"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Жалалабадгаз-чарба башкармалыгынын начальниги Исматуллаев Изатулла Юлдашевич менен маек
"Элге газ үзгүлтүксүз берилет"
Исматуллаев Изатулла Юлдашевич 1955­жылы төрөлгөн. Токмоктогу айыл чарба техникумун 1974­жылы аяктап, техник­электромеханик адистигине ээ болуп, 1980­1986­жылдары Кыргыз айыл чарба институтунан окуп, жогорку билимдүү
экономист кесибине, ал эми 1992­1998­жылдары болсо КМУУнун юридикалык факультетинен сырттан билим алып, экинчи жогорку билимди өздөштүргөн. Эмгек жолун 1976­1978­жылдары Жалал­Абаддагы "Кыргызайылчарба техника" өндүрүштүк бирикмесинде группаны жетектөөдөн баштаган, 1982­1985­жылдары соода бөлүмүнүн начальниги, 1987­жылга чейин соода боюнча башкарманын орун басары кызматында эмгектенип, бир топ тажрыйба жыйнаган.
Ал эми 1987­1991­жылдары
Жалал­Абад облусунун күйүүчү майлар менен камсыздоо ишканасынын директору болуп иштейт. 1991­1997­жылдары болсо КРнын
Соода жана өнөр жай министрлигинин Жалал­Абад облусу боюнча соода жана материалдык ресурстар бирикмесинин башкы директору кызматын аркалаган. 1997­жылы КРнын Стройинновация фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалат. 2005­жылы "Кыргызгаз" ААКнын
сырткы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, 2006­жылдын 12­сентябрынан бери Жалал­Абад облустук газ чарба башкармалыгынын
начальниги болуп үзүрлүү
эмгектенүүдө.

­ Изатулла Юлдашевич, сиз жетектеген башкармалыктын быйылкы кыш мезгилине болгон даярдыгы кандай?
­ Быйыл кыш мезгилин жакшы өткөрүү үчүн даярдыктарды жакшыртуу боюнча тээ жай мезгилинде "Кыргызгаз" ААКнын директорунун токтому жарык көргөн. Анда кыш мезгилинде элди үзгүлтүксүз такай табигый газ менен камсыз кылуу боюнча бир топ милдеттер белгиленип, жакшы даярдыктарды көрдүк. Буюрса, быйылкы кыш мезгилинде элдин газга болгон муктаждыгын чечүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда ар бир кызматкерибиз, түзүлгөн бригадалар өздөрүнө жүктөлгөн милдетти так аткарып, табигый газды элге үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча иштиктүү чараларды көрүп келишүүдө. Быйылкы кыш мезгилине карата элди, ишкана­мекемелерди, коммуналдык тейлөө ишканаларын газ менен жетиштүү өлчөмдө камсыз кылабыз. Быйыл техникалык жабдуулардын ремонтуна өзгөчө көңүл бурулду. Жыл башынан бери көптөгөн үйлөргө газ эсептегичтери орнотулду. Ошону менен бирдикте элдердин жана мекеме­уюмдардагы газ эсептегичтеринин пломбалары текшерилип, туура иштеп жатышы көзмөлдөн өттү. Жалал­Абад, Майлуу­Суу шаарларындагы газ түтүктөрү көпчүлүгү сырдалып, сапаттуу ремонттон өткөрүлдү. Кыш мезгилинде ар кандай авариялардын алдын алып, эң зарыл болгон техникалык запастык бөлүктөрдү камдап койдук.
­ Учурда сиз жетектеп жаткан Жалал­Абад облустук газ чарба башкармалыгы кайсыл ишканаларды, канча абонентти тейлеп жатат?
­ Ишканалардан газды эң көп пайдаланган Майлуу­Суудагы лампа чыгаруучу завод болуп эсептелет. Анткени, бул ишкана биздин газдын 60 пайызга жакынын пайдаланат. Андан кийин "Келечек" АКсы, Жалал­Абад шаарындагы тейлөө мекемелерин газ менен камсыз кылабыз. Коммуналдык тейлөө боюнча 75 мекеме, анын ичинен бюджеттик 12 мекемеге газ берилет. Ошондой эле Майлуу­Суу шаарында болсо 13 ишкананы, 2 бюджеттик мекемени газ менен камсыз кылабыз. Жалал­Абад шаарында 13739 абонент, Майлуу­Суу шаарында болсо 5337 абонентти үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылып жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин ишкананын карамагында орто басымдагы 50,5 км, ал эми төмөнкү басымдагы 212,4 км газ линиялары бар. Ал эми 138 газдарды бөлүштүрүүчү пункттар, 219 газ сактоочу кудуктар, ГРС жана АГРС магистралдык газ түйүндөрү болсо 5 даана.
­ Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын көрсөткүчтөрү кандай болду?
­ 2008­жылдын 9 айынын аралыгында Жалал­Абад облусунун аймагына берилген газдын көлөмү 20 млн. метр кубга жетти. Газ өткөн жылга салыштырганда бир кыйла арбын пайдаланылды. Бизди түйшүккө салган нерсе, пайдаланган газ үчүн акыларды өз убагында төлөбөй жаткан ишканалар, адамдар арбын. Өзбекстандан газды сатып алуу үчүн 1 ай алдын ала акысын Өкмөт төлөп берет. Ал эми элге бир ай газ берип, пайдалангандан кийин акыны алып жатабыз. Кээ бир абоненттер туура түшүнбөй, пайдаланган газ үчүн акыны кечиктирип жатышы, биздин ишибизге чоң кедергисин тийгизүүдө. Бүгүнкү күндө биздин дебитордук карызыбыз 40 млн. сомго жетип калды. Анын ичинен 20 млн. сому Майлуу­Суу лампазаводу, жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелер, облустук аймактык оорукана жана башка мекеме­ишканалар. Ал эми элдин карызы болсо 5 млн. сомдун айланасында. Азыр биз тейлөөнүн жаңы системасына өткөнбүз. Берилген квитанцияда жазылган, карызын 20 күндүн аралыгында төлөбөсө, пения кетет. Эгерде газга болгон карызы көп болсо, төлөбөй кечиктире берсе, газ түтүктөрүн кесип салууга барабыз. Кийин карызын төлөп, кайра газ түтүгүн улантууга жаңы жобо боюнча 1200 сом төлөйт. Ошондуктан эл биздин абалыбызды туура түшүнүп, төлөмдөрдү өз убагында төлөп турушса, дайыма газ менен камсыз болушат. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе пайдаланган газ үчүн акыларды чогултуунун эффективдүүлүгүн арттыруу максатында Жалал­Абад шаарында 5 касса уюштурулган. Ал эми Майлуу­Суу шаарынын аймагында болсо 3 касса иштеп, элдер батыраак акчасын төлөөгө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Ал эми такыр эле төлөөдөн жаа бою качкан абоненттердин ишин укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз.
­ Изатулла Юлдашевич, газды уурдап, мыйзамсыз пайдалангандарга кандай чаралар көрүлүүдө?
­ Табигый газды жоготууларды азайтуу, эсебин так жүргүзүү үчүн жаңы үлгүдөгү газ эсептегичтерин орнотууну колго алдык. Ал эми газды өз алдынча мыйзамсыз пайдаланган абоненттер Кыргыз Республикасынын № 238 токтомунун негизинде жоопкерчиликке тартылат. Арийне, газды мыйзамсыз пайдалангандарга каршы күрөшүүдө биздин кызматкерлерге укук коргоо органдары, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери чоң жардам беришип, биргелешип рейддерге чыгып жатабыз. Мындан ары да табигый газды мыйзамсыз пайдалангандарга катуу чараларды көрөбүз.
­ Быйылкы жылы жаңы газ линиялары курулдубу?
­ Бул багытта бир топ иштер аткарылды. Тээ союз мезгилинде курулбаган газ линияларын тартып, Жалал­Абад шаарындагы Дружба, Фабричная, Муса Жалил, Чехов көчөлөрүндө жашаган элдерге газ жеткирилди.
­ Сиз жетектеген башкармалыкта канча адам эмгектенүүдө, аларга түзүлгөн шарттар, социалдык жактан коргоо багытында кандай иштер аткарылууда?
­ Азыркы күндө Жалал­Абал газ чарба тармагында жалпысынан 160ка жакын адам эмгектенет. Алардын өндүрүмдүү иштеши үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн. Кийим­кече, техникалык каражаттар менен камсыз болушкан. Эмгек акылары өз убагында берилет. Эгер өргүүгө чыкса, бир айлык оклад жардам катары берилет. Өткөн эки жылдын аралыгында эмгек акы 3 жолу жогорулап, орточо эмгек акы 6000 сомго жетти. Майрамдарда алдыңкы жумушчуларга сыйлыктар тапшырылат. Эгерде кызматкерлерибиз катуу ооруп калса, бир туугандарынан айрылса, сөзсүз материалдык жардам берилет. Ишканабыздын эсебинен жайкы эс алуу мезгилинде санаторияларга, эс алуу үйлөрүнө жолдомо менен жөнөтүлөт. Ошондой эле жумушчулардын арасында ар кандай спорттук мелдештерди өткөрүү салтка айланган. Баса белгилей кетүүчү нерсе, кызматкерлерибиз өтө муктаж болуп калса ишкананын фондунан 10­20 миң сом үстөгү жок акчаны алып пайдалануу укугуна ээ. Жумушчулар иштен кийин жуунуп кетиши үчүн жаңы душ кабиналарын куруп, ыңгайлуу шарт түздүк. Кыскасы, бизде эмгектенген жумушчулардын эмгеги бааланып, ыңгайлуу шарт түзгөнгө бардык аракеттерди көрүп жатабыз.
­ Башкармалык салыкка жана соцфондго болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөп жатабы?
­ Биздин башкармалык такай салыкка, соцфондго жана башка төлөмдөрдүн түрлөрүн өз убагында төлөгөн шаардагы алдыңкы ишканалардын катарына киребиз. Бүгүнкү күндө ишканабыздын эч кандай карызы жок.
­ Эң алдыңкы тажрыйбалуу кызматкерлер тууралуу да айтып берсеңиз?
­ Чындыгында биздин башкармалыкта өз ишинин устаты болгон дасыккан адистер өтө көп. Алды 30 жылдан ашык, арты беш жылдан бери иштеген ынтымактуу, биримдиги бекем жамаат. Жакында КРнын Ардак грамотасын алган оператор АДС Т.Сидеренко, инженер ӨРПГ Е.Лебедев, оператор АСУ Т.Б.Дамасилна, слесарь АДС Т.Аркадьев, инженер ТБ И.Караматов, айдоочу СПС И.Алахунов, И.Номанов жана Майлуу­Суу участкасынын контролеру Чупрунова, бухгалтер Исмаилова, Кочкор­Ата участкасынын мастери Х.Турсуновдор шаарыбыздын сыймыгы болуп эсептелет.
­ Жаратылыш газын техникалык, коммерциялык жактан жоготуулар азайып жатабы?
­ Биздеги эң орчундуу маселелердин бири коммерциялык жоготуулардын көлөмүн азайтуу болуп саналат. Бул багытта биз иштиктүү чараларды көрүп жатабыз. Өткөн жылга салыштырганда коммерциялык жоготуулар бир кыйла төмөндөдү. Эгерде өткөн жылдын 9 айында коммерциялык жоготуулар 18 пайыз болсо, быйыл биз 11 пайызга чейин төмөндөтүүгө жетиштик. Коммерциялык жоготууну азайтуу үчүн системалык түрдө иш алып барылып, жакшы натыйжалар болуп жатат. Буюрса келерки жылы коммерциялык жоготууларды 9­10 пайызга чейин азайтууга бардык аракеттерди көрөбүз.
­ Изатулла Юлдашевич, куруп берген маегиңизге чоң ыракмат.

Маектешкен
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".












??.??