Баарыбыз бала болгонбуз

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору, КРнын улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабековдун бала чагы
Сыныкты бүтөгөн, ийрини түздөгөн
Сабырбек Жумабеков
Артисбек ата менен Кулайда апа он бир балага татыктуу тарбия берүү менен алпештеп чоңойтушту. Артисбек ата 15 жыл колхоздо бригадир, 15 жыл айыл башчысы болуп эмгектенип, өз айылынын өнүгүп-өсүшүнө чоң салым кошкон кадырлуу инсан.
Кулайда апанын кесиби мед айым болсо да, кесибинен балдарынын бактысын өйдө көрүп, бүт өмүрүн балдарына мыкты тарбия берүүгө арнаган.

* * *
Сабырбек байкенин балалыгы Таластын тамеки талаасында өттү. Артисбек ата менен Кулайда апанын тун уулу болгондуктан, үйдөгү түгөнгүс түмөн түйшүктүн бардыгы анын мойнунда эле. Инилерин киринтип, кирин жууп, а түгүл камыр жууруп, нан жаап апасынын оорун колдон, жеңилин жерден алып жардам көрсөтчү. Үй ишин гана кылып тим болбостон, чөп чаап, малга көз болуп, талаа жумуштарына да чыгып, атасынын колуна-кол, бутуна-бут болду.
Кичинесинен чыйрак, тың, зээндүү Сабырбек байке 6 жашында эле мектеп босогосун аттаган. Өзүнөн улуу балдарга караганда сабакты мыкты өздөштүрүп кетти. Ошол жылы жылдагыдан кар калың түштү. Кардан башы көрүнбөй өзүнөн чоң портфелин кучактап жүдөп баса албаса да, тырышып сабактан калгысы келбейт. Акыры ата-энеси кийинки жылы өзү теңдүү балдар менен окуйсуң деп араң көндүрүшөт.
Кийинки жылы классташтарынан эч кимисин алдыга чыгарбады. Рыспек агайы тартип жагынан да окуу жагынан да чыйрак Сабырбек байкени дароо класском кылып койгон.
Ошол бойдон мектепти бүткүчө класском болуп жүрдү. Азыр көрсө, "менин класскомум" деп сыймыктанып калат. Сабырбек байкени окуткан Рыспек агай анын атасын да, небересин да, окуткан экен. Азыр да күүлүү, күчтүү, айылдын кадырман карыларынын бири.

* * *
Сабактын эле эмес оюндун да катыгын берчи. Атасы "кайсы жактан үч баланы көрбөйүн анын бири сөзсүз Сабыр болот" деп тамаша-чыны айтып калчу. Дегеле сабактан тынч олтурган учуру болчу эмес. Тентектигинин айынан мугалимдерден көп келтек жеди.
Бирок мыкты окуган окуучу катары мугалимдердин сүймөнчүгү эле.

* * *
5-класстан баштап тамекиге иштеп калышат. Түшкү эс алууда эски тамга киришип, өсүп турган тамекинин түбүндөгү куураган жалбырактарын ушалап кагазга орошуп тамеки тартышчу. Бир күнү адаттагыдай эле бекинип алышып, өзүнөн чоң балдарга кошулуп тамеки тартып жатышса апасы чакырат. Көрүп койдубу же жытынан сездиби деп коркконун айт. Ошондогу "Сенин чоң атаң да, таятаң да, атаң да, туугандарың да тамеки тарткан эмес, сен кимди тартып калгансың" деген апасынын сөзү сөөгүнөн өтүп, чучугуна тийгендей катуу тийген. Ошондон кийин тамеки аттууну кармагыс болгон.
Азыр "тамеки тарттыңыз беле?" дегендерге, "тамеки тарткам, бирок 5-классымда таштап койгом"-деп күлүп калат.

* * *
Сабырбек байке он жашка чыкканда атасынын жото жилиги ооруп, дартка даба издеп Фрунзеге (азыркы Бишкекке) үч жыл катары менен келишет. Ал жактагы дарыгерлер ооруну аныктай албай койгондугуна байланыштуу, аргасыз айылга кайтат. Борбордогу дарыгерлер таппай койгон дартты айылдык хирург Анарбек аксакал таап, жото жиликтин ичиндеги ириңди тазалап чыгып айыктырган. Ошондон кийин Артисбек атанын буту толук сакайган. Ушул окуя Сабырбек байкеге катуу таасир этип "сөөк эмне үчүн ооруйт" деген суроого жооп издеп көп түйшөлөт.

* * *
Таенеси Аккыз чөптөрдөн дары жасап далай адамдарды оорудан арачалап алып калган колунда эми бар касиеттүү элдик дарыгер болгон. Алыс-жакындан келген кишилердин аягы күнү-түнү үзүлчү эмес. Аны айылдагылар ардактап "колу жеңил Аккыз апа" дешчү. Аккыз апа атына заты жарашкан, акылы тунук, оокатка тың, "сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" демекчи, далай адамдардын сугу түшкөн, бой келбети келишкен, ачык-айрым жан эле. Аккыз апанын ушундай суктанткан сапаттары Сабыр байкеде да бар. Дегеним Алланын амири менен тубаса майыптарга, оорулууларга "алтын" колдору, тунук акылы менен экинчи өмүр берип жашоосуна болуп көрбөгөндөй зор бакыт тартуулаган касиетин айтпай коюга болбостур. Ал көбүнчө таенесинин колунда чоңойгондуктан, элдин таенесине карата чын дилдеринен маңдайы жарыла сүйүнүп айткан ыраазычылыктары, батасы али күнчө эсинде.
* * *
5-класста окуп жүргөн кезинде Киров райондук (азыр Кара-Буура) "Октябрь таңы" гезитине эң алгачкы макаласы жарык көргөн. 9-класска чейин колхоздо болгон жаңылыктарды жазып гонорар алып турчу. Андан сырткары ыр, аңгеме жазып облустук сынактардан да калбай өзүн калемгер катары көрсөтө алган.
Ал эми 10-класстан тартып дарыгер болууну көздөп, олуттуу даярдык көрө баштайт. Азыркы учурда жылына 100дөн ашык медициналык илимий макалаларын Кыргызстан, коңшу жана Европа өлкөлөрүнүн басылмаларында жарык көрүп турат.

* * *
Таң эрте чалгысын көтөрүп алып чөпкө жөнөйт. Шүүдүрүм баскан көпкөк калың чөптү чапсаң жыты буркурап сонун жыт келет. Арасынан тарбалаңдап бака чыга калат. Бакага өзгөчө жини бар эле. Аны баса калып кармап курсагын чалгынын мизи менен тилип ичегисин чубап чыгат. Ички органдарын китепке жазылганы боюнча салыштырат. Ошентип бакага эксперименталдык операция жасачу.

* * *
Мектепти аяктаар жыл. Балдар-кыздар чогулуп алып көчөдө ары-бери кычырап баскан учур эле. Ошондой күндөрдүн биринде тоок жейли дешет. Аңгыча Роза деген кыз: "Биздин тооктор жакшы"-деп өзүнүн үйүнө ууруга кирүүнү сунуш кылат. Башкалардан шогураак Сабырбек байкеге кошуп бир баланы ээрчиткен Роза үйүн көздөй жөнөйт. Роза ата-энесин алаксытыш үчүн үйгө, беркилер тоок уяга киришет. Тоок уяга кирип какылыктаган тоокту кармашаары менен чоң энеси эшикке чыгып калат. Ары-бери баскан чоң энеден корккон экөө кармаган тоокторунун үнү чыкпасын дешип, кекиртегинен бекем кысып олтурушат. Чоң энесин киргизе албай Роза чыйпылыктап жүрөт. "Уурулар жүрөт окшойт" деп шекшиген чоң энеси деги кирсечи. Роза араң киргизип кетээри менен экөө атып чыгып, эки жүз метрге чейин тынбай чуркап келишет. Бир азга демдерин басып, коюндарындагы тоокторду алып чыгышса экөө тең өлүп калыптыр. "Арам өлүп калды" дешип араң уурдашкан тоокторун таштаганга аргасыз болушат. Колхоздун коон, дарбыздарына далай ууруга киришип, көчүктөрүнө туз менен жеген күндөрү да болгон.

* * *
Мектепти "эң мыкты" баалар менен аяктайт. Жогорку окуу жайга өтүп, орус тилинен аксайт.
Жатаканага келишип кургак нандан сугунушуп, артынан чоргодон аккан сууну ичип курсактарын тойгузушат да, түн бир оокумга чейин китептен көздөрүн алышпай тигилишет. Китептин он чакты бетин жадыбал жаттагандай жаттап алышып, эртеси шатыратып айтып беришчү. Орус тили кыйнаганы аз келгенсип латын тили да кошулат.
Биринчи курсту аяктап, экзамен берип жатышкан. Сабырбек байкеге Дарвиндин закону туш келип формуласын жазып коюп, түшүндүрө албай кыйналат. Орус тилинде түшүндүрө албай кыйналып жатканын көргөн профессор Айманбетов агай: "Сен дагы кыргыз, мен дагы кыргыз. Экөөбүз эмне эле кыйналып жатабыз. Айтчы кыргызча"-дегенде сүйүнгөнүн айтпа. Баарын төкпөй-чачпай, ийне-жибине чейин айтып берет. Ошондогу берген жообуна ыраазы болгон агайы чо-оң беш койгон. Студент болгон биринчи жылда эң алгач ошентип беш алган.

* * *
Эң биринчи операцияга 4-курста катышкан.
Рафибеков Жангир агай хирург болгусу келген Сабырбек байкени богок оорусун операция кылууга өзүнө ассистент кылып алат. Богокту ачып марли менен кургатып, ыргытайын десе колундагы кыпчыгычы кошо ыргыйт. Экинчи жолу да, үчүнчү жолу да ушул көрүнүш дагы кайталанат. Жанындагы медайым кыйкырып кирбеспи. Операциянын жүрүшүнөн эмес, болуп өткөн күтүүсүз процесстен толкунданган Сабырбек байкеден алка-шалка тер кетип, калтырак басканын айт. Абалды илгерилетпей түшүнгөн кыраакы агайы: "Толкунданбай өзүңдү карман"-деп токтоткон.
Кийин 1995-жылы Москва шаарында агайы менен чогуу докторлугун жактаган.

* * *
Андан кийин 6-курста, кадимки Эрнест Акрамов менен өткө операция жасашат. ( Ал убакта Акрамов доцент, кафедра башчысы эле). Акрамов операция жасап, Сабырбек байке ичин ачып берип жаткан. Бир убакта колу талыганына чыдабай кое берип жиберет. Ошол жерден табиятынан ачуулуу Акрамов сөгүп туруп, колго чаап жибербеспи. Жемин жедирбей Сабырбек байке да сөгүп, катуу кер-мур айтышып кетишет. Токто дегенине карабай, студент Жумабеков эшикти "тарс" жаап кетип калат.
Эртеси кечээки ачуулуу Акрамов жок. "Сабырчик" деп сыйлап, калыптыр. Сураштырып окуу жайда кадыр-баркы жогору экендигин билсе керек. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ата-баладай жакшы мамиледе. "Эр чекишмейин бекишпейт" эмеспи.

* * *
2-курсту аяктап курулуш отрядынан келип, атасына жардам берейин деп айылга жөнөйт. Ал кезде атасы колхоздо бригадир эле. Келсе айылга Кыргыз улуттук университеттин экономика факультетинин биринчи курсунун студенттерин иштетип жатыптыр. Аларды "ГАЗ-53" автоунаасына салып тамеки талаасына алпарып, алып келмей Сабырбек байкенин жумушу. Бир күнү машинанын үстүнө чыгып алып алардын иштегендерине көз салып жатып тамекинин түбүндө иштебей олтурган эки кызды байкап калат. Ары караса да дале олтурат, бери караса да дале олтурат. "Кандай жалкоо кыздар, барып көрөйүнчү"-деп басып барат. Кийин ошол эки жалкоо кыздын бири өзүнө жубай болгон. Азыр "келинчегимди тамекинин арасынан таап алгам"-деп тамашалап калмайы бар.Учурда Сабырбек байке менен Роза эже эки кыз, эки уулдун бактылуу ата-энеси.

Ж. Дыйканова,
"Эркин Тоо".












??.??