"Кумтөрдүн"
азыркы абалы кандай?
Деген суроого жооп берип жатып, элге дайыма аксакалдык калыс сөзүн сүйлөп келген коммунист, белгилүү коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын тоо­кен өнөр жайчыларынын жана геологдорунун ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев эгемендиктин алгачкы жылдарында эл аралык аферист Бриштейн аркылуу канадалыктардын келгенин, ошол боюнча Кыргызстанга коррупция, ач көздүк, байлык үчүн бардыгын сатып жиберүүгө даяр болуу деген сыяктуу "дарттар" кошо киргенин айтып олтурду. Ошону менен бирге эле өзү менен кошо бир нече элге белгилүү патриот инсандар "Кумтөр" боюнча алдоолорго каршы дайыма күрөшүп келгенин дагы бир жолу билдирди. Айрыкча "Кумтөр" боюнча эл күткөндөй чоң пайдалардын түшпөй калышына Акаев баш болгон бийлик чоң күнөөлүү экенин баса белгиледи. Көрсө, мындай "былык" иштерге мамлекеттик жогорку рангадагы чиновниктер өздөрү көмөктөшөт экен… Ошондуктан, ата­бабалар бекеринен "Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман" деп айтышпаптыр.
"Эркин Тоо" гезити деле "Кумтөр" боюнча калыс, эки тараптуу маалыматтарды байма­бай берип келүүдөбүз. Тилегибиз эле Кыргызстандын көзгө басар ушул алтын кени кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштесе дейбиз. Булар жөнүндө Орозбек Дүйшеевич төмөнкүлөргө токтолду:
­ Биринчиден, мен сиздердин гезитиңиздерге өз ыраазычылыгымды билдирип коеюн деп жатам. Айрыкча соңку убактарда өкмөттүк газеталар "Кумтөр" маселесин адистер менен ачык жана түз сүйлөшүп элге алып чыгып жатасыздар. Бул жалпы калайык­калк үчүн абдан пайдалуу. Анткени, маалыматтардын жетишсиздигинен күмөндүү ойлор пайда болот. Адам баласы ушундай да, жалаң гана оппозициялык маанайдагы гезиттерди окуса бир жактуу пикир түзүлүп калышы мүмкүн. Силердин гезитиңердей болгонун болгондой кылып, бардык тараптардын пикирлери бирдей берилсе калыс, туура маалыматтар элге жетет. Баса белгилеп кетейин, "Эркин Тоо" гезитинин кийинки кездерде ушундай калыс пикирлерди берүү менен окурмандар арасындагы рейтинги жакшы болуп калды деп ойлойм.
Эми берилген суроого жооп берүү жагына өтө турган болсом, акыркы кездердеги жүрүп жаткан дүйнөлүк кризис алтын тармагына эч таасирин тийгизбейт, алтын турат, анын өз баасы бар, аны эч ким түшүрө албайт. Башка нерселердин баасы түшсө­түшөөр, бирок бул жакка тиешеси жок.
"Кумтөр" ­ Кыргызстандын чоң байлыгы. Ал жалпы элибиздин менчиги. Биздин өлкөдө тоо­өнөр жайын өстүрүүдө көптөгөн каталыктар кеткен. "Кумтөр" маселеси жаңы башталганда эле (1992­1993­ жылдар) келишимдер туура түзүлбөй калган. Ошого байланыштуу көптөгөн чыр­чатактар бүгүнкү күнгө чейин созулуп келе жатат. Бул чатактар кайра "Центерраны" (2003­ж.) уюштуруп, ушул келишимге мурунку кездеги Премьер­министр Николай Танаев кол коюп жибергенден кийин кайра күчөгөн. Ушулардын бардыгы тоо­кен өнөр жайына тиешелүү адистер менен кеңешпей жасалгандан улам болуп олтурат. Кыскасы, бул жагынан ачык саясат жүрбөгөндөн кийин сөзсүз коррупция кирип кетет, ал аралашкан жерде балакеттин баары башталат эмеспи.
Кыргызстанга коррупция "Кумтөр" аркылуу кирген. Ошол кезде биздин өлкөгө Борис Бриштейн деген аферист келип, ушул иштин башында туруп калган болчу. Ал гана турсун ошол мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаевдин кеңешчиси деген да кызматты аркалаган. Бийликтегилер Бриштейндин көп акыл­кеңешин уккандыктан, бир топ каталыктар кеткен. Бул нерселердин бардыгы 1992­жылдан башталган…
Азыркы кезде тоо­кен өнөр жайы боюнча адистер айтып жатабыз: "Кумтөр" алтын кени боюнча чет өлкөлүк компаниянын жасап жаткан иштерине, алдыңкы технологияларына эч кандай капачылыгыбыз жок. Бирок, алтындан түшкөн пайданы бөлүштүрүүдө катачылыктар кеткен деп. Ал катачылыктар биздин өлкөбүздүн бийлик башында турган адамдардын сунуштары менен кеткен. Мунун бардыгы Бриштейнге окшогон алдамчыларды чакырып алгандан улам болуп олтурат. Эми мындан ары ушундай каталыктарды кетирбөө ­ негизги милдеттерибизден болуп саналат дедик.
Ушундай багытта Премьер­министр болуп иштеген Алмаз Атамбаев убагында чечкиндүү иш баштаган. Ал атайын адистерди чакырып, Кыргызстанга пайдалуу чечимди табууну сунуштады. Адистер менен олтуруп, талкуулап кеңешүүнүн натыйжасында 3 сунуш пайда болгон эле. Алардын биринчиси ­ "Кумтөрдү" улутташтыруу, экинчиси ­ 2003­жылы декабрда кабыл алынган Өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу, үчүнчүсү ­ жаңыдан түзүлө турган келишимде Кыргызстан үчүн пайдалуу натыйжага жетишүү. Ушунун бардыгын иликтеп олтуруп, биз элибиз үчүн пайдалуу келишимге жетишүү жагына токтогонбуз. Чет өлкөлүктөр менен талашып­тартышып отуруп, акырында Кыргызстандын үлүшүн биз 52%га жеткирдик.
Салыштырмалуулук үчүн айтып коеюн, азыркы учурда "Жерүйдөгү" Кыргызстандын үлүшү 40%, ал эми "Талды­Булак сол жээгиндеги" үлүш дагы 40% болуп саналат. Мында эч кандай чет элдик фирмалар кошулган жок. Ал эми "Кумтөр" боюнча жаңы келишимде чет элдик фирмалар кошулуп олтурганда да Кыргызстандын үлүшү 52%га чыкты. Бул чоң жетишкендик эле. Ушунун негизинде биздин өлкөнүн акциясы мурда 33 миллион болгон болсо, жаңы келишим Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилгенде 66,1 млн. акцияга жетмек. 2008­жылдын февраль айында ар бир акциянын баасы 11 долларга көтөрүлдү. Демек, "Кумтөр" алтын кениндеги активибиздин дүйнөлүк баасы 1 миллиард долларга чыккан. Анан эле Жогорку Кеңештин мурунку, азыркы дагы депутаттары бул келишимди бекитпей, жаңы комиссиялар түзүлүп кайра карай баштоодон улам, акциянын баасы түшүп кетти.
Азыркы кездеги "Кумтөрдүн" акциясынын баасы 1 доллардан да кем болуп калды. Ушунун баары "Кыргызстанда улам чатак боло берет экен, аларга ишенүүгө болгудай эмес" деген күмөндөрдөн улам болууда. Жыйынтыктап айтканда, биздин акциябыздын баасы 15 эсеге азайды.
Бул деген, биздин өлкөнүн активи 1 млрд. доллардан (жаңы келишимди Жогорку Кеңеш бекитпей койгондон кийин, биздин акциябыз 66,1 млн. эмес, 15,5 млн. эле болот, калганын Танаевдин Өкмөтү сатып жиберген) 150 миң долларга түштү. Демек, бул Кыргызстан өз активинен 800 миң доллардан ашык чыгымга учурады деген сөз.
Эми "Кумтөрдүн" мындан аркы жана келечек маселелерине токтоло турган болсом, бүгүнкү күндө талаш­тартыштар боюнча 3 кырдаал турат. Биринчиси ­ "Кумтөрдү" улутташтыруу (мамлекеттин карамагына алуу). Мындай жолдун аягы өтө татаал. Эл аралык соттордон Кыргызстан утулушу мүмкүн. Болгондо да өлкөнүн төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок зор айыптарга жыгылуу менен. Анын үстүнө ишкана бизге өткөндө деле Кыргызстандын иштетип кетиши күмөн. Себеби, "Кумтөр" өтө жогорку технология менен иштеп жатат. Бул жумуш ыргагын улантып кетүүнүн өзү зор кыйынчылыкты туудурат. Азыркы учурда "Кумтөрдө" 2000ге жакын жарандарыбыз орточо эсеп менен 35­40 миң сомдон айлык акы алып иштеп жатышат, бул жагынан да кол жууйбуз. Эми "Кумтөрдүн" тегерек четтеги элге берип жаткан жардамдарын айтпай эле коеюн. Ошондуктан, бул жол алгылыксыз.
Экинчиси ­ жаңы келишимди карабай эле мурдагыдай калтыруу. Анда Акаевдин убагында түзүлгөн келишимдер күчүндө калат, "Кумтөр" боюнча коррупция өөрчүйт. Элге түшө турган пайданы коррупционерлер мурдагыдай эле уурдап, жеп­иче беришет. Ошондуктан, Кыргызстанга бул жолдун пайдасы өтө аз.
Үчүнчүсү ­ Атамбаев Премьер кезинде түзүлгөн келишимди азыркы Жогорку Кеңеш тездетип кароо жагы. Муну Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев да баса белгилеген. Бул боюнча учурдагы Өкмөт начар иштеп жатат деп айтсам деле болот. Албетте, биздин комиссия чечкен жаңы келишимге дагы кошумчалар болсо абдан жакшы болоор эле. Маселен, ошол кездеги чет өлкөлүктөр менен түзүлгөн 52%дык көрсөткүч Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аракети менен дагы жогору көтөрүлсө, абдан сүйүнмөкпүз. Бул элге да, мамлекетке да пайдалуу болот. Бирок, ушул жерден дагы бир нерсени айта кетишим керек, Президент ошол кезде "Кумтөрдөн" түшкөн пайда боюнча Кыргызстандын үлүшү 50%га чыксын деген көрсөтмө берген, биз аны 52%га чыгарып жатпайбызбы. Бул жагынан мамлекет башчысынын тапшырмасын 104%га аткардык. Кана, эми азыркы Өкмөт 52%ды дагы жогорулатып жиберсе. Кошумча 1%дын өзү эле бизге чоң пайда алып келет. Бирок, мындай нерсенин аткарылышы кыйын. Анткени, бул жерде Кыргызстан, Канада, Монголия мамлекеттеринен башка дагы көптөгөн чет өлкөлүк фирма, компаниялардын үлүшү бар.
Деги эле жаңы келишим түзүүнүн өзү чет өлкөлүктөргө кереги жок. Алар Акаевдин убагында түзүлгөн келишим менен иштеп келишкен, ошол боюнча дагы эле иштей беришет. Мындан биздин өлкө эле утулуп жатпайбы. Ушуну азыркы Өкмөт, Жогорку Кеңеш түшүнүш керек да жаңы келишимди карап, бекитүүнү ылдамдатуу зарыл жана милдеттүү. Эгерде ал бекитилип кала турган болсо, Кыргызстанга сезилерлик чоң пайдалар тез эле түшө баштайт.

Азизбек ЧАМАШЕВ,
"Эркин Тоо".












??.??