Көзү ачык - Жейн Диксон
1963­жылы 22­ноябрда жума күнү Вашингтондогу бирден бир абройлуу "Мейфлауер" ресторанында коомчулуктун каймактарына тиешелүү үч аял -адмирал Коуптун жесири, филантроп­миллиардерша Кауфман жана белгилүү көзү ачык Жейн Диксон отурушту. Официант аларга шилекей агызган омар, флорентий жумурткасын алып келгенде көзү ачык Жейн: "Менин негедир табым айнып, аппетитим жоголду, мунун бир тогологу да тамагымдан өтө турган эмес, жараткан өзүң сактай көр, бүгүн биздин президент бир балээге дуушар болот окшойт…" ­ дейт.

"Ал каза болду"
… Ошол маалда жанатан бери ойноп жаткан оркестр тып токтоп, дирижердун жанына ресторандын администратору пайда болуп, ресторанда отургандарга президент Кеннедиге кол салуу болгонун кабарлады.
"Ал каза болду", ­ деп ачуу кыйкырган көзү ачык боздоп ыйлап жиберди. Бу кайгылуу кабар ага өтө оор тийди. Себеби, ал октябрдын орто ченинде Кеннединин үй­бүлөсү менен байма­бай катышкан Кей Хол менен жолукканда ага Ак үйдү, өзгөчө президент бара турган түндүк­батыш Техасты кара туман чулгап, күн өткөн сайын ал коюуланып төмөндөгөнүн, бул өтө жаман белги экенин, президентти ал жакта ажал күтүп жатканын айтып, Кей Хол айымдан президент Жон Кеннеди Техаска баруудан баш тартуусун аябай өтүнгөн. Тилекке каршы Кей Хол мындай өтүнүч менен президентке кайрылуу макоолук болоор… керек болсо ал шылдыңдап күлөөр деп Жейндин айтканына анча деле маани бербейт…
А Жейн Диксон бир жерде тура албай абдан кыйналат. Себеби, ал алдыда боло турган окуяны ­ болгондо да жаман окуяны сезе билүү эмне экенин өтө жакшы билет. Тээ илгери 1952­жылы ыйык Матвей соборунда ал өтө бир таң калычтуу нерсе көрөт: Вашингтондогу Ак үйдүн төбөсүндө 1960 деген сан пайда болуп, андан көз уялткан аппак нур чачырап, АКШнын президентинин резиденциясында шыңга бойлуу, саргыч чач эркек пайда болот. Көп узабай эле кайдан­жайдан кара туман басат, Жейндин ички туюму ага 1960­жылы шайлоодо демократтар жеңишке жетишет, тилекке каршы ал адам киши колдуу болуп өлөт деп айтат.

Түрдүү сүрөттөргө бай (шарик) айтоголок
Американын биринчи көзү ачык айымы ­ Жейн Диксон 1918­жылы 3­январда Висконсин штатындагы Медворде шаарында төрөлгөн. Америкадагы жыгач иштетүүчү өнөр жай тармагынын капчыктууларынын бири ­ кичинекей Жейндин атасы ­ Пинкерт үй­бүлөсү менен Калифорнияга көчүп келет. Жейндин көзү ачыктыгы өтө эле эрте ­ бала чагында билинет. Жаңыдан тили чыккан Жейн энесинен "Кара жээктүү кат" менен ойногусу келгенин айтканда, энеси өтө таң калат. Себеби, үйдө андай оюнчук болгон да эмес. Качан гана арадан бир жума өткөндөн кийин атасынын кайтыш болгондугун билдирген кара кагаз алганда гана кызынын эмне жөнүндө айткандыгын түшүнөт энеси.
Кийинчерээк ата­энеси мектепте окуган уулу Эрниге футбол ойноого тыюу салганда, ал Эрни келечекте "улуу футболист" боло тургандыгын айтып, ага болушат. Анын айтканы төп келип, он жылдан соң эң мыкты футболист катары Эрнинин ысмы Кызыл китепке жазылат.
Алгач күндөрү Пинкерттин үй­бүлөсү кичинекей Жейндин айткандарына анча деле маани беришпейт. Мисалы, ал атасы ага Чикагодон кара, ак чоң ит алып келээрин, коңшуларынын коендору тордон чыгып качаарын алдын ала айтат. Ар дайым анын айткандары төп келет.
8 жашка чыкканда Жейнди энеси Лютер Бербанктын менчигинде жашаган цыган­төлгөчүгө алып барат. Кыздын алаканын өтө кунт коюп караган төлгөчү бу кичинекей Жейн келечекте эң бир атактуу көзү ачык болоорун, анын "колундагы сызыктар" миң жылда бир кездешээрин айтып, цыган­төлгөчү Жейнге хрусталь шарын белек кылат. Анын айтымында ал аны менен "келечекти айта алат имиш". Ар түрдүү сүрөттөрү бар бу "оюнчук" Жейнге өтө жагат. Алгач андан көрүнгөндөргө ал маани деле бербейт. Бирок кудайга ишенген эне андан көзү ачыктыктын белгисин көрөт. "Жараткан сага көзү ачыктыкты берген соң, сен аны жеке өзүңдүн кызыкчылыгыңа эмес, элге арнашың керек", ­ деп кызына ар дайым эскертет. Бул жерден айтып коюшубуз керек, Жейн энесинин бу айткандарын ар дайым эсине бекем сактап, эч унуткан эмес.
Тогуз жашка чыккан Жейн тааныштарынын алдыдагы тагдыры жөнүндө айта баштайт. Кичинекей көзү ачык кыздын дайынын уккандар Пинкерттин үйүнө келе башташат.

Скептик үчүн божомол
1939­жылы Жейн бай ишкер Жеймс Диксонго турмушка чыгып, Вашингтонго көчүп келишет. Арадан бир аз убакыт өткөн соң өзүнүн скептик күйөөсүнө жараткан ыроологон көзү ачыктыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт… Ал жолдошу Жеймстен Чикагого барба деп ыйлап өтүнөт. Аяганданбы, айтор калганды каалабаса да макул болот. Эртеси радиодон өзү уча турган рейс кырсыкка учурап, самолеттогу бардык жүргүнчүлөр кайтыш болгондугун угат. Ошондон кийин жолдошу Жейндин көзү ачыктыгына шектенбей, анын айткандары чын экендигинен эч күмөн санабай калат.

Кызматтык тизме
Убакыт өткөн сайын Жейн Диксондун көзү ачыктыгы Вашингтонго толук тарайт. Керек болсо аны жогорку деңгээлдегилер да баалай башташат. 1944­жылы ноябрда өлкө президенти Рузвельт Диксонду өзүнө чакырат. Майыптардын креслосунда отурган бу кайраттуу адам Жейнди өтө таң калтырат. Бардык чындыкты так жашырбай айтууга бел байлайт ал. Катуу оорулуу президент, андан баштаган ишимди аягына чыгаруума менин канча убактым калды деп сураганда, ал: "Алты ай, мүмкүн андан да аз", ­ деп жооп берет.
Вашингтондо ошол эле жылдын жаз айында официалдуу визит менен жүргөн Уинстон Черчиллге шайлоого барбаңыз, утулуп каласыз,­ деп кеңеш берет. Британиянын лидери америкалыктын болжолуна: "Англия мени эч качан жер каратпайт", ­ деп корооздоно жооп берет… Белгиленген мөөнөттө өткөн шайлоонун жыйынтыгында ал премьер­министрликтен кол жууйт.

Таң калычтуу төп келген айтуулар
АКШнын өзүндө болгон окуяларды эске албаганда Жейн Диксондун Советтер Союзу боюнча айткандары биринчи орунду алмак окшойт. 1953­жылы 14­майда Диксонду Эн­Би­Си программасына түз эфирге чакырышат. Ал теле көрүүчүлөргө жакында Непалда болгон окуяларга байланыштуу көргөндөрүн ортого салууну чечет. Бирок, алып баруучу жаңыдан эле Жейнди телекөрүүчүлөргө, ал жердегилерге тааныштырып бүтө электе, студияда отурган бөлөк катышуучу, АКШнын СССРдеги мурдагы элчиси Дэвис: "Айтыңызчы, Маленковдун премьер­министрлиги дагы узакка созулабы?" ­ деген суроону узатат. Хрусталь шарына карап туруп Жейн: "Көзү көк, тоголок жүздүү адам Маленковду эки жылдан кийин же андан азыраак убакыт өткөн соң алмаштырат", ­ деп тез жооп берет.
Отставкадагы элчи: "Орусияда премьерлер эч качан отставкага кетишпейт: алар кайтыш болушат же аларды атышат", ­ деп борсулдап күлөт. Ага катуу ачуусу келген Жейн эч нерсени ойдон чыгарбаганын, бар болгону хрусталь шардан гана көргөнүн айтат.
Кайрадан хрусталь шарына караган Жейн Орусиянын алдыдагы келечеги жөнүндө сөзүн улайт. Орусияны жакында сакалчан адам башкараарын, тилекке каршы ал Москвада көпкө чейин отурбастыгын, аны бою кичинекей, толук, башында чачы жок адам алмаштыраарын, асманга шарлар учурулуп, алар жерди айланып учушуп, көгүчкөн сымал орустун жол башчысынын ийнине коноорун айтат. Бир аз ойлоно түшүп Жейн ­ орустар дүйнөдө биринчилерден болуп космоско жасалма спутник учураарын, бул аларга дүйнөдө чоң үстөмдүккө ээ болушуна зор көмөкчү болоорун кошумчалайт.
Көзү ачыкты кийинки күнү советтик элчи Зарубин конокко чакырат. Жараткан Жейнди адамдарга өтө эле сейрек кездешүүчү белекке эгедер кылгандыгы жөнүндө жылуу кебин айтып, андан советтик космостук программа жөнүндө кайдан билгендигин сураганда ал: "Кудайдан", ­ деп түз жооп берет. Анын айткандары арадан эки жыл өткөндөн кийин ишке ашып, Министрлер Советинин председателдигине сакалчан Булганин келет, аны кичине бойлуу, такыр баш, толук Хрущев алмаштырат. Ошентип Жейндин эки жыл мурда Эн­Би­Си программасында айткандары төп келет. Арадан он жыл өткөндөн кийин гезиттерге даярдаган гороскобунда Жейн Диксон келе жаткан жылда Орусияда чоң өзгөрүүлөр болуп, Хрущев бийликтен кетээрин айтат. Ал да туура чыгат.

1946-жылы күз айында Жейн Диксон индиялык элчиге бир жылдан кийин анын өлкөсү экиге бөлүнөөрүн айтат.
- Миссис Диксон, эч качан андай болбойт! - дейт ал.
- Болот, деп так жооп берет Жейн. Керек болсо ал качан боло тургандыгын так айта алам: ал 1947-жылы 20-февралда болот дейт.
- Эгер сиздин айтканыңыз келсе, мен өлгөн карганы жээгө даярмын. Жейнге жолуккан сайын ал айткандарын качан болоорун эскерте берет. Бир аз чыдап күтүү керектигин айтат, Жейн ага. Кийинки күнү эле өлкөдөгү бардык басылмалар жаңы Пакистан мамлекети пайда болгондугун билдирген маалыматтарды жарыялайт.

Даярдаган Бактыбек ИМАМАДИЕВ




"Токмокский гормолзавод" ААК
2008­жылдын 3­декабрында акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу өтөөрү жөнүндө маалымдайт:

Күн тартиби:
1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү.
2. "Банк Центр Кредит" АК менен ири бүтүм жасоо. "Банк Центр Кредит" Акнын кредиттөө лимити боюнча "Vita industry" ТОО милдеттенмеси боюнча "Токмокский гормолзавод" ААКнын кыймылсыз мүлкүн жана жабдууларын соттон тышкары сатуу укугу менен күрөө (кайра күрөөгө коюу) катарында берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Өткөрүү орду: Чүй облусу, Токмок шаары, "Токмокский гормолзавод" ААК өнөр жай аймагы. Акционерлерди каттоо: саат 9.00дөн 10.00гө чейин.

Чогулушка катышууга укуктуу акционерлердин тизмесин түзүүнүн акыркы күнү ­ 2008­жылдын 2­декабры.

Чогулуштун күн тартибине коомдун ири бүтүмдү жасоосу жөнүндөгү маселе киргизилген, ушуга байланыштуу каршы добуш берген акционерлер көз карандысыз баалоочунун баалоосуна ылайык баада өздөрүнө таандык акцияларын коомдун сатып алуусун талап кылууга укуктуу. Чогулушту өткөрүүгө даярдык көрүүдө акционерлерге берилүүчү материалдар менен акционердик коомдон же (0­3138) 5-54­09 (Токмок шаары), 53­52­63 (Бишкек шаары) телефону аркылуу таанышсаңыздар болот.

ОАО "Токмокский гормолзавод"
объявляет о проведении внеочередного общего собрания акционеров, которое состоится
3 декабря 2008 года

ПОВЕСТКА ДНЯ:
1. Утверждение состава счетной комиссии.
2. Совершение с АО "Банк Центр Кредит" крупной сделки. Дача согласия на передачу в качестве залога (перезалога) с правом внесудевной реализации по обязательствам ТОО "Vita industry" по лимиту кредитования в АО "Банк ЦентрКредит" недвижимого имущества ОАО "Токмокский гормолзавод".

Место проведения: Чуйская обл., город Токмок, Промзона ОАО "Токмокский гормолзавод". Регистрация акционеров: с 9.00 до 10.00 часов

День закрытия списка акционеров, имеющих право участвовать в данном собрании 2 декабря 2008 года.

В повестку дня собрания включены вопросы о совершении обществом крупной сделки, в связи с чем акционеры, проголосовавшие против вправе требовать выкупа обществом, принадлежащих им акций по цене согласно оценки независимого оценщика. С материалами, подлежащими представлению акционерам при подготовке к проведению собрания, можно ознакомиться в акционерном обществе или по тел.: (0-3138) 5-54-09 в гор. Токмок, в гор. Бишкек53-52-63 ).

ОАО "Innovation" (Инновэйшион)
извещает итогах внеочередного
общего собрания акционеров
состоявшийся
по адресу: г.Бишкек,
ул.Туголбай-Ата, 67-70, 24 сентября 2008 г. 14-00 часов.

Повестка дня:
1. О реорганизации Общества путем преобразование в Общество с ограниченной ответственностью.
2. О порядке и условиях преобразования:
3. Утверждение наименования ОсОО "Илимкенч Плюс".
4. Об утверждение передаточного акта.
5. Выплата разницы Уставного капитала.
6. О порядке обмена акций на вклады (конвертация).
7. Об утверждении Устава и подписания учредительного договора ОсОО "Илимкенч Плюс".
8. Утверждение размера Уставного капитала ОсОО "Илимкенч Плюс".
9. Избрание Генерального директора ОсОО "Илимкенч Плюс".
10. Перерегистрация Общества в органах юстиции Кыргызской Республики.