Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№75, 14.10.08-ж.






  Майда - маани

Кытай өкмөтүнүн жардамы
Алай районундагы жер титирөөдөн жапа чеккен Нура айылынын тургундарына Кытай өкмөтү жардам катары 150 миң доллар бөлүп берди. Жер титирөөдөн курман болгондордун жакындарынын кайгысын тең бөлүшөбүз жана жапа чеккендерге тез арада сакайып кетүүсүн каалайбыз, - дешет Кыргызстандагы Кытай элчилигинин кызматкерлери. Бүгүнкү күнгө чейин нуралыктар үчүн ачылган банктык эсепке жалпысынан 10 миллион сомдой акча түштү.

Алматыда талкуу жыйын
16-17-октябрда Алматы шаарында "Көрсөтүүлөрдүн тоскоолдукка капталышы: коомдук телекөрсөтүүлөр жана санарип форматка өтүү" деген темада талкуу жыйын өтөт. Бул массалык маалымат каражаттарынын Борборазиялык 10-конференциясына парламент өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер катышмакчы.

Китептин бет ачары
Кезинде тышкы иштер министри болуп турган, азыркы коомдук ишмер, Бишкек пресс-клубунун уюштуруучусу Муратбек Иманалиев Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын келечеги, учурдагы абалы тууралуу ой-пикирлерге толгон "Демократия жана Кыргызстандагы бейформалдуу саясат" китебин жазды. Китепке депутат Б.Бешимовдун, саясатчылар В.Богатырев, Н.Омаровдордун да макалалары кирди. Китептин бет ачары Бишкек пресс-клубунда 16-октябрда өтмөкчү.

Депутаттар да Алайга барышты
Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев депутаттар курамы жана Ош областынын губернатору Аалы Карашев менен Алай районунун Нура айылына барышты. Төрага депутаттар чогулткан акчалай жардамды атайын түзүлгөн тийиштүү комиссияга берди. Андан соң алар Ошко кайтып келишип, Ош областтык ооруканада жаткан алайлыктардын ал-абалын сурашты.

Россия коргонууга өтө күчтүү
Россия континенттер аралык - баллистикалык жана канаттуу ракеталарын сынап бүттү. Эки ракета Охотск жана Баренц деңиздериндеги суу астындагы кемеден чыгарылып, үчүнчүсү Плесецк полигонунан учурулган. Ошондой эле учактан атылган канаттуу ракеталар белгиленген жерлерди таамай соккон. Сыноого көз салган Президент Д.Медведев - сыноолор Россиянын ракеталык чабуулдардан коргонууга күчтүү дарамети бар экенин дагы бир жолу тастыктады, - деди.

Көчөдөн мектепке
Ички иштер министрлиги 15-октябрынан 20-октябрга чейин кылмышка аралашкан балдарды мектепке кайруу боюнча ири ыкчам-алдын алуу иш-чараларын жүргүзөт. ИИМдин билдирүүсүндө 2008-жылдын тогуз айында эле мектеп жашындагы жана жогорку окуу жайында окуган балдардан алты жүздөй кылмыш иши катталган. Кылмышка барган балдардын жарымынан көбү колунда жок ата-энелердин балдары болгон. Маалыматтарга ылайык өлкөдө үч миңдей жетим бала бар, эки жарым миңдей бала социалдык жактан начар шартта тарбияланууда.

Талапты катуу коюшту
30-сентябрдан бери дайынсыз жок болуп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевдин жердештери, Ысык-Ата жана Чүй районунун тургундары натыйжалуу издөөнү колго алуусун өтүнүп, Президентке кайрылуу жолдошкон. Эгер депутат тез арада табылбаса, Өкмөт үйүнүн алдына чыгышаарын да билдиришти.

Дагы автобустар келди
Сентябрь айынын ичинде Бишкекке ак түстөгү 29 автобус келген. Эми мындай автобустардын дагы 70 даанасы келди. Бул муниципалдык автобустардын маршруту эмки аптада бекитилип, шаар көчөлөрүндө жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Алардын өңдөрү - кызыл, көк болмокчу.

Лейлекке - 80 жыл
Лейлек районунун 80 жылдыгын салтанаттуу белгилөөгө аракеттер башталды. Лейлек райондук администрациясы тарабынан түзүлгөн үгүт кербени айылдарды кыдырууда. Бул иш-чаранын максаты - үгүт кербени райондун аймагындагы бардык айыл өкмөттөрүндө элге майрамдык маанай тартуулап, ар бир айылдарда райондун тарыхын, анын басып өткөн жолун элге кеңири жеткирип, даңазалоо.

Президенттикке ат салышчу - Мехди Карруби
Иранда 2009-жылы болуучу президенттик шайлоого Ирандын Улуттук ишеним партиясынын лидери Мехди Карруби катышууга даяр экендигин билдирди. Ал Ирандын азыркы Президенти Махмуд Ахмединежадды өзүнүн башкы атаандашы экенин айтты. Андан сырткары өлкөнүн мурдагы Президенти Мухаммад Хатами да шайлоого катышаары жөнүндө жарыялады.

17-октябрда элге кайрылуу
Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев 17-октябрда Президент элге кайрылуу жасаарын билдирди. бул Президенттин жыл сайын, салттуу түрдө жасалуучу кайрылууларынын бири. Анда мамлекет башчы өлкөдөгү саясый жана экономикалык абалга баа берет.

Финансы кризисине каршы күрөш
Европа аймагына кирген 15 мамлекеттин башчылары дүйнөлүк финансы кризисине каршы күрөшүүдө биргелешип аракеттенүү планынын долбоорун жекшембиде кабыл алышты, - деп билдирди Франс Пресс агенттиги. Франциянын Президенти Николя Саркози кабыл алынган план банктар аралык ссуданы мамлекеттик камсыздандырууга, кризистен жабыр тарткан финансы институттарына жана менчик банктарды колдоо чараларын көрүүгө каралгандыгын билдирди.

Тамеки тарткандар көбөйгөн
Акыркы улуттук изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда жалпысынан 52% эркектер тамеки тартат. Тамеки тартуу 25тен ашык ооруларды чакырат. Анын зыяндуулугу дароо билинбесе дагы, жылдардын өтүшү менен ден соолукту коркунуч каптап, 70 жаштан ары жашоо мөөнөтү кыскарат, - дейт тамекиге каршы күрөшүү боюнча координатор Ч.Бекбасарова.

Түрк-Күрд мамилелеринин курчушу
Түркиянын аскерлери Түндүк Ирактын Күрд жумушчу партиясы жайгашкан аймактарына сокку жасады. Бирок, жок кылынган жоочулардын саны тууралуу маалымат жок. Бул 17 түрк аскерин курмандыкка чалган жикчил топтун чабуулунан кийинки Түркиянын аларга каршы жетинчи соккусу.

Медреседеги балдар мектепке
Билим берүү жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлиги биргелешип түзгөн "Кайрадан мектепке" аттуу акциясы жүрүүдө. Алар медреседе билим алып жаткан балдардын санын тактап, жалпы билим алуу үчүн кайрадан мектепке тартат. Бүгүнкү күнү республикадагы медреселердин саны 71ден ашты. Ар кыл диний уюмдар өздөрүнүн ой-максаттарын ишке ашыруу максатында жаш балдарды пайдаланууда. Психологиясы турукташа элек, жакшы-жаманды толук айырмалай билбеген балдар алардын кол алдында калууда, - деди ИИМдин коомдук-коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Жакып Азизов.

Уго Чавес Америка майрамына каршы
Венесуеланын Президенти Уго Чавес Түштүк жана Түндүк Америка өлкөлөрүн Колумбдун күнүн майрамдабоого чакырды. Биз эмнеге Американын ачылышын майрамдоону улантуудабыз? Бул күндү тарыхтагы түпкүлүктүү калкты кырып жок кылуунун башталышы деп эсептөө керек, - деди Чавес.

Тез курулуучу үйлөр жеткирилди
Зилзаладан жабыркагандарга тез курулуучу 15 үй жеткирилгенин Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев билдирди. анын айтуусу боюнча ушул жуманын аягына чейин Нура айылына 30га жакын мобилдүү үйлөр тургузулат. Ал эми эмки жуманын аягына чейин 60ка жакын үй тургузулат. Министрдин айтымында нуралыктар дары-дармек, тамак-аш менен толук камсыз. Кечээ Нура айылына кар түштү. Ар бир тигилген чатырга бирден меш берилип, жылуу тондор жеткирилди. Бирок, бут кийим менен толук камсыз кылуу жана телефон менен байланыш оор болуп турат. Суук түшкөнү жер титирөөдөн жабыркагандар менен байланышуу үчүн орнотулган түз телефон иштебей жатат, - деди К.Ташиев. Алай районунун Нура айылы кыргыз-кытай чегарасынан 5 чакырым гана аралыкта жайгашкан.

Ким Нобель сыйлыгына татыктуу?
Дүйнө жүзүндөгү эң баалуу Нобель сыйлыгын алуу менменсинген адамдардын бүйүрүн кызытып жаткан маал. Ушул тапта Нобель комитети быйылкы лауреаттарды атоону улантууда. Экономика боюнча Нобель сыйлыгы дүйнөлүк финансылык кризисти жөнгө салууга нур төгө турган талапкерге ыйгарылаарын божомолдошууда.

www булактарынан даярдаган Сымбат МАКСУТОва, "Эркин Тоо".













??.??