Кут даарыган Сары-Өзөн!

Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Самарбек Күчүков:
"Самаган максаттар алдыда"
- Самарбек Айдарканович, былтыркы жылга салыштырганда быйыл райондо кандай өзгөрүүлөр болууда?
- Биринчиден, өнөр жайыбыздын өсүү темпи 217%га чейин көтөрүлдү. Экономикалык жана социалдык жактан жагымдуу саамалык, жарк эткен жаңылыктар жанданды. Эң урунттуу иштерге токтолчу болсок жаңы өнөр жай ишканаларын курууга аракеттендик. Мисалы, "Кайыңды-Ойл" нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушуна ички, сырткы инвестициядан 3 миллион доллар жумшалды. Буюрса бул ишкана 500 миң тонна нефтини кайра иштетет. Республикабыздын Түндүк канатын күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылууда зор роль ойнойт. Мындай нефтини кайра иштетүүчү кубаттуу өнөр жай ишканасы республикабызда биринчи курулуп жатат. Демек, жеке эле Панфилов районунун эмес, бүткүл өлкөбүздүн өнөр жай тармагында, тарыхында кылымдык кызмат кылат. Ошондой эле Жарлы-Кайыңды капчыгайында "Насоновское" алтын кенин ачуу иштери илгерилөөдө. Тоо кендерин изилдөөдө бир катар кадамдар жанданды. "Пианды" ЖЧКсы, Орто-Арык, Чалдыбар айылдарындагы "Алтын-Кыш" кирпич чыгаруучу ишканалар алгачкы продукцияларын чыгара баштады. Жакында Токмоктогу сүттү кайра иштетүүчү "Элимай" заводунун филиалы ачылды. Ал райондогу сүттү кайра иштетүүчү биринчи ишкана эмес. Айталык "Актан" АКсы баш болгон сүттү кайра иштетүүчү ишканаларыбыз кирешелүү тармакка айланып баратышат.
Кыргызстандын айыл чарбасын толук кандуу өнүктүрүү өзөгүн мал чарбасы түзүүгө тийиш. КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Иманкулович Ногоевдин жетекчилиги менен биздин "Лола" дыйкан чарбасынын базасында жасалма уруктандыруу жолу менен бодо малдын эт багытындагы ата-мекендик тукумун чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүп келген. Кечээ жакында бул багытта республикалык семинар-кеңешме болуп, 40 райондун акимдери, көрүнүктүү айыл жана мал чарба адистери, окумуштуулар, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Искендербек Рысбекович Айдаралиев катышты. Жүргүзүлгөн иштин натыйжасын семинар-кеңешменин катышуучулары өз көздөрү менен көрүштү. Эки жаштагы букалардын салмагы 1,2 тоннаны түздү. Демек, жасалма уруктандыруунун артыкчылыгы бар турбайбы? Ошентип биздин райондо бодо малдын абердин-ангусс жана ала-тоо аргындаштырылган тукумунун тун бет ачары чоң ийгилик менен өттү.
Биздин "Лола" дыйкан чарбасында түптөлгөн мына ушул асыл тукум жасалма уругун даярдоочу борбор- бүткүл республиканын булуң-бурчундагы фермерлерди асыл тукум абердин-ангусс уругу менен камсыз кылуучу биринчи борборго айланып олтурат.
Аталган асыл тукум борборду түзүүгө чоң салымын кошкон КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Иманкулович Ногоевге кандай алкыш айтсак жарашат. Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыттар илим изилдөө институтунун директорунун орун басары Андашбек Кыдырмаевдин өзгөчө салымына чын жүрөктөн ыраазыбыз.
- Сизди өтө тынчсыздандырган, жан дүйнөңүзгө дүрбөлөң салган кандай проблемалар бар?
- Менин эле эмес, бүткүл адамзаттын жан дүйнөсүн сыздаткан глобалдык маселе - суу маселеси. Суусуз турмуш болбосун бүгүнкү мезгил ташка тамга баскандай тастыктап салды. Демек, ирригациялык суу тармагына айрыкча көңүл бурбасак болбойт. Анткени, ирригациялык тармакка кайдыгерлик менен мамиле жасалып келгендиктен, бир жерди суу басса, бир жерде суу тартыш. Суу каналдарын, коллектордук- дренаждык тармактарды, локторду, суу бассейндерин, жасалма көлмөлөрдү кайра калыбына келтирүүгө 24 миллион сом керек эле. Алгач КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин суу чарба департаменти тарабынан 10 миллион сом бөлүнгөн. Биздин казак-кыргыз чек арасындагы "Кара тума" суу сактагычы мурда курулуп бүтпөй калган. Ага 9 миллион куб/метр суу батат. Тилекке каршы, бизге тыйындай пайдасы тийбестен талаага агып кетет. Мына ушул суу сактагычты кайра калыбына келтирүү үчүн 9 миллион сом бөлүндү. Эгерде бул аруу тилегибиз ишке ашса 1,5 миң гектар жер суу менен камсыз болот. Ушул ишке баш оту менен туруп, каржы жагынан жакындан колдоо көрсөтүп, чет элдик инвесторлорду тартууга көмөктөшкөн КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Иманкулович Ногоевге, КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин суу чарба департаментинин башкы директору Бараталы Кошматовго канча алкыш айтсак артыкчылык кылбайт.
Баба-дыйкандардын багын суу ачары баарыбызга беш колдой белгилүү. Чет элдик инвесторлордун колдоосу менен 2-3 жаңы суу сактагычтарды курууга бел байладык. Мисалы, көрсөтүлгөн суу сактагычтардын долбоорун аяктадык. Ага инвестиция тартуунун үстүндө изденип, аракетибизди күчөтүп жатабыз. Айтканга оңой, аткарууга оор милдеттерди аткарууга аттандык.
- Самарбек Айдарканович, 9 айдын жыйынтыгын жалаң цифра, факты менен сүрөттөсөк, чынында сиз айткандай окурмандар кызыкпайт. Фактылар го качпайт, жалпы эл-журттун келечеги үчүн кандай мээнет, кызмат кымбат?!
- Чынында ар бир тармак боюнча пайыз менен сүйлөсөк сөз көп. Ал иштер жүрүп жатат. Мейли өнөр жай, айыл чарбасында, жеке ишкерлик, чакан жана орто бизнесте ж.б. бардык тармакта жылт эткен жылыштар болбой койгон жок.
Өнөр жайды баш кылып бардык тармакты өстүрүүгө болот. Аны бирин-экин мисал менен айтып кеттим. Кана канткенде өнүккөн алдыңкы өлкөлөргө тең ата болобуз? Бул суроого кыргыздын чыгаан уулу коомдук ишмер Исхак Раззаков: "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот" деп небак эле ачык айткан эмеспи. Түптүү эл экенибизге нечен кылымдык тарыхыбыз бар экенине каниет кылганыбыз менен улуттук идеология, рухубуз, дилибиз, тилибиз "бөксөрүп" бараткандай… Себеби сен да, мен да, коом да "таза" болбой баратат окшойт. А, таза болбосок келечегибиз эмне болот? Экс-президентибиз А.Акаев: "Коррупция Ак Үйдүн жетинчи кабатына чейин жетти" деп кабагым, кашым дебей калайыкка жарыя кылганы эсиңиздерден чыкпас… Же элдин 80-90 пайызы сот бийлигине ишенбейт, деп соттордун абийирине доо кетиргенин кимдер билбейт?! Өлкөнү 13 жыл башкарып, коррупция баш болгон кылмыш иштерине белчеден батырып кеткен анын "ыплас" сазынан суурулуп чыгууга 2-3 жыл аздык кылат. Мисалы, еврей элинин тарыхына кайрылсак нечен кыямат кайымдарды баштарынан кечиришти. Мамлекеттүүлүгүн сактай албай чилдей тарашты. Бирок, дилин, улуттук ар намыстарын, улуттук идеологиясын кайда жүрүшсө да туу туткандыктан, 2000-жылдан кийин кайрадан тууларын көтөрүштү. Азыр еврейлер жер жүзүндөгү бирден-бир күчтүү эл экенин далилдешти. Жоголуп бараткан тилдерин болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүп жатышат. Жеке эле тилин эмес, экономикасын, улуттук идеологиясын толук кандуу чыңдашууда. Ар тараптан өнүгүп, өсүшүүдө.
Албетте, биздин элде да улуттук идеологияны туу туткан улуу инсандар болгон. Улуттук идеологиянын күрөө тамыры элди, жерди чын жүрөктөн берилип сүйүү. Ак, таза кызмат кылуу. Биздин райондо жакында элге, мекенге таза кызмат кылган Курама бабабыздын 190 жылдык юбилейин белгилегени жатабыз. Калп айткан менен болобу тээ ал муздак доордон бери эле дүйнө элдери жер, суу чатагы менен кырды бычак болуп келишкен. Азыр деле бул маселе бутада турат. Ар бир улут өз киндик каны тамган Ата конушун "коңшуларга" тарттырып жиберүүгө жол бергилери келбейт. Курама бабабыз Чүй өрөөнүнүн чоң манабы атасы Бошкойдон, бир тууган агалары Байтик баатырдан, Өзүбектен терең таасир алып, эр жеткен.
Бошкой атасы: "Эгерде элим десең, жерим десең Ашмара суусунан коңшу казак элин өткөрбө, чек арага чеп бол" деген экен. Курама бабабыз ата керезин сактап калган. Эгерде Курама бабабыз эр жүрөк эмес, суу жүрөк болгондо чек арабыз тарып, татыксыз уул экени элге беш колдой белгилүү болмок.
Бул тарыхый окуялар бүгүнкү айрым "маңкурттарга" жомок, ал эми биз үчүн унутулгус тарых! Жаш муундар, жаштар элге, жерге, Ала -Тоо алтын Мекенине берилүүнү мына ушул Курама бабабыздын баскан жолунан үйрөнсүн деген ураан менен улуу инсандын 190 жылдык мааракесин жогорку республикалык деңгээлде өткөргөнү жатабыз! Бир ооз сөз менен бул улуу инсандын таржымалын айтууга гезит бети чак келбейт. Кылымдан кылымга насаат болуп калган, жасаган иштери тарыхый деңгээлде иликтенип, изилденип китеп болуп чыгууда. Мугалимдер сабактан тышкаркы тарбиялык сааттарда бул китепти пайдаланып, чек арага чеп болуунун маанисин айтышса, албетте жаштарыбыз патриоттук духка сугарылышат.
Мына ушул улуттук ар намысты, адилет, калыстыкты көкөлөтүүгө зор салымдарын кошкон ардактуу атуулдар жөнүндө айтпасак болбойт. Кечээги партиялык-советтик, бүгүнкү демократиялык доорду курууга карууларын казык кылган, райондук эле эмес, республикалык жогорку жооптуу кызматтарда, жетекчиликте иштешкен аксакалдар Асанбек Сыргатаев, Кеңеш Көкөев, ЖКнын экс-депутаттары Асан Райымкулов, Таштан Иманбеков, Курама бабабыздын урпагы Абыкан Исраилов бизден акыл, насаат кеңештерин аяшпады.
Ал эми каржы жагынан демөөр, жардам, колдоо бергендерден белгилүү коомдук ишмер, ЖКнын экс-депутаты Замирбек Садыбакасович Эсенамановго, "Келечек" кооперативдик чарбасынын башкармасы Турдубек Аспековго, ТКК - "Солар Энержи" ЖЧКсынын башкы жетекчиси Асанбек Абакирович Төрөевге, ошондой эле ишкер мыкты азаматтар Самудин Молдокуловго, Марат Асылбековго жана башка санаалаштарга терең ыраазылык билдиребиз.
Биз улуу эл болгонбуз, улуу эл бойдон, таза бойдон калышыбыз керек. Улуттук идеологияны асмандан эмес, мекенди сүйүү мисалынан издесек, албетте өнүккөн өлкөлөргө тең ата болчу мезгил босогодо. Алдыда асыл максаттар бар. Ынтымак, биримдик менен каалаган тилегибиз ишке ашаарына ишенем.
Айчүрөк Макешова,
"Эркин Тоо".