Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№75, 14.10.08-ж.






  Президент өргөөсүндө

Макулдашуулардын аткарылышы катуу көзөмөлгө алынат
13-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысы Медет Садыркулов башында турган КРнын Президентинин Администрациясынын бөлүм башчылары менен салтка айланган жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге КРнын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу да катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысы Бишкекте болуп өткөн эл аралык маанидеги саясый иш­чаралардын жыйынтыгын чыгарып, Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевдин жана Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун расмий визиттеринин, КМШ менен ЕврАзЭСтин саммиттеринин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушууларынын уюштуруу деңгээли жакшы болгондугун жана аларда кабыл алынган макулдашуулардын орду аталган иш­чаранын катышуучуларынын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндө зор мааниге ээ боло тургандыгын белгиледи. "Бул - бир эле менин берген баам эмес. Саммиттердин, ошондой эле расмий визиттердин уюштурулушун жана анда кабыл алынган макулдашуулардын маанисин КМШ жана ЕврАзЭСтин мүчөлөрү болгон бардык өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жогору баалашты", - деди К. Бакиев. Аталган иш­чараларды өткөрүүгө жана даярдоого түздөн-түз катышкан КРнын Президентинин Администрациясынын, Өкмөттүн аппаратынын, ТИМдин, ИИМдин, УККМнын, МККнын, Мамлекеттик протоколдун жана башка структуралардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
Президент ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевдин расмий биринчи визитинин жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырууга тез арада киришүүгө тапшырма берди. Биринчи орунда аткарууга тийиш болгон милдет катары мамлекет башчысы Кыргызстандын ишканаларын колдоо максатындагы кыргыз-оруссиялык Инвестициялык фондду түзүү процессин тездетүүнү, нефтигаз тармагындагы кызматташтыкты, "Дастан" ААКсынын базасында биргелешкен ишкана түзүүнү, россиялык "Ренова" компаниясынын Кара-Балта тоо-кен ишканасы менен башталган кызматташтыгына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү, Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушунда Россиянын катышуусун атады.
Мамлекет башчысы КМШдагы Кыргыз Республикасынын биринчи төрагалыгы КМШнын мамлекет башчылары тарабынан ийгиликтүү болгондугу айтылгандыгын белгиледи. Бул мезгилде 10 иш­чара өткөрүлүп, КМШнын 2020-жылга чейинки өнүгүү Стратегиясы кабыл алынган.
Президент КМШнын Бишкек саммити Шериктештиктин тарыхындагы бурулуш учур болгондугун айтып, дал ушул Бишкек саммитинде КМШнын келечеги жөнүндөгү талаштарга чекит коюлгандыгын белгиледи. Шериктештикке катышкан бардык мамлекеттердин лидерлери пайдалуу байланыштарды бекемдөөгө бирдей умтулгандыгын баса белгиледи. Кызматташтыкты конкреттештирүүгө көңүл бурушуп, аны реалдуу долбоорлор жана пландар менен толуктаганга умтулушту. Мамлекет башчысы КМШнын Финансы министрлеринин деңгээлиндеги жумушчу топту түзүү жөнүндөгү мамлекет башчыларынын чечимине Кыргызстандын активдүү катышуусун камсыз кылуу жөнүндөгү маселени көзөмөлгө алууну тапшырды. Бул топ жакынкы күндөрү өзүнүн биринчи отурумун өткөрүп, анда дүйнөдө жайылып бара жаткан финансылык кризиске каршы туруу боюнча бирдиктүү чараларды иштеп чыгуусу керек.
Мамлекет башчысы ошондой эле ЕврАзЭСтин алкагында кабыл алынган маанилүү чечимдер дагы бир жолу Шериктештикке мүчө болгон бардык мамлекеттердин КМШнын жарандарынын жакшы жашоосуна жана кызыкчылыктарына жооп берген интеграциялык процесстерге жалпы умтулууларын мүнөздөп көрсөткөндүгүн белгилөө менен кол коюлган жыйынтык документтерди ишке ашырууга тиешелүү ведомстволор менен министрликтердин активдүү катышуусун талап кылды.
КМШ жана ЕврАзЭС саммиттеринин иш­чаралары аяктагандан кийин болуп өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын отурумун Президент бурулуш кадам деп атады. "Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын болгондо да акыркы жылдары биринчи жолу толук курамы менен бул жолугушууну өткөрүүнүн өзү кошуна мамлекеттердин бирдей пайдалуу негизде кызматташууга даяр экенин көрсөттү. Баарлашуу чын ниеттен жана иштиктүүлүк атмосферада өткөнүн өзгөчө белгилеп өткүм келет. Бири-бирибиздин көйгөйлүү маселелерибизди ачык айтып, аны түшүнүү менен кабылдадык, жалпы кызыкчылыкты эске алуу менен суу-энергетикалык кызматташуу боюнча тараптар чечим кабыл алууга даяр жана жөндөмдүү экендигибизди көрсөттүк", - деди К. Бакиев.
Ошондой эле Мамлекет башчы жакын аралыкта мамлекеттер аралык жумушчу топ тараптарды милдеттендирген макулдашууга кол коё тургандыгын, ага ылайык кошуна мамлекеттерден Кыргызстанга кошумча көлөмдө энергетикалык продукция жеткирилип берилээрин, ошол эле учурда биздин республика өнөктөш мамлекеттер сугат мезгилинде пайдалануусу үчүн суу сактагычтарга сууну топтоо боюнча чараларды көрөөрүн баса белгиледи. Бул багытта иш алып барууну КРнын Өкмөтүнө тапшырды.
Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенконун Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарына токтолуу менен Мамлекет башчысы 2006-жылы ноябрь айында Белоруссияга болгон өзүнүн расмий иш сапарынын учурунда түзүлгөн мамлекеттер аралык келишимдердин ишке ашып жатканын белгиледи. Эки мамлекеттин башчылары тарабынан Кыргызстанда эле эмес, бардык кошуна мамлекеттерге да сатууну көздөө менен МТЗ тракторун жыйноо көлөмүн жогорулатуу, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын чоң көлөмдө Белоруссияга жеткирүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу, КР ӨКМ адистерин Белоруссиянын ӨКМнын базасында окутуу, Белоруссиядагы технопарктарды түзүү тажрыйбасын Кыргызстанда да колдонуу, гуманитардык алкакта кызматташууну ийгиликтүү улантуу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду. КРнын Президенти өткөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча конкреттүү иш план түзүп, анын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуусун тапшырды.
Андан ары мамлекет башчысы КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаковдун отставкасы боюнча өз позициясын белгиледи. "Силер баарыңар өткөн дүйшөмбүдө болгон жумушчу кеңешмеде мен анын ишиндеги кемчиликтерин көрсөтүп, эскертүү бергениме күбө болдуңар. Ал ошого таарынып калган сыяктанат. Болбосо ал эч качан Президенттин жүргүзүп жаткан саясаты менен макул эместигин билдирип бир да жолу сүйлөгөн эмес. Ошондуктан мен ал өзүнүн жеке таарынычын мамлекеттик деңгээлге алып чыгуу менен отставкага кетти деп ойлоймун. Мунун өзү албетте өкүнүчтүү. Ал өзүнүн көз карашын, ой-пикирлерин мага түз эле келип айтып билдирсе болмок. Мен Исмаил Исаковичтен мындай ишти күткөн эмесмин. Ал эми Президенттин жүргүзүп жаткан тышкы жана ички саясаты менен анын макул эместиги жөнүндө айтсак, анда реалдуулуктун өзү, турмуштун өзү аталган саясаттын натыйжаларын көрсөтүп турат. Ошондуктан кимдир бирөөнүн комментария жасашынын кереги жок", - деди К. Бакиев.
Президент ошондой эле 17-октябрда Жогорку Кеңештин кеңейтилген отурумунда Кыргызстандын элине Кайрылуу менен чыга тургандыгын билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө күнүмдүк мүнөздөгү бир катар маселелер да талкууланды.

Т.ТЕМИРОВ, "Эркин Тоо".




И.Исаков жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
Берген арызына ылайык Исаков Исмаил Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын кызматынан бошотулсун.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 11-октябры.



М.А.Аманкулов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу
АМАНКУЛОВ Мирслав Акалович Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын башчысынын кызматынан бошотулсун.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.БАКИЕВ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008­жылдын 13­октябры.




Тажикстанда электр жарыгын өчүрүү 15 саатка жетти
Тажикстандын аймактарында электр кубаты түнкү саат 3.30дан эртең мененки саат 7.30га жана кечкисин саат 17.30дан 20.00гө чейин берилүүдө. Бул тууралуу Тажикстандын "Барки Точик" энергетикалык холдингисинин башчысы Шарифхон Самиев "Asia-Plus" агенттигине берген интервьюсунда билдирген.
Ошентип, коңшу мамлекеттеги маал­маалы менен өчүрүүлөр суткасына 15 сааттан ашаарын эсептеп чыгуу кыйынчылык деле туудурбайт. "Кургакчылык жана суунун аздыгы Нурек ГЭСи иштеп жаткан 36 жыл аралыгында биринчи жолу 8,5 метр сууну топтой албадык. Бул тажик энергетикасынын бүткүл тарыхында биринчи жолу болуп олтурат. Өткөн жылдын ушул күндөрү бизде 910 белгисин ­ суу сактагыч толо экендигин көрсөтүп турган. Бүгүнкү күндө ал жок. Суунун деңгээли төмөндөп баратат. Мен саат сайын жеке өзүм кырдаалдын өнүгүшүнө көз салып жатамын. Вахшка суунун агып келүүсү секундасына бар болгону 360­370 куб. метрди түзүүдө. Бул абдан эң төмөнкү көрсөткүч. Ошондуктан, азыр бар сууну үнөмдөө үчүн биз лимит киргизүүгө аргасыз болуп жатабыз, кышында катуу суук мезгилде адамдарга "жарык" берүү үчүн ушул кадамга баруудабыз. Болбосо биз суу сактагычтагы суунун кымбат баалуу 2 метринен кол жууп калабыз. А бул кышында биз таптакыр электр кубаты жок калаарыбызды билдирет", ­ деп айтты Ш.Самиев.
"Барки Точиктин" башчысынын айтымында электр энергиясына чектөөлөр дагы катуулатылып, аймактарга электр энергиясын берүүлөр болжолдуу түрдө дагы 1 саатка кыскартылган. "Ошентсе да киргизилген бул чектөөлөрдө да биздин резервибиз 1­февралга чейин гана жетет. Ошондуктан, азыр кандайдыр бир божомолдорду айтуу кыйын", ­ дейт ал.
"Учурда республиканын бардык ири шаарларына электр энергиясы чектөөлөрсүз берилүүдө. А аймактарда электр кубаты 3.30дан 7.30га жана 17.30дан 20.00гө чейин берилүүдө. Ошол эле учурда электр энергиясын керектөөнүн экинчи даражадагы объекттеринин бардыгын ­ ар түрдүү цехтерди, жарнамалык жарык берүүлөрдү, ж.б. өчүрүүдөбүз. Муну элге жарык берүү үчүн жасоодобуз. Өз кезегинде мен республиканын жарандарын мына ушундай кыйын кырдаалда бизге жардам берүүгө чакырамын. Республика кандай абалга туштукканын түшүнүүбүз абзел", ­ деп кошумчалайт Ш.Самиев.
"Барки Точиктин" башчысы ишендирип кеткендей, Президент Э.Рахмондун тапшырмасы боюнча республиканын борбору Душанбеде чектөөлөр киргизилген жок. "Бирок бул жарык бардык жерде эсеби жок күйө берет дегендикти билдирбейт. Душанбеде да элди жарык менен камсыз кылуу үчүн экинчи даражадагы объекттер да өчүрүлөт", ­ дейт "Барки Точиктин" башчысы.
Т.ТЕМИРОВ,
"Эркин Тоо".












??.??