Колдоо болсо, "Кыргызпочтасы" кирешелүү
Мамлекеттик почта байланышын жүзөгө ашырып жаткан "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын байланыш тармагында жана анын региондорунун инфраструктурасында маанилүү орунду ээлейт жана республикадагы көптөгөн филиалдарды жана почта байланыш бөлүмдөрүн (922 объект) башкарат. Мамлекеттик почта мамлекеттин жалпы социалдык­экономикалык системасынын алкагында иш жүргүзгөн кеңири спектрдеги почталык жана байланыш кызматтарын көрсөткөн татаал чарбалык механизм. Республикадагы 150 почталык маршруттардын узундугу 25967,5 километрди түзөт. Почта жумасына беш жолу областтык жана райондук борборлорго, жумасына үч жолу райондун борбордон почталык байланыш бөлүмдөрүнө, ал эми байланыш бөлүмдөрүнөн 90 километрден алыс аралыктарга жумасына 1 жолу жеткирилет. Почта ишинин өзгөчөлүгү мамлекет тарабынан жөнгө салынып турган социалдык багыты боюнча иш алып баргандыгында турат жана ал республиканын бардык аймагында ар тараптан почталык кызматтарды кепилдиги менен көрсөтүүгө милдеттүү.
"Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу жүзөгө ашырылган финансылык каражаттарды кабыл алуу жана төлөп берүүнүн жалпы суммасы, акча чегерүүлөрдү, коммуналдык төлөмдөрдү, социалдык төлөөлөр ­ пенсияларды, жөлөк пулдарды кошкондо жылына 8 миллиард сомду түзөт. Ошого карабастан "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасында жылдан жылга өтүп келе жаткан каражат таңкыстыгы бар. Мындай абал каражаттарды максатсыз колдонуудан, уурдоодон жана өзүнө ыйгарып алуудан, ошондой эле 2001­2005­жылдарда почталык байланыш кызматтары үчүн тарифтердин өзгөртүлбөгөндүгүнөн келип чыккан.
"Кыргызпочтасындагы" татаал проблемалардын бири айлык акылардын төмөндүгү. Анын натыйжасында персоналдарды тандап алууда проблема жаратууда, ошону менен бирге кадрлардын келип­кетүүсү 40 пайызга жеткен. Профессионалдуулуктун деңгээли төмөндөп кеткен. Тармактын кадрларынын курамы бир кылка эмес, алардын көпчүлүгүнүн кесиптик билими жок, 13 пайызга жакыны гана жогорку билимдүү. Бул эмгек акынын төмөндүгүнөн, азыркы учурда почталык байланыш тармагынын кадыр­баркынын төмөндүгү, республиканын экономикасынын бул тармагынын техникалык жактан артта калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Жаштарды тартуу, кадрлардын потенциалын өстүрүү, социалдык жактан маанилүү болгон бул тармакты өнүктүрүү үчүн почтаны модернизациялоо, анын беделин алда канча жогору көтөрүү зарыл. Аны үчүн инвестиция тартуу керек.
Почта тармагында ушул убакка чейин кол эмгеги басымдуулук кылат. Маалыматтык­коммерциялык технология жок. Бул болсо көп эксплуатациялык чыгашаларга, тармактын кирешесинин азаюусуна алып келүүдө. "Кыргызпочтасынын" балансында турган автотранспорттун эскилиги жетип, пайдалануудан чыгып калган. Ушуга байланыштуу республика боюнча почта транспортту жалдоо менен жеткирилип калган. Бул почта ташуунун чыгашасын алда канча көбөйткөн. Почталык байланыштын райондук байланыштарынан жана бөлүмдөрүнөн КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана "Кыргызпочтасы" МИнин жетекчилигине иштин шарты жана айлык акылардын төмөндүгү тууралуу арыздар көп түшүүдө. Айыл жерлериндеги почтачылардын айлык акылары 680 сомдон 1000 сомго чейин, орточо айлык акылары 976 сомду түзөт. Чүй областында жана Бишкек шаарында почточулардын айлык акылары 810 сомдон 2114 сомго чейин. Орточо айлык акылары 1314 сом. "Кыргыз Республикасынын почта байланышы жөнүндөгү" Мыйзамдын 22­статьясында белгиленген кепилдиктер (жайкы жана кышкы кийим жана бут кийим менен камсыз кылуу) аткарылбай келет.
1996­жылга чейин пенсияларды, социалдык жөлөк пулдарды жеткирүү жана төлөп берүү боюнча кызматка байланышкан бардык чыгашаларды сыйлык акы коэффициенти түрүндө "Кыргызпочтасы" үчүн Соцфонд жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан чегерилип турчу. Бирок 1995­жылдан тартып 2003­жылдары бул коэффициент Соцфонд тарабынан 4,2 пайыздан 0,9 пайызга чейин азайтылган.
Почточулардын кыйын абалын эске алып, 2004­жылдан тартып коэффициент бир азга, 2004­жылы 1,1 пайызга, 2005­жылы 1,3 пайызга жогорулап, 2008­жылдын сентябрь айынан тартып "Кыргызпочтасы" МИ менен Соцфонддун биргелешкен чечими менен коэффициент 1,7 пайызга чейин көтөрүлдү, бул почточулардын айлык акыларын анча­мынча жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди, бирок ал деле болсо минималдык керектөө корзинасына шайкеш келбейт. Кышкы жана жайкы атайын кийимдер жана бут кийимдер тууралуу сөз кылбай эле коелу. КРнын Финансы министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жөлөк пулдарды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кызматтарына "Кыргызпочтасы" үчүн комиссиялык сыйлык акынын өлчөмү 1997­жылы 4,2 пайыздан 2 пайызга чейин төмөндөтүлгөн жана бул бүгүнкү күнгө чейин каралбай келүүдө. Бизге байланышкан ишканалардын кызмат көрсөтүү тарифтери беш эседен көпкө жогоруласа да (коммуналдык, электр энергиясы, ташып жеткирүү, күйүүчү жана майлоочу майлардын, запастык тетиктердин наркы) "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы бул көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгашаларды өзүнүн эсебинен жабууга аракет кылып келген. Бирок, азыркы учурда "Кыргызпочтасына" бүгүнкү күндөгү комиссиялык акынын коэффициенти менен иштөөгө мүмкүн болбой калды.
Эгерде комиссиялык коэффициенттин процентин көбөйтүү жагы каралбаса бул кызмат көрсөтүүнүн канчалык маанилүүлүгүнө карабастан "Кыргызпочтасы" жөлөк пулдарды ж.б. социалдык төлөмдөрдү жеткирип төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калат. Анткени, азыркы сыйлык акынын өлчөмү бул кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгымды жаба албайт. КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген кызматтан "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы баш тарткан учурда, аларга коммерциялык структуралардан башка өнөктөштөрдү табууга туура келет. Бул болсо чыгашалардын көбөйүүсүнө, убакытты жоготууга алып келет жана алыскы калктуу пункттарга өз учурунда төлөп берүү үзгүлтүккө учурайт. "Кыргызпочтасынан" башка бир да коммерциялык структуранын бүт республиканын аймагын камтыган филиалдары жок. Жөлөк пулдарды үйлөрүнө жеткирип берүүнүн кепилдиги болбойт. Бул кырдаалды Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жөлөк пулдарды төлөп берүүгө каражаттарды бирдей деңгээлде каржылабагандыгы татаалдаштырууда. Жөлөк пулдарды төлөп берүү каражаттары айдын акыркы күндөрүндө "Кыргызпочтасына" келип түшүүдө. Ал эми жөлөк пулдарды айдын 25ине чейин таратып бүтүү керек. Анын натыйжасында почточулар социалдык төлөмдөрдү түнкү саат 22.00гө чейин таратууга туура келүүдө. Бул болсо акчанын уурдалып кетүүсүнө жана почточулардын өмүрүнө коркунуч туудурбай койбойт. Көптөгөн жылдардан бери топтолгон акча каражатынын таңкыстыгы почта тармагын реформалоого, модернизациялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга, өз убагында айлык акыларын индексациялоону жүргүзүүгө, кызматкерлерге социалдык колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк бербей келет. Алдын­ала баалоолор боюнча республиканын бирдиктүү төлөм системасынын алкагында корпоративдик кардарлардын жана өнөктөштөрдүн процессингдик борборлорун пайдалануучу корпоративдик маалыматтык коммуникациялык системаны түзүүгө 8,5 миллион АКШ доллары; почталык жабдуулар жана автотранспорт менен камсыз кылууга 4,0 миллион АКШ доллары; имараттарды, ички бөлмөлөрдү курууга жана модернизациялоого, техникалык жаңылоого жана эмеректерди коюуга ­ 35,2 миллион АКШ доллары талап кылынат.
Почтаны олуттуу реформалоону жана модернизациялоону жүргүзүү үчүн "Кыргызпочтасынын" жетекчилиги өнөктөштөрдү тартуу жана инвестицияларды табуу боюнча белгилүү бир деңгээлде иш­чараларды көрүүдө. 2007­жылы Ислам Өнүктүрүү Банкынын, Дүйнөлүк Банктын, Бүткүл дүйнөлүк Почта союзунун долбоорлору жүзөгө ашырылып келген, анын жыйынтыктары "Кыргызпочтасына" реформаларды жүргүзүү маселелери боюнча КР Өкмөтүнүн атайын Буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан каралган. Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыктары 2008­жылдын январь айында Өкмөттө КРнын Премьер­министри И.Чудиновдун катышуусунда каралып, жактырылган, анда айрым министрликтерге жана ведомстволорго "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын акцияларынын мамлекеттик пакети менен акционердик коомго айландыруу маселеси боюнча конкреттүү тапшырмалар берилген. 2008­жылдын март айында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйынында Дүйнөлүк Банктын ж.б. эл аралык институттардын Кыргызстанга жардам көрсөтүү стратегиясынын алкагында КРнын мамлекеттик инвестициялар Программасынын "Кыргыз Республикасынын почталык­сактык системасын өнүктүрүү" долбооруна кийирүү жөнүндөгү маселе каралган. Кароонун жыйынтыгы боюнча оң чечимдер кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө почта байланышын менчиктештирүүнү чектөөнү алып салуу боюнча "Кыргыз Республикасынын почта байланышы жөнүндөгү" Мыйзамга өзгөртүү кийирилген. КРнын Өкмөтүнүн "2008­2012­жылдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү приватташтыруу Программасы жөнүндөгү" 2008­жылдын 17­октябрындагы № 518 токтому кабыл алынган, анда мамлекеттен ажыратылуучу жана менчиктештирилүүчү объектилердин тизмесине "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы кийирилген. Эл аралык эксперттер тарабынан айрым чет өлкөлөрдө элеттик почталарга мамлекеттик кандай жардам көрсөтүүлөрдүн бар экендигин белгилеп, аларды сунуштоодо: долбоордук мезгил ичинде (3 жылдан кем эмес) салык, бажы жыйымы, амортизациялык чегерүүлөр, имарат, проценттик төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди берүү; жергиликтүү бийлик органдарынын балансында турган региондордогу почталык байланыш бөлүмдөрү турган имарат жайларын "Кыргызпочтасынын" балансына өткөрүп берүү. "Почталык байланыш жөнүндөгү" КРнын Мыйзамынын 17­статьясында өндүрүштүк, транспорттук жана социалдык инфраструктураны түзүүгө жана өнүктүрүүгө капиталдык салымдар аркылуу мамлекеттик почта байланышы ишканаларынан мамлекеттик бюджеттик колдоо көрсөтүү каралган. Бирок, "Кыргызпочтасы" түзүлгөнүнөн бери бюджеттик жардамды көргөн эмес. Жылына 10 миллион сом өлчөмүндө финансылык каражат талап кылынат. Ошондой эле почталык байланыштын рентабелдүү эмес алыскы филиалдарына жана бөлүмдөрүнө да жардам керек. Бул колдоолордун баары республиканын жылда кабыл алынуучу бюджетинде каралууга тийиш. Кыргыз Республикасынын бюджетинин тартыштыгынан Кыргыз Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк почталык Союзга мүчөлүк акысы боюнча 1999­2004­жылдар үчүн карызды "Кыргызпочтасы" МИ өзүнүн жүгүртүүдөгү каражатынын эсебинен төлөнгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005­жылдын 24­декабрындагы №121­р буйругу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасына 3,3 миллион сом өлчөмүндө каражаттын бир бөлүгү төлөнүп берилген. Редакцияларга ж.б. өнөктөштөргө болгон дебитордук карыздарды төлөп берүү үчүн КРнын Өкмөтү төлөнүп бериле элек 3495934 сом өлчөмүндөгү компенсациялык сумманы кайтарып берсе, почта олуттуу финансылык жардамга ээ болмок. Аягында айтып кетели, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү, анын ичинде өнүккөн өлкөлөр сыяктуу бардык төлөмдөр, мамлекеттик, коммерциялык структуралардын кат алышуулары, банктык ж.б. кызматтар почталык байланыштын Улуттук тармагы аркылуу жүргүзүлсө, анда Өкмөт сөзсүз түрдө мамлекеттин бюджетине киреше алалат.

Даярдаган А.АБИЛОВ,
"Эркин Тоо".