Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик расмий гезити

№83, 28.10.08-ж.





  КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Жумагулов Ташбоо Рахманбердиевич

"Элибиздин түшүгүнүн ойгото алдык"
- Ташбоо Рахманбердиевич, кыргыз тили- мамлекеттик тил, ал эми орус тили- расмий тил деп билебиз. Бул эмнени түшүндүрөт? Расмий тилдин укугу мамлекеттик тилдин укугунан жогору дегенди билдиреби?
- Дүйнөнүн бир да мамлекетинде орус тилине бизчелик жогорку даражаны берген мамлекет жок. Жападан жалгыз Кыргыз мамлекети гана бул тилге расмий тил деген даража берген. Конституциясына жазган, ал турсун ЖКнын мыйзам чыгаруу палатасынын расмий тил жөнүндөгү мыйзамы да бар. Бул кыргыз элинин расмий тилге болгон айкөлдүгү деп түшүнсөк болот. Бул расмий тил деген мамлекеттик тил менен катар эле иш-кагаздарын жүргүзүп, жыйындарда сүйлөсө болот деген сөз. Же болбосо, орус тилдүү кыргыз эмес улуттарга болгон жеңилдик, ийкемдик. Ал эми мамлекеттик тил деген бирөө гана болот. Ал биздин улуттук тилибиз. Демек, бардык иш-кагаздары кыргыз тилинде болуп, жыйындар да, эл аралык келишимдер да улуттук тилде гана жүрүш керек. Тилекке каршы, биз ушул даражага жеталбай келебиз. Бирок, качандыр бир убакта аны туура түшүнүп, кыргыздардын мекенчилдик, атуулдук сезимдери жогорку деңгээлге жеткенде расмий тилден арыла турган мезгил келип жетет деп ишенебиз.
- Көз каранды эмес мамлекет болуп туруп, эң башкы атрибуту-мамлекеттик тил эмне үчүн өз деңгээлинде өнүккөн эмес? Ушул кезге чейин мамлекеттик иш-кагаздары орус тилинде жүргүзүлөт, бийлик башындагылар орус тилинде сүйлөшүшөт, Эл аралык мамилелер да мамлекеттик тилдин негизинде жүргүзүлбөйт. Бул боюнча сиздин кандай пикирлериңиз бар?
- Буга биринчиден өзүбүздүн эркибиз жетпей жатат. Расмий тилде сүйлөш жана эл аралык келишимдерди түзүү жеңил, котормочу да талап кылынбайт. Ошон үчүн ушул тил менен иш жүргүзүп келебиз. А чынында мамлекеттик тил боюнча мыйзамда белгиленгендей биз жалаң мамлекеттик тилде гана сүйлөшүбүз керек. Антейин десек расмий тил деген мыйзам ага кадимкидей таасирин тийгизип жатат. Мекенчил, улутчул, өзүбүздү өзүбүз сыйлаган калк болсок, биз ар дайым мамлекететтик тилде сүйлөп, мамлекеттик тилде иш-кагаздарын алып барышыбыз зарыл. Кыргызстандын калкынын 73 пайызын толук кандуу кыргыздар түзөт. Демек, толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бир гана каалоо, андан тышкары саясый эрк керек.
- Бүгүнкү күндө кыргыз тилин коргогон "улутчул" жана аны тебелеп-тепсеп, кордоп жаткан "улутсуз" адамдар кимдер деп ойлойсуз?
- Биринчи кезекте мамлекеттик тилге маани бербей, аны тебелеп-тепсеп, даражасын төмөндөткүсү келгендер кыргыздар. Биз аларды "киргиздер" дейбиз. Ата-энеси кыргыз, бала бакчадан расмий тилде тарбия алган, орто мектепти расмий тилде аяктаган жана ЖОЖду да расмий тилде окуп аяктаган кыргыздын уул-кыздары. Алар үчүн кыргыз тилин үйрөнүү "тозок", үйрөнгүлөрү да келбейт. Ушул жагдайда тоскоолдуктар көп болуп жатат. Бүгүн биз колдон келишинче алардын аң-сезимдерине жеткиргенге аракет кылып келебиз. Экинчиден, бизде зарылчылык түзүлбөй жатат. Эгерде, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү, оңдоо, түзөтүү киргизилсе, "республикалык, мамлекеттик деңгээлдеги кызматка келгендердин бардыгы мамлекеттик тилди билүүсү зарыл, ЖКнын депутаттыгына шайлана турган талапкерлердин бардыгы жана шаардык, облустук жана райондук мекемелердин жетекчилери милдеттүү түрдө мамлекеттик тилди билүүлөрү керек" деген талап болсо эле мамлекеттик тилибиз дүркүрөп өнүгүп, "гүлдөп" кеткени турат. Бизде ушундай мыйзам жок, учурунда ага да баягы эле киргиздер жол беришкен эмес.
- "Мамлекеттик" деген статуска ээ болуп туруп, эртең кыргыз тили жок болуп кетүү коркунучунда турган жокпу?
- Бул ой мени тынчсыздандырбайт. Анткени, соңку төрт жылда мамлекеттик тилди даңазалоо жана анын кадыр-баркын көтөрүү боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Эң негизгиси элдин аң-сезимдерине бир аз болсо да өзгөртүү киргизе алдык. Эл азыр түшүнүп калды. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин, ушул мамлекетте иштеп жаткан соң эртели-кеч ушул тилди билүү, үйрөнүү зарыл экенин билип калышты. Азыркы айрым саясатчыларыбыздын эрки жетпесе да, кийинки муундун саясатчыларынын эрки жетет деп ойлойм. Алар ушул мыйзамды өзгөртүүгө талап коюшу мүмкүн. Барган сайын элдин саны өсүп жатат, он жылдан кийин Кудай буйруса Кыргызстандын 80-85 пайызы кыргыз калкы болот. Өзгөчө айыл кыдырып орус-кыргыз тилинде аралаштырып сүйлөп барган кызматчыларды айылдын аксакалдары, айрым бир азаматтар "кечиресиз, сүйлөсөңүз кыргыз тилинде сүйлөңүз, болбосо кереги жок" деп кабыл албай, сөзүн укпай коюп жатышат. Мына биз ушуга жетишип, элдин түшүнүгүн ойгото алдык. Мындан ары да колубуздан келишинче бул жааттагы иш-аракеттерди жүргүзө беребиз. Кыргызда "Кимдин жерин жердесең, ошол жердин ырын ырда" деген таамай айтылган кеп бар. Ушуну эске алып, акыркы демибиз калганча талапты күчөтө беребиз.
- Ташбоо Рахманбердиевич, жакында дагы жаңы орфографиялык эрежени кайрадан кабыл алдыңыздар. Эми бул эреженин келечеги кандай?
- Жаңы орфографиялык эреженин келечеги эң жакшы. Бул мурдагы эрежеге караганда абдан шыр кетти. Дээрлик бардык басма сөз каражаттарында бул эреже туура кабыл алынып, колдонуп жатышат. Эми калктын сабаттуулугу да артат, ар кандай башаламандыктарга жол берүү токтотулат. Эл да абдан ыраазы болуп, кубануу, сүйүнүү менен бир топ телеграммаларды жиберип жатышат. Эл талап кылган орфографиялык эреже калыбына келди деп ойлойм. Буйруса, үч айдын ичинде 80 миң сөздү камтыган сөздүктү тез арада кабыл алуунун үстүндө атайын 8 кишиден турган комиссия түзүп иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө КУУнун тил институтунда ал комиссиянын биринчи жыйыны жүрүп баштады. 2009-жылдын март айына чейин жаңы эреженин сөздүгү жер-жерлерге таратылып, бардыгы кабардар боло алышат.