Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик расмий гезити

№83, 28.10.08-ж.





  Кыргыз Республикасынын Адилет министри Нурлан Турсункулов:

"Алдыда аткара турган көп иш бар"
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргызстандын элине 2008-жылдын 17-октябрындагы кайрылуусунда өлкөнү жакынкы мезгилге өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган, алар учурда түзүлгөн социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртууга жана экономиканы андан ары өнүктүрүүгө шарт түзүүгө багытталган.
Президенттин кайрылуусунда көрсөтүлгөндөй "баалуу кагаздардын базары" жана "фонд базары" институттарын күрдөөлдүү пайдалануу зарыл экендигин белгилей кетүү абзел. Ошол эле мезгилде аларды иштетүүнүн мыйзамдык механизмдери бар экендигин, ушундан улам аталган институттарды практикалык өнүктүрүүгө басым жасоо зарылдыгын баса көрсөтө кетмекчибиз.
Ушуга байланыштуу жумушчу тобунун алкагында "Юридикалык жактарды, алардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн жана жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан. Анда мамлекеттик органдар ортосунда юридикалык жактарды "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоо, кайрадан каттоо жана жоюу боюнча өз ара иштешүүнүн тартибин жана механизмин, тиешелүү мамлекеттик органдар ортосунда катталган субъекттер жөнүндо маалымат берүүнүн жана алуунун тартибин бекемдөө каралууда. Аталган мыйзамды ишке киргизүүгө байланышкан болушу мүмкүн болгон кесепеттерди алдын-ала талдоолор боюнча аталган жаңылыктар жеке ишкердикти ачууга мурда кеткен убакытты кыйла кыскартууга, Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын рейтингин, "ишканаларды каттоонун" индикаторун көтөрүүгө, ошондой эле жалпысынан Кыргызстандын инвестициялык жактан өзүнө тартуусун жакшыртууга шарт түзөт деп ишенимдүү айтууга болот.
Ушул тапта бул мыйзам долбоору, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 24-сентябрдагы № 532 жана № 533 токтомдору менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлгөн.
Президенттин аталган Кайрылуусунда мамлекеттик каражаттарды башкаруунун сапатын жогорулатуу зарылдыгы белгиленген, ошол эле мезгилде коюлган максаттарга жетүүгө шарт түзгөн жолдор көрсөтүлгөн.
Биринчиден, бул башкаруунун мамлекеттик түзүмүн оптималдаштыруу болуп саналат. Ушуга байланыштуу "функциялык талдоонун" ролун баалабай кое албайбыз, анын маңызы болуп уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу, кайталанган жана карама-каршы келген функцияларды жоюу, адам ресурстарын өнүктүрүү жана мамлекеттик кызматка келечектүү жана өз ишин мыкты билген адистерди тартууга багытталган кадр саясатын жүргүзүү боюнча ишти жакшыртуу саналат.
Акыры келип ушул ишти сапаттуу бүткөрүү, биздин көз карашыбызда башкаруунун жыйнактуу, кесипкөйлүк жана отчет бере турган тутумун түзүү көрүнүшүндөгү натыйжага жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Экинчиден, кызматчылардын эмгек акыларын реформалоо. Мында формалдуу кызматты каржылоо ар бир мамлекеттик кызматчынын ишин баалоо менен алмаштырылууга тийиш. Бул кадам мамлекеттик секторго тартылган адамдардын эмгек акысын төлөөнүн азыркы иштеген тутумунан таптакыр өзгөчөлөнүп турат, бирок ушул тапта бул ыкманы колдонуунун мисалдары жок деп да айтууга болбойт. Ушул жагдайдан билим берүү министрлигинин тажрыйбасын мисалга келтирүүгө болот, ал жерде 2002-жылда өткөрүлгөн администрациялык реформанын алкагында "Ресурстук макулдашуу" пилоттук долбоору тажрыйбадан өткөрүлгөн, анын маңызы болуп мамлекеттик органдын жетекчисине өзүнө баш ийген кызматкерге анын министрликке жүктөлгөн милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткарууга кошкон жеке салымына жараша эмгек акыны өз алдынча аныктоо укугунун берилиши саналат.
Мамлекеттик кызматчылардын мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын болушу мүмкүн болгон негизсиз басынтылышына жол бербөө максатында жашоо минимун камсыз кыла турган эмгек акынын өлчөмүн кепилдеген жоболорду иштеп чыгуу жана мыйзам түрүндө киргизүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандан тышкары мыйзамдарда ошондой эле министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери жана башка кызмат адамдары бул же тигил кызматкердин эмгегин баалоодо жетекчиликке ала турган жалпы, объективдүү критерийлерди кароо абзел.
Ушул иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик кызмат кылуунун шарттарын караган, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды сыйлоонун жана жоопкерчилигинин тутумун аныктаган "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынууда. Ошентип, мамлекеттик бош орундарды ээлөөгө талапкер болгон адамдарга коюлган квалификациялык талаптарды кайрадан карап көрүү, ошол эле мезгилде бош орунга талапкердин практикалык ишинин деңгээлинин жана кызмат категориясынын тең салмактуу катнашына жана келечектеги ишинин өзгөчөлүгүнө көңүл буруу абзел.
Кошумча катары айта турган нерсе, Президенттин кайрылуусунда мамлекеттик башкаруу ишинде бул же тигил чечимдерди кабыл алуудан улам пайда болгон мүмкүн болуучу кесепеттерди болжолдоого мүмкүнчүлүк берген стратегиялык багыттын жоктугунун проблемасы өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, көңүлдү учурдагы маселелерди чечүүгө буруп алгандык ушуга шарт түзүүдө.
Ошондон улам ушул учурда мамлекеттик органдарда талдоо борборлорун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү максатка ылайыктуу болчудай.
Мындан тышкары аталган борборлорго мамлекеттик чечимдердин аткарылышына мониторинг жана көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча милдеттер жүктөлүшү мүмкүн. Айрым алганда ушул маселени Өкмөттүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 142 буйругу менен түзүлгөн жумушчу тобунун ишинин алкагында Адилет министрлиги тарабынан иштелип чыга турган "Нормативдик­укуктук актылар жөнүндө" Мыйзамынын жаңы долбоорунда мамлекеттик органдарды такай негизде ушул ишти жүргүзүүгө милдеттендирген тиешелүү жоболорду чагылдыруу жолу менен чечүү мүмкүн.
Жогоруда баяндалган көз караштын алкагында Президенттин кайрылуусунда айтылган дагы бир маселени чечүүнү сунуш кылабыз. Атап айтканда, бардык иштеп жаткан комиссияларды, кеңештерди жана башка кеңешме органдарды инвентаризациялоону, алардын иши кайтарымсыз болгон учурларда ушуга күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин аныктоо менен аларды жоюуну сунуш кылабыз.
Мындан тышкары Президенттин 17-октябрдагы кайрылуусунун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлгөн бир катар иш-чаралар көрсөтүлгөнүн, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын нормативдик­укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамдын 1-беренесине жана Өкмөттүн 2008-жылдын 4-сентябрындагы № 419 токтому менен бекитилген Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине ылайык Өкмөт жыл сайын мыйзам долбоорлоо иштеринин жылдык планын түзөрүн эске алуу менен аталган документте төмөнкү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну көрсөтүү зарыл:
- бөлүштүрүү компанияларынын түзүмдүк бөлүнүштөрүн менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү жаатында, ошондой эле менчиктештирүү жана активдерди башкаруу функцияларын так бөлүштүрүү максатында "Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- мамлекеттик каражаттарды башкаруунун сапатын жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" КР Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- айыл чарба жерлерин жана ушул багытта пайдаланылбаган жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу алкагында "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- региондук соода эркиндиги жана товарлардын жана капиталдын кыймылы маселесин чечүү үчүн "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" КР Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
- ар кандай технологиялык жана инновациялык жабдууларды импорттоого, анын ичинде ташып киргизиле турган жабдууга бардык бажы алымын жоюу жолу менен максималдуу шарт түзүү режимин киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакети;
- билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык саясат тармагында натыйжалуу саясатты киргизүү максатында мыйзам долбоорлорунун пакети.




Сырттан келген азыктар таза болсо…
Кыргызстанга Кытайдан алынып келинген ундан адамдын ден соолугуна өтө зыяндуу келген капровый коңузунун личинкалары табылгандыгы тууралуу кабар бүткүл республикага чагылгандай тез тарап кетти. Атүгүл ал ундар калктын аз камсыз болгон жакыр катмарына таратылып берилиптир деген да каңшаар жайылды.
Ушул жерден бул ундарды кимдер жана кандай негизде алып келишкен деген суроо туулбай койбойт. КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкерчилик бөлүмүнүн маалыматы боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2007­жылдын 23­ноябрындагы буйругуна ылайык Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамагенттигинин "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы аркылуу Кытайдан 5 миң тонна көлөмүндө ун сатып алуусу каралган.
Бул ундун 1475,5 тонна көлөмүндөгү биринчи партиясы 2007­жылдын 31­декабрында келген жана иш жүзүндө бир килограммынын баасы 21,90 тыйын экендигине карабастан республиканын аз камсыз болгон үй­бүлөлөрүнө 15,80 тыйын баасында сатылган. Ал эми ундун 3524,5 тонна өлчөмүндөгү экинчи партиясын жөнөтүү үстүбүздөгү жылдын 14­апрелинде башталып, 7­октябрында бүткөрүлгөн. Бирок, мына ушул акыркы тартылып келинген 116 тоннадан КРнын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы химизациялоо, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин адистери лабораториялык анализ жасоо учурунда унда болжолдуу түрдө капровый коңузу, зыянкечи бар экендигин таап чыгышкан. Андыктан КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын демилгеси боюнча Кытай уну жөнөтүлгөн кампа комиссия менен каралып, ал кампалардан чындыгында эле кайсы экендиги тактала элек коңуздун личинкалары табылган. Мындан тышкары, 2 вагон ачылып, көлөмү көп болгондуктан үстүртөн эле ар бир вагондон 20дан мешок ун текшерилип, алардан эч нерсе табылган эмес.
Ошондуктан, 2008­жылдын 10­октябрында КРнын биринчи вице­премьер­министри И.Айдаралиевге болуп өткөн кеңешмеде бул ундан табылган кандай курт экендигин так аныктоо үчүн карантин кызматынын адисин коңуздун үлгүсүн россиялык лабораторияга жеткирүү үчүн Москва шаарына жиберүү жагы чечилген.
24­октябрда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги ЖМКлар үчүн ушул темага арналган басма сөз конференциясын уюштурду. Ага аталган министрликтин данды жана анын кайра иштетилген продуктуларын экспертизалоо борборунун директору Жолон Омкеев жана Аламүдүн райондор аралык карантин кызматынын жетекчиси Сапарбек Чымырбаев катышты.
­ 30­сентябрда Кытайдан темир жол аркылуу алынып келинген ундарды 7­октябрда министрликтин адистери тарабынан сапаты стандартка туура келээр­келбесин экспертизадан өткөрүү учурунда анда дан корунун зыянкечтери, анын ичинде капровый коңузунун личинкалары бар экендиги аныкталган, ­ дейт Ж.Омкеев. ­ Андыктан, болжолдуу түрдөгү тирүү капровый коңузунун личинкасынын үлгүсү министрликтин карантин кызматынын борбордук лабораториясына жиберилип, ал жерде анализден өткөрүлдү. Бул боюнча акт түзүлүп, министр А.Ногоевге билдирилди, ал болсо Өкмөткө, Мамматрезервге дароо маалымдады.
Эл аралык стандартка ылайык доомат коюу же аны негиздөө үчүн үчүнчү өлкөнүн тыянагы талап кылынат. Ошол себептүү биз Россияны тандадык. Ал жакка капровый коңузунун личинкасынын үлгүсү ­ микроскоптон ар тараптан тартылып алынган сүрөттөрдүн жүз түрү Россиянын Бүткүлсоюздук өсүмдүк карантини илим­изилдөө институтуна жөнөтүлдү. Бирок, биз азырынча анын тастыктоосун ала элекпиз.
Капровый коңузу кожевиддер үй­бүлөсүнө таандык келип, өтө коркунучтуу деп эсептелинет жана карантиндик зыянкечтердин катарына кирет. Ал тамак­аш азыктарынын 100гө жакын түрүн жараксыз кылууга жөндөмдүү келет. Кеңири жайылып кетсе дан азыктарынын 70%га чейинкисин курутуп жок кыла алат. Анын мурутчалары, териси, айтор бул коңуздун ар түрдүү бөлүктөрү азыкка түшсө ууга айланат. Ал рак ооруларын, атүгүл гендик өзгөрүүлөрдү пайда кылат. Аны эч кандай фумигация, пестиция ж.б. ыкмалар менен жоготууга эч бир мүмкүн эмес. Ошондуктан, бул капровый коңузу экендиги тастыктала турган болсо, анда ундун бул партиясы толугу менен өрттөлүп жоготулушу, жок кылынышы же жөнөткөн өлкөгө кайра жиберилиши керек.
Ушул эле ундун бул партиясынын сапатын текшерүүдө ал буудайдан жасалбагандыгы, б.а. глютаминдин меламин менен болгон аралашмасы экендиги да болжолдуу түрдө алдын ала аныкталды. Кыргызстанда меламин биринчи жолу пайда болуп жаткандыктан бизде аны аныктоо методикасы, атүгүл химиялык анализ жасоочу лаборатория да жок. Андыктан, меламин бар же жогун аныктоо үчүн Мамлекеттик сатып алуулар жана матрезерв боюнча мамагенттиктин директору П.Рахманов ундун курамына химиялык, биологиялык ж.б. анализдерди жасоого көмөк көрсөтүүсү үчүн аталган ундун үлгүсүн Росрезервге тапшырды. Анткени, ал жакта химанализ жасоочу лаборатория бар. Анализдин жыйынтыгы Кыргызстандын Өкмөтүнө берилет.
Бул ундар 2008­жылдын сентябрында иштелип чыгарылган. Кызыгы, алар ГОСТ боюнча 1­сортко да туура келбейт. Ал үчүн ундун клейковинасы 30%дан ашык болушу керек. А бул көрсөткүч сөз болуп жаткан унда 28%ды гана түзөт.
Ушул себептерден улам толук такталганча 16 вагондогу ундун баары тең карантин кызматы тарабынан ачылбасын деп жабылып­чапталды жана түшүрүлгөн жок. Министрлик анын таралып кетпөөсү үчүн бардык зарыл аракеттерди, чараларды көрүп жатат. Эми бул окуя бизге катуу сабак болушу керек. Ошондуктан, мындан ары сырттан ташылып келүүчү ун, ж.б. азыктарды карантин кызматы карап, текшерип, таза деп тыянак чыгарган соң гана өлкөгө киргизүүгө уруксат берүүгө жетишүү талап кылынат. Бул үчүн тамак­аш азыктарынын, идиш­аяктардын, кийим­кечектердин ж.б. бардык түрлөрүнө милдеттүү түрдө сертификат алууну кайрадан киргизүү талап кылынат. Антпегенден улам дан комбинаттарына жеткирилген соң гана унда өтө коркунучтуу зыянкечтер бар экендигине күмөн саналып, өлкөгө да, элге да канчалаган материалдык да, моралдык да зыян келтирилип олтурат. Ошондуктан, элибиздин ден соолугун жана өлкөбүздүн азык­түлүк коопсуздугун чындап эле мамлекеттик деңгээлде ойлосок, анда чек арадан өтөөрдө катуу көзөмөлгө алууну колго алуубуз абзел.
Т.ТЕМИРОВ,
"Эркин Тоо".