Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү киноактер Догдурбек Кыдыралиев:
"Гүлсараттай тулпарды мингенде, Танабай бойдон калгым келди"
1983-жылы белгилүү кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океев тарткан "Ак илбирстин тукуму" аттуу кино тасмасы калк арасында кызуу талкууларды жараткан. Кээ бирлери эки уламыштан бир фильмдин жаралышына таң калуу, суктануу менен карашса, кээ бирлери тасмада көрсөтүлгөн жаратылыштын сөз менен айтып бүткүс кооздугуна, мезгилдин талабына жооп берген жаңыча көрүнүштөргө көңүл бурушкан.
Ошол даңазалуу, эл аралык көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон көркөм фильмде башкы каарман Кожожаштын ролун белгилүү актер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Кыдыралиев Догдурбек Искакович ойногону кыргыз журтчулугуна белгилүү. Арадан билинбей жыйырма беш жыл чубап өтсө да, Кожожаштын образын кино сүйүүчүлөрүнө алаканга салгандай, чебер таланты менен тартуулап берген элдин Догдурбек аганын таланты көз алдында. Жакында Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына арналган Шанхай кызматташтык уюмунун II Эл аралык Ысык-Көл кино фестивалы болуп өттү. Ушул кинофестивалга казак режиссеру Ардак Амиркуловдун Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча тартылган "Кош бол, Гүлсары" фильми да катышты. Андагы башкы каарман Танабайдын ролун Догдурбек чыгармачылык эргүү менен аткарган. Бул ролу үчүн Догдурбек Кыдыралиев Эл аралык кинофестивалдын "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" сыйлыгына татыктуу болду. Таланттуу кыргыз актерунун "Кожожаштан" кийинки чыгармачылык жолу, келечек пландары, бүгүнкү күндөгү жашоо­турмушу жөнүндө баарлашып, маек курдук.
- Догдурбек ага, сиздин биринчи тушоо кести ролуңуз "Кожожаш" көркөм фильминде жаралгандыктан ал жөнүндө сөз кылбай кетүүгө болбойт деп ойлойм. Тагдырдын кандай буйругу менен ушул фильмге тартылып калдыңыз эле?
- Ракмат. Мен көптөн бери күткөн суроо экен. Бала кезимден сүрөтчүлүк өнөрдү жакшы көрчүмүн. Ошондуктан, 1976-жылы Фрунзе шаарынын Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына билим алууга киргем. 1980-жылы ушул окуу жайдын жолдомосу менен Москва шаарындагы Герасимов атындагы ВГИКтин көркөм сүрөт бөлүмүндө окуп баштадым. Москвада башка студенттер сыяктуу эле жашап, окуп жүрдүм. Жашоомдогу эң бир чукул бурулуш "Кожожаш" кино тасмасына тартылганым болду. Кинорежиссер Төлөмүш Океев атайын Москвага келип, окуп жүргөн жеримден жолукту. Атын угуп, жараткан эмгектерине көңүлүм түшүп жүргөндүктөн Төлөмүш агайдай залкар кинорежиссердун сунушуна дароо эле макул болгом. Анан калса мергенчинин ролун аткаруу мен үчүн касапчыга кой сойдургандан айырмасы болгон жок. Анткени, атам Искак Жети-Өгүз өрөөнүндө атагы чыккан мергенчи болгон. Түн ичинде кой жеп жаткан үч карышкырды айдын жарыгы менен атып, таң ата айылга алып келгендиги жөнүндө, бүгүнкү күнгө чейин айыл эли айтып келишет. 72 жаш курагына чейин тоо аралап, ат минип жүрүп өткөн. Мени да ат үстүндө тың болууга, тоо­ташта эркин жүргөнгө, мылтыкты жазбай атканга үйрөткөн. Өзү жетинчи классты бүткөн орто сабат билими болгону менен белгилүү акын жазуучулардын чыгармаларын талбай окуп, "Манас", "Семетей", "Сейтек", "Курманбек", "Кожожаш", "Карагул ботом" сыяктуу эпос уламыштарды обону менен жатка айтаар эле. Ошол учурда чыгармачыл чөйрөдө гана эмес жалпы эл арасында да кеңири белгилүү болгон "Ала-Тоо" журналы атамдын эң сүйүктүү окуу куралы боло турган. Негизи эле чыгармачылыкка, роль аткаруудагы дилгирлүүлүккө бала кезимден атам мени таптап өстүргөн.
- Демек, кинодогу биринчи мугалимиңиз атаңыз экен да.
- Кино дүйнөсүнө аралашканга чейин ошондой десем да болот. Андан кийин тасмага тандалган күндөн баштап, дегеле кино дүйнөсүнө ат салышымдын бирден-бир себепкери, устатым, кино багытындагы атам десем да болот - Төлөмүш ага болду. "Кожожаш" фильминдеги тартылуу эпизоддорун эстегенде, көп учурда аганын ар бирибизге жасаган мээримдүү мамилеси, камкордугу, ар бир нерсени алдын­ала көрө билгендиги, деги эле даанышмандыгы көз алдыма тартыла берет.Ушунча эстеп калдык кинонун жүрүшүндөгү бир окуяны эске сала кетейин.
Кино тартылып жаткан учур эле. Кожожаш менен Касендин(ролдо актёр Ашырбек Чокубаев ойногон) көчкүнүн алдында калышы жөнүндөгү кадрды тартууга убакыт келип, жардыргычтар тоонун башына кетишти да биз тоонун ылдый жагында күтүп калдык. Анда азыркыдай күчтүү байланыш уюлдары жок, техникалык себептер менен эртең менен барган түш оогончо күтүүгө туура келди. Күн суук, курсагыбыз ач. Ошондой татаал учурларда да Төлөмүш ага өзүнүн тапкычтыгы, тамашакөйлүгү, мындайча айтканда кеменгерлиги менен бизди үшүтпөй убакыттын өткөнүн билгизбей, тамаша окуялардан айтып алаксытып жатты. Бир кезде бир нерсе оюна келгендей, гримм менен иштеген кыздын таза спиртин алды да, идишке кардан салып алдына ширенке жагып ээритип, үстүнө спиртти кошуп: "Бул ичимдиктин аты биз турган жердин атынан "Коктейл Аксай" болсун", - деп каткыра күлүп, бизге да берип, өзү да ичип, баарыбызды жылытып, татаал шартты унуттурган эле. Бул окуя ал киши жөнүндөгү бир гана көз ирмем. Кино тартылып аягына чыкканча эмне деген күндөрдү баштан кечирбедик. Бизге салыштырмалуу ал кишинин жашы бир топко барып калса да, мен кыдырган тоолорду кыдырып, мен чыккан аскаларга кошо чыгып, бир караганда кадимки эле япондордун самурайларын элестетип кетер эле.
1984-жылы фильм жарыкка чыгып, 30 мамлекетте көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы Батыш Берлиндеги кинофестивалга катышып, "Күмүш Аюу" сыйлыгынын ээси болгон.Төлөмүш ага дагы бир аз жашаганда кыргыз кино казнасына дагы да бир топ салымын кошмок. Ошентип, менин көркөм сүрөтчүлүк өнөрүмө удаа дагы бир сүйүктүү актёрлук кесип менен түйшүктөнө баштагам.
- Жалпысынан канча ролду ойнодуңуз? Арасынан сиз үчүн өзгөчө таасир калтырган ролдоруңуз барбы?
- 1984-жылы "Ак илбирстин тукумдары", 1987-жылы "Султан Бейбарс", 1989­жылы "Намыс", 1990-жылы "Гибель Отрара", 1992-жылы "Чынгызхан", "Эрмак", 1994-жылы "Абай",1996­жылы "Манас-1000" театралдык постановкада "Коңурбай",1998­жылы норвегиялыктар тарабынан тартылган "Манас", 2002­жылы казак фильми "Сардар", 2004­жылы "Аңчы". 2005-жылы "Меч Махаммеда", 2007­жылы "Кош бол, Гүлсарат", 2008-жылы "Гора" фильмдерине тартылдым.
Мен үчүн анчейин деле өзгөчөлөнгөн роль жок. Анткени, өз башымдан өткөн окуяны ойноп жатпагандан кийин, мен үчүн ролдордун баары эле бирдей. Чоң ролбу, кичине ролбу тартып жаткан режиссердун мээнетин баалап, колунан келишинче чеберчилик менен аткарып бергениң жакшы.
- Жогоруда айтып өткөн көптөгөн ролдоруңуз бир нече чет өлкөлүк режиссерлор менен иштешкениңизди кабарлап турат. Чет өлкөлүк режиссерлор менен иштөөнүн кандай айырмачылыгы бар?
- Режиссерлордун айырмачылыгы актёр, актрисалар менен иш алып баруусунда эле болбосо, мамлекеттин чет өлкөлүк жерде эч кандай ролу жок . Мисалы мен кайсы мамлекеттин режиссеру болбосун иштей берем. Ал эми жерлигинде, албетте өзүң туулуп­өскөн кыргыздын тоолорунда, жерлеринде киного тартылуу мен үчүн сыймыктуу. Ал эми бүгүнкү күндө бет ачаары болуп жаткан "Кош бол, Гүлсары" казак фильминде режиссердун бир өзгөчөлүгү актёрлорду тандоосу болду. Мага бул сунуш беш жыл мурун эле түшкөн. Алгач режиссер чыгарманын автору Чыңгыз Төрөкулович менен кезигип, уруксатын алган. Андан соң көп убакыт сценарий менен алектеништи. Сценарий даяр болгондон кийин ролдо ойноочулардын тобу тандалды. Жанагы мен айтып жаткан өзгөчөлүк, негизги ролдо мен болгондон кийин, калган ролдогулар менин тандоом менен сыноодон өткөнүндө болду. Мисалы, Танабайдын аялынын, Бүбүжандын, Чоронун деген ролдорун ойной турган артисттерди режиссер экөөбүз чогуу тандадык.
- Тасманы көрүп жатканда, көрүүчүлөрдүн арасында, Танабайдын аялынын ролундагы казак актрисасынын өтө чебер ойногондугунда сөз жок. Бирок, бет түзүлүшү чыгармада сүрөттөлгөн Жайдардын элесин бербей калган деген ойлор айтылууда. Бул жөнүндө сиздин пикириңиз кандай?
- Режиссер кайсы тарабын карады билбейм. Мен үчүн актрисанын чечкиндүүлүгү, чыйрактыгы жакты. Себеби, чыгармада да, Чоронун сөзүндө да айтылат эмеспи: "Жайдардын кайраты, эрктүүлүгү болбосо Танабайдын эчак эле арка­мойну астында калмак", ­ деп. Ал кишинин жашоодогу мүнөзү да Жайдарды мүнөздөп тургансыйт. Андай таланттуу актрисалар менен кинодо иштөө да жеңил.
- Фестиваль жүрүп жаткан мезгилде, мен бир топ казак кино чеберлери менен баарлашып калган учурларда, кыргыз актёрлорунун талантына тамшануу менен, таң калуу менен, мындайча айтканда суктануу менен өз ойлорун айтып жатышты. Кыргыздын белгилүү, өчпөгөн легендарлуу жылдыздарынын катарында сиз жөнүндө айтып жатышканда, толкундоолорун жашыра алышпай, казак фильмдеринде ойногондоруңузду, бир караганда, мактануу менен сөз кылып олтурушту. Менин түшүнүгүмдө казак туугандардын сиз тартылган кинолору менен сыймыктанышкандарын байкадым. Казак студиясына келип иштеңиз деген сунуш болгон эмес беле?
- Режиссерлор тарабынан болгон. Менин ага жообум даяр болчу. Кыргыздын кулуну болгондон кийин, аздыр­көптүр, ачтыр­токтур өз элиңде эле болгонду оң көрөм. Мен акчанын же байлыктын кулу эмесмин. Мен таланттын кулумун. Эгер башка чет өлкөлүк режиссерлору роль сунуштаса, албетте жок дебейм. Кыргыздын актёру ойноптур деп, биздин элдин атын чыгарганга эмне жетсин. Биздин ар тармактагы таланттуу балдарыбыз башка элде жүрсө кадимкидей ичим ачышат. Бир чети ойлосоң алар да жыргаганынан барышкан жок да. Жеке өзүм жөнүндө айтсам, мен кош өнөрлүү адам болгондуктан, киного сунуш болбой калган учурларда жөн олтурбайм. Сүрөт дүйнөсү менен алпурушам. Ошону менен үй­бүлөмдү багам.
- Сүрөт демекчи, кыргыз искусствосунда, дегеле кыргыз тарыхында сүрөтчүлүк менен кино өнөрүн чогуу алып кетүү сиз менен экинчи жолу кайталанып олтурат. Биринчиси, белгилуу кино жылдызы Сүймөнкул Чокморов эле. Экинчиси, сиздин тагдырыңыз. Жаратылышта сейрек кездешчү ушундай оор жүктүн түйшүгү жөнүндө ойлоруңуз кандай? Мисалы образ жаратуудагы сезимиңиз менен картина жаратуудагы илхомуңуздун байланышы барбы?
- Эки өнөрдүн эч кандай деле бири­бирине байланыштыгы жок. Деги эле искусстводо жаратуу деген гана бир түшүнүк бар. Чыгармабы, ролбу, картинабы баарын өз талантыңдын деңгээлинде жаратуу керек. Кинодо өзүнүн атайын убакыты бар. Белгиленген учурда барып, режиссердун көзөмөлү менен аткарасың. Ал эми сүрөт деген сүрөт, ал сенин жеке ички дүйнөң. Кааласаң түн бир оокумда туруп алып да сезим ыргактарына боёк менен тил киргизе берсең болот. Дегинкиси эки өнөргө тең жаратылыштын кооздугу өбөлгө берет. Казактын жашыл жайыт дархан талаасына Гулсараттай тулпар атты темине чаап баратсаң, Догдурбек экениңди унутуп, Танабай бойдон калгың келет.
Кыргыздын керемет кооздугунан картина жаратып жатканда, өзүң да ошол кооздуктун ичинен орун алып, баарына кайыл болосуң. Мен үчүн эки өнөр тең сөз менен айтып жеткиргис кудайдын берген энчиси.
- Быйыл биздин кыргыз жергесинде экинчи жолу Эл аралык кино фестивалы болуп өттү. Мени бир эле ойлонткон жери чет өлкөдөн келген, "Голивуддун жылдыздарына" көбүрөөк көңүл бөлүнүп, аткаруучулук жагынан алардан кем калышпаган, биздин белгилуу кино чеберлери көз жаздымында калып калгандай болду. Албетте, конокту сыйлап, урматтоо жагынан камчы салдырбай келгенибизде калет жок. Бирок талант деген талант да. Бул тарабынан сиздин оюңуз кандай?
- Голивуддун жылдыздарынын келиши менин оюмча биз үчүн сыймык. Өзүбүз дүйнөдөгү кичинекей мамлекет болсок, анан ошол дүйнө тааныган жылдыздырдын биздин элге келип, биз жөнүндө ааламга дагы көбүрөөк таанытып жатканы албетте көңүл толорлук эле нерсе. Алыстан ат арытып келген конокко негизи кыргыз эли жаткан жерин бошотуп берип өзү эшикке түнөгөн биздин ыйык салтыбыз болуп калбадыбы. Анан калса Эл аралык болуп жаткандан кийин андай атактуу коноктордун келиши фестивалдын даражасын көтөрөт деп ойлойм. Өзүбүзгө көңүл бөлүнбөй калды деген оюңа толук болбосо да бир аз кошулуп кетем. Анткени, биздин улуу катмардагы белгилүү, кыргыз киносуна эмгек сиңирген ага­эжелерибиздин фестивалдын жүрүшүндө катышпай калышканы өкүнүчтүүрөк болду.
- Бүгүнкү жашооңуз, үй бүлөңүз, келечеке койгон максаттарыныз жөнүндө азын­оолак айтып кетсениз. Уул-кыздарыңыздын арасында сиздин талантыңызды аркалоону көздөгөнү байкалабы?
- Бүгүнкү жашоом, эл катары эле. Бир уул, бир кызым жана келинчегим ­ төрт жан сүрөт тарткан өнөрканамда жашайбыз. Сунуш түшүп калган учурларда киного тартылам. Бош учурда сүрөт дүйнөсү менен алпурушам. Азырынча балдарымдын өнөрүн байкай деле элекмин. Мүмкүн кийинчерээк байкалаар.
- Сиз биринчи фильмге тартылган "Ак илбирстин тукуму" кино тасмасы жарыкка чыккан учурда, мамлекет камкордугу күчүндө эмес беле. Эмне ошол учурда өкмөт сизди турак-жай менен камсыз кылган жок беле? Дегеле сиздей таланттын өнөрканада үй­бүлөсү менен турушун эч ким билбесе керек. Эртеден бери сиздин кыргыз журтчулугуна кылган эмгектериңизди угуп олтуруп, бүгүнкү жашоо шартыңыз мен үчүн абдан эле кейиштүү көрүнүп жатат.
- "Биринчи элде болсун, анан менде болсун", ­ деп тилеген биздин бабалар. Биздин жашообуз жакшы болушу үчүн ириде биздин мамлекетибиздин экономикасы өнүгүп, журтчулукта ынтымак болуш керек. Менимче мамлекет башчыбыз тарабынан "2008-жыл ­ Айтматов жылы" деп жарыяланышы менен биздин маданият, адабият, исскуство жаатыбыз Айтматов аркылуу кайра жаралып жаткандай. Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев II Эл аралык Ысык­Көл кинофестивалынын катышуучулары менен болгон жолугушууда белгилеп кеткендей Чыңгыз Айтматовго арналган мааракелик иш-чаралар мамлекеттик мааниге ээ. Себеби? ал дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын жан дүйнөсү менен жакындан тааныштырып, кыргыз элинин маданиятынын өнүгүшүнө жаңыча түрткү берип, ошондой эле өсүп келаткан муунду тарбиялоого багытталган. Өнөрканамда жашап жатып деле элдин турмушу оңолсо экен, кино дүйнөсүнө көбүрөк көңүл бурулса экен деген тилек менен жашайм. Кудайга шүгүр акыркы жылдары кино дегеле искусство дүйнөсүнө мамлекет тарабынан жакшы эле камкордук көрүлүп жатат. Дагы да бир учурдагы "кыргыз керемети" жанданып, дүйнөнү таңгалдырарына ишенем.
- Маегиңизге ракмат! Чыгармачылык ийгилик каалайм.

Маектешкен
Үмүт Кушубакова












??.??