"Алдыда дагы көп иштер бар"
КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Айылдарды суу менен камсыз кылуу департаментинин башкы директорунун орун басары Нематилла Тешекулович Жүдөмүшов:

- Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Айылдарды суу менен камсыз кылуу департаменти республикада айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу курумдарын иштеп жаткандарын оңдоо жана жаңыларын куруу боюнча эки долбоорду жүзөгө ашырууда.
Бул долбоорлордун жалпы баасы 69,5 млн. АКШ долларын түзөт, буга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12,25 млн. доллар өлчөмүндөгү кошумча каржылоосу да кирет. Мунун ичинен 36 млн. доллары Азия өнүгүү банкынын (АӨБ) кредити, 15 млн. доллары Дүйнөлүк банктын (ДБ) кредити болуп саналат, ошондой эле Улуу Британиянын эл аралык өнүгүү департаментинин 6,25 млн. АКШ долларын түзгөн гранты кредиттик макулдашуунун негизинде Дүйнөлүк Банктын Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында "Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитария" долбоорун башкаруу боюнча эл аралык кеңешчилерди кармоого багытталат.
2000-жылы адеп башталганда Азия Өнүгүү Банкынын долбоорунда Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 730 айылынын, Дүйнөлүк Банктын долбоору менен Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын 270 айылынын ичүүчү суу менен камсыз кылуу курумдарын оңдоо жана куруу белгиленген. Бирок, экономикадагы инфляциядан жана материалдык-техникалык ресурстардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбаттоосунан улам (бир адамга кетүүчү каржылык каражаттын чыгымы 20 доллардан 80 долларга чейин өсүп кеткен) эки долбоор тарабынан 1 млн.дан ашык калктан турган 509 айыл (АЭБ-302, ДБ-207) камтылган.
Ошентип, 2008-жылдын 1-ноябрына карата турмушка ашырылып жаткан долбоорлор менен республиканын 471 айылында ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу курумдары ишке киргизилди. 3125, 043 км суу түтүктөрү калыбына келтирилди жана курулду, 12991 суу чорголору оңдолду жана кайрадан орнотулду. Эки долбоор боюнча каржылык каражаттарды өздөштүрүү 2136,0 млн. сомдон ашыкты түздү. Натыйжада бир миллионго жакын айыл калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жакшырды.
Дүйнөлүк Банктын долбоору боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата 196 айылда суу курумдары ишке киргизилип, 1677,951 км суу түтүк тармактары калыбына келтирилди жана кайрадан курулду, 6905 суу чоргосу оңдолду жана кайрадан орнотулду. Учурда 11 айылдын суу курумдарын оңдоо-куруу жумуштары жүргүзүлүп жатат.
Бул долбоорду жүзөгө ашырууну аяктоо 2007-жылдын аягына белгиленген. Бирок, ДБ анын мөөнөтүн дагы узартып, 2008-жылдын 31-октябрында бүттү.
Ал эми Азия Өнүгүү Банкынын долбоору боюнча 275 айылда суу курумдары пайдаланууга берилип, суу түтүк тармактарынын 331,6 км калыбына келтирилип, 1115,502 км кайрадан курулуп, 6086 суу чоргосу оңдолду жана кайрадан орнотулду.
2008-жылдын аягына дейре 27 айылдын суу курумдарын оңдоо-куруу иштери бүткөрүлөт. Долбоорду ишке ашыруу 2006-жылдын соңунда жыйынтыкталмак. Учурда АӨБ аны ушул жылдын аягына чейин узартты.
Кыскасы, эки долбоор боюнча республиканын 38 айылында ичүүчү суу менен камсыз кылуу курумдарын оңдоо жана куруу иштерин жүргүзүү улантылууда, алар 2008-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.
Айылдарды суу менен камсыз кылуу курумдарын калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу иштери аяктагандан кийин алар ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелерине (ИСКАКБ) өткөрүлүп берилет. Республикабызда 657 ИСКАКБ түзүлүп, буларда 3,2 миң адам эмгектенүүдө. Суу курумдарын ИСКАКБларга өткөрүп берген учурдан тартып айылдардын калкы айылдык суу менен камсыз кылуу курумунун толук кандуу кожоюндары болуп калышат жана ИСКАКБ аркылуу аларды пайдалануу жана андан ары кармоо маселелерин чечишет.
Долбоорду жүзөгө ашырууда кемчиликтер да болду. Алсак, ИСКАКБларды түзүп, алардын иштерине айыл өкмөттөрүн, мамлекеттик бийликти аралаштырбай коюшкан, чет өлкөлүктөр долбоорлорду өздөрү башкарышкан. Айыл өкмөттөрү, айылдык кеңештер аралашпаса иш жылбай, тарифтер төлөнбөй, бүткөн курулуштарды оң абалда кармап туруу маселелери чечилбей келген. Ошондуктан, 2008-жылдын 29-майында кабыл алынган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесине ылайык калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жергиликтүү маанидеги башкы маселелердин категориясына киргизилди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдети болуп калды.
Кыргызстанда 1786 айыл болсо, булардын 509нун гана ичүүчү суу менен камсыз болуу маселеси чечилип, дагы 1200дөн ашык айылдын калкы ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоорлорунан сырткары калууда. Андыктан, бул проблеманы чечүү максатында DFIDдин каржылык колдоосу аркасында "Кыргыз Республикасында Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитария секторун өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясы" иштелип чыкты. Стратегиянын максаты -бул секторго инвестицияларды тартуу маселесин чечүү болуп саналат.
Азыркы күндө Айылдарды суу менен камсыз кылуу департаменти 24 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү Айылдарды суу менен камсыз кылуунун жана санитариянын (АСКС-2) экинчи долбоорун даярдоону улантып жатат. Мунун ичинен 10 млн. АКШ доллары Дүйнөлүк банктын грантынан, 10 млн. АКШ доллары Улуу Британиянын эл аралык өнүгүү министрлигинин грантынан жана 4 млн. АКШ доллары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ИСКАКБлардын кошумча каржылоосунан турат. Бул 500дөн ашык айылды ичүүчү суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Ушундай эле даярдык көрүү иштери 37,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү (мунун ичинен 30 млн. АКШ доллары АӨБдүн гранты жана 7,5 млн. АКШ доллары КРнын Өкмөтүнүн жана ИСКАКБлардын кошумча каржылоосу) "Калктуу конуштар деңгээлинде инфраструктуралык кызмат көрсөтүү" долбоорунун улантылып жаткан фазасын тариздөө жаатында да иштер жүргүзүлүп жатат.
20-ноябрда аталган долбоорлор боюнча аткарылган жумуштарды жыйынтыктоочу республикалык конференция өткөргөнү жатабыз. Жети облустан акимдер, айыл өкмөт башчылары, ИСКАКБ жетекчилери келишет. Ошондой эле КРнын мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу, КРнын биринчи вице-премьер-министри И.Айдаралиев, Жогорку Кеңештин депутаттары - бардык фракциялардын өкүлдөрү да чакырылууда. Тийиштүү министрликтерден, долбоорлоо-курулуш уюмдарынан, ж.б. да катышышат.
Суу керектөөчүлөрдүн республикалык ассоциясын түзүүнү да пландап жатабыз. Конференцияда анын уюштуруу комитети түзүлөт. Айтор, алдыда дагы бүткөрүүчү көп иштер бар.

Т.Темиров,
"Эркин Тоо".




Эл акынын эскерип...
Ак батасын алган элем
Токтой тур ажал шаштырба
Дагы бир аз жашайын.
Ырымды дагы жазайын,
Ырдын даамын татайын.

Гүл жыттанган Бишкекти
Аралап көңүл ачайын.
Чөбүрөмдү жетелеп
Дагы бир аз басайын.
17.03.1991­жыл.

Жогорку ыр саптары акын бабабыз Темиркул Үмөталиевдин калемине таандык. Акын үзүндү келтирген "Шаштырба" деген ырын 1991­жылдын 17­мартында жазган экен. Акын жүрөгүнүн ушунчалык сезгичтигине таң каласың. Антпегенде арадан үч ай толук өтүп­өтпөй, Ала­Тоодон Венгрия­Австрия жергесине чейин жөө жеткен майдангер акындын сексен үч жыл тыным билбей соккон жүрөгү тык токтоп, жарык дүйнөдөн мүрт кеткенине бир топ жыл болду.
Чыгармачыл ар бир жандын ары сыймыктанган, ары арка­бел туткан, ары жан дилинен кадырлаган адамы болот. Менин андай адамым Темиркул Үмөталиев эле. Азыр кагаз каатчылыгынан басмадан китептер басылбаса тээ дымыган сексенинчи жылдары таанышсыз, сүрөө­колдоосуз китептердин кол жазмалары "саргарып" сандыкта жатчу. Мен да "Мекен мээри" деген ыр жыйнагымдын жарыкка чыгышын беш жыл күттүм. Эгер "Кыргызстан" басмасынын редактору Т.Ташмаматов кол жазмамды Темиркул Үмөталиевге окутуп, пикирин билбегенде, китеп жарыкка чыкпай калышы да ыктымал эле. А Темикем болсо пикирин айтмак тургай "Ак жол сага жаш акын", ­ деп бет ачар жазып, ак батасын берген.
Акын атанын жаркын элесин эскерип төмөнкү ыр саптарын жаздым.
Аксы элинин кулуну эле
Акын калктын дулдулу эле.
Сексен үч жаш өмүр сүрүп
Сегиз жашар бала сымал,
Сегиз жашар бала кыял,
Дили таза, ниети ак
Жандан башка бир жаралган
Айкөл, асыл кайран абам!
Жыл айланды көз жумганга
Жүрөк сыздайт муун бошоп.
Ыр саптарга аттанарда
Ак батасын алган элем,
Акын ­ Адам мүрт кеткенде
Жаным ачып бир кейигем.
ТЕМИКЕМДЕЙ телегейи тегиз тең.
Эрте­кечтир чыгаар бекен
жеримен?
Жети кылым өтсө дагы,
Жанар тоолоп өчсө дагы
Жанбай такыр жаштык демден
Алыстабай ыр жандуу кыргыз
элден
ТЕМИКЕМДИН түбөлүккө
жашаарына ишенем!

Тынчтыкбек НУРМАНБЕТОВ, акын, КР маданиятына
эмгек сиңирген ишмер, "Кыргыз тили" төш белгисинин ээси.




Жаңы мектепке жардам
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүндөгү "Акимбек Жолдошев" атындагы айылда 600дөн ашуун түтүн эл жашайт. Бул айыл коңшулаш Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан. Буга чейин бул айылдын жаш жеткинчектери билим алуу үчүн Өзбекстанга катташып, 5-6 км алыстыктагы жолду басып өтүшчү. Ал эми кыштын узак күндөрү бул аралыкты басып өтүү өзүнчө эле бир чоң түйшүк болор эле.
Ушул айылда мектептин зарылдыгын айыл тургундары эске алуу менен жергебизде өз ишмердигин 8 жылдан бери жүргүзүп келе жаткан Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюмуна кайрылышкан. Буга чейин өлкөбүздөгү социалдык коргоо жактан алсыздарга өз жардамын көрсөтүп келген бул уюм Кадамжайлыктардын сунушун колго алып, 120 миң долларлык каражат жумшоо менен жаңы мектептин курулушу башталган.
Эки нөөмөттө окууга ылайыкташтырылган бул мектепке кошумча Бүткүл дүйнөлүк жаштар уюму тарабынан 150 миң долларга барабар заманбап жабдуулар сатылып берилген. Андан тышкары жакында бул окуу жайына акыркы үлгүдөгү 5 компьютердик жабдуулар жеткирилип берилди. Мындай чоң колдоо көрсөткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Саид Баюми "келечек жаштардыкы" демек аларга ар тараптуу жардам берерин айтып өттү.

А.Акматов, Баткен облусу.












??.??