Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, милициянын подполковниги Мусурманбек Турсуматов:
"Максатыбыз - элдин бейпил жашоосун камсыз кылуу"
- Мусурманбек Курбанбекович, сиз тейлеген райондо кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кандай жумуштар жүрүүдө жана кылмыштардын бетин ачуудагы иш-аракеттердин көрсөткүчү кандай болууда?
- Биздин райондо кылмыштуулукту болтурбоо, анын алдын алуу боюнча жогорку деңгээлдеги иш-аракеттер турмушка ашырылууда деп айтсам болот. Кененирээк айта кетсем, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйрук, көрсөтмөлөрүнүн жана өзүбүздүн РИИБдин демилгелеринин негизинде район аймагында баңгичилик, аракечтик, уурулук, зордуктоо, өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулук жана башка коомдук терс көрүнүштөргө каршы аёосуз күрөш жүргүзүлүп, бул багытта "Правопорядок", "Улица", "Курорт-2008", "МАК-2008", "Каракуурай", "Быть", "За рулём", "Заслон", "Поиск", "Костоправ", "Внимание, дети" сыяктуу бир нече алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүп, район аймагындагы мектептерде "СПИД/ВИЧ инфекциясынын алдын алуу", "Мыйзам деген эмне?" деген аталыштардагы угуулар жогорку класстардын окуучуларынын арасында жүргүзүлүп, натыйжада өлчөөсүн алдын ала айтып болбогон кылмыштардын алдын-ала алдык десем болот. Ал эми, КРнын ИИМи тарабынан республика боюнча жүргүзүлгөн "Арсенал" иш-чарасы биздин райондо да жигердүүлүк менен өткөрүлүп, мунун жана жогорудагыдай иш-аракеттердин натыйжасында өткөн 9 ай ичинде райондо кылмыштуулук кескин азайып, кылмыштуулуктун бетин ачуу 90 пайызды түздү. Районубуздагы 2 айыл өкмөтү жана 2 шаарчалык өкмөттөрүнүн ар биринде бирден профилактикалык алдын алуу борборлору ачылып, бүгүнкү күндө алар толук кандуу иш жүргүзүп, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулуктун алдын алууда РИИБ кызматкерлерине чоң таяныч болууда.
- Учурдун эң көйгөйлүү маселесине айланып бараткан өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кандай иш-аракеттер көрүлүп жатат?
- Бул учурдун эң көйгөйлүү маселеси болуп бараткандыгын тана албайбыз. Чындыгында, райондо ушул мезгилге чейин өспүрүмдөр менен иш жүргүзүү ортодон төмөн деңгээлде болуп келген экен. Мен начальниктик кызматка үстүбүздөгү жылдын башында келгенден эле мындагы башка маселелер менен кошо эле өспүрүмдөр менен иштөө маселесине да көңүл бурдум. Тактап айтканда, мурда РИИБ алдындагы өспүрүм балдар менен иштөө бөлүмүндө 1 гана инспектор болсо, министрибиз Молдомуса Конгантиев үстүбүздө жылдын жаз айларында районубузга иш сапары менен келгенде шартыбызды ага айтсак, ал киши туура түшүнүп, өспүрүм балдар менен иштөө бөлүмүнө кошумча 1 штаттык бирдик ачууга уруксат берген. Бул жаңы ачылган штатка бир кызматкер алып, аны райондун төмөнкү аймагындагы Сумсар жана Терек-Сай шаарчалык өкмөттөрүндө иш жүргүзүүгө дайындадык. Буга кошо эле район аймагындагы бардык мектептерде райондун элге билим берүү бөлүмү жана мугалимдердин катышуусунда өспүрүм балдар арасындагы кылмыштын алдын алуу боюнча угуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери такай жүргүзүлдү жана жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары, 4 айыл өкмөттөрдөгү профилактикалык алдын алуу борборлорундагы жаштар уюмдары да бул маселе менен күрөшүүнүн үстүндө иш жүргүзүп жатышат.
- Башка алыскы райондор сыяктуу эле сиздердин райондо да жумушка жарамдуу калктын борборго карай агылуусу жок эмес болсо керек? Бул маселе биринчи ирет паспорт көйгөйүн жаратат эмеспи. Элди паспорт менен камсыз кылуу жаатына да токтоло кетсеңиз?
- Район эки аймактан туруп, жогорку аймагында Чаткал жана Каныш-Кыя айыл өкмөттөрү, ал эми төмөнкү аймагында Сумсар жана Терек-Сай шаарчалык өкмөттөрү жайгашкан. Бул эки аймак географиялык жактан бири-биринен өтө алыс тургандыктан, төмөнкү аймакта ал жактагы 2 шаарчалык өкмөттөрдү тейлөө үчүн РИИБдин атайын бөлүмчөсү иштейт жана ал бөлүмчөдө бөлүмчөнүн начальниги, участкалык инспекторлору, кылмыш издөө бөлүмү сыяктуу тиешелүү кызматтар бар. Булар менен кошо, ал жакта РИИБдин алдындагы паспорт стол бөлүмүнө баш ийген паспорт стол бөлүмчөсү да бар болуп, бул эки бөлүмчө тең район калкын паспорт менен камсыз кылууда канааттандырарлык иш жүргүзүп келатышкан кездери. Паспортстол бөлүмү тарабынан жыл жаңыргандан бери 1430 жаранга паспорт берилип, район калкынын суроо-талабы өз деңгээлинде аткарылып, эл арасында паспорт көйгөйү жокко эсе болуп калды.
- Сиз жетектеген РИИБ алыскы тоолуу, жашоо-шарты катаал районду тейлейт эмеспи. Бул жагынан ички иштер министрлиги тарабынан көңүл бурулуудабы?
- Биздин министрликке генерал-майор Молдомуса Конгантиевдей милициянын ички турмушун жүз пайыз түшүнө билген жетекчинин келгендиги мени абдан кубандырат. Дал ушул министрибиздин бизге өзгөчө көңүл бөлүп, жардам берүүсүнүн натыйжасында жогоруда айтылган ийгиликтерге жетиштик десем ашыкча болбойт. Анткени бул адам өзү кызматкерлерге конкреттүү турмуш талап кылган тапшырмаларды бере билүү менен бирге, кызматкерлер аткарып жаткан иш-аракеттерге да дайым ар тараптуу жардам көрсөтүп, материалдык, каржылык жана моралдык жактан колдоо менен дайым шыктанта билет. Мисал келтирейин, Чаткал РИИБге начальник болуп келген кезимде РИИБ имаратынын абалын көрүп, чындыгында РИИБ имараты экендигине ишене албагам. Имарат мурдагы мейманкана болуп, кызматкерлердин иш жүргүзүүсүнө көп ылайык келбегендиги аз келгенсип, ичи-тышы капиталдык ремонтту талап кылып калгандыгына көп болуптур. Мен алгач ишимди РИИБ имаратын ремонттоп, кызматкерлердин талаптагыдай иштөөсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берүүдөн баштоону чечтим. Бул оюмду турмушка ашыруунун аракетинде жергиликтүү райондук жетекчиликке кайрылып, КРнын Каржы министрлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү фондунун (ГФРЭ) райондогу өкүлү менен бирдикте аталган фондго РИИБ имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат сурап, долбоор жаздык. Жазган долбоорубуз жактырылып, ГФРЭ тарабынан 1 млн. сом каражат бөлүнүп берилип, 400 миң сом өздүк салым менен жалпысы 1 млн. 400 миң сомго РИИБ имаратын толук капиталдык ремонттон өткөрүп, чатыры жок имаратты темир шифер менен чатырладык.
Имараттын мурунку акыбалын министр Молдомуса Конгантиев районго эрте жазда болгон иш сапарында келип атайы көрүп, ага имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча оюмду айтсам, ал киши толук кубаттаган эле. Анын кубаттоосу куру сөз боюнча калбастан өзү жана министрлик тарабынан менин иш-аракетиме ар тараптуу колдоо көрсөттү. Имаратты толук евро үлгүдө ремонттон өткөзүп, бүтүндөй жаңыланган РИИБ имаратынын ачылуу аземин чоң салтанат менен өткөрүп, ага министрдин орун басары Женишбек Жакыпов жана Жалал-Абад ОИИБ башчысы, милициянын генерал-майору Кемелбек Кыязов баштаган облус аймагындагы бардык РИИБдердин начальниктери жана район тургундары катышты. Салтанатта РИИБге министр тарабынан берилип жиберилген белек-бечкектер менен кошо кызматкерлерибиздин бир нечесине "Азамат" төш белгилери, ардагер кызматкерлерге "Кадырман" төш белгилери тапшырылып, кызматкерлердин кызматтык духун ойготкон моралдык жана каржылык колдоолор көрсөтүлүп, эсте каларлык күн болду. Мындан тышкары, мурда кызматкерлердин кызматтык кийим-кечеги аз санда берилип, бул маселеде абдан кыйналып келишсе министр Молдомуса Конгантиев районго келгенде бардык кызматкерлерге кызматтык кийим ала келип, кызматкерлердин бул маселесин толук чечип койду. Эми, кыш мезгилине карата кийимдердин өлчөмдөрүн министрликке жибергенбиз. Жакында кызматкерлерибиз кышкы мезгилге карата тигилген кызматтык жаңы кийимдүү болуунун алдында турат.
Транспорт жааты да мурда чоң көйгөй болуп келсе,министрибиз өзүнүн иш сапары менен келгенде РИИБ башчысы үчүн кызматтык жаңы "НИВА"автомашинасын, ал эми Сумсар шаарчалык ички иштер бөлүмчөсүнө кызматтык жаңы"Жигули"автомашинасын берген. Аны менен кошо келген КРнын Жогорку Кеңешинин "Ак Жол"фракциясынын башчысы Азизбек Турсунбаев да фракциянын атынан участкалык инспекторубузга "Тико"автомашинасын берген. Учурда РИИБде жалпысы 4 автомашина болуп, кызматкерлерибизге кылмыш болгон жерге өз убагында жетип барууга толук шарт түзүлдү.
Евро үлгүдөгү канаалары, төрт орундуу мейманканасы, бильярд ойноочу жай, ашкана, спорт менен машыгуучу бөлмөсү жана мончо сыяктуу керектүү шарттар менен толук камсыз болгон ынгайлуу, кенен имаратта иштеп, кызматтык автомашинага ээ болгон кызматкерлерибиздин эмки максаты бирөө гана болууга тийиш деп ойлойм, ал - коомдогу кылмыштуулукту болтурбай, элдин бейпил жашоосун камсыз кылуу.
Маектешкен
Мухамедалы Эшназаров,
Чаткал райондук "Чаткал оттору"
гезитинин башкы редакторунун
орун басары.




Баялы Исакеев жөнүндө даректүү баян
Жазуучу, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көркөм очерк, радио драматургия жанрларынын негиздөөчүлөрүнүн бири, "Өмүр максаты", "Тагдыр кайрыктары" повесттеринин, "Канат хан" романынын, "Эмгек учкуну, "Мезгил чыйыры" очерк­публицистика жыйнактарынын, "Обо жаңырыгы" монографиясынын автору, котормочу Жумакадыр Эгембердиев жакында белгилүү коомдук ишмер Баялы Исакеевдин 110 жылдыгына карата "Акактыктын шейити" аттуу (даректүү баян) китебин чыгарды.
Аннотацияда айтылгандай: китепте кыргыз элинин өз алдынча мамлекеттүүлүгүн баштоочулардын башатында болгон, жакырланган элинин турмушун жакшыртып берүүгө бүт өмүрүн арнап жүрүп, репрессияга жалган жалаага кабылып шейит кеткен, учурунда Кыргыз Республикасынын Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, Кыргызстан КП Бкнын 2­секретары, СССР БАКтын президиумунун мүчөсү Баялы Исакеевдин өмүр сапары, баштооч иштери, адамгерчилик, ишкердик асыл сапаттары тарыхый материалдардын негизинде кеңири чагылдырылат.
Белгилүү жазуучу жана драматург Мар Байжиев аталган китепке жазган кириш сөзүндө: "Бул жөнүндө белгилүү журналист­жазуучу Жумакадыр Эгембердиевдин китебин шашпай окусаңар Баялы атабыздын элеси дапдаана көз алдыңарга келет.
Анда архивдик материалдар кеңири колдонулуп, Баялы Исакеевдин өспүрүм кезинен өмүр бою азаптуу көнүмүш турмуш менен алек боло жашап келген элинин тагдырын оңдоо, башка элдердикиндей жетиштүү, маданияттуу турмушка жеткирүү далалатында түн уйкудан, күн тынымдан кече эмгектене жүрүп улуттук эркин мамлекеттин жетекчилигине чейин көтөрүлгөнү ак жеринен репрессияга кабылып, азаптуу кыйноолордо жүрүп өлтүрүлгөндүгү ынанымдуу, элестүү чагылдырылган", ­ деп таамай жазылыптыр.
Баялы Ысаке уулу Үркүндө 19 жаштардагы бала эле. Ал эл менен бирге Кытайга качып барып, кордук турмушту көргөн. Ал тургай көтөрүлүшкө активдүү катышкандардын бири экен. Өз болушундагы көтөрүлүшчүлөрдүн жетекчиси болуптур. Китепте бул жөнүндө ишенимдүү, мисалдар келтирилген. Баялы өзү үч жылдык мусулман, үч жылдык орус мектебин бүтүргөн, ошол кездеги эң билимдүү жигит болгон.
Автор: "1920­жылы Кыргызстандагы почта­телеграф станциялары жеке менчик ишканалардан мамлекеттин менчигине айланганда Баялы Исакеев анын жетекчиси болуп дайындалат", ­ дейт. Кыскача айтканда даректүү баян өтө кызыктуу жазылган. Болгону болгондой, көбүртүп, жабыртып ашкере боекторду сүрткөн эмес. бирок, көркөмдүүлүгү мыкты экенине окурман ынанат. Автордун тили ийкемдүү, жеткиликтүү. Ар бир сөз өз ордуна коюлган.
Баялы Исакеевдин Лариса аттуу кызынын тагдыры да кызык. Ал Баялынын Муслима аттуу казачка аялынан 1933­жылы туулган. Бирок, 4 жашка чейин анын үчүнчү аялы Надежда Дмитриевна Щеглованын колунда болот. Кыздын тагдыры мезгилге окшоп татаал эле. Бир документтен мисал келтире кетели:
"Алматы шаары
Абай көчөсү, № 15
Исакеева Лариса Баялы кызына
Сиздин атаңыз Исакеев Баялы Дыйканбай уулу 1920­жылы КПССтин мүчөсү болгон. 24­январь 1957­жылы Кыргызстандын Компартиясынын бюросунун чечими боюнча партиялык жактан акталып олтурат.
Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин алдындагы партиялык комиссиянын төрагасы А.Рысбаев".
Трагедия Лариса атасы ким экенин ошол мезгилге чейин билген эмес. Көрсө "эл душманы" жалаасынан коркушуп эч ким ага айткан эмес экен. Жумакадыр Эгембердиевдин бул даректүү баяны катал мезгилдин сүрөтүн даана тарткан. Менимче китеп кыргыздын бир азаматынын тагдырын изилдөө менен, ошол доордун оош­кыйыш жактарын ачып бергендиги менен баалуу.
К.БАКИРОВ, "Эркин Тоо".












??.??