Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№75, 14.10.08-ж.






  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 15 жыл

Социалдык фонд өнүгүү жолунда
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Марат СУЛТАНОВ
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өзүнүн уюшулган күнүнөн берки 15 жылдык тарыхында пенсия системасындагы жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүндө, аткарып жаткан иш­чараларында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген калкты социалдык жактан колдоо боюнча саясатты киргизүүнү оптималдаштыруунун натыйжасында пенсиялык камсыздоонун финансылык абалын чыңдоодо бир топ ийгиликтерге жетишилди.
Азыркы республикалык Социалдык фонд 1993­жылга чейин СССРдин пенсиялык фондунун кыргыз бөлүмү болуп келген. Ардагерлердин "Райсобес" деп аталган ошол кездеги пенсия берген мекемесин эстесек, андагы пенсионерлер пенсиясын эки­үч айдан ашык ала албай, анан көп күн кезек күтүп жүргөнү аргасыздан эске түшөт. Анын бир канча себеби болгон. Пенсиялык камсыз кылуу системасы 1990­жылдары экономикага киргизилип жаткан чарба жүргүзүүнүн рынок формасына ылайык келбеген. Борбордук пенсиялык камсыздандыруу артып калган принциптердин негизинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Анан Совет мамлекети таркап, эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары СССРдин борборунан, мамлекеттик бюджеттен келген акчанын агымы токтоп, анын жыйынтыгында каражат жетишпей, пенсионерлер почта бөлүмдөрүндө пенсиясын көпкө чейин ала албай жүрүшкөн. Ошону менен катар өзүнүн киндигин өзү кесип, рынок экономикасына жаңыдан кадам таштаган эгемен өлкөбүздө акча алмашып, инфляциянын деңгээли жогору болгондугуна байланыштуу пенсияны индексациялоого жана кайра эсептөөгө жетишпей калган учурларга туш болгон.
Мындай абалдан чыгууга 1993­жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун түзүүдөн кийин шарт түзүлүп, жол ачылды. Тактап айтканда, пенсиялык камсыз кылуунун финансы каражаттарын башкаруунун функциясы ушул мекемеге тагылды. Жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттин структурасында калып, анын каражаты бюджеттен тышкаркы каражат деген статус алды. Пенсионерлердин пенсиясын төлөп берүү үчүн максаттуу пайдаланууга мамлекеттик бюджеттен акча каражаты бөлүндү. Ошентип 15 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Социалдык фонддо пенсия системасын өнүктүргөн республикадагы эң чоң структура, кубаттуу, туруктуу финансылык база түзүлүп, учурда ардагерлердин пенсиясын алдын ала төлөп берүү жүргүзүлүүдө. Мына ушундай ийгиликтерге Марат Абдыразакович Султанов жетектеген Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жетекчилигинин жана анын кызматкерлеринин, аймактык башкармалыктарынын эмгеги абдан зор.
Өлкөбүздөгү ардагерлер бактылуу карылыкты баштан кечирип, бакубат турмушта жашаса экен деп бардык жактан камкордуктарды көрүп, ат көтөргүс иштерди жасап, 15 жылдык мааракесин белгилеп жатышкан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун иштериндеги ийгиликтерине күбө болуп, кеңири кабардар болгон элек. Анда эмесе Социалдык фонддун төрагасы Марат Султановдун пенсия системасын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан жигердүү иштери жөнүндө сөз болмокчу.

Алгы сөз
Марат Султановдой инсандын эл үчүн жасаган асыл эмгеги азыркы шартта пенсионерлер үчүн абдан керек экендигин турмуш өзү көрсөтүүдө. Ал өзүнүн талбаган, жигердүү иштери менен мамлекеттик жооптуу жетекчи кызматтарда эмгектенип, уюштуруучулук жөндөмгө, бай тажрыйбага ээ болуп, турмуштук чоң мектептен өткөн. Кызмат жолунда Марат Султанов ишке жоопкерчиликтүү астейдил мамиле жасаган ишкер жетекчи, экономика, банк, финансы тармактарын эң жакшы билген мыкты финансист катары таанылган.
Марат Абдыразакович Султанов өзүнүн маданиятынын бийиктиги, билиминин тереңдиги, деги кайсы кызматты болбосун улуу­кичүүгө бирдей жасаган мамилеси, жөнөкөйлүгү, эң башкысы ­ адамгерчилиги менен элдин чоң ишенимине ээ болгон.
Ишти биринчи планга койгон, так иштеген ак ниет, финансы, экономика тармагын эң жакшы билген пофессионал, жетик жетекчи, камкор, боорукер, интеллектуалдык деңгээли жогору, аң сезими терең, жөнөкөй адам катары Соцфонддогу ишти жаңыча, ардагерлердин мыйзамдуу кызыкчылыгын жана укугун коргоону камсыз кылуу менен алардын жашоо­турмушундагы көйгөйлүү маселелерге астейдил көңүл буруп, аталык камкордук көрүп, мындан ары пенсия системасын андан ары жакшыртуу иштерин жүргүзүүдө.
Жакшы адам элге деген жигердүү жакшы иштери, адамдык асыл сапаттары менен тез эле көрүнүп калат эмеспи. Ушул жагдайды алып караганда өлкөбүздөгү ардагерлер бактылуу карылыкты баштан кечирип, бакубат турмушта жашаса экен деп, алардын жакшы жашоосун ойлогон ушундай адамдык нарк­насили бийик жетекчинин ишине ардагерлер ак жол каалап, ак баталарын берип, жетине албай абдан ыраазы болушууда.
Соцфонддун өнүгүшүнүн программасы
Пенсия системасы өлкөнүн жарандарын пенсияга чыккандан кийин социалдык жактан коргоонун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Акыркы жылдары Кыргызстанда пенсия системасы андан аркы реформалоонун Концепциясынын негизинде өнүгүп келген. Ошондуктан атуулдарды социалдык жактан коргоонун жана камсыздандыруунун мамлекеттик кепилдиктерин бекемдөө жолу менен жакыр турмушта жашаган ардагелердин проблемаларын чечүү жолу менен жакшы жашоосун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Марат Султанов үстүбүздөгү жылдын башында 2008­2010­жылдарда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өнүгүшүнүн үч жылдык программасын иштеп чыгып, атайын токтом кабыл алган.
Ал ар дайым республикабыздын атуулдарынын карылыкка жеткен убакта келечекте ала турган пенсиясын камсыз кылуу үчүн пенсиялык чогултуу системасын киргизүү менен алдын ала камкордуктарды көрүп келет.
Марат Султанов жогорудагы документке пенсия системасынын өнүгүшүнүн негизги приоритети катары пенсиялык камсыздандыруунун деңгээлин жогорулатуу үчүн пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн туруктуу, такай көбөйтүп туруу жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоону; чет өлкөдө эмгектенген Кыргызстандын мигрант­атуулдарынын социалдык жактан камсыздандыруусун; Соцфонддун финансылык туруктуулугун бекемдөө жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруусунун тариф саясатын өркүндөтүүнү; пенсиялык чогултуу системасын киргизүүнү; ошондой эле патенттик негизде жалданып иштегендер үчүн камсыздандыруу полисин сатып алуу менен камсыздандыруу взносторуна төлөнүшүн бекитүү сыяктуу маселелерди киргизген.
Дегинкиси, пенсиялык системаны реформалоо көбүн эсе өлкөнүн экономикалык жактан өсүшүнө, атуулдардын кирешесинин реалдуу жогорулашына, пенсиялык системанын негизги кирешеси болгон камсыздандыруу взносторунун келип түшүшүнө байланыштуу болот. Бул проблемаларды чечүү үчүн өнүгүүнүн стратегиясы пенсиялык системаны реформалоонун негизги багыттарын аныктайт.
Камсыздандыруу взностору көп түшүүдө
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргызстандагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасынын аткаруучу органы катары кызмат өтөп келет. Азыр республикадагы калкты социалдык жактан коргоону жана пенсия системасын өркүндөтүү барыдан мурда мамлекеттин жана бардык атуулдук коомдун көңүл борборундагы башкы маселе. Себеби, өлкөнүн ар бир атуулдун келечекте пенсиялык жактан камсыз болуу маселеси тынчсыздандырат. Андыктан, бул тема социалдык жактан эң зор мааниге ээ. Мына ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду карылыкка жеткен убакта социалдык жактан камсыз болуш үчүн атуулдарга пенсиялык каражаттарын чогултууга шарт түзүп, пенсия курагындагы кары адамдарга, майыптарга өз убагында пенсиясын төлөп берүүдө мамлекет алдында өзүнө тагылган милдетти, вазийпасын так аткарып келет. Буга камсыздандыруу взносторунун көп чогулушу шарт түзүүдө.
Ушул жерден баса белгилеп кетүүчү жагдай ­ кайсы гана жетекчи болбосун, анын иши ошол министрликтин же ведомствонун финансылык абалына, көбүнесе ошол жетекчинин финансылык проблемаларды чече билишине байланыштуу болот эмеспи. Бул багытта Марат Абдыразакович Султановдун Соцфонддогу жүргүзүп жаткан иши жемиштүү, жакшы ыргакта баратат.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурган негизги булак камсыздандыруу взносторун чогултуудан түшкөн каражат болуп саналат. Эгерде, КРнын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын 8 айдагы жыйынтыгын алсак, 2008­жылдын январь­август айларында Социалдык фонд камсыздандыруу взносторун чогултууну пландан ашык аткарып, иш жүзүндө 5583,6 млн. сом чогултулуп, өсүш өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 124,8%ды түзгөн. Тактап айтканда камсыздандыруу взносторун чогултуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1110,1 млн. сомго көбөйгөн. Ошондон улам Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсияны айдын башында эле төлөп берип жаткандыгына пенсионерлер кубанышып, Соцфонддун жетекчилигине терең ыраазычылыктарын билдиришип жатышат.
Бүгүнкү күндө Соцфонддун башкы милдети камсыздандырылган адамдардын укугун коргоп, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык жактан камсыз кылуу болуп саналат. Азыркы мезгилде Социалдык фонддун киреше башкармалыгы атуулдарыбыз карылыкка жеткен убакта келечекте ала турган пенсиясын алдын ала камсыз кылышы үчүн жарандарыбыз социалдык камсыздандыруусун бекемдеген персонификациялык эсеп ачуусу пенсия алуусуна кепилдик берерин ишкерлерге, жалпы атуулдарга айтып түшүндүрүп, патенттик негизде жалданып иштегендер үчүн камсыздандыруу полисин сатуу жолу менен камсыздандыруу взносторунун төлөнүшүн камсыз кылууда. Натыйжада, республика боюнча өткөн 8 айда жалпы 45185,7 миң сом суммасында 193436 даана камсыздандыруу полистери сатылган.
Кыскасы, КРнын Социалдык фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө камсыздандыруу взносторун чогултуунун көбөйүшү ­ чарба жүргүзгөн субъектилердин ишине дем берүү менен көмүскө кирешесин мыйзамдаштыруу, камсыздандыруу полистерин сатуу, социалдык чегерүүлөргө болгон карыздарды өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатуунун эсебинен камсыз болду. Мындай алгылыктуу иштер, албетте, Соцфонддун төрагасы Марат Султановдун жетекчилиги, түздөн­түз катышуусу менен эффективдүү иш жүргүзүп жаткандыгынын бир далили десек болот.
Соцфонддун финансылык абалы турукташууда
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети ­ ардагерлердин социалдык маселелерин чечүүнүн ачкычы, пенсионерлерге пенсия төлөп берүүнүн негизги куралы. Социалдык фонддун негизги максаты ­ мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун бекемдөө, күч­кубатын арттыруу болуп саналат.
Социалдык фонддун акыркы беш жылдагы киреше бөлүгүн алсак, мында натыйжалуу иштер жүргүзүлүп жаткандыктан улам, бюджеттик кирешенин туруктуу өсүп жаткандыгы даана байкалат. Мына ушул мезгилдин ичинде Социалдык фонддун бюджетинин кирешеси ички дүң продукцияга карата 2007­жылы 8,2%га чейин өстү, ал эми бул мезгилде камсыздандыруу взносторунун тарифинин ставкасы 2007­жылы 27%га чейин төмөндөтүлгөндүгүнө карабастан, камсыздандыруу взносторун чогултуунун көлөмү ички дүң продукцияга карата 5,8%га чейин жогорулаган. Ушул мезгилде камсыздандыруу взносторун чогултуунун жылдык орточо өсүү темпи 115,4%ды түздү. Ошентип, бюджеттин кирешесинин өсүүсүн камсыз кылган эң башкы булак ­ камсыздандыруу взносторун чогултуудан түшкөн киреше болуп калды.
Биздин республикада туруктуу иштеп жаткан пенсия системасы ­ коомдогу социалдык стабилдүүлүктү камсыз кылуунун бирден бир кепилдиги болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун финансылык­экономикалык абалы бир топ турукташып, жылдан­жылга жакшырып, фондго камсыздандыруу взносторун көп чогултуу аркылуу бюджетти каржылоо динамикалык жактан өсүп жаткандыгы анын жыйынтыгынан билинет. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешеси 1,5 эсеге өскөн. Эгерде, 2005­жылы 6,5 млрд. сом болсо, 2007­жылы 10,0 млрд. сомго чейин жеткен. Ошол эле учурда камсыздандыруу взносторунун тарифи 4%га төмөндөп, 2007­жылы 27%ды түзгөн. Мындай өсүшкө камсыздандыруу, базаны кеңейтүү жана камсыздандыруу взносторун төлөөчүлөр менен күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүүнүн натыйжасында жетишилген.
Социалдык фонддун финансы­экономикалык абалынын турукташып, пенсияны өзүнүн эсебинен көбөйтүп, алдын ала төлөп жаткандыгы ­ Социалдык фонддун жетекчиси Марат Султановдун натыйжалуу иштеп жаткандыгынан кабар берет. Мында албетте, финансы маселесине кураторлук кылган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Абдуалим Тажибаевич Нишановдун Соцфонддун финансылык туруктуулугун бекемдөөдө жасаган эмгеги абдан зор.
Пенсия өз убагында дайындалып, кайра эсептелүүдө
2007­жылдын 18­апрелинде Жогорку Кеңештин өткөн чакырылыштагы депутаттары пенсия жашын төмөндөтүп салган соң, жыл сайын пландан тышкары республика боюнча он миңдеген пенсионерлер кошулуп, алардын саны улам көбөйүүдө. Мындай жагдай биринчиден, Соцфонддун бюджети үчүн абдан чоң кыйынчылыктарды алып келсе, экинчиден, пенсионерлердин жаңы армиясы менен толукталган Соцфондго көп миңдеген пенсиялык өздүк делолор келип түшүп, жаңы пенсия дайындоого, үчүнчүдөн, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жылына үч жолу көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кайра эсептөө боюнча толгон­токой оор түйшүктөрдү жаратты.
Республика боюнча пенсияны борборлоштуруп дайындоону жана кайра эсептөөнү 2001­жылдын октябрь айынан бери Алтынай Токтосуновна Сулайманова жетектеген Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө боюнча департаменти ишке ашырып келет. Жылдан жылга департаментте иштин көлөмү менен кошо түмөн түйшүгү улам көбөйүп, талыкпаган зор эмгектин натыйжасында көп иштер аткарылууда. Тактап айтканда, пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө боюнча департаменти тарабынан 2001­жылдын октябрь айынан 2008­жылдын 31­июлуна чейин бардыгы болуп 302389 пенсиялык иш каралган. Анын ичинен 221466 камсыздандырылган адамга пенсия чектелип, 80923 пенсионерге иш стажы, эмгек акысы боюнча кошумча жиберилген документтердин негизинде пенсиянын өлчөмүн кайра эсептөө жүргүзүлгөн.
Азыр жылдан жылга пенсиялык делолор көбөйүүдө. Алсак, 2008­жылдын 7 айында эле 64846 пенсиялык дело каралып, анын ичинен 53677 пенсиялык дело жаңы дайындалып, 11169 пенсиялык дело кайра эсептелип, 7 айда эле пенсиялык иштердин саны 2007­жылдын көрсөткүчтөрүнөн алда канча ашып кеткен. Кыргыз Өкмөтүнүн алдында уюшулган комиссиянын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн деген пенсия 2005­2008­жылдары 669 пенсионерге белгиленген.
Ошентип, пенсияны борборлоштуруп дайындоо жана кайра эсептөө департаментте борборлоштурулуп жүргүзүлүп, бардык маалымат бирдиктүү базага топтолуп, өз убагында пенсияны дайындоого жана кайра эсептөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
Соцфонд
пенсияны көбөйтүүнү көздөйт
Пенсиялык камсыздандыруу боюнча жалпы пенсия базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнөн турат. Пенсиянын базалык бөлүгү калкты жакырчылыктан коргоонун механизми катары мамлекет тарабынан кепилдикке алынып, пенсиянын бул бөлүгү бардыгы үчүн бирдей өлчөмдө белгиленет. Ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү камсыздандырылган адамдын персонификациялык учету киргизилгенге чейинки эмгек стажы менен эмгек акысы, ошондой эле пенсонификациялык учет киргизилгенден кийин камсыздандыруу эсебиндеги чогулган взностордун суммасы эске алынат.
Бүгүнкү күндө азык­түлүккө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалар күн сайын өсүп жаткан шартта ардагерлерди аз өлчөмдөгү базалык пенсия менен багууга болбой калды. Ошондон улам Соцфонддун жетекчилигинин демилгеси, түздөн­түз катышуусу жана жардамы менен ардагерлердин турмуш деңгээлин көтөрүү максатында акыркы үч жылда пенсиянын өлчөмү жылына эки жолудан, ал эми 2007­жылы үч жолу көбөйтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич Бакиев үстүбүздөгү жылдын башында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Марат Султановду кабыл алган мезгилде азыркы кезде жүрүп жаткан инфляцияга байланыштуу пенсиянын өлчөмүн 27%га көбөйтүүнү тапшырган. Ошентип, 2008­жылы пенсиянын өлчөмүн үч этапта инфляциядан төмөн эмес деңгээлде көбөйтүү каралып, натыйжада анын эки этабы жүзөгө ашырылып, эми үчүнчү этабы Президентибиздин Жарлыгына ылайык дагы 17 пайызга көбөйтүү 1­октябрдан баштап ишке ашырылууда. Эми, 2009­жылы да пенсияны жаңы сапаттык деңгээлде жогорулатуу жүргүзүлмөкчү. Мындай жемиштүү иштерди ардагерлердин пенсиясын жогорулатуу үчүн Социалдык фонддун көргөн камкордугу, ишинин натыйжасы деп билсек болот.
Пенсионерлер Соцфонддун ишине ыраазы
Кыргызстанда Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча пенсиянын төмөндөгү түрлөрү: курагы боюнча, майыптыгы боюнча жана баккан адамын жоготкондор үчүн дайындалат. Республика боюнча 2008­жылдын 1­январына карата пенсионерлердин саны 494302 болсо, 1­августка карата 521307ге жеткен. Алардын ичинен курагы боюнча 372557, майыптыгы боюнча 68026, баккан адамын жоготкондор 51240, Соцфонддон пенсия алган аскер пенсионерлери 2179, тоолуу райондо иштеген пенсионерлер 12664, көп балалуу жана бала чагынан майып болгон эне-пенсионерлер 29498 адамды түзөт. Ал эми 2559 адам Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсионер болуп эсептелет.
Кыргызстандагы пенсионерлердин 88%ы, тактап айтканда 456 миң адам өздөрүнүн пенсиясын почта аркылуу, ал эми 12%ы, тактап айтканда 65 миң адам банк аркылуу алышат. Республика боюнча пенсияны төлөп берүүнүн бир айдагы орточо керектөөсү 660 млн. сомду түзөт. Ал эми Бишкек шаарынын бир айдагы керектөөсү 127 млн. сом.
Инфляциядан улам пенсиянын өлчөмү көбөйүп жаткандыгына байланыштуу бул сумма жыл сайын жогорулай берет. Муну өткөн жылдын мисалынан көрсөк болот. Өткөн жылы бир айдагы керектөө 500 млн. сомду түзгөн. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Мамлекеттик социалдык пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралгандай пенсияны төлөп берүүнү өткөн айдыкы үчүн эмес, тескерисинче, алдын ала келерки айдыкын төлөп берүүнү камсыз кылып жаткандыгы үчүн пенсионерлер Соцфонддун ишине абдан ыраазы болушууда. Эгерде, пенсия маселеси боюнча ардагерлер Соцфонддун жетекчилигине кат жүзүндө же оозеки телефон аркылуу кайрылган учурда ошол замат көзөмөлгө алынып, алардын проблемалары боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, маселелери жеринде чечилет. Бул ­ Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун натыйжалуу иштеп жаткандыгынын бир белгиси катары жогору баа берсе болот.
Персонификациялык эсеп - жарандардын камсыздандыруусун бекемдейт
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаты үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын персонификацияланган эсеби жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, республиканын жарандарынын персонификацияланган эсебин жүргүзүп келет.
Бүгүнкү күндө персонификациялык эсепке 4480,9 миң адам (республиканын жалпы калкынын 88,0%ы) камтылды, анын ичинде ишке жарамдуу жарандар 1671,0 миң адамды же Кыргыз Республикасынын экономикалык активдүү калкынын 95,3%ын түзөт.
Үстүбүздөгү жылдын 8 айында персонификацияланган эсеп менен 346,8 миң адам катталды. Ишкерлерден камсыздандыруу төлөмдөрдүн келип түшүүсүнүн өсүү динамикасы көбүнчө Социалдык фондго ишенимдүү өсүүсүнүн жана персонификацияланган эсеп жүргүзүлүшүнүн эсебинен болууда. Азыр Социалдык фонддо Интернет портал аркылуу идентификациялык номерди ыйгаруу үчүн жарандарды каттоо кызматы ишке киргизилүүдө.
Ошентип, персонификацияланган эсеп жүргүзүүнүн башкы ролу камсыздандырылган адамдын социалдык камсыздандыруунун мамлекеттик системасына ишенимин бекемдөө болуп саналат. Эми, пенсияга чыгуу укугу атуулдардын камсыздандыруу стажына байланыштуу экендигин жана пенсиясынын өлчөмү алардын эмгек акысына жараша Соцфондго камсыздандыруу взносторунун келип түшүшүнө байланыштуу болоорун жарандарыбыз мыйзамдардан окуп, жакшы эле кабардар болуп калышты. Ошондуктан, азыр 830,9 миң адам өзүнүн эмгек акысынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу взносторун которушууда. Анткени, ар бир адам пенсия курагына келгенде татыктуу пенсия алып, эч кимге кор болбой, бактылуу карылыкты баштан кечирип, бакубат турмушта жашасак экен деп тилешет.
Мекендештерибиздин ошол аруу тилектери орундалса экен деп Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Марат Султанов республикабыздын атуулдарынын карылыкка жеткен убакта келечекте ала турган пенсиясына алдын ала камкордуктарды көрүп, пенсиялык чогултуучу элементтердин системасын киргизүү менен жаш курагы келген адамдардын пенсияга чыгуу алдында жогорку өлчөмдө пенсия алуусуна чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Эл аралык байланыштар жаңы нукта, жогорку деңгээлде өнүгүүдө
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсия системасында шериктеш жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик социалдык ведомстволору менен кызматташтыгы жаңы нукта, жогорку деңгээлде өнүгүп, эл аралык байланыштары жылдан­жылга достук мамиледе чыңдалып, өнөктөштүк негизде тыгыз иш алып барышууда.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүнү коргоого багытталган кызматташтыктын эл аралык планында 1992­жылы Россия Федерациясынын Москва шаарында жайгашкан эл аралык пенсиялык жана социалдык фонддор ассоциациясына жана 2004­жылы Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан эл аралык социалдык камсыздандыруу ассоциациясына мүчө болуп кирген.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Россиянын, Кытайдын, Түркиянын, Молдованын социалдык ведомстволору жана Борбордук Азиядагы Евразия фонду менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тармагындагы кызматташтык жөнүндө Протоколдорго кол коюшкан.
Биздин өлкөнүн Социалдык фондунун иш тажрыйбасы башка малекеттер үчүн үлгү көрсөтөрлүк жогорку деңгээлге көтөрүлгөндүгүн үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилигинин Түрк жана Молдава Республикаларына болгон иш сапарларынан улам билдик. Мисал катары айтсак, Түрк Республикасы өзүнүн өлкөсүндө эми араң пенсия системасын реформалоо боюнча демилге көтөрүп башташса, Молдова Республикасында бизде эбак киргизилген жеке эсеп взносторун каттоону жаңыдан киргизишип, биздеги үч баскычтуу пенсия системасына өтүүнү киргизүүгө ниеттенишип жатышат. Ошондон улам эгемендүү республикабыздын пенсия системасын жакшыртууда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилиги үзүрлүү иштерди жасап жаткандыгына абдан ыраазы болуп, бир чети Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун иш тажрыйбасы аларга өрнөк болгондугуна сыймыктандык.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун социалдык чөйрөдө шериктеш жана чет өлкөлөр менен иш жүргүзүп жатышынын түпкү максаты, өзөгү Европа союзуна кирген өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташтыкты активдештирип, мындан ары байланышты өркүндөтүү. Эми, биздин өлкө да Европалык интеграцияга багытталган стратегиялык курс менен алга жылып, социалдык камсыздандыруу тармагында эл аралык норма менен стандарттарды натыйжылуу колдонсо, өзүнүн жемишин берет деген ойдобуз. Ошондуктан, мындай өз ара пайдалуу эл аралык кызматташуулар үзүрлүү болуп, сөзсүз республикабыздын пенсия системасынын ишине зор ийгиликтерди алып келээрине ишеним чоң.
Иш бар жерде -ийгилик да бар
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эмгек жамааты 15 жылдык мааракесин эмгектик зор жетишкендиктер менен белгилешүүдө. Ата Журт үчүн чын дилинен, ак кызмат кылышкан ведомствонун жалпы коллективи жана анын жетекчиси М.Султанов ардагерлерге социалдык жактан чоң колдоо көрсөтүп, алардын алдында өздөрүнүн милдетин абийирдүүлүк менен так, өз убагында аткарышууда. Аз пенсия алып жашап жаткан ардагерлерге айрыкча көңүл буруп, алардын бакубат, жакшы турмушта жашашы үчүн пенсияны көбөйтүү багытында жана жарандарыбыздын келечекте карылыкка жеткен убакта жакшы пенсия алышы үчүн пайдалуу иштерди жасап жатышкан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эмгек жамаатынын бараандуу иштери үзүрлүү жана жемиштүү экендигинен кабардар кылып турат.
Бактыяр ОҢОЛКАН уулу.












??.??