Cууну сарамжалдуу пайдалануу керек
Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын начальниги Абибиллаев Руслан Арзыкулович менен маек
Абибиллаев Руслан Арзыкулович 1970­жылы төрөлгөн. 1992­жылы К.И.Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтун ийгиликтүү аяктап, жогорку билимдүү инженер­гидротехник адистигине ээ болот. Эмгек жолун 1992­жылы Кара­Суу райондук суу чарба башкармалыгында I категориядагы инженер болуп баштаган. Ал эми 1997­1999­жылдары болсо Ош бассейндик суу чарба башкармасына караштуу Куршабдагы эксплуатациялык суу бөлүштүрүүчү түйүндүн начальниги болуп эмгектенет. 1999­2002­жылдарда башкы инженер болуп, ал эми 2002­2004­жылдары Ош бассейндик суу чарба башкармасында башкы инженер болуп жооптуу кызматты аркалаган. 2004­2007­жылдары Кара­ Суу райондук суу чарба башкармалыгынын начальниги болуп эмгектенет. Руслан Арзыкуловичтин уюштуруучулук жөндөмү, өз ишинин профессионалы экенин эске алышып, 2007­жылы Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын начальниги болуп дайындалат.

­ Руслан Арзыкулович, быйылкы жыл айыл чарба тармагы үчүн оор жыл болгону жалпыга белгилүү. Ош облусунун аймагындагы дыйкандарды суу менен камсыздоо боюнча кандай иштер аткарылды?
­ Чындыгында быйыл аба ырайынын өтө ысык болушу, айыл чарба өсүмдүктөрүнө суу арбын талап кылынып, сууга болгон муктаждык өтө жогору болду. Айрыкча суулуу жер аянттарына суу жетишсиз болуп жатты. Ошого карабастан биз пайдаланууга мүмкүн болгон сууларды натыйжалуу пайдаланууга бардык аракеттерди көрдүк. Сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча иш­чараларды көрүп, райондордо атайын штабдар уюштурулуп, сууну туура пайдаланууга катуу көзөмөл жүргүзүлдү. Баса белгилей кетүүчү нерсе быйылкы жылы суу булактарынан суунун келиши өткөн жылга салыштырганда 60­70 пайызды араң түздү. Мисалы, ири дарыялардын катарына кирген Ак­Буура, Куршаб­Сай, Кара­Дарыя, Жазы­Зергер, Кыргыз­Ата, Абшыр­Ата дарыяларында суунун келиши өткөн жылга салыштырганда бир кыйла аз келди. Ошондуктан сугат аянттарына сууну бир мезгилде берүүгө мүмкүн болбогондуктан, биз сезон башталганда эле сууну кезектешип пайдаланууну, азыраак көлөмдөгү суу менен көбүрөөк аянттарды сугарууну колго алдык. Андан сырткары, түнкү сугатты да уюштуруп, сууну максаттуу пайдалануу үчүн бардык чараларды колдондук. Түнкү сугаттын эффективдүүлүгү эң жакшы экенин дыйкандарыбыз жакшы билгендиктен мындай ыкманы колдонуп, жакшы натыйжаларга жетиштик. Мына ушундай иштиктүү чараларды көргөнүбүзгө байланыштуу дыйкандарыбыз суу боюнча анчейин кыйынчылыкка туш болушкан жок.
­ Быйылкы жылы дыйкандарга канча көлөмдө суу жеткирип берүү каралган эле?
­ Жыл башында белгиленген сууну жеткирүү боюнча планды 85 пайызга аткарууга жетиштик. Быйыл 793,8 млн. м3 суу жеткирүүнү пландаштырган болсок, 9 айдын жыйынтыгы менен 650 млн. м3 суу жеткирип, суу жеткирүү планын 85 пайызга аткардык. Ал эми берилген суу менен 523 миң гектар аянт сугаруу каралган болсо, биз 434 миң гектарын сугардык. Жалпысынан Ош облусу боюнча 100 миң гектар аянтка суу берилет. Кара­Суу, Араван районунда пахта, жашылча­жемиш арбын өстүрүлгөндүктөн суу мол талап кылынат. Ал эми Ноокат, Өзгөн, Алай райондорунда тамеки, жүгөрү, буудай арбын болгондуктан сууну жеткирип берүү иштери жакшы жолго коюлган.
­ Каналдарды, арыктарды тазалоо иштерине кандай маани берилди?
­ Акыркы 2­3 жылда сугат тармактарына көңүл жакшы бөлүнүп жатат. Убагында сугат тармактарын ремонттоп, тазалап, сугат мезгили башталганга чейин бир топ иштер аткарылууда. Республикалык бюджеттен сугат тармактарын жакшыртууга каражат бөлүнүп жатат. Ошого байланыштуу райондор аралык каналдарды ремонттоо иштери жакшы жолго коюлду. Тогуз айдын жыйынтыгы менен планда каралган 12 млн. 266 миң сомдук ремонт иштерин, 9 млн. 969 миң сомун аткарып, планды 81 пайызга аткарып койдук. Азыркы күндө биздин кызматкерлер келерки жылдын сезонуна карата ремонт иштерин башташты. Ал эми ири суу бөлүштүрүүчү жайлардагы ремонт иштерибиз боюнча 4 млн. 974 миң сомдук жумуш аткарылып, план 104 пайызга аткарылды. Ошондой эле убактылуу жасалуучу ремонт иштерине планда 2 млн. 334 миң сом каралып, иш жүзүндө 2 млн. 470 миң сомдук иштер аткарылып, план 106 пайызга аткарылды. Капиталдык ремонтко 2 млн. 442 миң сомдук жумуш аткаруу белгиленсе, 2 млн. 504 миң сомдук ремонт иштери бүткөрүлүп, белгиленген планды 103 пайызга аткарууга жетиштик.
­ Ош облусунун аймагындагы суу сактагычтардын абалы кандай?
­ Учурда биздин облусубуздун аймагында эки суу сактагыч бар. Алар Ак­Буура дарыясынын башында Папан суу сактагычы жана Араван району менен Ноокат районунун аймагында жайгашкан Найман суу сактагычына келип куюлган дарыялардын көлөмү аз болуп, бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Бүгүнкү күндө Папан суу сактагычында 42 млн. куб суу бар, өткөн жылдын ушул мезгилинде 39 млн. куб суу болгон. Биз август, сентябрь айларында атайын иш­чара иштеп чыгып, суу сактагычтарда суунун көлөмүн күздүк себүү аянттарына жетерлик деңгээлде камдап койдук. Ошондой эле Найман суу сактагычында дагы суунун көлөмүн көбөйтүү боюнча бир топ иштер аткарылып, натыйжада аталган суу сактагычта 3 млн. 100 миң куб өлчөмдө суу бар. Араван районунун Төө­Моюн аймагына быйыл 1600 гектар аянтка күздүк себүү каралгандыктан, биз сууну үзгүлтүксүз берип жатабыз. Буюрса дыйкандарга керектүү болгон сууну жеткирип берүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Быйылкы жылы күздүк себүүгө 23 миң гектар аянт белгиленген. Бүгүнкү күндө 60 пайызга жакыны аткарылды. Облусубуз боюнча быйыл 36 миң 726 гектар аянтка күздүк себүү каралган, азыр уюшкандыкта жүргүзүлүп, күздүк себилген аянттарга суу жетиштүү өлчөмдө берилүүдө.
­ Сиздер жеткирип берген сууга дыйкандар акыны өз убагында төлөп жатышабы?
­ Сууну жеткирип берген үчүн акыны дыйкандарыбыз убагында бербей жатышы биздин ишибизге өз кедергисин тийгизип жатат. Облусубуз боюнча жылдын башында 2 млн. 834 миң сом карыз болсо, биз тогуз айдын жыйынтыгы менен дыйкандарга 9 млн. 102 миң сомдук суу жеткирип берип, учурда сууга болгон дыйкандардын карызы 4 млн. 597 миң сомду түзүп жатат. Карызы арбын дыйкандар негизинен Кара­ Суу, Ноокат, Өзгөн, Араван райондорунда көп болуп жатат. Айыл өкмөттөрү менен суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын ортосунда байланыш болбой, төлөмдөрдү чогултууда иштер начар уюштурулгандыктан, биздин ремонт иштерин сапаттуу бүткөрүүгө терс таасирин тийгизип жатат. Бул маселе боюнча облустук мамлекеттик администрациясынын коллегиясында каралып, жылдын аягына чейин райондун акимдери, айыл өкмөттөрү пайдаланган сууга болгон акыны чогултууга губернатор милдеттенмелерди берген.
­ Техникаларды жаңыртууга мүмкүнчүлүктөр болуп жатабы?
­ Эң көйгөйлүү маселелердин бири техникалардын эскирип калганы. Бул маселе боюнча биз Өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылып жатабыз. Каналдарды тазалоого зарыл болгон кубаттуу техникалар, жер казуучу атайын техникалар жетишпейт. Акыркы жолу 2000­жылдары Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен техникалар келген. Алар да 7­8 жылдан бери иштеп, өз ресурстарын аяктап калды. Азыр жер казуучу кубаттуу техникалар менен камсыз болбосок, абал бир топ оор болот. Себеби, ар бир райондук суу чарба башкармалыктары зарыл болгон техникалар менен камсыз болсо, каналдарды, арыктарды тазалап, дыйкандарга өз убагында суу жеткирүүгө өбөлгө болмок. Учурда Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын борбордук аппаратында 18 кызматкер эмгектенет. Алардын дээрлик бардыгы жогорку билимдүү адистер. Андан сырткары, бизде атайын түзүлгөн өзүнчө механизациялаштырылган мобилдүү группабыз бар. Ал жерде 20дан ашык механизаторлор, айдоочулар эмгектенет. Жалпысынан облусубуз боюнча 300дөн ашык кызматкер эмгектенет. Өз ишинин устаты болгон алдыңкы кызматкерлердин катарына Алай районунун суу чарба башкармалыгынын начальниги Келдибек Ашымов, Куршаб эксплуатациялык гидроучасткасынын инженери Шайдулла Камбаров жана башкаларды кошууга болот.
­ Руслан Арзыкулович, куруп берген маегиңизге чоң ракмат.
Маектешкен
Абдиламит ЖУМАШЕВ,
"Эркин Тоо".












??.??