Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик расмий гезити

№85, 04.11.08-ж.





 2008-жыл - Чыңгыз Айтматов жылы

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сооронбай ЖУСУЕВ:
"МЕН БИЛГЕН ЧЫҢГЫЗ"
(Башталышы өткөн сандарда).
Бир күнү кечки тамактануу учурунда Чыңгызга жолуксам, ал эмнегедир чарчаңкы, көңүлү суздай сезилди. Анын себебин билгим келип сурасам: "Бүгүн дурустап эс алалбадым, иштей да албадым. Эми эле көңүлдөгү оюмду кагазга түшүрөйүн деп жатсам, эшигим тыкылдайт. Ким болду экен деп эшикти ачсам, эки-үч студент кыз-жигиттер. Ломоносов атындагы атактуу университеттин "Интернационалдык достук клубунун" мүчөлөрү экен. "Биздин студенттер сиз менен жолугушууну абдан каалашат. Сиз менен сүйлөшүп, жолугууга макулдугуңузду алып келүү үчүн атайын өкүл кылып бизди жиберишти. Биз менен жолукпай койбосоңуз экен. Студенттер сизге жолугууга өтө ынтызар",-дешет. Макул болууга туура келди.
Андан кийин түшкү тамакты ичип болгон соң бир аз чырм этип алайын деп төшөккө кынтайсам, көзүм эми эле илинген кезде эшик дагы тыкылдады. Көзүмдү ушалап, эшикти ачсам, биздин айылдык тааныш жигит. Чочуп кеттим: "Ой, сен кайдан? Мени кантип таптың? Тынчтыкпы? Деги айылдагылар аман-эсенби? Кандай зарыл жумуш менен келип калдың?" деген менин таң калыштуу суроолорума анын берген жообу бул болду: "Сени издеп Фрунзеге телефон чалсам, Переделкиного иштегени кеткениңди айтышты. Жамбылга жеттим да, 52 сомго белет алып Москвага учуп келип, сени менен көрүшүп турган кезим. Быйыл биринчи жолу көп чеснок эктим эле, сонун өстү, мол түшүм алдым. Жамбылдын базарына түшүп, чесноктун баарын жакшы баа менен бат эле сатып бүтүрдүм. Чөнтөгүмдү кампайтып алып, эми сенин кашыңа келип турган кербезим. Сөздүн кыскасы, сага атайын келгенимдин себеби: бул жерден мага бир "Волга" алып бер. Менин сенден атайын сураган нерсем ушул. Сенин колуңдан келет. Сөзүң бардык жерге өтөт. Кыргызда башкалар алалбаган эң жогорку, эң ардактуу наамдардын ээсисиң. Анын баарын санап отурбайын. Колуңдан келип турганда мени Москвадан келишкен ак "Волга" миндирип жөнөтө көр!"-десе болобу. Айылдаш жигитин мейманканада эс ала тур, эртең барып сүйлөшөм деп кетириптир. Көрсө, Чыңгыздын көзү шишимик тартып, чарчап турганынын себеби ушул турбайбы.
Эртеси Чыңгыз ашканага кадимкидей тыкан кийинип, кооз жагоо тагынып келди. Кечеги жумуштар менен шаарга барат экен. Партиянын борбордук Комитетинин катчысы Зимяниндин кабыл алуусунда болуп, анда "Байчечекей" журналын чыгаруу боюнча маселени биротоло бүтүрүп, кыргыз жаш жеткинчектерин өтө зарыл журналдуу кылууга өз үлүшүн кошмок экен. Өзүнүн дем алуу күндөрүндө да кыргыздын атактуу уулу ар кыл түйшүктөн арылбаганына ошол күндөрү күбө болгонум алиге менин эсимде.
1978-жылдын акыркы айында Чыңгыздын дүйнөгө келгенинин 50 жыл толушуна арналган салтанат көңүлдөгүдөй өтүп жатты. Тойго алыстан көп кадырлуу меймандар келишти. Тойго келген меймандарды бир эле тойдун ээси эмес, анын тууган-туушкандары, жакын достору да бөлүшүп, меймандап ызааттоо байыртан келе жаткан элибиздин жакшы каада-салттарынын бири. Чыңгыз менен макулдашып, негизги салтанаттуу жыйын өткөндөн кийин дагы бир-эки күнгө өргүп калышкан Чыңгыздын меймандары балкар калкынын даңазалуу акыны Кайсын Кулиевди, калмак калкынын айтылуу акыны Давид Кугультиновду мен конокко чакырдым. Экөө тең үч томдон турган ыр китептерин белекке беришти. Давид Кугультиновдун үч томдугуна баш сөздү Чыңгыз жазган экен. "Мына, ушул силер олтурган үйдө мындан 21 жыл мурда Чыңгыз менен бирге турганбыз" деген сөзүмө кадырлуу меймандарым бир жагынан ишене бербегендей, экинчи жагынан таң калышкандай карашты. Атактуу акындар менен маектешип олтуруунун көркүн ыктуу да, акылдуу да тамашалары менен кыргыздын укмуштай шайыр акыны Түмөнбай Байзаков чыгарды.
Чыңгыздын туулуп-өскөн мекени "Манас ата" тоосунун этегиндеги Шекер кыштагында өткөн тойго Фрунзеден барган бизге Алматыдан, Ташкенден, Жамбылдан келген меймандар кошулушту. Той кайталангыс жогорку деңгээлде өтүп жатты. Сый тамак кезинде сөз кезеги мага келгенде: "Чыңгыз биздин досубуз, курдашыбыз, жакыныбыз, каламдашыбыз, таламдашыбыз",-дедиңер. Анын баары туура, бирок силердин бардыгыңардан менин айырмам Чыңгыз менен бир квартирада үч жыл бирге жашаган жалгыз гана менмин",-деп олтургандардын бардыгын күлдүргөнмүн. Чыңгыз кийин Люксембургда элчилик кызмат аткарып, бизден бир топ алыстап кеткени баарыбызга маалым. 1985-жылдын августунда көптөн бери көрүшө, жолугуша албаган Чыңгыз менен дидарлашып, эс алып, жай олтуруп маектешкенди туура таптык. Чыңгыздын үй-бүлөсүнө чайды мен бермей болдум, Жунай дачасын бермей болду, Шаршен Усубалиев болсо Чыңгыздын үй-бүлөсүн чакырып, машина менен дачага жеткирмей болду. Маркабай Ааматов бизге жалпы кол кабыш көрсөтмөй болду. Ошенттик. Ошол күнү аба ырайы сонун болуп турду. Чыңгыздын жубайы Мария менен жакындан тааныштык. Чыңгыз, уулу Элдар, мен үчөөбүз тээ төмөн түшүп, Аламүдүн суусун бойлоп, сайды кыдырып, көпкө жүрдүк. А биздин жубайлар Мария, Алпейим, Шааркүл бул учурда аялдарча кеңири кобурашып, чер жазышып ыраазы болушту.
Түштөн кийинки олтурушта Чыңгыз өз тостун биз үчөөбүзгө-Жунайга, Шаршенге, мага арнады: "Кызыл кыргынга катышып, каныңарды төгүп, өз салымыңарды кошуп, мындан туура кырк жыл мурда силер алып келген жеңиштин үзүрүн дагы узак жылдар көрүүңөрдү чын дилимден каалаймын!"-деди. Чыңгыз кадимки кыргыз даамын сагынып калгандай, айрыкча жөргөм, куйрук-боорду табити тартып турганын байкадык. Тамакка аралаш чыгармачылык жөнүндө да сөздөр сүйлөнүп жатты. Биздин сурообузду канааттандырып, Чыңгыз өз чыгармачылыгы жөнүндө да айтып берди. "Кылым карытар бир күн" романынан кийин "Плаха" деген жаңы роман жазып бүтүп, кол жазмасын "Новый мир" журналына тапшырганын, романдын кыргызча атын кандай атоону ойлонуп жаткандыгын айтты. Ал кыргыз адабиятында кандай жаңылыктар бар экенин билгиси келген суроосуна Жунай Мавлянов тийиштүү жоопторду берип жатты. Анан мага кайрылып, азыр кандай идиректүү, жөндөмдүү жаш акындар өсүп келатат деп сурады эле, бул кездеги таланттуу акындардын бири азыр биздин арабызда экенин айтып, ага Маркабай Ааматовду тааныштырдым. Бардыгыбыздын өтүнүчүбүздөн улам Маркабай өзүнүн үч-төрт жакшы ырын окуп берди. Анын ырларын Чыңгыз өтө дыкаттык менен угуп, купулуна толгонун билдирип, астейдил кол чапты. Чыңгызга башта жолугууга мүмкүн болбой жүргөндүктөн, бир топ убакыттан бери сатып алынып, топтолуп калган анын китептерине ушул учурдан пайдаланып кол тамга жаздырып алдык. Ошентип, Чыңгыз менен кечке чейин сонун эс алган, жадырап турган 25-август күнү көңүлүбүздүн тереңинде кала берди.
1994-жылы июнь айында мени кызым Анар өзү иштеген мекемесинен Швейцарияга иш сапарга барган болучу. Бир күнү Цюрих шаарынан үйгө телефон чалды: "Цюрих шаарында немецтер да көп жашайт экен. Шаардан Чыңгыз Айтматов менен жолугуу болот. Автор немецче чыккан китебине кол тамга берет" деген кулактандыруулар илинип турат. Ошол жолугууга барсамбы деймин". Мен: "Барып, жолуккун. Алыс жерде андай жолугуу ага сөзсүз дем берет. Менден салам айткын!"-дедим. Ошол жолугуу жөнүндө кызым Анардын айтканы: "Чыңгыз аганын немец тилинде чыккан жаңы китебин сатып алышып, ага кол тамга койдуруш үчүн кезекке тургандардын сабы өтө эле узун экен. Мен эптеп алдыга өтүп, көтөрүп барган бир кучак жоогазын гүлүн Чыңгыз агайга сунуп, аны куттуктап: "Мен Сооронбай Жусуевдин кызымын. Атым- Анар"-деп айтсам, Чыңгыз ага гүлдү кубанып алды да: "Ыракмат, Анара, жакында эле суук кабар уктум: Ашым Жакыпбеков дүйнөдөн өтүптүр. Анын оорусу кандай оору болду экен?"-деп сурады. Мен аны билбестигимди, Швейцарияга келгениме жыйырма чакты күн болгонун айттым. "Э, Анарка, бул жерде эмне кылып жүрөсүң?"-деп Чыңгыз таң калып сураптыр. Анар иштеген мекемесинен иш сапарга келгендигин айтып, Чыңгызга ийгилик каалап коштошуптур. Анар өзү менен бирге барган аял узун кезектин аягында турганын көрүп, аны ээрчитип барып, колундагы китебине Чыңгызга кол тамга койдуруп бериптир. Анардын таң калганы өтө эле узун кезекке турушуп, чет элдик окурмандар кыргыздын атактуу жазуучусунун китебине ушунча ынтызарлык менен кол тамга алып жаткандыгы. "Кап, Европанын атактуу өлкөсүнүн борборундагы ушул көрүнүштү-Чыңгыздын жазуучулук аброюнун кандай бийиктигин биздин ала-тоолуктар да өз көздөрү менен көрүшсө, өздөрүнүн нукура таланттуу уулу үчүн дагы бир жолу сыймыктанышып, жүрөктөрү балкымак"-дейт Анар. Швейцариялыктардын Чыңгызды кантип урматташкандыгы алиге чейин кызым Анардын көз алдында.
Ушул жерде Чыңгыздын жанагы китебин немец тилине которгон Фридрих Хитцер жөнүндө айтып кетүү орундуу болуп турат. Чыңгыз жөнүндө көп уккан жазуучу жана журналист аны менен жолугуу үчүн дагы эки аял журналисттер менен бизге келип, Кыргызстан Жазуучулар союзуна Чыңгызды табуу максатында кайрылышат. Чыңгыз ал күнү кечкурун гана үйүнө келерин билген соң, Теңдик Аскаров мага Анатолий Сальниковду кошуп берип, меймандарды алаксытып келүүгө жумшады. Алдын-ала айтып койгондуктан "Аламүдүн" совхозунун жетекчилери меймандарды ачык мээрим менен тосуп алышып, дасторконду кең жайып сыйлашты. Бирок, бир нерсе гана жетпей турганы сезилди. Себеби ал кезде Горбачёвдун ичкиликке тыюу салган учуру эле. Совхоздун жетекчилери ошол чечимди так аткарышып, этияттанып жатышкан экен. Аларга ыраазылыгыбызды билдирип, ыракмат айтып коштошуп, биздин "Рафик" жогорудагы "Ала-Арча" альплагерине бет алды. Ал жердеги карагайлардын арасында адамдар эс алып олтуруп, тамактанчу столдорду даярдап коюшканын көрдүк. Сальников экөөбүз ал столдордун бирине гезит дасторкон жайып "дипломаттан" бадыраң, помидор жана бөтөлкөлөрдү алып чыгып койгондо, немец меймандар дароо жанданышып, жүздөрүндө жылмаюу пайда болду. Көңүлү бир кыйла көтөрүлүп, жайдаңдай түшкөн мейманыбыз Фридрих Хитцер мындай деди: "Мындан бир канча жыл мурда биздин элдерибиз бири-бири менен касташкан эле. Ал кездеги майдангер жоокер акын Сооронбай Жусуев мына азыр биз менен бирге олтуруп, бизди сыйлап олтурат. Биз Гёте менен Гейненин тукумдары кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун даңкын алыстан угуп, аны менен жолугууну эңсеп келип олтурабыз. Өткөн өттү, адамдар бир бирин кыруучу коркунучтуу алаамат ылайым кайталанбасын. Бир бирибизди жакшы түшүнүп, бир бирибизге урмат менен кароонун доору башталганына бардыгыбыз кубанычтуубуз!" "Ала-Тоо" мейманканасындагы Хитцердин бөлмөсүнө кирер менен столдо жаткан: "Сооронбай, меймандарыңды алып, биздин үйгө тезинен келсең болот",- деп Чыңгыздын өз колу менен жазган кагазды окуп кайрадан "Рафикке" түшүп жөнөп калдык. Токтогул көчөсүнүн бурчундагы үйүнөн Чыңгыз уулу Элдар экөө чыгып турушкан экен, меймандарды жылуу ырай менен тосуп алышты. Меймандар менен таанышып, маектешүү узакка созулду. Чыңгыздын дасторконуна коюлган "Консул" арагынан ичип олтуруп, жакын досу Горбачёвдун ичкиликке каршы чыгарган өкүмүнө башка сансыз кишилердей эле Чыңгыз да баш ийбегенине ынандык. Мен өз сөзүмдө эки сөз чебери өз ара тил табышып, чыгармачылык байланыштары калыптанып, үзүрлүү жемиш беришин кааладым. Ошондо Чыңгыз менен жүз көрүшүп алгач таанышкан Фридрих Хитцер Чыңгыздын чыгармаларынын көбүн немец тилине мыкты которгон чебер котормочу экенин көрсөттү. Ал экөөнүн достугунун башталышына күбө болгондугум үчүн мен да курсантмын.
Өткөн жылдын ноябрынын этек ченинде Абдылдажан Акматалиев үйгө телефон чалып: "Чыңгыз Төрөкулович силердикине кирип эле, кайра чыгарын айтты",-деди. Мен ага: "Келгиле, кайра качан кетериңерди көрө жатарбыз",-дедим. Чыңгыз келип, дүйнөдөн өтүп кеткен жубайым Шааркүлгө куран окуп, анын жакшы аял, жакшы эне болгондугун эскерип, мага көңүл айтты. "Нагима апам экөө бул квартирада ынтымактуу жашап, бир бирин укмуштай ызаатташчу эле",-деди. Чыңгыз үй-бүлөсү менен бул эки бөлмөдө мындан 47 жыл мурда жашаган кезин эстеп, чай ичип ашыкпай көпкө чейин олтурду. Ушул бөлмөдө уулум Бактыяр бир жашка чыкканда Чыңгыз менен Теңдик Аскаров экөөнү сыйлап олтурганда Чыңгыз: "Бактыяр мейли тамеки деле тартсын, бир аз ичкилик деле ичсин, бирок эң башкысы жакшы адам болсун!"-деп каалоо айтканы эсимде. "Ошол Бактыяр азыр Искендер аттуу балалуу болуп, ал бир жарым жашка чыгып калды",-деп айтсам, Чыңгыз убакыттын билинбей учуп жатканын бир сезгенсиди. Бул жолу ал биздин үйдө эки жарым саатча болду.
Менин иш кабинетимде ар кыл китептерге, сүрөттөргө кунт коюп карап, бир топ убакыт өткөрдү. Бир көлөмдүү китепти колуна алып карап көрсө, өзүнүн казак тилинде чыккан китеби болуп чыкты. Ал "Тау мен дала хикаясы" деген китеби экен. Китептеги "Адабиятта үзөңгүлөш жолдошум Сооронбай Жусуевге чын жүрөктөн! 24.10.1964-жыл" деген өзүнүн кол тамгасын көрүп: "О-у, ошондон бери туура кырк жыл өткөн турбайбы!"-деди Чыңгыз. Ооба, мындан кырк жыл мурда мен Медеодогу дем алыш үйүндө иштеп, эс алып, үйгө кайтардан мурда Казакстан Жазуучулар союзуна кире кетейин деп бурулсам, андагы Чыңгыздын достору: "Оо, сонун болбодубу!" Чыңгыздын китебин чыгары менен басмадан азыр эле алып келип, эми ага кантип берип жибериштин жолун билбей жаттык эле",-дешип кубанышып, жаңы китептин он нускасын Чыңгызга тапшырууну менден суранышкан. Ошол он нуска казак тилиндеги китебин Чыңгыздын колуна карматарым менен ушул нускасына мага кол тамга жазып берген болчу. Андан башка да Чыңгыз кол тамгасын койгон анын көптөгөн китептери менен китепканамдын эң ардактуу текчесинде турат да, ал китептердин авторунун ысмы дайым көңүлүмдүн төрүндө.