Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик расмий гезити

№85, 04.11.08-ж.





  Кутман курак

АСАНДЫН ААЛАМЫ
Ар бир атуулдун өмүр таржымалында өзү жашап келген, жашап жаткан жана алдыда жашай турган ааламы болот. Ушул жагынан алып караганда Асан Жунусовдун ааламы башкалардан өзгөчө айырмаланып турат десем жаңылышпаймын. Албетте ар бир журналисттин өз алдынчалыгы бар сыяктуу эле анын жалпылык жактары да көрүнүп турат. Мындай карасаң биз, журналисттер, бири-бирибизден анча-мынча эле айырмаланып турабыз. Жазган темаларыбыз, көтөргөн маселелерибиз боюнча дегеним. Бул өңүттөн карай келгенде Асакемдин биз айта турган ааламы таптакыр башкача, өзгөчө экендигин дагы бир жолу баса белгилеп айтамын.
Анын ааламына басма сөздүн бардык проблемалары батып, бактылуу да, татаал да тагдыр жолу татымдуу жемишин берип келе жатат десем жаңылышпаймын. Серп салып көрүңүз, жарым кылымдык жашоо-турмуш кечирип, анын отуз жылга жакынын ооматтуу күндөрдүн накта күрөшкө толгон күрөө тамырында күйүп-жанып, күлгүндөй курагын мээнет менен өткөрүп, мезгилди карытып келатканы менин баамымда, көз алдымда сүрөттөй тартылып турат.
Элеттен келген кечээги эле бала бүгүн элүүгө чыгып, эл-журтунун алдында эмгегинин эсеп-чотун берип жатат десе эч бир ишенгиң келбейт экен. Кантип эле Асакебиз жарым кылым жашап койду деп ойлоно түшөсүң. Көрсө, убакыт деген учкан куштай көкөлөп, кээде колго карматпай, карматса да ойт берип оюн салып кете берет тура…
Эстеп көрсөм, экинчи ирет Асан иним жөнүндө ак кагазга бирдемелерди чиймелеп жатыптырмын. Биринчиси - отуз жылдай мурда болгон окуя эле. Анда мен республикалык төл гезит "Советтик Кыргызстанда" кабарчы болуп иштеп жаткамын. Ошондо Асан Ноокаттан келип, мени жердеш агасы катары эш тутуп, аттуу-баштуу редакциянын астанасын аттап, маанилүү маселелерди көтөргөн макалаларды жазып, гезит менен байланыш түзө баштаган. Анын акыры жаман болгон жок. Көп узабай көөдөнүндө көмүскө жаткан таланты ачылып, журналисттик кесипке болгон ышкысы ойгонду. Анан бул багытта атайын билим алуунун зарылдыгын терең түшүндү да, ошол мезгилдеги Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине кирип окууга дилгирлене баштады. Ал учурда журналист болом дегендер ар кайсы редакциялардан окуу жайга жолдомо кат алар эле. Биз Асанга "Советтик Кыргызстан" гезитинен жолдомо бердик. Анткени анын бул басылмага бир нече материалдары жарыяланган болчу. Университеттин кабыл алуу комиссиясы ошол мезгилдеги партиялык кадыр-барктуу чоң гезиттин жолдомосун көрүп алып таң калышыптыр. Баарыга белгилүү журналистиканын устаканасынын устасы болуп калган, маркум Токтосун Мамбетсариев агайыбыз "сен муну кантип алдың", -деп сураганын Асан ар дайым сыймык менен айтып жүргөнүн билем. Анткени ал кезде мен деген абитуриенттер да райондук, облустук гезиттерге макала жазып, ошолордон гана жолдомо алышчу. Ал эми "Советтик Кыргызстандан" жолдомо алуу дегендин өзү чоң бакыт болчу…
Ошентип, ооматы арткан Асан иним биздин зор ишенимибиз менен окууга кирип, ал жерде билим алды. Редакция менен дайыма байланышып турду. Такшалды. Кийин окууну аяктап, бүт өмүрүн журналисттик кесиптин ысык-суугуна арнады. Эң алды кыргыз радиосунда иштеп, чыгармачылыктын алгачкы чыйырын салды. Калеми менен кадыр-барк жыйнап, каадалуу эмгек өтөдү. Андан кийин Чүй облустук "Чүй баяны" гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы, "Кыргыз Туусу" гезитинде кабарчы, жооптуу катчынын орун басары, Аламүдүн райондук "Аламүдүн кабарлары" гезитинде башкы редактор, кызматтарында эмгек өтөп, ал басылмаларда ак ниет, адал мээнети менен басма сөздүн баркын да, шартын да терең билүүгө жетишти.
"Баарын айтпай, бирин айт" дегендей, мен Асандын отуз жылдык ооматтуу жылдарына ой чуркатып, ар кайсы иштерин аралаштырып айта бербей, өзүм менен чогуу эмгектенген үч жылдын ичиндеги эле үлкөн салымына сереп салсам баары жетиштүү болор деп эсептеймин. Анткени "миң уккандан бир көргөн артык" демекчи, мен "Эркин Тоо" гезитине башкы редактор болуп келгенде Асанды жооптуу катчылыкка кызматка чакырып алып, үч жыл бирге иштеп, анын кандай журналист экендигин өз көзүм менен көрүп, билип калдым. "Эркин Тоодо" башкы редактордун орун басары кызматын да аркалап жүрдү. Адатта, редакциянын күрөө тамыры болуп, жылуу канын айлантып турган жер - секретариат болот. Ошон үчүн бул жерди бекеринен "гезиттин штабы" деп аташпаса керек. Чындыгында, кээ бир кабарчылар, бөлүм башчылар жумалап иштебей, жазбай койсо деле гезит чыга берет. Кептин баары катчылык ишти катыра иштеген кызматкерлерде турат. Ошондуктан кээ бир кесиптештерим тамашалашып: "Секретариатта иштеген балалуу аялдай" деп калышчу. Мунун чындыгы бар экендигин өз башыман өткөргөн жылдардан улам жакшы билем. Анткени мен дагы сексенинчи жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин секретариатынын кызматкери катары эки жылдай иштеп, үйдүн бетин көрбөй калгамын. Анын үстүнө бул чоң гезит күн сайын чыкчу эмес беле. Азыр, кудайга шүгүр, "Эркин Тоо" эки жолу жумасына чыкса да жумушу көп. Муну журналисттер жакшы билишет: гезитти пландаштыруу, материалдарды топтоо, тердирүү, макеттештирүү, дизайнын жасоо, басмакана менен байланышта болуу, жада калса ар бир сандын дежурларын дайындоо… Айта берсек аз эмес. Ушулардын бардык этаптарында башкы редактор менен байланышта иш жүргүзүлөт, аны менен кирип-чыгып, макулдашылат. Кыскасы, кыбыр эткендин баары жооптуу катчынын жоопкерчилигине байланышат. Ушунун баарын убара тартып айтып жатканым - аздыр-көптүр Асан инимдин күндөлүк ишин күзгүдөн чагылдырып, күрөш деген эмне экендигин эл-журттун эсине салып коеюн дегеним.
Секретариаттын мындай майда-барат көрүнгөнү менен мааниси зор иштери менен алпурушуп жүрүп, макала да жазганга жетишкен журналисттерге таң калам. Асакем ошондой журналисттерден. Анын ааламынын экинчи бир жагы мына ушунда жатат. Көп жылдардан бери көшөрүп изденип, кыргыз спортунун кыйырына көз чаптырып, анын ар түрдүү жактарын гезит бетине чагылдырып келет. Журналисттик ишмердигинде республикалык, эл аралык маанидеги конкурстарга катышып калемин сынап келет. Бул аракетинин жемиши үчүн бир нече ирет республикалык жана эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгонун жакшы билебиз. Азыр да "Эркин Тоодо" эркин чабыттап, улуттук спортубузду узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткирүүдө кыйла үзүрлүү эмгектерди жасап келатат. Айтор, Асандын ааламына терең сүңгүп кирип, айта турган кеп-сөздөр али алдыда деп ойлоймун…
Элпек мүнөзү менен элге жагып, эмгеги менен Мекен жүгүн аркалап келаткан Асан иниме айтаарым: ар дайым асманың ачык болсун, чыгармачылык өмүрдүн чыныгы даамын татып, үй-бүлөң менен (Асакем келинибиз Турсунбүбү экөө үч кыз бир уулду тарбиялашууда) үлкөн бакыттан ажыраба, мээнетиң менен мезгилди карытып, кыргыз басма сөзүнүн багын ачкандардан боло бер!

Эсенбай КАЛДАРОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жазуучу-публицист.




Арийлердей так жүрөт
"Эркин Тоо" гезитинин жооптуу катчысы Асан Жунусовдун
50 жылдык мааракесине арналат

Алыс жактан байкалган күлүктүгү,
Асан иним асыл ой, жигит гүлү.
Бир мүнөткө сүйлөшүп, маектешсең,
Бийиктиги билинген бийиктиги.

Элпектиги бар анан жазгы желдей,
Түнү "дежур" жылдызды, айды көрбөй.
Берлин эмес, Ноокатта туулса дагы,
Өз ишине тапа так ­ арийлердей.

Мүнөзү бар калптардын үнүн чапкан,
Чындык үчүн лезвие кырын баскан.
Тетир кыйшык жактарды кесип өтүп,
Темир жолдой түз кетет бурулбастан.

Элүү жашка чыкса да кызды күткөн,
Студенттей үчүнчү курсту бүткөн.
Бир уул жана үч кызга ата болуп,
Терип келет асмандан кутту түшкөн.

Мойнуна алып кимдиндир күнөөлөрүн,
Ушак айтпайт артынан бирөөлөрдүн.
Ааламдын ал ак, аруу тарабында,
Бүкүрлөрдүн көрсөм дейт түзөлгөнүн.

Келин бала Ат­Башы жайыгынан,
Ак­Муз аттуу атактуу айылынан.
Ал акылман, жароокер болбогондо,
Оодарылмак Асакем кайыгынан.

Элдин алган жигитсиң баталарын,
Элүү жаштан экини жаша дайым.
Үйүңөрдө чуркурап үйүңөрдө,
Ойноп жүрсүн балдары бак таалайдын!

"Эркин Тоо" гезитинин
эмгек жамааты.