Президент Курманбек Бакиев
19-ноябрда кайтып келет
17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчиси Медет Садыркулов Администрациянын бөлүм башчылары менен өткөргөн жумушчу кеңешменин жүрүшүндө Президент Курманбек Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, сүйлөшүү учурунда мамлекет башчысы 19-ноябрда, шаршемби күнү келээрин айтканын кабарлады. "Президент дарылоонун жыйынтыктоочу бөлүгү ийгиликтүү өткөндүгүн айтты. Мамлекет башчысы өзүн жакшы сезип, билек түрүнө иштөөгө белсенип турат",-деди М.Садыркулов.
М.Садыркуловдун айтымында, телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда мамлекет башчысы буга чейин бир катар жетекчилерге берилген тапшырмалардын аткарылышына канааттанбагандыгын, Кыргызстанга келген соң алар менен бул маселени талкууламакчы экендигин билдирген. "Кетээримде мен бир катар тапшырмаларды берген болчумун. Германияда дарыланып жүргөндө да жетекчилердин көбү менен байланышып, актуалдуу маселелерди талкуулагам. Бирок бул тапшырмалардын аткарылышы мени анчалык канааттандырган жок. Дүйнөдөгү жана региондогу кырдаал бир жерде токтоп турбайт да, ал өтө бат өзгөрүүдө. Менде алар менен талкуулай турган маселелер бар. Ошондуктан бир катар тапшырмаларды даярдап койдум. Аларды Бишкекке барганда айтам",- деди Президент Курманбек Бакиев.

Т.Темиров,
"Эркин Тоо".




Б.Авизов, А.С.Омуралиев, Ш.Т.Осмоналиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46­беренесинин 2­пунктунун 3­пунктчасына, 84­беренесинин 1,4­пункттарына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 26­беренесинин 2­бөлүгүнүн 8­пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун кынтыксыз эмес жүрүш­турушу жөнүндө чечимин эске алуу менен токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
­ Авизов Барнакул Чүй облусунун Ысык­Ата райондук сотунун судьясынын кызматынан;
­ Омуралиев Апас Сакишович Ысык­Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
­ Ош облусунун Кара­Кулжа райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын аткарган Осмоналиев Шавкат Топчуевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008­жылдын 12­ноябры.


М.Кубатбеков, Б.К.Момбеков жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46­беренесинин 11­пунктуна, 84­беренесинин 4­пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 25­беренесинин 2­бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин жергиликтүү сотторунун судьяларын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимин эске алуу менен токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр кызматынан четтетилсин:
­ Кубатбеков Маратбек Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын кызматынан.
­ Момбеков Болот Канаевич Жалал­Абад облусунун Кара­Көл шаардык сотунун төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.БАКИЕВ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008­жылдын 12­ноябры.




Судьялар кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 2008-жылдын 12-ноябрындагы № 399 Жарлыгы менен Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Барнакул Авизов, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы Апас Омуралиев жана Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунун судьясы Шавкат Осмоналиев ээлеген кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
Мамлекет башчысынын бул чечими Кыргыз Республикасынын Конституциясынын судьялар кызмат орундарын жана ыйгарым укуктарын жүрүм-туруму кынтыксыз болгондо гана ээлеши жана сактап калышы жөнүндөгү талабына негизденген.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын судьясынын статусуна жана жүрүм-турумунун кынтыксыздыгына сыйбаган жорук-жосундарын жасагандыгына байланыштуу аталган судьяларды ээлеген кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Б.Авизов ээлеген кызмат ордунан кылмыш жазык жана жазык-процесстик мыйзамдын ченемдерин одоно бузгандыгы үчүн бошотулду, ал кылмыш ишин кароодо бир тараптуулукка жол берген, ишти ар тараптуу, калыс жана адилет кароо жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын бузган.
Мындан тышкары, Б.Авизов адвокат Э.Орозалиевден даттануу доо материалын кабыл алууда орой, этикага жатпаган мамиле кылганы далилденди.
Судья А. Омуралиев ээлеген кызмат ордунан Тоң районунун юридикалык консультация башчысынын, Тоң РИИБсинин тергөө бөлүмүнүн начальнигинин, ушул бөлүмдүн үч тергөөчүсүнүн, ошондой эле конвой взводунун беш кызматкеринин Тоң райондук сотунун төрагасы А.Омуралиев жумуш ордунда ага кайрылган жарандарга орой мамиле кылаары, сотко күнөөлүүлөрдү алып келүүдө, жарандарга сотто болгон талаш-тартыш маселелер боюнча юридикалык жардам көрсөтүүдө өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан милиция кызматкерлерине, адвокаттарга этикага туура келбеген мамиле кылаары жөнүндөгү жамааттык даттануусун карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча бошотулду.
Судья Ш.Осмоналиев мурда 1100 жасалма АКШ долларын сактагандыгы жана өткөргөндүгү боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн М.Камбаровага карата баш коргоо чарасын негизсиз түрдө өзгөрткөн жана аны камактан бошоткон.
Кармалган адам камактан сот жыйналышы өткөрүлбөстөн, прокурордун, тергөөчүнүн катышуусуз эле жазык-процесстик мыйзамдын талаптарын бузуу менен бошотулган, баш коргоо чарасын дайындоо жөнүндө материалды сотто кароодо алар милдеттүү түрдө катышуусу керек болчу.
Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндөгү чечимине байланыштуу Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Маратбек Кубатбеков жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы Болот Момбеков ээлеген кызмат ордуларынан четтетилди.
Мурда жогоруда аты аталган судьяларга карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан төмөнкүдөй айыптоо боюнча:
- М.Кубатбековго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыш жасагандыгы үчүн;
- Б.К. Момбековго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүгүндө (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) каралган кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.
Т.ТЕМИРОВ. "Эркин Тоо"




Сыйлык - сыймык
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты:
Абылкасымов Авасбек Мамытович - "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын начальниги, КалыковА Изат Алибековна - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
* * *
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен илимди өнүктүрүүгө кошкон салымы, саламаттыкты сактоо системасы жагына сиңирген эмгеги үчүн Түрк Республикасынын Газиантеп шаарындагы Сани Конукоглы атындагы медициналык борбордун директору БАТЫРАЛИЕВ Талантбек Абдуллаевичке "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам берилди.

Эки миң киши иштеп жатат
Азыркы күндө Камбар-Ата ГЭСинин курулушунда субподряддык уюмдарды жана көмөкчү ишканаларды кошо алганда бардыгы болуп 2 000 куруучу эмгектенүүдө. Алар эки нөөмөттө 11 сааттан иштешүүдө. Бардык курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Учурда кышкы мезгилде куюлган бетонду жылытуу үчүн атайын жабдуулар жана материалдар сатылып алынууда. Ошондой эле кышында да бетон куюу иштерин токтотпоо үчүн кумдун жана шагылдын кору түзүлүүдө.
"Нарынгидроэнергокурулуш" ишканасынын өкүлү Кубан Жакыпов билдиргендей 2007-жылдын 2-ноябрында Камбар-Ата ГЭС-2нин курулушу кайра башталгандан тартып ГЭСтин имаратын куруу, сууну кабыл алгычтын жана тоннелдин курулуштарын бүткөрүү жумуштары жүргүзүлүп келатат.
Бир жыл ичинде негизги курулуштардын даяр болуусу болжолдуу түрдө 20 пайызга өстү жана жалпы 50 пайызды түздү. 2008-жылдын январь-сентябрь айларында ГЭСтин негизги курулуштарына 50 миң куб метр бетон төшөлдү. 2007-жылдын ноябрынан тартып 2008-жылдын сентябрына чейин топуракты ташып чыгаруу 100 миң 970 куб метр, топуракты сапаттуу төгүп тегиздөө 69 миң 730 куб метр көлөмүндө аткарылды. 660 тонна металл конструкциясы монтаждалды.
СССРдин тушунда ГЭСтин курулушу болжолдуу түрдө 30 пайызга гана бүткөрүлгөндүгүн эске сала кетели.
Т.Беков.


  КМШга мүчө өлкөлөрдүн

Өкмөт башчыларынын жыйыны
Чогуу көтөргөн жүк жеңил
14­ноябрда Молдова Республикасынын борбору Кишенев шаарында КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйыны болуп өттү. Ага Премьер­министр И.Чудинов баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы катышып келди. КМШ Өкмөт башчыларынын Кишенев саммитинин күн тартибине 35 маселе коюлган. Анын ишине Грузиядан башка бардык мүчө өлкөлөрдүн делегациясы катышышты.
Өкмөт башчыларынын жыйыны башталаар алдында Молдова Республикасынын Президенти В.Воронин делегация башчыларын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Молдова Президенти саммиттин иши ийгиликтүү болооруна үмүтүн билдирип, жыйындын күн тартибиндеги маселелердин, өзгөчө экономикалык блоктун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.
Молдова Президенти менен жолугушуудан соң КМШнын Өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйыны болуп, анын жүрүшүндө глобалдуу финансылык кризистин Шериктештик өлкөлөрүнүн экономикасына тийгизчү таасирине өзгөчө көңүл бөлүндү. Премьер­министр И.Чудиновдун сөзү боюнча саммитте азыркы финансылык кризис жана экономикалык кризис коркунучу шартындагы КМШ өлкөлөрүнүн жана жалпы эле дүйнөнүн бүгүнкү экономикалык абалы боюнча маанилүү пикир алышуулар болду. КМШ Өкмөт башчылары дүйнөлүк экономикадагы кризистик көрүнүштөрдүн терс таасиринин алдын алуу үчүн бардык күч­аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгы боюнча бир пикирде болушту. Алар бул маселе КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин көңүл чордонунда болуп, Шериктештик өлкөлөрүнүн финансы министрлеринин ортосунда консультацияларды улантып турууга макулдашышты.
Делегация башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйынынан кийин кеңири чөйрөдөгү жыйыны башталды. Жыйынды ачып жатып Молдова Республикасынын премьер­министри Зинаида Гречаный "КМШнын Өкмөт башчыларынын жыйыны биз эле эмес, бүт дүйнө эли үчүн оор болуп жаткан экономикалык, банк­финансылык кризис, ага катарлаш азык­түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу зарыл болгон кыйчалыш мезгилде өтүп жатат. Бул бизди бүгүнкү чындыкка олуттуу баа берип кыйынчылыктардын кесепеттерине туруштук берүү боюнча иш­аракеттерибизди бириктирүүнү талап кылат. Биз, Өкмөт башчылары бизге элдин ишенимин актоого милдеттүүбүз", ­ деп айтты.
Жыйындын күн тартиби өтө жыш түзүлгөн. Өкмөт башчылары Шериктештиктин ар кыл тармактар боюнча кызматташтыгын камтыган 30дан ашык маселелерди карашты жана чечимдерди кабыл алышты. Күн тартибиндеги 2020­жылга чейинки мезгилдеги КМШнын экономикалык өнүгүү стратегиясы, 2020­жылга чейинки мезгилде КМШга мүчө өлкөлөрдүн транспорт тармагындагы кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары, КМШ өлкөлөрүндө азык­түлүк коопсуздугу боюнча биргелешкен иш­чаралар комплекси, КМШ мамлекеттеринин эмгек мигранттарынын жана алардын үй­бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу жөнүндөгү Конвенция, КМШ өлкөлөрүндөгү валюталык жөнгө салуу жана валюталык көзөмөл тармагындагы саясаттын негизги принциптери жөнүндө макулдашуу ж.б. көптөгөн маанилүү документтерге кол коюлду.
2020­жылга чейинки аралыкта КМШнын экономикалык өнүгүү стратегиясы ­ бул ири комплекстүү документ. Анда КМШнын дүйнөлүк чарбалык системадагы ордуна жана Шериктештиктеги жалпы экономикалык абалга баа берилип, экономика тармагындагы өз ара байланыштардын негизги чөйрөсү аныкталып, экономикалык интеграциянын максаты жана милдеттери көрсөтүлгөн. Ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн өз ара кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары так белгиленген. Атап айтканда Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун эреже жана талаптарына ылайык КМШ алкагында эркин соода зонасынын түзүлүшүн жана иштей баштоосун аягына чыгаруу; жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү үчүн шарттарды түзүү; айрым бир продукциялардын, биринчи кезекте айыл чарба продукцияларынын жалпы рыногунун өнүгүшү; транспорт тармагындагы өз ара байланыштар, анын ичинде эл аралык трансорттук коридор түйүнүн калыпташтыруу; энергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, б.а. энерго камсыздоонун ишенимдүүлүгүн көтөрүү жана отун­энергетикалык ресурстарын пайдаланууну оптимализациялоо ж.б. Шериктештик өлкөлөрүнүн өз ара пайдалуу кызматташуусунун өнүгүшү үчүн зарыл болгон бүт маселелер камтылган.
Албетте, Өкмөт башчыларынын Кишенев саммитинде каралган 30дан ашык маселелердин баарына токтолуу мүмкүн эмес. Бирок, бир нерсени ишенимдүү айтууга болот. 17 жылдык аз эмес убакыт ичинде мурдагы Союздук курамындагы республикалардын ичинен 12си КМШга кирип, бири­бирине канатташ, таламдаш өлкөлөр катары өз ара алыстабоо аракетин көрүп келишти. Акыркы убактарда КМШнын тарап кетиши жөнүндө да божомолдор айтыла баштаган. Бирок КМШ мамлекет башчыларынын Бишкек саммити (октябрь, 2008­жыл) жана Өкмөт башчыларынын Кишенев саммитинен кийин бул уюмдун жаңы мазмун алганын айтууга болот. Минтип айтууга мамлекет башчыларынын Бишкек саммитинин чечимдери жана Өкмөт башчыларынын Кишенев саммитинде кол коюлган документтер негиз боло алат.
Өкмөт башчыларынын саммитинде кол коюлган документтер анын катышуучулары белгилегендей КМШнын экономикалык, энергетикалык, азык­түлүк жана экологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө багытталган. Мындан тышкары кол коюлган макулдашуулардын ишке ашырылуусу авиа жана автотранспорттук жүк ташуу, медицинада, өзгөчө телемедицинада жаңы жетишкендиктерди түзүү жана ишке киргизүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алсак, КМШга мүчө мамлекеттеринин биргелешкен улуттук телемедициналык консультациялык­диагностикалык системасын түзүү тармагындагы кызматташтыгы жөнүндөгү меморандумду иштеп чыгуунун максаты КМШ өлкөлөрүндө мындай системаны түзүү жана андан ары бул Шериктештик өлкөлөрүнүн бирдиктүү телемедицина системасы катары келечекте жалпы дүйнөлүк телемедицина системасына кошулуусун шарттоого багытталган. Бул система калкка жашаган жерине карабастан медициналык тейлөөнүн жана бирдиктүү медициналык жардам көрсөтүүнүн жогорку стандартынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселесин чечмекчи.
Кишенев саммитинде нукура социалдык блоктогу документтердин дагы бири КМШ мамлекеттеринин эмгек мигранттарынын жана алардын үй­бүлөсүнүн укуктук статусу жөнүндөгү конвенцияга кол коюлушунун маанилүүлүгүндө шек жок. Бул документте эмгек мигранттарынын укугу корголуп, аларга социалдык камсыздандыруу маселелери камтылган. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы А.Рыскулованын пикиринде бул конвенцияга кол коюлушу КМШ мамлекеттери миграция маселелеринде белгилүү бир милдеттерди өзүнө алгандык болуп эсептелет. Буга чейин бул тармакта эки же үч тараптуу макулдашуулар менен маселелерди жөнгө салып келсек, эми Конвенция башка белгилүү эл аралык документтер сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ болот. Конвенция мигранттарды медициналык тейлөөгө, жүктөрүн алып жүрүүгө, үй­бүлөсү менен бирге болуу ж.б. укуктарын коргоого алат. Ошондой эле мигранттарга ар кандай кысым же запкы көрсөтүү учурлары жөнүндө көп эле укканыбыз бар. Эми Конвенциянын 13­статьясына ылайык мындай туура эмес мамилелерге да чек коюлчудай. А.Рыскулова Кыргызстан тарап бул статья үчүн үч жыл күрөшкөнүн, эми укук коргоо органдары мигранттардын документтерин алып коюуга укугу жок экендигин айтты. Эгерде алган болсо анда тиешелүү кагазын берүүгө милдеттүү.
Чындыгында КМШ аймагында элдин турмуш жагдайлары бири­биринен кескин деле айырмаланбайт. Кантсе да бир абадан дем алып, СССР деген бир өзөндөн суу ичкендиктен биздин өзүбүздүн кулк­мүнөз гана эмес, чарба жүргүзүү системабыз да чырмалышып, бири­бирине тыгыз байланышта болуп келген эмеспи. Ондогон жылдар калыптанган система кыйрагандан кийин мурдагы союздук республикалардын баарында эле турмуш жеңил болбоптур. Ага биз ушул Молдова Республикасында болгондо дагы бир ирет ынандык. Молдова миграция көрсөткүчү боюнча КМШда Өзбекстан, Тажикстандан кийинки эле 3­орунда турат. Аларда жакшы эмгек акы издеп өлкөдөн тышка чыгып кеткен эмгек мигранттарынын саны 1 млн. 200 миңден ашуун экен. Эгерде Молдова Республикасынын калкынын саны 4 млн. 300 миңдей болсо калктын ј бөлүгүнөн ашыгы эмгек мигранттары болуп саналышат. Саммит учурунда биз молдовиялык кесиптештерибизден уккандай бир да жаштар калбай жалаң кары­картаңдар жашаган айылдар да бар экен. Андыктан бул сыяктуу окшош ички проблемалар, элдин турмуш шартын жакшыртууга багытталган экономикалык кызматташтыкты жолго салуу зарылчылыгынын өзү КМШ мамлекеттеринин биргелешип, өз ара акыл калчап, ой бөлүшүүгө, бири­бирине кол сунууга шарттап жаткансыйт. Анан калса учурдагы жалпы дүйнөлүк финансылык кризис жана анын кесепеттеринин дүйнөгө жайылыш шартында КМШ мамлекеттери өз күч­аракеттерин бириктирүүгө, биргелешип бир максатта аракеттенүүгө өзгөчө ынтызар.
Саммиттин аягында Аткаруу комитетинин төрагасы ­ КМШнын аткаруучу секретары С.Лебедев, Молдованын премьер­министри З.Гречаный жана Беларусь Республикасынын премьер­министри С.Сидорскийлер менен өткөн пресс­конференцияда С.Лебедев бүгүнкү шартта КМШнын алкагында кызматташтык ишмердигин күчөтүү зарылдыгын белгилеп, карагылачы азыркы глобалдуу дүйнөлүк кризис учурунда Евросоюз кандай баш кошуп жатат. Мына азыр АКШда дүйнөнүн 20 өлкө башчылары чогулууда. Бизге да тагдыр өзү КМШ алкагында биргелешип, бири­ бирибиз менен кеңешип иш кылуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө, ­ деп айтты. Албетте, биргелешип, бир максатка баш кошкондо гана бүгүнкү оор мезгилдин кесепеттеринен жеңилирээк өтүүгө мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер­министри И.Чудинов Кишеневдогу Өкмөт башчыларынын саммитинин жыйынтыктары боюнча ой бөлүшүп, ага өзүнүн канааттанган маанайын билдирди. 2020­жылга чейин экономикалык кызматташтык жөнүндөгү макулдашуу, Кыргызстан үчүн андан да кем эмес транспорттук коммуникация жана транспорттук кызматташтык чөйрөсүндөгү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары жөнүндөгү макулдашуу жана башка маанилүү документтерге кол коюлду. Ачык айтканда Кыргызстандын кызыкчылыгына тиешеси жок бир да маселе болгон жок. Айталы, КМШ өлкөлөрүндөгү азык­түлүк коопсуздугу жөнүндөгү маселе да биз үчүн өтө маанилүү, ­ деп айтты И.Чудинов Кишеневдо журналисттер менен кыскача баарлашуусунда. Ошондой эле Өкмөт башчысы Кыргызстан дүйнөдө жүрүп жаткан экономикалык өзгөрүүлөрдөн четте кала албасын белгилеп, бирок бул боюнча ашыкча чочулоонун кереги жоктугун, ага даяр туруп, туруштук берүүчү бир катар чараларды көрүү керектигин, Кишеневдо кол коюлган документтер мына ушуга багытталганын, 2020­ жылга чейин экономикалык кызматташтык программасына азыркы болуп жаткан кризистик шарт­жагдайларга жараша түзөтүү киргизилээрин белгиледи. Премьердин айтымында КМШ өлкөлөрү экономикалык интеграциянын өнүгүүсүнө жана өз өлкөлөрүнүн экономикасын колдоо үчүн биргелешкен долбоорлордун иштөөсүнө өзгөчө көңүл бөлмөкчү.
Кишенев саммитинде КМШнын Өкмөт башчыларынын кийинки жыйыны 2009­жылы май айында Астана шаарында өтөөрү белгиленди.

Б.ТУРДАЛИЕВА,
"Эркин Тоо".
Сүрөттөрү С.АЙЫЛЧИЕВдики.
Бишкек ­ Кишенев ­ Бишкек.














??.??