"Жер ааламдын баарысын багып турган аккан суу"
Ушул жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын
Президенти жалпы элге жасаган кайрылуусунда учурда биздин тышкы көйгөйлөрүбүздүн бири "суу фактору" болуп жаткандыгын айтты. Өлкө башчысы чарба жүргүзүүнүн азыркы ыкмасын колдонууда суу маселесинин мааниси дүйнөдө, ошондой эле региондо барган сайын өсө бере тургандыгын баса белгилеп, муну дүйнөлүк изилдөөлөр да тастыктап турат,-деди.
Чынында учурдун актуалдуу маселелеринин бири- суу
факторунун тартыш болуп жаткандыгы болуп калбадыбы.
Аны биз азыр өз жон-терибиз менен сезип, билип жатабыз.

Өткөн кылымдын 80-жылдарынан тартып окумуштуулар жакынкы мезгил аралыктарында бүткүл дүйнө суунун глобалдуу кризисине туштугушу мүмкүн деген божомолдорду айтып келишкен. Азыркы күндөрдө ал божомолдоолор турмуш чындыгына айланып барат. Мунун кесепетинен азыр дүйнө элинин 40 пайыздан ашыгы суунун орточо же курч тартыштыгын башынан кечирип турган убак. Алардын катарында биз да барбыз. Айрым божомолдорго таянсак, 2030-жылга чейин Кыргызстандын өзөн-дарыяларынын агымы 25-30 пайызга, 2050-жылы дагы 30-40 пайызга кыскарып, Борбордук Азиянын калкы 2 эсеге көбөйөт. Демек, ансыз да азайып бара жаткан суу ресурстарына болгон талап дагы күчөйт. Мындай абал бир гана бизде эмес, бүткүл дүйнөдө түзүлөт. Андыктан, кризистен чыгуунун бир гана жолу- суу ресурстарын үнөмдөп, туура пайдалануу. Сууну сарамжалдуу пайдалануу керектигин Президентибиз жалпы элге жасаган кайрылуусунда баса белгиледи. Өлкө башчысы "Суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жөнүндө маселени көтөрүү керек. Суунун жетишсиздиги жана ага болгон суроо-талаптын өсүшү сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну талап кылат. Бул улуттук, ошондой эле региондук аспектилерге да тиешелүү",- деп айтты.
Союз өкүм сүрүп турган мезгилдерде суунун тартыштыгы болгон эмес, бирок ошол убактарда эле сууну туура, башкача айтканда максатка ылайыктуу, сарамжалдуу пайдалануу саясаты жакшы жүргөн . "Тамчы суу текке кетпесин", "Сууга үнөм жана сарамжалдуулук" деген ураандар идеология катары кабыл алынып, арыктар, дамбалар курулуп, сугат иштери да натыйжалуу, максатка ылайык пайдаланылып келген. Мүмкүн ушундай саясаттан улам биз ал кездерде суунун тартыштыгын сезген эмеспиз. Айтор, азыр заман башка. Учурда өлкөбүздүн Суу чарба департаментинин адистери "Сугат иштери туура эмес жүргүзүлүп жатат. Биздин дыйкандар сууну максатсыз пайдаланышат. Күндүн аптап күндөрүндө сугат иштерине ылайыкталган сууну баары бир убакта шар кое беришет. Мындай учурда суу жакшы сиңбейт. Корго кетет. Түнкү сугат иштери болсо такыр жүргүзүлбөй калган. Бул ишти жолго коюшубуз зарыл", -дешет. Экологдор болсо сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн булактарыбызды, жер астындагы сууларды, дарыяларды таза сактап, токойлорду мыйзамсыз кыюуларды токтотуу керектигин айтышууда. Себеби, биздин арча токойлорубуздун түбүндө түзүлгөн запас суулар Борбордук Азиядагы эң улуу эки суу артериясы-Аму дарыя менен Сыр дарыянын бассейнин толуктап турат. Мындан сырткары токойлор дарыялардагы суулардын агымынын корун, нымдуулугун өтө тез жоготуп албашына өбөлгө түзөт. Андыктан, сууну сарамжалдуу пайдалануу маселеси мамлекеттик масштабда жүргүзүлүшү керек. Бул үчүн Президентибиз Курманбек Бакиев жалпы элге кайрылуусунда "Өкмөт бул маселе боюнча өлкөнүн узак мөөнөттүү позициясын иштеп чыгууга тийиш. Бир жагынан биздин өлкөнүн улуттук таламдары корголууга, туруктуулук камсыз кылынууга тийиш. Бизге чектеш өлкөлөр менен кызматташтыктын жана кооперациянын натыйжалуу механизмдери каралууга тийиш. Эл аралык суу укугун жана топтолгон тажрыйбаны тез арада иликтеп чыгуу зарыл",- деди. Дүйнө эли суу тартыштыгын башынан кечирип турган чакта суу-энергетика маселеси боюнча сөзсүз түрдө чектеш өлкөлөр менен болгон кызматташтыктын маанилүү экендигин өлкө башчыбыз туура белгиледи. Кыргызстан негизинен суу ресурстарына бай өлкө катары эсептелинет. Совет жылдарында Өзбекстан менен Казакстанга суугат суу берип туруу жана жалпы Орто Азияга бирдиктүү энергетика тутумун түзүү үчүн атайын ГЭСтер курулган. Жай, жаз айларында биз коңшу өлкөлөргө сууну ченемсиз берип, күз-кыш айларында кайра алардан энерго ресурстарын алып турганбыз. Союз тарагандан кийин бул процесстер токтотулду бирок, Кыргызстан бир топ жылдар бою эч кандай компенсациясыз эле коңшу өлкөлөргө энерго-ресурстары менен сугат сууну толук берип келди. Бүгүнкү күндө да өлкөбүз гидро техникалык жабдыктарды, анын ичинде Токтогул суу сактагычын кармоого кетирген чыгымдары үчүн эч кимден эч кандай компенсация албайт. Бул жагын эске алып, өлкө башчыбыз жакында болуп өткөн КМШнын мамлекет башчыларын Бишкек саммитинде ушул маселени көтөрүп чыгып, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын атайын отурумунда бул чөлкөмдө суу-энергетика боюнча кызматташтыкка байланышкан маселелер боюнча бир топ чечимдерди кабыл алышты. Атап айтканда, биздин өлкө сугат жана энерге ресурстарын берүү аркылуу Өзбекстан тараптан 2009-жылдын биринчи кварталында 2008-жылдын биринчи кварталы үчүн берилген газдын көлөмүнөн 150 млн.кубдан ашкан көлөмдө жаратылыш газын Кыргызстанга үзгүлтүксүз берүү үчүн резервдерди издеп таба тургандыгы тууралуу макулдашуу ишке ашты. Казакстандан болсо зарыл көлөмдөгү көмүр берүү жүзөгө ашырылат. Албетте, коңшулаш өлкөлөр Кыргызстандын энерго-ресурстарын чоң көлөмдө иштеп чыгуучу мааниси чоң ГЭСтери бар экендигин жакшы түшүнүшөт. Андыктан алар үчүн биздин өлкө менен бул жагынан кызматташтыкты үзүү максатка ылайык эмес. Албетте, түзүлгөн кырдаалда Кыргызстан да суу ресурстарын коңшу мамлекеттерге компенсация алуу менен алмашууга даяр. Бирок, суунун тартыштыгы дагы күчөй берсе, сууну сыртка чыгаруу тургай өзүбүзгө жеткирүү кыйын ишке айланат го. Мындай учурда энергия иштеп чыгуунун башка жолдорун издеп табууга мажбурланабыз. Биз буга да азыртадан эле даярдык көрүп, Кыргызстанда чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун Дирекциясын түзүлгөн. Ал азыр жемиштүү иштеп, кичи, орто ГЭСтер эмитен ишке кирише баштады. Бирок, булардын жакшы иштеп кетиши үчүн да суу ресурстарынын болушу зарыл эмеспи. Дарыя, арыктардагы суулардын агымы жыл өткөн сайын азайгандан азайып бара жатса жакын арада кичи ГЭСтерибиздин да кызматынан пайдалана албай каларыбыз бышык. Жаратылыш ресурстарынын ичинен суу эң негизгилеринен. Мисалы, нефть, газсыз жашоо мүмкүн, ал эми суусуз өмүр жок. Суу жок болсо проблеманын баары ошондо башталат. Азык-түлүк кризиси ошондо күчөйт. Андыктан суу кризисин алдын алуу учурдун эң актуалдуу маселелеринен. Жок дегенде жер астындагы сууларыбызды сактап турушубуз зарыл. Айрым адистер тээ союз мезгилинде иштеп турган, жер астынан суу тарткан миңдеген скважиналарды ишке киргизүү жөнүндө маселени көтөрүшүүдө. Албетте, бул максатка ылайык келбегени айтпаса да белгилүү. Биринчи иретте жер үстүндөгү сууну сарамжалдуу пайдалана билеличи.
Ж.КЕНЖЕТАЕВА,
"Эркин Тоо".




"Кыргызстандын кышкы туризми келечектүү"
Өлкөгө тартылып келген инвесторлор, туристтер жергебиздин географиялык шартына, климатына, ажайып кооз жаратылышына эң жогорку бааны беришип, мындай потенциал менен туризмдин бардык түрүн өздөштүргөнгө мүмкүнчүлүктөрүңөр бар дешет. Чынында эле жаз, жай айларында жайлоолорго саякаттап, Ысык-Көлдө эс алсак, кышкысын тоолорубуздан лыжа тээп, сноуборд, альпинизм сыяктуу спорттун экстремалдык түрлөрү менен алектенгенге да чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Тагыраак айтканда туризмдин бул түрлөрү үчүн сонун шарттар түзүлгөн. Бирок, биз ал мүмкүнчүлүктөрүбүздү, жаратылыш өзү түзүп берген шартты көп убакыттар бою колдоно албай келдик. Акыркы 5 жыл аралыгында гана ал шарттарды өздөштүрсө боло тургандыгына көзүбүз жетип отурат. Мунун натыйжасында Чоң­Таш, Норус, Кашка­Суу, Тогуз­Булак, Каракол, Оорусай, Сулуу­Төр, Орловка сыяктуу тоо лыжа базалары пайда болду. Бул базалар жайгашкан аймактарда кышкысын кар 2 метрге чейин калың жаап, кыш ноябрь айынан май айынын башына чейин созулат. Албетте, бул кышкы туризмдин өнүгүшү үчүн эң сонун шарт. Анткени, Швейцария, Франциянын айтылуу тоо лыжа базаларында мындай мүмкүнчүлүктөр жок. Айрым чет элдик тоо лыжа базалар кышкы сезонду узак убакыттарга чейин улантуу үчүн жасалма карды да пайдаланышат. Мындан тышкары жайы-кышы чокусунан кар кетпеген ири Эңилчек, Жеңиш, Теңири сыяктуу мөңгүлөрүбүз да кышкы туристтик сезондун убактысын көпкө созот. Анүстүнө лыжа базаларыбызда заманбап асма жолдор салынып, алардын узундугу 2000 метрге чейин жетсе, лыжа тебүүчү жолдордун узундугу 3000 метрге чейин жетет. Сервиздик кызматтар түзүлүп, эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттардын баары бар. Аты аталган чокуларыбыз болсо дүйнөнүн эң мыкты альпинисттерин кызыктырып, изилдөөчү окумуштууларды өзүнө тартат.
Туризмдин жайкы сезонундай эле кышкы сезондун да мааниси чоң. Себеби, ал жети айга созулат. Бул мезгил аралыгында өлкөгө миллиондогон туристтерди тартсак болчудай. Турэксперттердин айтымында эгер кышкы сезонду туура пайдалана алсак, биздин тоо лыжа базалар 10 жылга жетпеген убакыт ичинде Франция, Швейцариянын айтылуу лыжа базаларынан ашып түшөт. Бирок, андай деңгээлге жетүү үчүн кышкы туризмибизди эл аралык даражага алып чыгуубуз керек. Союз убагында эле Кыргызстандын бул жаатта чоң потенциалы бар экендиги белгилүү болгон. Бирок, эмнегедир биздин аймак бул жагынан артта калып, Россиянын лыжа базалары гана өнүгүп келген. Россия Федерациясынын мурунку Президенти В.Путин мындан бир жарым жыл мурун 2014­жылы кышкы олимпиада оюндарын Сочиде өткөрүү уруксатын жеңип алды. Мунун артынан учурда Сочини жайкы сезондун эле эмес, кышкы сезондун да символуна айланууда. Олимпиада өткөндөн соң Сочинин дүйнөлүк аренага жыл бою туристтик аймак катары чоң мааниге ээ болуп калаары турган иш. Демек, орусиялыктар Россияда кышкы сезондун өнүгүшүгө дале талыкпай шарттарды түзүп келишет. Биз да ушундай кадамдарды жасасак, жок дегенде тоо кыркаларыбызда КМШ алкагында же жакынкы кошуна өлкөлөр менен кышкы спорт оюндарын өткөрүп турсак акырындык менен тоо лыжа базаларыбыз өнүгөөрү бышык. Анткени, биздин тоо кыркалар деле Россиянын тоо кыркаларынан кем калышпайт эмеспи. Анүстүнө мыкты тоо лыжа базаларыбыз көп.
Тоо лыжа базаларыбыздын ичинен эң белгилүүлөрү Норус менен Каракол базалары. Каракол базасында лыжа тебүү үчүн эң ыңгайлуу спорттук трассалар бар. Алардын узундугу 20 км жетип, көбү токой аралап кетет. Тескей Ала­Тоосунун тоолорунун бийик беш чокусунан ылдый салынган жолдор спорттун экстремалдык түрлөрүн сүйүүчүлөрү үчүн салынган. Сервиз кызматы да жыл өткөн сайын жакшырып, азыр базанын аймагына вертолет конуучу жай да уюштурулган. Алыс эмес аймакта альпинисттер үчүн аты аталган чокуларыбыз кызмат кылат. Айтор аймактын кышкы туризмди өнүктүрүүдө потенциалы чоң.
Жайлоо, көлдөр, тарыхый эстеликтерибиз сыяктуу эле карыбыз менен мөңгү музубуз да туризмди өнүктүрүүдө эң сонун туризм өндүрүшү боло ала тургандыгын кышкысын лыжа базаларыбызга барган туристтер менен эс алуучуларыбыз да айтышууда. Болгону бул аймактарды туризмдин символуна айлантуу үчүн аз гана аракеттер керек. Албетте ал мамлекеттик деңгээлде чечилчү маселе. Жыл сайын жок дегенде эл аралык спорт оюндарын өткөрүп туруу эле базалардын баркын бир топ көтөрмөк. Мисалы, коңшу өлкөлөр Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандардын бул жааттан бизден алдаганча артта калат. Себеби, биздин өлкөнүн гоеографиялык жайгашуусу менен жаратылыш, мээлүүн климаты жана кышкы сезонубуздун 7 айга созулушу, тоолорго кардын калың түшүшү чоң утуш. Өлкөбүз сууга, жаратылышка, кен байлыкка, кар менен музга да бай. Болгону аны туура, акылдуулук менен пайдалануу биздин милдет. Андыктан быйыл Ала­Тоонун ак кар, көк музунун кадыр баркын бийик көтөрчү спорттук оюндарды уюштурууга мезгил келип жетти.

Жазгүл БЕКБОСУНОВА,
"Эркин Тоо".












??.??