ИЛИКТӨӨ

"Ак шайы жоолук АЛЫМКАН"
(Башталышы өткөн санда)

Айрымдар: "Ой, бу Алымкан деген кыз ­ аксылык жөнөкөй эле сулуу кыз болгон эмеспи. Ал кызды Токтогул сүйүп калып, күйүп­жанып ыр чыгарган го. Сүйгөнү ушунчалык, ал ооруп калганга чейин жеткен:
Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан,
Азабың тартсам билбейсиң ­ деп жатпайбы дешет.
Ооруп калганга чейин сүйүп калгандыгын кудай билет. Ырас, байлык, бийлиги ташып, Аксынын бир өңүрүн чоюп, эл­журтун солкулдатып турган Субанкул болуштун кызы болгон экен. Зор мансаптуу болуш өз кызын күйөөгө берүүдө эсте каларлыктай шаан­шөкөт менен узатууну чечсе керек. Зор той өткөрүп, ырчы­комузчуларды чогулттурат. Ушул учурда Кетмен­Төбө тараптан Токтогул акын да келип калган экен дешет. Ошондо Субанкул болуш ага айтат:
­ Токтогул, мен кызымды күйөөгө узатып жатам. Кайын журту, күйөөсү жана кайната­кайненеси алдында анын баркын көтөрүп, үн кошуп кой, ­ дейт.
Ошондо Токтогул төгүп ырдайт: Алымкан кыздын сулуулугун, акылдуулугун, нускалуулугун кошуп ырдайт. Атасы Субанкул болуштун байлыгын, бийлигин, марттыгын кошуп ырдайт. Аксы жеринин кооздугун, сууларынын тунуктугун, тоолорунун бийиктигин кошуп төгөт. Эл муюп тыңшап турат. Бул окуя көптөрдүн эсинде калган. Баары унут болуп да кеткен.
Кийин 1937­жылдарда, Токтогулдун 5­6 куплет ыры ­ Алымкан аттуу аялзатына арналган ыры табылып, ал акындын алгачкы томдугуна киргизилген… Бул ырга 40­жылдардын акыркы чендеринде абдан таланттуу комузчу­обончубуз Бектемир Эгинчиев укмуштай кооз обон чыгарган. Аны Мыскалдай арген үндүү ырчыбыз аткарып, эл ичине шамалдай тез тарап кеткен… Бул табылга окумуштуулар менен жазуучу­ акындардын башына жаңы да, күтүүсүз да ойлор чакырган: "Ой, бул Токтогул акындын укмуштай сүйүүсү бар турбайбы… бийик чыгарма жазууга да татыктуу экен го…" ­ дешип, ар ким өз колунан келишинче жаза баштаган.
Мына ушулардын ичинен ­ бул темага атайын кайрылгандардын көрүнүктүүсү Т.Касымбековдун "Алымкан" аттуу драмасы болгон. Автор аны Академиялык театрга 2­3 кечеге созуп коюла турган кылып узун жазган экен, бирок театр койбой калган. Ошондон соң аны таланттуу режиссерубуз Балташ Кайыпов алып, кыскартып, оңдоп­түздөп, телефильм тартууга бел байлаган. Материалдык колдоолор аз болсо да тартууга киришкен.
Киногруппа Аксыга барганда (1962­жылы) баягы Субанкул болуштун кызы Алымкан тирүү экен ­ 82 жаш курагында экен. Ошондо кемпирдин бала­чакалары, неберелери айтышыптыр: "Токтогул акындын сизге болгон ашыглыгын, байланышыңарды киного тартканы келишиптир", ­ деп… А кемпир болсо таптакыр жолотпоптур:
­ О кокуй! Мен Токтогулдун жүзүн көргөн эмесмин ­ менин тоюмда атамын айтуусу боюнча, ал акындын ырдаганын кийин уккамын. Көп ырдап жаткан ырчылардын кайсынысы Токтогул экенин кайдан билем? Койгула, киноңорго тарттырбагыла! ­ дептир.
Ошондон соң, Алымкан кемпирдин небере­чеберелери аттанып чыгышып, андай фильмди тарттырбай тургандыктарын кескин айтышыптыр.
­ Андан кийин, ­ деп айтчу ыраматылык Балташ, адатынча кыт­кыт күлүп, киногруппаны Арстанбапка алып кетип, айрым сценаларын, натуралдык съемкаларын тарттырдым. Калганын биерге павильондо, Ала­Арча токойлорунда тарттык. Ырас эле Токтогул менен Субанкул болуштун кызы Алымкандын башынан, биз бүгүн "көркөм" адабиятта окуп жүргөндөй, зор сүйүү өткөн болсо, акындын 1939­жылы болуп өткөн 80 жылдык юбилейине байланыштуу айрым жазуучулар, журналисттер Алымкан кемпирге барышып, көп­көп жолу интервьюлар алышмак… Алымкан тууралуу очерктер жазышмак, киносюжеттер алып келишмек. Эгер алардын сүйүүсү чын болсо, кемпир да жондотуп бир нерселер айтмак, маселен, "Токтогул жакшы адам эле. Жез таңдай акын эле. Таанышып калган элек. Бирок, тагдыр деген башка экен, кийин биздин тагдырларыбыз башкача чечилип калган. Андан калса, байкуш Сибирге айдалып кеткен экен" ­ демек.
Мындай чындыктар болгондугунан түк из да, кабар да жок. Ал эми бүгүн биз, бүт калың эл ишенип жүргөн "Токтогул менен Алымкандын" сүйүүсү 50­60­жылдарда гана акын­жазуучулардын, окумуштуулардын, журналисттердин кыялынан жаралган сүйүү..." Бул жалган тарыхты жаратууда жазуучу Касымбековдун ролу өзгөчө орунда турат. Ал өзүнүн "Алымкан" драмасында да, "Келкел" романында да тиги эки "ашыктын" жолугушууларын, Сибирден келгенден кийинки учурашууларын да деталдаштырып сүрөттөйт.
Бул болжолду мен кынтыксыз чындык деп берип жатканым жок: Касым аксакалдай адамдын, Жусуп Мамай сыяктуу улуу манасчынын, Макелек Өмүрбайдай кытайлык окумуштуу адамдын, ошол кезде Кыргызстан жазуучулар союзунун биринчи катчысы болуп турган, Кызыл­Суу кыргыздарына барып келип, Токтогулдун ал жакта болгондугун айтып, ал турсун драма жазып жатып көз жумган маркум Жолон Мамытовдун айткандарын калың элге, коомчулукка сунуш кылып коюуну максат кылып отурам.
Токтогулдун Кашкарда бир нече жылдап баш калкалап жүргөндүгү чын сыяктуу. Ал эми Алымкан аттуу аялзаты менен болгон мамилеси, ага байланыштуу "Алымкан" аттуу ырынын чыгышын тактоо башка кеп… Тууган жеринен, элинен аргасыз ажырап, бөтөн жерде, бөтөн элде жүргөндө, улуу акындын жүрөгүнөн канча­канча гана ырлар чыкпады дейсиң. Өтө өкүнүчтүүсү ­ анын баары абага сиңип кеткен, антсе да айрымдары сөзсүз эл оозунда, Токтогул ырчынын ыры катары, автору унутулган фольклору катары жашап жүрсө керек. Биздин Академиянын институттарында атайын бөлүм түзүлбөсө да, бир­эки кишиден турган атайын экспедиция түзүп, Кашкарга алты айлап, бир жылдап жибериш керек. Акындын чачылган ырларынан анча­мынчасын топтоп келип калыштары да ажап эмес…
Мындан тышкары Алымкан тууралуу карыя журналист, эл агартуу, элдик музыкалык өнөр, тил жана оозеки маселелерин козгогон көптөгөн макалалардын автору Асан Кайбылдаев агай өзүнүн "Токтогул темасында толгонуу" деген эмгегинде төмөнкүчө түшүнүк берет:
* * *
Токтогул махабаты жөнүндө сөз болгондо "бисмилла" дегенде эле Алымкан эскерилет. Анткени, калкыбызга таанымал Алымкан баяны акындын арзуу сезиминин "паспорту" катарында пайдаланылып келет. Ушул темада нечен кино тасмалар тартылды, сахнада толгон­токой оюндар коюлду. Токтогул махабаты (сүйүүсү, күйүүсү, кайгысы менен кубанычы, өкүнүчү менен үмүт­тилеги ж.б.) ушул ырдын өзөгүнө сыйдырылып, сүйүүдөгү кайчы жол ­ трагедиялык жагдайлар, социалдык теңсиздик замандын мыйзамына ыйгарылды.
Улуу акынды көрүп­билген адамдар менен маек куруп, Алымкан баянын иликтесеңиз, тамырлап кеткен уламыштардын жиби четинен чубалат. "Током Алымкан сулууга той үстүндө бир жолу гана кездешиптир", "Токтогул Алымканга арзып калып, Аксыга ат тезегин кургатпай каттап турган экен", "Током Алымканга көңүлү түшүп, ашыглык ырын мөндүрдөй төгүптүр, бирок сулуу акынга кылчайып, тике караган эмес", "Током кыдыр даарыган касиеттүү киши. Көзүндө калы, тилинде сөөлү бар. Токомду тике караган пенде соо калбайт, кырсыкка кабылат дечү экен Алымкан", "Токтогулдун каргышына калган Алымкан экинчи жылы каза тааптыр" ж.б. Учуртуп айтылабы, болбосо божомол каңшаарга ооп кетеби, улама сөз өз жайы менен болсун. Даңазалуу бул ырды 1938­жылы акын Жоомарт Бөкөнбаевге Коргоол ырчы жаздырган экен.
1990­жылы 19­сентябрдагы "Фрунзе шамы" газетасына М.Убукеевдин "Акындын улуулугу" деген макаласы жарыяланды. Анда Коргоолдун эскерүүсүнө таянып, Алымкан баянына байланыштуу төмөндөгүдөй пикир айтылыптыр: "Эгерде Коргоолго ишенсек Токтогул менен Алымкандын ортосунда эч кандай сүйүү болгон эмес. бирок, эл өзү сүйгөн акындын арзыган селкиси болбогону менен келише албады. Ошентип, Алымкан жөнүндө уламыш пайда болгон.
Биздин окуганыбыз (Алымкан туурасында ­ А.К.) бактысыз сүйүү жөнүндөгү учуртма. Тагыраак айтканда, өткөн мезгилдин социалдык учуртмасынын нугунда кайталанган ашмалтай уламыш. Бул Токтогулдун өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдегендердин оюнан чыгарылган нерсе".
* * *
Менин жекече баамымда, Токтогул акындагы Алымкан сулууга болгон ышкы от, ошондой эле Алымкан сулуудагы Токтогул акындын өнөрүнө болгон куштарлык сыяктуу кош жүрөктү кытыгылаган эки сезимдин тогошууларын "Алымкандан" көрүп тургансыйм. Көмүскөдөн сыртка ой таштай албаган ошол эки сезимден (ачылбай калган купуя сыр, оңунан чыкпаган арзуу) бактысыз махабаттын кычкыл жыты уруп тургандай.
Алымкан ырынын эки каарманы бар: лирикалык каарман ­ Токтогул, экинчиси ­ Алымкан. Чыгармадагы негизги идея - эки жаштын ортосундагы ашыглык сезимдин баяндалышы. Бирок, махабат жолунда эки тараптын багыты кайчы, жалпы тил таба албагандай жагдай баяндалган.
Кыскасы өмүр жолу татаал акындын махабатын Алымкан окуясы менен чектеп коюу бир жактуулук, ашыра айтканда жаңылыштыкпы деген ойдомун. Акындын махабаты жөнүндөгү теманы дагы кененирээк чоюп, биринчи алган жары Тотуянын тагдырына ортоктош изилдөө иштерин жүргүзүүнү сунуш кылаар элем…
"Ала­Тоо" журналы,
1991­жыл, № 2, 131­132­беттер.

* * *
Алымкан темасына калемгерлер: Уран Ботобеков, М.Убукеев, А.Кайбылдаев, Самсак Станалиев сыяктуу калемгерлер акыркы жылдарда көңүл бура кайрылышып, бир топ иликтөө иштерин жүргүзүшүп, эл ынана турган бараандуу макалаларды жазышкан. Алардын арасынан Уран Ботобеков менен бир нече документалдуу романдардын автору жазуучу жана котормочу Самсак Станалиевдин жазган макалаларын салмактуу иликтөөлөр катары кабыл алаар элем.
Мен жогоруда эки автордун атактуу Алымкан тууралуу жазган макалаларын гана мисалга келтирдим. Эгер Шабданбай Абдрамановдун жогорку биз жазып кеткен макаласына таянсак же ишенсек дейбизби, анда таптакыр эле Кетмен­Төбө жергесинде да, Аксы жергесинде да Алымкан аттуу инсан жашаган эмес болуп, жашаган күндө да, ал Токтогул акынга тиешеси жок эле аялзаты болуп калышы мүмкүнбү?.. Азырынча кашкарлык Алымкан "жеңебиз" тууралуу талкууну кийинчерээкке жылдырып, Аксы элинде да ушундай ысымдагы адам жашаганбы, Токтогул булардын кимисине көңүл буруп, кимисине ашыктык ырын ырдады экен?.. Ушуга байланышкан дагы бир фактыга көңүл бөлүп көрсөк…

Аксы, Субан бий, Алымкан жана Жамшитбек…
Акыркы жылдарда айрым бир басылмаларда Алымкандын ушул мезгилде Аксы тарапта жашап жаткан өз небереси Жамшитбек Тазабеков аттуу карыя өмүр кечирип жатканын окуп билдим эле. Жогорудагыдай Токтогул сүйгөн бир эле эмес, эки Алымкан тууралуу эки ача пикирлер пайда боло баштаганынан улам, ошол аксакалга жолугууну эңсеп, эбин таап, баралбай жүрүп, кантсе да ал кишиге сөзсүз жолугуп, тарыхты тактап кайтуу ниетинде 2008­жылдын 6­ноябрь күнү атайын ат арытып, жол карытып,
Булбулуң акын Жеңижок,
Байкатып эми айтып бер.
Кутмандуу жерим Малкалды,
Качанкы өткөн заманда,
Кырылып калбай төрт­түлүк,
Күнгөйдө оттоп мал калган,
Мааниси калып ошондон
Мал калды деп аталган, ­ деп теңдешсиз акын Жеңижок сүрөттөп өткөн Аксы аймагынын Малкалды айылынын тоо түптөп жайгашкан Таштак деген чет жакасында жашап жаткан 81 жаштагы Жамшитбек карыяны өз үйүнөн таап, Алымкан тууралуу бир топ суроолорго жооп алып кайттым. Аксакал абабыз ушул жашка келсе да, баскан­турганы тың, короо сыртында адырга карай мал айдап жүрүптүр. Бизди өтө жылуу кабыл алып, сөз арасында тамаша ыргытып, бизди күлдүрүп отурду. Мен Токтогул, Алымкан жөнүндө акыркы мезгилде бурмаланган сөздөр жазылып, айтылып жүргөнүн айтып түшүндүрсөм, ал киши да бул маселеден кабардар экенин билгизди. Мына ошол маселелерге байланыштуу атайын издеп келгенимди билгизип, бир топ суроолор менен кайрылдым:
­ Жамшитбек аба, Токтогул сүйгөн айтылуу Алымкан эже сизге ким болот?
­ Алымкан мага чоң эне болот. Алымкан чоң энем ушул Аксы тарапта өткөн эң бир улук манаптардын бири Субан бий деген болгон. Ошол Субан бийдин эң улуу кызы Алымкан, андан кийинкиси Мейилкан, эң кичүүсү Уулкан деген болгон. Бул кишилерди мен көргөнмүн. Үч кызынан кийин Абдылда деген уул төрөлүптүр. Субан бийди мен көрбөдүм, атам деле көрбөптүр. Айрым сөздөрдөн угушума караганда илгерки кишилер аны Субан сырттан адам деп баа беришчү экен. Бир отурган жеринде былк этпей отура берчү, бир жак жамбашы менен жатса ошо жамбашы менен гана жатып экинчи жамбашына оодарылып жатпай туруп кетчү деп айтышып калчу эле.
Көрсө, ошол убакта биздин аталар дагы бай, баатыр адамдардан болуптур. Субан бий мына ушуларды байкап анан, менин чоң аталарыма куда болгон экен. Токтосун, Беки деген эки бир тууган болгон. Токтосуну улуусу, Бекиси кичүү. Беки деген чоң атанын Өмүрбек, Осмонаалы деген эки баласы болгон. Осмонаалыга Субан бий куда болот.
Чоң энем биринчи баласы менин атам Тазабекти, экинчиси Тасманы төрөйт. Ал экөөнү тең мен өз колум менен о дүйнөгө узаттым. Чоң энем мени дайыма өзү менен кошо алып жүрүп чоңойткон. Себеби, көрсө биринчи көргөн небереси ширин көрүнгөн турбаймынбы. Кыргыздар балаңдан да неберең таттуу болот деп коюшат эмеспи. Биринчи тун баласы менин атам да. Азыркы турган тамыбыздын үстү жагында Арстанаалы Осмонбековдун салдырган чоң ак тамы бар эле. Ошондо жашачубуз ал убакта. Атамдар тиги бетте жашашчу. Мен ыйлап калсам "бери кел эле, бери кел", ­ деп койнуна алып жатчу Алымкан чоң энем. Ошентип, а кишинин колунда чоңойдум. А киши беш убак намазын үзбөй окучу. Өзү ошол убактарда жетимиш жашка жакындап калган убагы беле, так эсимде жок. Орто бойлуу, ак саргыл келген көзү балбылдаган сулуу, абдан кур адам эле. Колунан оймо­чийме келген, дасторкондуу, үйүнөн эч качан дасторкону үзүлбөгөн адам болчу. Башка аялдар энемден оймо­ чийменин үлгүсүн чийдирип кетчү. Ошондой болуп колунда чоңоюп жүргөнүмдө, күндөрдүн биринде айылыбызга борбор шаардан бир топ артисттер келди. Айылдагы жаш балдар менен чогуу ойноп жүрөбүз, 9­10 жаштарда болсом керек эле. Жогору жакта Мырзабек болуш дегендин багы бар эле, кечиндеси бригаттар элдин баарын ошол бакка концерт болот, ­ деп чогултуп барды.

(Уландысы бар)

Даярдаган Мамат ӨСӨРОВ,
"Эркин Тоо".












??.??