Жалкы болсоң, жан коймок эмес окшойсуң…
- Жакында эле Президенттин Жарлыгы менен басма сөз күнүнө карата саналуу гана журналисттер Өкмөттүк сыйлык алышты. Алардын катарында "Эркин Тоо" гезитинин жооптуу катчысы, спорт журналисти Асан Жунусовдун Ардак грамота менен сыйланганын угуп, абдан кубандык.
Асан мырзаны гезиттин, редакциянын жүгүн тарткан- паровоздой эле билип, баалайбыз. Журналистиканын ысык-суугуна күйүп, турмуштук сабактарында бышкан, адис экендиги айкын. Асандын алгач "Советтик Кыргызстандын" эшигин аттап, (ал гезитке макала жазуу, чыгаруу ал учурда оңой эмес болчу) жолдомо алганы, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө учурдагы маданият министри Султан Раевдер менен үзөңгүлөш билим алганы, Кыргыз радиосунун казанында далай жыл кайнап, калеми менен кадыр-барк күткөнү жаштарга үлгү.
"Чүй баяны" гезитинин түптөлүшүнө, калыптанышына ополтоодой салым кошту. "Кыргыз Туусунда" кабарчылыктан баштап, жооптуу катчылыкка чейин кызмат өтөп, адал эмгеги менен баар тапты.
Аламүдүн райондук "Аламүдүн кабарлары" гезитинде да башкы редактор болуп, райондук, облустук, республикалык деңгээлдердеги журналистиканын түйшүгүн тартып, эмгек өтөп, өзүнүн сылык-сыпаа, кичи-пейил, адамгерчиликтүү мүнөзү менен элге алынды. Асан башка жазмакерлердей болуп жалаа жапкан, бирөөнү каралаган заказ материалдарды жазбады.
Мен өзүм спорттук журналистикага ык койгондуктан, Асандын спорт темасындагы макалаларын үзбөй окуйм. Айрым спорт журналисттер макаланы үстүртөдөн чийки кылып, будамайлап, тузу кем кылып жазып койсо, Асандын макалалары терең талдоо, салыштыруулар менен жазылып, дүйнөлүк спорт фактыларынын мисалында анализ кылынат. Негизи Кыргыз басмасы спортко дилгир экенин эске алсак, Асан спорттун кайсыл системасын алса дагы ынанымдуу, терең макаланы, "бышырып" жазат. Өзү да жаш кезинен спортко дилгир болгону, жеңил атлетика, баскетбол менен мектепте окуп жүргөндө машыкканы элдик, улуттук оюндарга кызыгуусу Асанды спорт журналистикасына сүйрөп келгени.
Асан көп жылдан бери эл аралык спорт журналисттер ассоциациясына (AIPS) мүчө болуп саналат. 2001-жылы "Жылдын мыкты спорт журналист" деген сыйлыкка арзып, баалуу сыйлык менен сыйланган.
Ар жыл сайын, салт боюнча 2-июлда эл аралык спорт журналистикасынын күнүн Кой-Таш спорт, эс алуу комплексинде белгилеп, журналисттер арасында кичифутбол мелдешин өткөрүп жүрөбүз. Ошондо да Асан "гезитчилер" командасынын мыкты коргоочусу катары таанылып жүрөт. Биз "телерадиочулар" командасы канчалык чабуул койсок да, Асан бир шашпай, апкаарыбай коргонуу чегин бекем сактап, далай чабуулдун мизин кайтарат.
Асан өзү сөзгө да, убадага да так. Биз айрым журналисттер берген убаданы убагында аткара албай, макаланы кечиктирип койгон болсок, Асандыкы жипке тизгендей ырааттуу, жыйнактуу.
Асан мырза эгиздин түгөйү экенин эске алсак, ал элүүгө чыккан жок, биз үчүн 25теги эле жигит. Себеби, эгиздердин жашын экиге бөлсөк, биз айткан кыл мурут 25 жашка чыгат экен. "Алысты жакын кылган кыз"-дегендей Асан мырза түштүктүн Ноокатынын кулуну болсо, арзып тапканы Ат-Башынын Ак-Музунун кызы Турсунбүбү айым болгондуктан экөө биригип, учурда бөлүнүп-жарылып турган түндүк менен түштүктү бириктирип турган куттуу коломто, үй-бүлө болуп келишет. Уул-кыздардын урмат сыйын көрүп, кыргыз спортунун күңгөй-тескейин чагылдырып, калемиң курчуп, ден соолугуң чың жана сергек болуп эсен бол.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы.




Сыйлык ээсин тапты
Жакында Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин журналистика факультетинде салтанаттуу жыйын болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Султан Раев кыргыз журналистикасына байсалдуу эмгек өтөгөн, белгилүү радиожурналист, журналистика факультетинин кафедра башчысы Бегалы Тагаевге "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" аттуу сыймыктуу наамды тапшырды. Кыргыз улуттук журналистикасына татыктуу салым кошкон, көп кырдуу таланттын байсалдуу жолу туурасында журналистика факультетинин деканы, доцент Абдыганы Халилов, Ж.Баласагын атындагы университетинин академиялык ишмердик жана мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Аскербек Саадабаев, саясый илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков, журналистика факультетинин профессору Абдиламит Матисаков ой бөлүштү. Бул саамалык Кыргыз улуттук университетинин тарыхындагы сейрек окуялардын бири.
А.АБИЛОВ.

"Эркин Тоо" газетасына туруктуу иштөө үчүн тез аранын ичинде дасыккан дизайнер талап кылынат.
Тел.: 59-15-30, 59-20-73, 59-15-69.












??.??