Майда - маани

Бюджет өстү
Кыргызстандын 2008-жылдагы январь айынан октябрга чейинки кирешеси 36,6 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,1 пайызга (8,9 миллиард сомго) көп. Ал эми республика бюджетинин негизги бөлүгүн түзгөн салыктык жыйымдар 29,2 миллиард сомду көргөздү. Бул былтыркыга караганда 37,1 пайызга же 7,9 миллиард сомго жогору. Мунун 15 миллиард сомун мамлекеттик бажы комитети, 14,2 миллиард сомун салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети түшүргөн.

Билим жумалыгы Бишкекте
АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстанда эл аралык билим жумалыгын өткөрүүдө. Бул иш чаранын алкагында чет өлкөдөн билим алууга кызыккандар үчүн керектүү маалыматтар берилип, билим берүү боюнча талкуулар да болот. Баса белгилегенде АКШда окууну каалагандар үчүн окуу жай, каржылык көмөк издөөдө Интернет ресурстарын пайдалануу, дил баян жана резюме жазуу боюнча окутуу иштери уюштурулмакчы. Расмий маалыматтарга таянсак, учурда АКШда эки жүз алтымыштай кыргызстандык студент билим алууда.

Астрономия олимпиадасы
Кечээ Бишкек шаарында астрономия боюнча төртүнчү Азиялык-Тынч океандык мектеп окуучуларынын олимпиадасы башталды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Түштүк Корея, Индонезия, Кувейт өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышышууда. Олимпиаданын жыйынтыгы 23-ноябрда чыгат. Мындай билим жарышы Орусиянын астрономиялык коомчулугу жана Астрономия боюнча илимий кеңешинин демилгеси менен үч жылдан бери өткөрүлүп келет.

Лувр музейи
Дүйнөдөгү эң ири көркөм сүрөт музейлердин бири. Аянты боюнча үчүнчү орунда турат (160106 чарчы метр). Музей Париждин чок ортосунан орун алган. Музейдин эң белгилүү экспонаттарынан болуп Леонардо да Винчинин Венера Милосская, Джоконда (Мона Лиза) сыяктуу картиналары, Рембрандт, Тициандардын эмгектери эсептелет. Лувр-Эл эң көп келген музейлердин катарында. 2006-жылы анда 8,3 миллион адам көрүп чыккан.

Таластык окуучулар-азаматтар
Жакында Талас шаарындагы мектеп окуучулары жер титирөөдөн жапа тарткан нуралыктарга жардам көрсөтүү ниетинде өз күчтөрү менен кайрымдуулук концертин уюштурушту. Тогуз мектептин окуучулары мындан түшкөн 47 миң сомду мөгдөп турган адамдардын муктаждыктары үчүн жөнөтүүнү каалашат. Концертке чейин да Талас шаарынын мектептеринде зилзаладан жабыркагандарга карата жардам кылуу максатында бир топ акциялар өткөн.

Газга ууланышып…
16-ноябрда Сокулук районунун Жал айылындагы үйлөрдүн биринде газдын исине ууланып, алты киши каза болгон. Дагы бирөөсү ооруканага жеткирилген. Окуянын чоо-жайын Сокулук райондук ички иштер кызматы иликтөөдө.

Жыйырмасы биригип, кризистен жол издейт
Жыйырмадай өлкөнүн лидерлери биригишкен Вашингтондогу саммит аяктады. Мамлекет башчылары биргелешкен коммюнике кабыл алып, дүйнөлүк финансылык кыйроону алдын алуу үчүн бар аракет көрүүгө убада кылышты. Ошону менен катар эле финансы министрлерине 31-мартка чейин 5 маселе боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды. Эмдиги жыйын болжолдуу түрдө Лондондо өткөрүлүшү мүмкүн.

Өмүрканов кетпейм дейт
КРнын Билим берүү жана илим министрлиги 13-ноябрда өткөн өз коллегиясында Кыргыз улуттук университетиндеги бир катар калпыстыктар үчүн ректорду кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынганын жарыялаган эле. Аталган окуу жайдын ректору Ырысбек Өмүрканов кечээ өз кызматынан кетпеш үчүн болгон аракетин жумшай тургандыгын билдирип, маалымат жыйынын өткөрдү. Ал өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып, укугун коргогону жатат. Университеттин кээ бир кызматкерлери Өмүркановдун ишине бут тоскондор бар экенин айтышып, бул жаңжал аталган окуу жай жамаатын жаатка бөлүп, профессордук-окутуучулук курамга кедергисин тийгизип жатат дешүүдө.

Баңги менен кармалган бажычы
Ички иштер министрлиги Баткен облусунан тажикстандык бажы кызматкери героин менен кармалганын кабарлады. Кармалган адам ага лейтенант чинин алып, Тажикстандын "Дахана" бажы постунда башкы инспектор болуп эмгектенген. Анын автоунаасынын салонунан 5 килограммдан ашуун героин чыккан. Учурда изилдөө иштери жүрүүдө.

Арабияга аттанып кетишти
Сауд Арабиясына ажылыкка аттангандардын саны быйыл да арбын. Алардын алгачкылары мурдагы күнү учуп кетишти. Ал эми ажылык сапарга чыкчу мусулмандардын акыркылары 25-ноябрда жөнөшөт. Быйыл ажылык сапарга ниет кылган кыргызстандыктардын саны 4,5 миң болду.

Кытайлардан арзан кредит
"Ош-Сарыташ-Иркештам" жолдорун куруу үчүн Кытай өкмөтү элүү миллион юань жана жетимиш миллион доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген кредит бөлүүнү карап жатканы белгилүү болду. Мындай макулдашуу Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин Кытайга жасаган сапарынын учурунда жетишилген. Өткөн жуманын аягында болуп өткөн бул иш сапар учурунда кыргызстандык делегация Шанхайдагы каржы-экономикалык, өнөр жай жана маданий борборлордо болушуп, аймактын инвестиция тартып келүү тажрыйбалары менен таанышышкан.

Күн ачык болсо, жармаңке да болот
Бишкек шаардык мэриясынын тиешелүү башкармалыгынан билдиришкендей, борбордогу Иваницын көчөсүндө ишемби күндөрү айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн жармаңкеси аба ырайынын ыңгайлуу шарты мүмкүнчүлүк берген учурга дейре боло бермекчи. Ал эми азыркы кезде жармаңкеде эт жана андан жасалган азык-түлүктөргө басым жасалууда. Белгилей кетчү нерсе, борбордун чакан райондорунда орун алган 13 түйүндө көчмө жармаңкелер аракеттенип келишет.

Миллиондор кайда, Кадырбеков?
Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго карата козголгон кылмыш ишин Ленин райондук соту кечээ кароого киришти. Мурдагы саясый ишмерге Бишкек шаардык каржы полициясы алты эпизод боюнча кылмыш ишин козгоп, анын негизинде 25-апрелде камакка алган. Кечээги соттук отурумда Ишенбай Кадырбековго 18 миллион сомдон ашык мамлекеттик каражатты чыгымдаган деген айып тагылды. Соттун келерки отуруму 20-ноябрда болмокчу.

"Ата", "Эне" байгеге татыды
Белгилүү режиссер Эрнис Абдыжапаров чеберчилик класстарынын угуучуларынын биринчи фестивалын өткөрүп, жыйынтыгын чыгарды. Натыйжада 1000 доллар байге фондун үч жаш кинематографисттер бөлүшүштү. Жаш режиссерлордун жыйынтык иштери өткөн ишембиде көрсөтүлдү. Мыкты фильм номинациясында "Ата" деген эмгеги менен Данияр Абдыкеримов 500 долларга ээ болсо, мыкты режиссер деген наамга татыган Эльнура Осмоналиева 300 доллар алды. Ал эми судьялардын атайын байгесине Толкун Назаркул кызы "Эне" аттуу фильми менен арзыды.

Маалымат булактарынан даярдаган Ж.Эргешбаева, "Эркин Тоо".











??.??