1 автомашина бөлүндү.
Юбилей жылындагы райондун ийгиликтери тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, райондун акими А.Т.Алиевге кайрылган элек:

­ Аскербек Тукешевич, Аксы районунун түзүлүү тарыхына бир аз токтолуп кетсеңиз?
­ Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай бүгүн айтылуу Аксы жергесинде райондун уюшулгандыгынын 80 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиледик деп сыймыктануу менен айтып кетээр элем. Тээ алмустактан эле, кыргыз элинин тарыхы кайсыл жерден башталса, Алтын казык аталып келген жер соорусу Аксынын тарыхы дагы ошол жерден башталып, ушул күнгө чейин карт тарыхтын барактарында орун алып, Кыргыз мамлекети менен бирге жашап келе жатат. Дүйнөдө теңдеши жок кыргыз рухунун туу чокусу болгон "Манас" эпосунда айтылып жүргөндөй Айкөл Манас Каныкейге үйлөнгөндө калыңын аксылыктар төлөгөн деп баса көрсөтүлүп, жазылып жүргөнү эле Аксы элинин улуулугу менен даанышмандыгын, жоомарттыгын көрсөтүп турбайбы…
Ал эми Кокон кандыгынын доорунда Эсенбай датканын урпактары болгон Нүсүп бий, Таласта жылкычы болуп жүргөн жеринен Шераалыны Аксыга алдырып, ак кийизге салып, Кан көтөрүп, Кокон ордосун Бухара эмирлигинен бошотуп, Шераалыны кандык тактыга отургузган. Андан кийин ордодо "АТАЛЫК" даражасы менен кандыктын таасирин, ички тышкы саясатын жүргүзгөн.
Тарыхтын андан кийинки барактарына үңүлүп карасак, орус падышачылыгы кыйрап, тап душмандарды жок кылууда жана Совет Өкмөтүн курууда аксылык жердештерибиз Кызыл атчандар дивизионунун алгачкы командирлери болушкан: Арстанаалы Осмонбеков, Асанбек Кабаевдер окко бойлорун тосуп, бийик патриоттук дух менен жаңы коомдун калыптанышына зор салымдарын кошушкан.
1928­жылы Совет Өкмөтү орноп, Кызыл­Жар району Өзбекстандан ажыратылып, Кыргыз АССРинин Жалал­Абад кантонуна баш ийдирилет. Райондун биринчи катчысы болуп Тургунаалы Жолоев, аткаруу комитетинин төрагасы болуп Дарчибай Субановдор иштеген. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, районду мындан мурун жетектеп кетишкен биринчи катчылар менен акимдердин ысымдарын сыймыктануу менен атап кетким келет. Алар: Аманбаев, Оңолбаев, Болчуров, Кенебаев, Жээнбаев, Касымов, Жангазиев, Алиев, Линский, Арстанбаев, Молдокадыров, Куланбаев, Ибраимов, Осмонов, Бекболотов, Эгембердиев, Шырдаков, Туралиев, Акировдор. Бул жетекчилер ар түрдүү мезгилдерде эмгектенишип, Аксынын социалдык­экономикалык жана маданий жактан өсүп­өнүгүүсүнө өздөрүнүн зор салымдарын кошушкан. 1991­жылы өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Аксы району деп аталып, тарыхый атын кайра алган.
­ Райондун азыркы экономикалык жана социалдык абалы тууралуу да маалымат берип кетиңиз?
­ Райондун аянты 3,5 ми1 км квадрат. Райондо 68 кыштак, 11 айылдык округ, 1 шаар башкармасы, 3 токой чарбасы жана 2 мамлекеттик коруктар бар. Калкынын саны 2008­жылдын 1­январына карата 115 449 адам. 64 мектеп, 1 аймактык, 6 участкалык ооруканалар, 1 үй­бүлөлүк дарыгерлер борбору, 39 ФАП, 3 СВА элге кызмат көрсөтүүдө.
Негизинен дыйканчылык жана айыл чарбасы өнүккөн. Айдоо аянты 17531 га, анын ичинен сугат жер ­ 7424 га, кайракы жер ­ 10107 га, үлүшкө берилген аянт ­ 14790 га, анын ичинен сугат ­ 6649 га, кайракы 8141 га, кайра бөлүштүрүү фондусунун жери ­ 2135 га, чөп чабынды аянт ­ 3418 га, жайыт жер ­ 177227 га.
Жер жана агрардык реформанын негизинде мурунку 5 колхоз, 4 совхоздун ордуна 7 кооператив, 4 асыл тукум фермердик чарба, 32 дыйкан чарба, 11 фермердик чарба, 13547 жеке чарба, 3 үрөнчүлүк чарбалары түзүлгөн.
Акыркы жылдарда бир топ колго аралык иштер аткарылууда. 2007­жылдын жыйынтыгы менен өндүрүлгөн дүң продукциянын көлөмү 2 миллиард сомдон ашып, тактап айтканда 2 291290 миң сомго жетти. 2006­жылга салыштырмалуу 325 миң сомдук продукция көп өндүрүлдү же өсүү темпи 16,5 %ды түзгөн. Ал эми үстүбүздөгү жылы өндүрүлгөн дүң продукциянын көлөмүн 2,5 миллиарддан ашыруу күтүлүүдө. Мындан сырткары 2006­жылы районго 251,4 млн. сомдук инвестициялар тартылган болсо, 2007­жылы 272 млн. сомдук инвестициялар тартылган, ал эми быйылкы жылы тартылган инвестициянын көлөмүн 295,0 млн. сомдон ашыруунун үстүндө иш жүргүзүлүүдө.
Ушул күндөрү белгиленип жаткан 80 жылдык мааракени өткөрүүгө "80 жылдыкка ­ 80 объект" деген чечим кабыл алган болчубуз. Ал чечимди аткарууга толук жетише алдык. Бул багытта 11 айылдык округдарынын башчылары, Кербен шаар башкармасы, коомдук уюмдар, жамааттар, бирикмелер, өкмөттүк эмес уюмдар, жалпы коомчулук жана райондун активи жыл бою тыным албай изденип, жаратмандык менен эмгектенүүбүздүн натыйжасында жогорудагы көрсөткүчтөрдү багынта алдык. Ушул "80 объекти" деген демилгени колдоого алышкан бардык адамдарга терең ыраазычылыгымды билдирем!
Мындан тышкары быйыл өлкөбүздүн Президенти Курманбек Салиевич Бакиевдин жеке көзөмөлү астында, районубузда, өзгөчө жол каттамы (транспорт) тармагында мурда болуп көрбөгөндөй зор иштер аткарылды десем жаңылышпайм. Атап өтсөк: узундугу ­ 54 км Таш­Көмүр ­ Кара­Жыгач, 24 км Кош­Дөбө ­ Кербен, 26 км болгон Кербен ­ Ала Бука автомобиль жолдору бүткөрүлүп, асфальт төшөө иштери аткарылды. Мындан сырткары Үч­Коргон ­ Кербен, Кербен ­ Кара­Жыгач автомобиль жолдорунда жолдорду жамоо жумуштары аткарылып, ар түрдүү унаа айдоочулар менен жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Ал эми ондогон жылдар бою Аксы элинин суроо­талабы болуп келген "Иринжит" каналына быйыл өкмөттөн каражат бөлүнүп, курулуш иштери башталды. Келерки жылы "Ак­Терек" каналынын курулушу башталуу алдында турат. Аталган канал курулуп бүткөрүлсө, миңдеген гектар жерлер сугатка айланып, райондун экономикасында олуттуу өзгөрүүлөр болоорун баарыбыз сезип, күтүп турабыз. Быйыл 9 айдын жыйынтыгы менен райондун эл чарба тармактарында жана социалдык­экономикалык көрсөткүчтөрдүн план­тапшырмаларын ашыгы менен аткарууга жетиштик.
­ Аксы аймагынан чыккан атактуу атуулдар сиздердин сыймыгыңыздар болсо керек?
­ Бул суроону өз учурунда туура бердиңиз. Аксы аймагы чынында да жаратылышы, климаты жанга жагымдуу, көзгө көркөмдүү экенин баарыбыз жакшы билебиз. Атап айтканда, көл чүрөгү Сары­ Челек, ажайып кооз падыша­Ата, ыйык жерлерибиз: Баба­Ата, Бай­Устун­Ата, Бай­Булак­Ата, Шүдүгөр­Ата, Кожо­Ата, Ыман­ Ата, Бозбу­Ата, мындан сырткары ондогон малга жайлуу жайлоолорубуз бар. Жогоруда айтылып өткөндөй, берекелүү ырыскысы менен касиет ыроологон куттуу жерибизден өлкөбүзгө таанымал көптөгөн тарыхый инсандарыбыз чыккан. Алар: күү атасы Ниязаалы Борош уулу, улуу акын Токтогул таңданып баа берген, айтышаарга теңи жок, ак таңдай төкмө Жеңижок, жазма акын Молдобагыш, Кыргыз Эл акыны Темиркул Үмөталиев, Кыргыз эл жазуучусу, акылга дыйкан Жунай Мавлянов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Төлөгөн Касымбеков, жазуучу Асанбай Жусупбеков, белгилүү төкмө акындар: Токтосун Тыныбеков, Ысак Барпиев, Ташбай Жоробеков, Рахматулла Козукеев, обончу, аткаруучулар: Атайбек Бөдөшев, Абдыкерим Алымов, Ормонбек Асанов, Рысбек Тасмаев, Гүлсүн Мамашева, Садыраалы Абдыкеримов, Гүлнара Тойгонбаевалар кыргыз элинин руханий байлыгын байытып, ошол байлыкты калкка тартуулап келишкен жана тартуулай беришмекчи. Өз учурунда тоо булбулу Токтогул акылы менен чырайына ашык болуп өткөн ак шайы жоолук Алымкан сулуу да Аксы элинин акылман кызы экенин кыргыздардын көбү биле бербейт…
Ал эми райондун эл чарба тармагын өнүктүрүүдө өзгөчө эмгек сиңирип, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган жылкычы Эрназар Андабеков, пахтакер­дыйкан Жоро Шералиев, уюштуруучу чарбакер жетекчилер: Николай Мешков, Темиркул жана Субанкул Мавляновдор, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде өз эрдигин көрсөткөн "Даңк" орденинин 3 жолку ээси Масалбек Шатманов, тажрыйбалуу энергетик, Жогорку Кеңештин депутаты Акбараалы Кабаев, өмүр бою ГЭСтердин курулушунда ширетүүчү болуп эмгектенген Курманбек Жороев сыяктуу мекендештерибиз менен сыймыктанабыз.
Ошондой эле биздин өрөөндөн чыккан, учурунда республикабыздын Премьер­министри болгон Кубанычбек Жумалиев, коммуналдык чарба министри болгон Камчыбек Жуманалиев, Билим берүү жана илим министри болгон Турсунбек Бекболотов, Суу чарба министри болгон Жеңишбек Бекболотовдор республиканын өнүгүп­өсүшүнө өздөрүнүн чоң салымдарын кошушкан.
"Бишкек финансы­экономикалык академиясынын" ректору Абдрахман Мавлянов, ички иштер министрлигине караштуу Э.Алиев атындагы академиясынын начальниги, милициянын генерал­майору Абдыкапар Мавляновдор да Аксы элинин ардактаган уулдары жана кадыр­барктуу сыймыгы.
Мындан сырткары бүгүнкү күндө Президенттик администрацияда, Өкмөттүн Аппаратында, министрликтер менен ведомстволордо жооптуу кызматтарда иштеп жаткан ондогон уул­кыздарыбыз бар. Ал эми азыркы Жогорку Кеңеште үч жердешибиз: Кабаев Акбараалы, Кулбаев Абдырейим, Наргозиев Бегалы, Ош областынын Кара­Суу районунун акими Байыш Жуманазаровдор өздөрүнө тагылган милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып жүрүшөт.
* * *
Бүгүнкү мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып "Эркин Тоо" газетасы аркылуу Аксы өрөөнүнүн бардык калкын райондун уюшулган күнүнөн берки 80 жыл толгон маараке жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, узун өмүр, байгерчилик турмуш каалаймын!
Маекти алып барган
Мамат ӨСӨРОВ, "Эркин Тоо".




АКСЫ ЖЕР АТЫНЫН МААНИСИ
Элдик этимологиянын бири, Аксынын маанисин сактарга байланыштуу - "ак-сак-кент" деген сөздөн болсо керек деп болжолдойт. Алардын ою боюнча "Аксыкент" - "ак сактардын шаары" же "сактардын ак шаары" деген сөз.
Экинчилери: "Аксыкент" - "аксылыктардын шаары"("аксы-кент") дегенди билдирет дешет. Анткени, "аксылыктар" деп илгертен эле тоо таянып (Чаткал кырка тоолорунун түштүк-чыгыш капталы) жашаган элдерди айтышкан. "Кент" байыркы отурукташкан элдин тилинде "калаа", "шаар" деген сөз. Анда "аксы" деген сөз эмнени билдирет?
"Манас" эпосунда "касиет", "кусур" деген маанилерди берген "акси" деген сөз учурайт. Ал түбү арабдын "акис" деген сөзүнүн кыргызча өзгөрүлүп сүйлөнүшү. Мындан башка тажик тилинде "ахсан " деген сөз бар. Анын биздин тилдеги маанилери: "ажайып", "укмуш", "эң сонун". Орус тилинде бул сөз "адам ысмы" катары "оксана" деп айтылат.
Ал эми хоорай элинин "ахсын" деген сөзү - көк тиреп турган Дүйнөлүк тоонун атын билдирет. Бул Улуу тоо, хоорай элинин ошол атактуу эпосунда: "Алты чокулуу Ахсын тоосу" деп ырдалат.
Бул тоонун аты "Ах-Сын" деген эки сөздөн турушу да мүмкүн. Ах - "ак", сыны - Түштүк Сибирге тиешелүү топоним. Алтай-Сайн элдериндеги анын маанилери: сын, сыны (ойрот) - "тоо кыркасы"; сын (төбөй) - "тоо кыркасы"; сын (хорай) - "тоо кыркасы", сын (шор) - "жал, тоонун чокусу" . Мааниси боюнча бул сөз: "Сын-Таш", "Сын-Тас"(казак) деп "сын, сыны" деген сөздөр менен маанилеш. Менимче "сан тоолор" деген кыргыз сөзүндө да дал ушул "сын" деген сөздүн өзгөргөн формасы жатат.
"Сын", "сыны" деген сөз көпчүлүк түрк тилдеринде "бак", "жетилүү", "сын-сыпат" деген маанилерди берет.

* * *
Ойрот (алтай) тилинде бул сөз ("аксы") "оос " деп айтылат. Анын кыргызча маанилери: "ооз", "эшик", "дарбаза", "эки суунун куйган жери", "эки суунун чаты" ж.б.
Бул сөздүн төбөй (тыва) тилиндеги айтылышы: "аксы", "аас". Анын маанилери да ойроттордуку менен бирдей б. а. "ооз", "эки суунун кошулган жери"(чаты), "тешик", "мылтыктын" же "кудуктун оозу", " чайнектин капкагы" ж.б.
Хорай (хакас) сөздүгүндө да "аксы" - "аас " формасында сүйлөнөт. Бул сөз Алтай-Сайан элдеринде илгертен: "аксы"- "агзы" - "аас", "огзы" - "оос" деп жергиликтүү тилдин мыйзамдарына баш ийип жашап келген.
Мифтик түшүнүктө "аксы", "ооз", "дарбаза", "астана", "босого", "эшик" деген маанилерге ээ. Мисалы, "Аксы - жер соорусу" деп айтылганда, биз: "Аксы - жердин бейиши", "Аксы - жердин коозу, сулуусу" деп түшүнөбүз. Ошол эле мезгилде ал - "бейиш жердин эшиги", "бейиштин дарбазасы" деген мифтик маанилерди ичине камтыйт.
Аксынын дагы бир аз башкача: "Алтын казык Аксы" деп айтылган учуру бар. "Алтын казык" - Ордонун символу. Эзели туурунан эл кетпеген, кут түшкөн жер ушинтип айтылат. Демек, "Алтын казык Аксы" деген сөз: "Ордо Аксы", "борбор Аксы" же "ордо эшик", "башкы дарбаза" ж.б. билдирет. Эгер мифтик түшүнүктөр менен чечмелесек: Аксы - "бейиш жердин эшиги", "Бейиштин кире бериши" же "Бейишке кирчү эшиктердин чоңу", "борбор дарбазасы", "башкы астанасы" деген маанилерге ээ.
Ошентип жыйынтыктап айтканда: Аксы - "бейиштин оозу", "кооз жердин эшиги", "ажайып дүйнөнүн астанасы" ж.б.

* * *
Алтай эли болгон ойроттор, бир мезгилде бийлик жүргүзгөн монгол уруусунун атын өздөрүнө этникалык ысым катары ыйгарып алышкан. Алар лингвистикалык жактан гана эмес, этникалык жактан да бири биринен айырмаланган түрк урууларынан турат.

* * *
Биз жогоруда мисал келтирген топонимдер эми гана изилденип башталды. Азырынча ал жетишерлик деүгээлдеги ийгиликтерди бере элек. Бирок, Алтайда кыргыз топонимдер тобу, ошол эле убакта Кыргызстанда Түштүк Сибирь, айрыкча алтай жана тувага тиешелүү топонимдик катмарлардын бар экендиги талашсыз.
Ошентип, дагы бир жолу кайталап айтканда "аксы" топоними көптөр ойлошкондой араб-перс тилинен өтпөстөн, бизге ал Алтай-Сайан аймагынан келгенин көрсөтүп турат. Ал эми бул ой бизди, Аксыкент шаарын отурукташкан элдер эмес, Алтай-Сайан аймагынан келген көчмөн уруулар негиздеген деген жыйынтыкка апкелет.
* * *
Атагы ааламга кеткен айтылуу акын Жеңижок "а" деп оозун ачкандан, көзү жумулуп о дүйнө көздөп оодарылып кеткиче "жер соорусу Аксы экен" деп ырдап өттү. Анын чыгармачылыгын изилдеген окумуштуулар Жеңижокту "табияттын улуу акыны" деп айтып жүрүшөт. Анткени, ал "аккан сууну" ырдайбы, же тигил Кожожаштын аскасынан Аплатун айылына чейинки жерлердин аттарын атап ырдайбы, деги табият тууралуу эмнени сөзгө айлантпасын, анда Аксы жеринин кооз элеси көзгө көрүнүп турат. Ага чейин кандай акындар өткөнүн билбейбиз, бирок андан кийинки чыккан акындардын бири да Аксыны андай ырдап бере элек. Китебине жарыяланбаган, анан формасы боюнча өзгөчөлөнгөн бир ырын мисал келтирейин:

Базарга барсаң баркыт бар.
Аплатун менен Аркыт бар.
- Ал каякта?
- Ал дагы ушул Аксыда.

Базарга барсаң була бар.
Тооскол-Ата, Кыла бар.

- Ал каякта?

- Ал дагы ушул Аксыда.

Базарга барсаң жибек бар.
Бозбудай бийик тилек бар.
- Ал каякта?
- Ал дагы ушул Аксыда.

Базарда түркүн азык бар.
Аксы-Ата, Алтын-Казык бар.
- Ал каякта?
- Ал дагы ушул Аксыда - деп Аксы тоолорунун арасындагы кооз жерлерди "баркытка", "булага", "жибекке" салыштырып ырдаптыр.
Байас Турал.


"Эл кызматын аркалаган эже"
Нарматова Райма 1954­жылы Жерге­Тал (мурдагы Успеновка) айылында туулуп­өсүп, 1971­жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетин бүтүргөн.
1976­78­жылдары Ленин атындагы орто мектебинде мугалим, 1978­83­жылдары университетте кенже илимий кызматкер, 1983­86­жылдары райондук ветеринардык лабораторияда кызматкер, 1986­88­жылдары Успеновка байланыш түйүнүнүн башчысы, 1988­97­жылдары Успеновка орто мектебинде мугалим, 1997­99­жылдары Жерге­Тал айыл өкмөтүндө жооптуу катчы, 1999­2005­жылдары Миң­Булак орто мектебинде директордун орун басары, 2005­жылдын декабрь айынан баштап Жерге­Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келе жатат. Үй­бүлөлүү, бир уул, бир кыздын сүйкүмдүү энеси. Айылдык кеңештин төрт жолку чакырылышынын депутаты. Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында райондук мамлекеттик администрациясынын, облустук билим берүү башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын "Өзүн­өзү башкаруу" улуттук агенттигинин Ардак грамоталары жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Эл агартуунун отличниги" төш белгиси, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын "Жылдын мыкты айыл өкмөт башчысы" биринчи даражадагы диплому менен сыйланган.

"Эненин таманынын баскан жери бейиш" дегендей, аял затынын жашоодогу орду жөнүндө акындарыбыз ырга кошсо, обончуларыбыз обонго салып аны аткаруучуларыбыз аткарып келет. Чындыгында энелер үйдүн куту, дасторкондун көркү. Үйдө жаркылдаган жар, сүйкүмдүү эне болсо, иште талапты кое билген жетекчи. Ошондой калк кызматын аркалаган эжелерибиздин бири Аксы районундагы Жерге­Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Нарматова Райма эже менен маектешкенбиз.

­ Райма Нарматовна, сөздү сиз башкарган айыл өкмөтүнүн тарыхынан баштасак.
­ Жерге­Тал айыл өкмөтү 1934­жылы негизделген. Айыл өкмөтүнүн аймагында 1930­40­жылдары Успеновка айылдык кеңеши, Шевченко колхозу уюшулган. Айыл өкмөтүнүн борбору 1992­жылга чейин Успеновка айылы деп аталып келсе, 1996­жылдан бери Жерге­Тал айыл өкмөтү деп аталып келет. Негизинен Жерге­Тал, Боспиек, Капчыгай айылдарынан турат. Калкынын саны 7053, беш улуттун өкүлдөрү жашайт. Негизинен калкы мал чарба жана дыйканчылык менен эмгектенишет. Жеринин жалпы аянты 5320 га. Анын ичинен суулуу жери 378 га, кайракы 1967 га, чөп чабынды 250 га, жайыт 2500 га.
Айыл өкмөтү боюнча 3 жалпы билим берүүчү мектеп, ҮДТ,ФАП, байланыш бөлүмү, АТС, маданият үйү, 2 мончо, 4 тегирмен, 6 май жуаз, 2 жыгач иштетүүчү, 1 мөмө­жемиш кургатуучу, 3 темир иштетүүчү цех жана 7 өз ара жардамдашуу топтору (өздүк салымы 69868 сом) калкка кызмат кылат.
­ Сиз кызматка келгенден бери эки жылдын жүзү болду. Бул мезгил ичинде айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында кандай иштер аткарылды?
­ Иштин алга жүрүшү үчүн биринчи экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу керек. Анын сыңарындай айыл өкмөтүнүн 2006­2010­жылдарга социалдык­экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгып, ошонун негизинде иш жүргүзүлүп жатат. Тагыраак айтканда, АРИС программасы аркылуу 2006­жылы ҮДТнын чатырын жаңылоого суммасы 259180 сом, айыл өкмөтүнө маалымат борборун уюштуруу 77860 сом, Боспиек айылында сайга сиңип жаткан сууну элдин пайдалануусу үчүн 850 м труба коюуга 195768 сом, Капчыгай айылындагы ФАПты капиталдык ремонттон чыгаруу 155300 сом жана башка жалпысы 4435908 сомдук айылдын инфраструктурасын жакшыртуу жумушу аткарылса, 2007­жылы айылга мончо, тигүүчү цех, мектепке керектүү эмеректерди алуу, айылдын трансформаторун жаңылоо, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу узуну 1 км, туурасы 9 м келген Ак­Сай каналын тазалоо, жаңы жумушчу орундарды түзүү үчүн чакан ишканаларды ачуу жана башка, жалпысы 1342263 сомдук иш аткарылса, түрткү берүүчү гранттын эсебинен Жерге­Тал ­ Капчыгай жолун оңдоо, айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон чыгаруу, Алтынай орто мектебинин чатырын алмаштыруу жалпысы 1233600 сом, АБР тарабынан А.Эрматов атындагы орто мектебин кап.ремонттон өткөрүү 4918770 сом, Кызыл­Капчыгай мектебинин курулушун бүткөрүү үчүн мамлекет тарабынан 5 млн. сом жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынан долбоор аркылуу Кызыл­Капчыгай айылына 250 000 сомдук мечит курулуп, жалпысы 12944633 сомдук жумуш аткарылды.
­ Аксы районунун 80 жылдык мааракесин кандай ийгиликтер менен тосуп алдыңыздар?
­Бул туура демилге. Болбосо бизден кийинки түзүлгөн райондор деле 60­70 жылдык мааракелерин өткөрүп жатат. Аларга салыштырмалуу биздин райондун тарыхы чоң. Себеби, райондун 80 жылдык мааракеси аркылуу райондун социалдык­экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлөт.
Ошондой эле райондун 80 жылдыгына карата бизде да даярдыктар жакшы болду. "Тазалык - ден соолуктун жарчысы" дегендей айлана-тегеректи тазалап, көчөт отургузуудан баштадык.
Баарыбызга белгилүү болгондой жаз алды менен бардык жерде ишембиликтерди өткөрүү салтка айланганы жакшы көрүнүш. "Элүү жылда эл жаңы, жетимиш жылда жер жаңы" дегендей, кийинки мезгилдерде коомдук малдын башы эбегейсиз көбөйүп, экологияга көңүл бурулбагандыктан жаратылыш кырсыктары да көбөйүп жатат. Буга мисал өткөн жылы эле өзүбүздө Кара­Суу, Кара­ Жыгач айыл өкмөттөрүндө болуп өткөн сел коогалаңдары. Ошондуктан ар бир атуул жаратылышка аяр мами-ле жасап, жергебиздеги уникалдуу өсүмдүктөрдү сактап калууну колго алуу керек.
Мына Кербен ­ Кара­Жыгач жолунун жээгиндеги бай түп кара жыгачтарды убагында бир адамдар мээнет кылып өстүрүп койсо, эки жылдын ичинде эки жүздөн ашыгы кыркылып кетти. Аны көзөмөлдөгөн бир эколог жок. Өткөн үч айлыктын жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн жашоочулары жапа­тырмак киришип, ошол кыркылган кара жыгачтардын ордуна 5000 түп кара жыгач, кайналы көчөттөрүн отургуздук. Ошондой эле "Миң­Булак", "Эрмамат" таза­суу программасын ишке ашыруу, Кызыл­Капчыгай орто мектебинин курулушун аягына чыгаруу, Алтынай каналын калыбына келтирүү. Ак­ Сай участкасына сугат суу алып чыгуу, Чолпонбай көчөсүнөн 1 км жолду шагылдоо, айыл өкмөтүнүн имаратынын айланасын тосмо менен тосуу, мектептердин материалдык­техникалык базасын жакшыртууга көңүл буруу менен районубуздун 80 жылдык мааракесине жакшы даярдыктар менен келдик.
­ Райма Нурматовна, райондогу 12 айыл өкмөтүнүн башчыларынын ичинен жалгыз айымсыз. Айрым учурда мырзалар арасында сиз үчүн ыңгайсыз абал түзүлүп калбайбы?
­ Кыргыз Республикасынын Конституциясында эркек­аял деп бөлгөн эмес. Биринчиден, мырзалардан иште кем калбоо үчүн аракеттенем. Экинчиден, талапты койгон жерде коем жана мамлекеттин, калктын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылам. Үчүнчүдөн, кайсыл жерде болбосун коллегаларым мени сыйлап турушат. Негизинен "Ырыс алды ­ ынтымак" дегендей ынтымак керек. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бир максатты көздөп, бир багытта иш алып барсак келечек үчүн кызмат кылган болобуз.
О.САТЫКУЛОВ,
"Эркин Тоо".




Эки оттун ортосунда...
Шыңгыр этчи, шыңгыр этчи, телефон,
Жүрөгүм шыңгыр этип туйлап кетсин
Акын адамдын айтып бүткүс жактары болот. Канчалык китептерин окуп, өзү менен маңдай-тескей баарлашып отурсаң көөнөрбөс таланты оргуштап аккан булактай чыга берет. Бүгүнкү Токтогул атындагы адабият музейинде өткөн "тегерек стол" адабий-талкуу кечесинин мейманы болуп Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл акыны Гүлсайра Момунова менен калемдештери жана студенттер болушту. Акын эженин ар кыл ырларын угуп айрыкча жаштык кезиндеги махабат, ашыктык ырлары ар бир катышуучуну арбап алгандай "Сүйүүнүн кереметин" дагы бир жолу жүрөктөрүндө жандырып алышты окшойт. Ырдын жаралышы, төрөлүшү башка, ал эми аны ыргагы менен окуп, окурмандардын жүрөгүнүн төрүнө илип коюш башка нерсе…
Гүлсайра эженин ыр окуу жөндөмү, анча-мынча мен артисмин дегендерди алыска таштап, жүрөгү, көздөрү, колдору, денеси айрыкча аял затынын, энелик сезими толкуп ташыганы көрүнүп турду.
"Ыр менен ырмын мен" дегендей ыргалып, поэзия менен жан дүйнөсүнүн канаттары, куштун эки канатындай талпынып, ачылбай турган жүрөктөрдүн эшигин каккылап ачты. Ар бир акын сөз касиетин, сөз кудуретин мына ушинтип жүрөктөргө жеткире билсе дедим. Сабагына шашкан жаштар бардыгын унуткандай бүчүр байлап келаткан сүйүү сезимдери көздөрүнө көрүнгөндөй бирде кызарып, бирде уялып акын эженин ыр саптары менен кайыкка түшкөндөй термелип угушту.
Ал эми эженин кесиптештери эл акындары Асан Жакшылыков, Токтосун Самудинов, Айтеке Курманова, Мырзабек Тойбаев, Төлөгөн Мамеев, Бүбайша Арстанбековналар эженин эчен жылдар талбаган эмгекчилдигин, чыгармачыл жолун жаштарга кеңири айтып беришип, атак-даңкка жулунбаган поэзия нөшөрүн төгүлткөн акынга "Эл, Ата Журт" деп жүрөгү дагы түрсүлдөп, эчендеген чыгармаларды алып келе берүүсүн тилешти.

Кутман калкым кагылайын
кыргызым,
Күндөн бүткөн, нурдан
бүткөн ырысым.
Сен бар үчүн, мен бармын да,
ырым бар,
Сен бар үчүн жанып келет
жылдызым.

Токтосун Самудинов агай белгилеп өткөндөй аялдар поэзиясында ар дайым наздуулук, мээрмандуулук, эне-атага, туулган жерге болгон сүйүү биринчи планда турат. Аял, эне болуш буга кошумча акын болуш өтө кыйын экендигин Токтосун агай баса белгилеп, "Булар эки оттун ортосунда жүргөн кишилер" деди.
Гүлсайра эже кеченин аягында акындык өнөр, азап чегүү болгону менен ошол азаптануудан бакыт алгандыгын, ал бакыт ырлары экендигин кубануу менен айтып өттү. Студенттер эженин унутулгус кече тартуулаганына ыраазычылык билгизишти.
Мезгил Исатов,
Токтогул атындагы
адабият музейинин
башчысы.












??.??