Президенттер балдарын кайда жайгаштырышат?
Негедир көпчүлүк өлкө башчыларынын уул-кыздары саясый карьерага өтө деле кызыгышпайт. Анан калса саясатчы ата менен бизнесмен уул ар дайым эле бир пикирде болушпагандыгын турмуш тастыктап келет. Ал эми ата баркы, кызматы менен өзүнүн жеке капчыгын кампайткандарга тоскоолдук кылгандар чанда эле. Саясатка да, бизнеске да кызыкпагандар жок эмес.

Футболчу уул
Орусиянын президенти Д.Медведевдин болгону 12 жаштагы бир гана уулу бар. Эл арасына ал ар дайым атасы менен чыгат. Аны элдер Кызыл аянттан, Жеңиш күнүнө арналган параддан, Орусиянын футбол боюнча командасы ойногондо көрүшкөн. Орусиянын ММКсы жазганына караганда кичинекей Медведев Москвадагы кайсы бир мектепте окуурун, Илья англис тилинде эркин сүйлөөрүн, италия, француз тилдерин да биле тургандыгын жазышат. "Илья мектепте кээде мактаарлык, кээде төмөндөө ахвалда, ­ дейт президент Медведев уулу жөнүндө. Мен адамдардын дайым эле бир калыпта болгондугун туура көрбөйм". Ал эми Илья жеке менчик бир гезитке берген маегинде ар күнү атасынын күзөтчүсү менен футбол ойноорун, мындан тышкары ал фехтование менен машыгып, көп убакыт бою компьютерде отура турганын айткан.

Уникалдуу Лукашенко
КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин уул­кыздары аталары бийликке карай түптөгөн жолго түшкөндөрү да жок эмес. Мындай категорияга Белоруссиянын президенти А.Лукашенконун улуу уулу 32 жашар Викторду кошууга болот. Атасына окшош уул ата жолун улап мамлекеттик кызматта.
Эл аралык мамилелер боюнча адистикке ээ болгондон кийин атасындай чек арада кызмат өтөп, "Мамлекеттик чек араны мыкты коргоочу" медалына татыктуу болот. 2005­жылы атасы купулуна толгон уулун өзүнүн улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы, бир жылдан соң улуттук кеңештин мүчөсү (буга президентке өтө жакын гана адамдар мүчө боло алат) кылат.
Ушул күндөн тартып президент андан өзүнүн келечектеги мураскорун көрөт. Бирок, президент бийлигин уулуна өткөрүп берет деген кеп туура эмес деп айтып келет ал. Өткөн жылы Президент ММКга берген маалыматында: президенттик кызматтан мени кичүү балам гана алмаштырат. Мен ага өтө уникалдуу адам болушу үчүн тарбия берип жатам деген.
29 жаштагы ортончу уулу Дмитрий спортту, өзгөчө хоккейди жакшы көрөт. Үй­бүлөлүк салтка ылайык чек арада кызмат өтөп келген. Учурда "Президенттик спорт клубунун" төрагасы.

Саясатчы Назарбаева
Казакстандын президенти Н.Назарбаевдин уулу жок, бирок уулдан кем эмес үч кызы бар. Кыздардын туну 45 жаштагы Дарига мен деген саясатчыны сызга отургуза ала тургандыгын эбак эле айгинелеп койду. Ал коомдук ишмердүүлүгүн 1992­жылы "Бөбөк" соопчулук фондусунун жетекчиси болуп турганда баштаган. Кийинчерээк өлкөдөгү "Хабар" телеагенттикти башкарат. 2003­жылы ал өзүнүн "Асар" партиясын уюштурат. Бул партия өлкөдөгү көп жылдан бери элге таанымал болуп калган партиялардан да кадыр­баркы гана өспөстөн, эл, коомчулук Дарига Назарбаева келечекте өлкө башчысы атасын алмаштырууга толук дарамети бар экендигине ынанышат. Бирок, Д.Назарбаева элдин зор ишенимин өзүнүн эмес, мамлекет башында турган атасынын кадыр­баркына болгон сый­урмат дегенби, айтор 2006­жылы атасы башында турган президенттик "Отан" партиясына кошулат. Тилекке каршы Д.Назарбаеванын мындай кадамын кээ бир байкоочулар ата менен кыздын ортосундагы азын­оолак пикир келишпестик катары баалашууда.
Бул ойдун да чындыгы бардай. "Асар" "Отан" партиясына кошулгандан көп өтпөй эле Дарига Назарбаевага тиешелүү "Хабар" медиахолдинг компаниясы мамлекеттик тутумдан чыгарылып, Президенттин кызынын жеке көзөмөлү күчүнөн тайыйт. Д.Назарбаеванын жеке өзүнө тиешелүү сокку ­ анын күйөөсү, ошол кездеги Австриядагы элчи Рахат Алиевдин кызматтан гана ага карата кылмыш ишинин козголушу, өлкөгө алып келүүгө мүмкүн болбогон соң, сыртынан эле аны 40 жылга түрмөгө кесишкендиги, президенттин өзүнө карата катуу кысымы астында жолдошу менен ажырашканы болду. (официалдуу эмес).
Д.Назарбаеваны алгач мындай жагымсыз жагдайлар көнгөн нугунан чыгарганы менен, убакыт өткөн сайын ал өзүнүн калыбына келип, аздап эл аралай баштаган кез. Саясатка аралашууга шашылбагандай. Учурда "Нурбанктын" директорлор кеңешинин төрайымы.
Президент Н.Назарбаевдин Даригадан бөлөк дагы эки кызы бар дебедикпи ­ Динара жана кенжеси ­ Алия. Динара эжесиндей саясатка кызыкпайт. Казакстандын олигархы Тимур Кулебаевдин жубайы. Алар Казакстан элдик банкын көзөмөлдөшөт. Алардын үй­бүлөлүк кирешеси 2,1 миллиард долларды түзөт.
Кичүүсү ­ Алия Назарбаева 2002­жылы казакстандык бизнесмен Д.Сакеновго турмушка чыккан. Тилекке каршы ажырашып кетишкен.

Ак сөөк ­ Лейла
Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин кыздары да саясаттан алыс. 22 жаштагы улуу кызы Лейла Швейцариядан, Англиядан билим алган. Орусиядагы чоң атасы Гейдар Алиевдин фондун жетектеген чоң апасы Мехрибан менен бирге жашайт. Азыр кош бойлуу. Ушундан улам мурдагыдай элге чыкпайт. Жолдошу Москвадагы ири бизнесмен Эмин Агаларов.
Кичүү кызы ­ 19 жаштагы Арзу азыр Лондондо окуйт. Президенттин жалгыз уулу ­ 13 жашта.

Молдовиялык ­ бизнесмен
Молдованын президенти Владимир Ворониндин уулу Олег өлкөдөгү өтө белгилүү бизнесмен. Мындан тышкары президенттин Валентина аттуу кызы бар. Ал Кишеневдогу бир ооруканада иштейт. Жогорку билимдүү врач. Президенттин бул уулу жөнүндө айтылган анекдоттор арбын. Бир жолу президент жубайы менен борбордук көчөдөн өтүп бара жатканда, президенттин жубайы:
­ Мобу өтө кооз ресторан кимдики? ­ деп сурайт.
­ Ал биздин уулдуку, ­ дейт мамлекет башчысы.
­ А бул банкчы?
­ А да биздин уулдуку, ­ деп жылмаят президент.
­ А эмне бу шаарда андан бөлөк эч ким иштебейби? ­ деп таңгалыптыр эне.
Элдин айтымында өлкөдөгү кирешелүү жайлардын баары Олегдики имиш. Анын ишмердүүлүгү боюнча өлкөдөгү бир катар оппозициялык басылмалар байма­бай ар кыл темадагы материалдарды чагылдырганы чагылдырган. Өткөн жылы Ворониндин үй­бүлөсү Олегдин биринчи иштеп тапкан миллиард долларын кеңири майрамдашкан. Негедир өлкөдөгү кээ бир белгилүү адамдар журналисттердин бул президенттин уулунун ишмердүүлүгү боюнча суроолоруна так, туура маалымат айта алышпайт. Баары эле "Чынын айтайын Президенттин уулу эмне иш кылаары менен эч ишим жок" деп бир ооздон жооп беришет.

Ак сөөк арстан ­ Гугуша
Өзбек Республикасынын президенти Ислам Каримовдун эки кызы бар. Улуу кызы Гульнара элге кеңири белгилүү бизнес­леди. Ал элге чыкканды жакшы көрөт, өзүн чыгармачыл адам катары санайт. Өзүнүн ырларын жеке сайты аркылуу окурмандарга жөнөтөт. Ташкендеги бир катар түнкү клубдар, ресторандар, дүкөндөр жана Өзбекстандагы газ өндүрүүчү ири өнөр жай тармагы ага таандык дешет. Мындан сырткары Ферганадагы нефть иштетүүчү ишкана, Бекабад цемент заводу, "Кредит­стандарт" банкы, "Кварц" айнек заводу Каримовдорго тиешелүү имиш.
Өткөн жылы Гульнаранын турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болду. Буга чейин ал жөнүндө 70 жаштагы президент атасынын мураскору катары олуттуу кеп­сөз жүрүп жаткан эле. Өткөн жылдагы президенттик шайлоодо өзүнүн үч атаандашынан алда канча арбын добуш алган Ислам Каримов Гульнараны тышкы иштер министринин орун басарлыгына дайындайт.
Кичүү кызы Лола өлкөдө көп деле белгилүү эмес. Гарвард университетин бүтүргөн жаш бизнесмен Тимур Тиллаевге турмушка чыккандан кийин күйөөсүнүн фамилиясына өткөн. Ал Өзбекстандагы жетимдерге жардамдашкан "Сен жалгыз эмессиң" деген соопчулук фондду жетектейт. Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып ал Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу штаб­квартирасынын өкүлү, Парижде турат.

Рахмоновдун үй-бүлөсү
КМШдагы эң көп балалуу президент ­ Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон. Ал жети кыздын, эки уулдун атасы. ММКнын маалыматына караганда президенттин беш кызы ­ Фируза, Озода, Рухшона, Тахмина жана Парвина турмушка чыгышкан. Ал эми Заррина менен Фарзона ата­эне менен. Эреже боюнча президенттин күйөө балдары мамлекеттик же бизнес ишинде алектенишүүдө. Мисалы, улуу кызы Фирузанын жолдошу оппозициялык "Чароги Руз" тажик басылмасынын маалыматына караганда тажик биржасын жетектейт. Озода Рахмон дипломатка турмушка чыккан, өткөн жылдан бери өзү да ТИМде иштейт. Рухшонанын жолдошу элдин айтымында Тажикстандын АКШдагы өкүлчүлүгүндө иштеп, ошол жакта жашашат. А 28 жаштагы Тахмина эки жолу турмушка чыккан, ал атасынын сүймөнчүгү, айтор өлкөдөгү капчыктуу жерлердин баары ага тиешелүү, өтө көп активдин кожоюну дешет.
Президенттин бешинчи кызы Парвина мындан үч жыл мурда өлкөдөгү маммүлк фондусунун төрагасынын уулуна турмушка чыккан. Той бир жумага созулуп, мамчиновниктер жаштарга ким кымбат белек берет деп өз ара мелдеш уюштурушат. Жеңүүчү 1 млн. доллар берген имиш.
Президенттин улуу уулу Рустам 22 жашта. Ал Saturn-online интернет­провайдердин ээси.

Кудайдын уулу
Украинанын президенти Виктор Ющенко ­ беш баланын атасы. Улуу балдары ­ Виталина менен Андрей биринчи жубайынан. Жубайы Светлана Колесник менен 90­жылдарда АКШнын атуулу Катерина Чумаченко менен таанышканда ажырашат. Кийинки жубайынан София, Кристина, Тарас деген үч баласы бар. Президенттин кичүү балдары Киевдеги эң абройлуу эл аралык мектепте окушат. Бул окуу жайдагы бир жылдык курс 12 миң доллар турат.
Өлкө башчысынын улуу уулу Андрей Ющенко 2005­жылы "Украинская правда" интернет­ресурска "Андрей Ющенко ­ сын бога" деген макалалар циклын жарыялагандан кийин элге өтө белгилүү болот. Анда президенттин студент уулунун күндөлүк жашоосу жөнүндө кеңири айтылат. Тагыраак айтканда президенттин уулу көпчүлүк убактысын студент курбуларындай китепканаларда эмес, Киевдеги өтө абройлуу кымбат ресторандардан көңүл ачып, кымбат особняктарда жашоо кечиргендиги айтылат. Бул маалыматты уккан өлкө башчысы:
­ Менин уулумдун бизнеси бар. Ошондуктан, ал өзүнүн чыгымдарын төлөөгө толук шарты бар. Мен ага "Уулум, сен жыңайлак кар менен басып, каражат иштеп тапкын", ­ деп күндө айтам. Ал менин кеңешимди эч жерге калтырбай келет, ­ деп элге түшүндүрүүгө аракеттенген. Кыскасы, президент уулун ата катары колдоп да, коргоп да келет.
Виталина азыр иниси окуган окуу жайды бүтүргөн. Эки баласы бар. Жакындан бери президенттин алдындагы "Балаңды сүйүүң менен жылыт" деген улуттук кеңешти жетектейт. Аны президент өз указы менен бекиткен.

Эч кабатыр болбоңуз
Армениянын президенти Серж Саргсяндын эки кызы бар. Ануш 1984­жылы туулган. Еревандагы мамлекеттик университетти бүтүргөн, кесиби юрист. Бир кызы бар. Жолдошу Микаэл Минасян президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп иштейт. Ал бүгүнкү президент премьер­министр болуп турганда анын жардамчысы болгон.
Кичүү кызы ­ Сатеник 22 жашта. Ал да эжеси окуган Мамлекеттик университетти бүтүргөн. Адистиги боюнча экономист. Ал азыр магистратурада окуйт. Иштебейт, турмушка чыга элек.

Сүрөтү элге таанымал
Саакашвили Голландка жубайы Сандра Руловс менен бирге 13 жашар Эдуард деген уулун тарбиялашууда. Ал эми президент өз атасынын ысмын койгон үч жашар Николаза деген кызы улуттун гана эмес, абройлуу мамлекет башчыларынын да сүймөнчүлүгүнө айланат. Себеби, Николазанын киндик атасы ­ Украина мамлекетинин президенти ­ Виктор Ющенко.

Үй-бүлөлүк турмушу купуялуу
Түркмөнстандын экинчи президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жеке турмушу, үй­бүлөсү өтө эле купуя. Мамлекет башчысы болгонуна бир жарым жыл болгондугуна карабастан бир да жолу эл алдына жубайы менен чыга элек.
Мындай өтө купуялыкка карабастан Ашхабаттан алынган маалыматка караганда Гурбангулы Бердымухамедов эки ирээт үйлөнгөн. Биринчи аялынан 23 жаштагы уулу бар, азыркы Марина деген орус жубайынан 14 жашар кызы бар.
Даярдаган Б.ИМАМАДИЕВ,
"Эркин Тоо"











??.??