Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№75, 14.10.08-ж.





"Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын башкы директору, Тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөсү, I класстагы кеңешчи Суванов Эркин Абылкасымовичке өзү жетектеген ишкананын негизги милдеттери жана аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берүү өтүнүчү менен кайрылдык.
Сыйлоонун маданияты тейлөөдөн көрүнөт
Эл аралык жолугушуулардын ийгиликтүү өтүүсүнө көмөктөшкөн ишкана

Бул ишкана биздин өлкөнүн көз карандысыздыгы менен тең чамалаш болуп саналат, анткени Кыргызстандын өз алдынча эриктүүлүк статусу анын түзүлүшүн шарттаган. Республиканы көптөгөн чет мамлекеттердин таанышы, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык миссияларынын жана өкүлчүлүктөрүнүн өлкөбүздө аккредитацияланышы аларды тейлөөнү, дүйнө жүзүндө таанылган стандарттарга жана нормаларга, Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерге ылайык келгидей түрдө иштөөлөрүн татыктуу камсыз кылууну талап кылды. Эгемендүү мамлекеттин жашоо агымы 1994-жылы "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасын түзүүгө алып келди. Ошондон бери ал республикада аккредиттелген чет элдик дипломатиялык корпусту тейлөөгө адистешип, өлкөнүн ТИМинин алдында иштөө менен дипломатиялык тейлөөнүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү координаторунун милдетин аткарып келет.

"Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын негизги ишмердүүлүгү болуп Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин сервистик тейлөө, алардын толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле ишкананын милдеттерине таандык келген чөйрөлөрдө мамлекеттер аралык, экономикалык, саясый жана маданий­гуманитардык байланыштарды турмушка ашыруу саналат.
Дүйнө элдерине белгилүү өткөн жылдагы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Бишкекте жогорку деңгээлде өтүшү баарыбыз үчүн чоң тажрыйба болду. Мындай саясый окуялардын өтүшү жөнүндө алдын ала тагыраак айтканда бир ай мурун өлкөлөр арасындагы эл аралык саясый чөлкөмдөгү чет мамлекеттер менен кызматташуунун максаттары, милдеттери тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, экспертизадан өткөрүлгөн чечимдер кабыл алынгандан кийин даяр документтер президенттин кол коюусуна сунушталат. Муну менен катар жогорку даражалуу конокторду жайгаштыруу аларга кам көрүү менен саясый иш­чараларды өткөрүүдөгү уюштуруучулук дипломатиялык сервистик тейлөө кызматтарынын бардык түрлөрү боюнча биздин ишканадагы кызматкерлер үчүн жооптуу иштер башталат жана анын ийгиликтүү аяктоосуна адистердин чоң салымы бар.
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөн тарыхый чоң салтанатта дүйнө коомчулугу үчүн актуалдуу болгон маселелер көңүлдөн сырт калбастан каралып, өлкөлөр ортосундагы тарыхый, маданий, саясый­экономикалык, гуманитардык байланыштардын кеңейүүсүнө жол ачылды. Ошондой эле 10­октябрда өткөн КМШнын Бишкек саммитине алгачкылардан болуп келген КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Николаевич Лебедев Кыргызстан тараптан жакшы даярдыктар көрүлгөндүгүн баалап, бул байланыштар чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин белгилеген. Мындай эл аралык маанидеги баса белгиленген иштердин жыйынтыктары Тышкы иштер министринин кызматынын жемиши десек болот.

"Кыргыздипсервис" Өкмөттөн тыйын албай иштейт
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипвервис" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык жана ага теңделген чет элдик өкүлчүлүктөргө сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн толук комплексин аткаруучу Кыргызстандагы жападан жалгыз уюм болуп саналат.
"Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасы чет элдик өкүлчүлүктөрдүн иштөөлөрүн камсыз кылууну жогорку деңгээлде жүргүзүүсүнүн аркасында көп өлкөлөрдүн дипломаттарынын жана бизнесмендеринин арасында ишенимдүү ишкер өнөктөш беделине татый алды.
Аталган ишкана 1994­жылдан бери өзүн­өзү каржылап келет. Ошону менен катар мекемедеги ишмердүүлүктүн жана ар тараптан аймактык кызматташтыкты алга жылдыруунун натыйжасындагы ийгиликтерден иши илгерилеп, абалы оң жагына чечилүүдө.
Ошондуктан бул мекеменин балансында Кыргыз Республикасындагы Япония, ФРГ, Түркия мамлекеттеринин элчиликтери менен АгаХан фондунун өкүлчүлүгү, "МерсиКо", ОБСЕ жана Бириккен Улуттур Уюмунун үйү сыяктуу тогуз чет элдик кызматташтыктагы мекемелердин кеңселеринен тышкары чет өлкөлөрдө турган Кыргыз Республикасынын Ыйгарым укуктуу элчилери жайгашкан имараттар, автоунаалар, аларды капиталдык ремонттон өткөрүү иштери ж.д.у.с. Кыргызстандабы, же чет өлкөлөрдө болобу бардык элчиликтерди материалдык-техникалык база менен чыңдоо "Кыргыздипсервистин" милдети.
Американын борбору Вашингтондогу Кыргыз Республикасынын элчилигинин офиси жана Бельгиянын чок ортосундагы Брюсселде, Германияда, Москвада, Душанбеде, ал эми быйыл алынган Түркмөниядагы резиденциялар Тышкы иштер министринин көзөмөлдүгүнүн астында, өзүбүздүн акчага сатып алынып, мамлекеттин менчиги болуп эсептелинет. Аталган иштердин иш жүзүнө ашырылышына бул мекеменин чоң салымы бар.

Концепция иштелип чыккан
Мекеме курамын түзгөн эмгек жамааттын талкуулоосуна коюлуп, сунушталган чечимдер аркылуу коллективдүү келишимдеги бизнес­ пландын негизинде "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасын 2008­2010­жылдар аралыгында өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыккан.
Концепцияда көрсөтүлгөн жобонун рамкасында иштиктүү бизнес кызматташтыкты чыңдоодогу аракеттердин натыйжасында дүйнөгө таанымал өндүрүштүк Кореялык компаниялар менен бирдикте Кыргызстанда "дипломаттар шаарчасын" куруу жөнүндөгү бизнес­долбоордун пайдубалын түптөөгө сунуштар жүргүзүлүүдө.
Келечекте курула турган бардык шарты бар, заманбап дипломаттар шаарчасындагы квартиралардан чет өлкөлөр менен кыргыз жергесиндеги элчиликтерде эмгектенген жарандардын каалоолору боюнча сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү түзүлмөкчү.

Сынактан өттү
"Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын жеке өзүнө тиешелүү дүйнөлүк эл аралык стандарттагы жасалгасы менен чоң конок үйү бар. Ал жерде эл аралык маанидеги кызматташууга байланышкан жыйындар, маселен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия ж.б. өлкөлөрдүн Тышкы иштер министри баштаган делегация өкүлдөрүнүн катышуусунда саясый иш­чаралар өткөрүлүп турат.
Салтанаттуу мындай жыйындарды уюштуруунун эл аралык стандарттагы талаптарына ылайык тейлөө кызматтарын көрсөтүүдө кыргыз дипломатиялык сервис мекемесинин кызматкерлеринин арасында унаа айдоочудан тартып, генералдык директорго чейинки баскычтагы адистердин англис, француз, немис сыяктуу бир нече чет тилдериндеги техникалык терминдеги сөз тизмектеринен буйдалбай эркин сүйлөп, жаза билүү артыкчылыгындагы билим бийиктиктери жагынан республиканын Тышкы иштер министринин талабындагы сынактан сыналып мыкты деңгээлде өткөн.
Дүйнөлүк аренадагы ири жыйындарда сервистик тейлөөлөрдү уюштуруудагы чеберчиликтин бийик маданиятын көрсөтүп, тилмечтик адистигинен кем болбогон сүйлөшүүлөргө ынанган чет элдиктер чын жүрөктөн чыккан ыраазылыгын айтып калтырышкан. Бул көрүнүштү "Кыргыздипсервистин" жетишкендиги десек болоор.

Кадрлар тармагы кеңейет
Кыргыз дипломатиялык сервис ишканасынын бөлүмдөрү Ош жергеси менен Москва, Кытай Эл Республикасында ийгиликтүү иш алпарууда. Мындай кызматташуу бардык КМШ өлкөлөрүнүн алкагында эле болбостон алыскы чет өлкөлөр болгон Куба, Вьетнам, Монголия, Словакия, Чехия, Болгария ж.б. мамлекеттер ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү багытындагы тейлөө мамилелеринде жүргүзүлүп келген жана дагы улантыла бермекчи. Ошону менен катар биз менен иштешип жаткан партнердук кесиптештер аркылуу кызматташуубуз бекемделип жатат десек болот. Маселен, мындан эки жыл мурун Россия мамлекетинин дипломатиялык сервистик ишканасынын 85 жылдык мааракеси өткөрүлүп, анда дүйнөлүк Эл аралык дипломатиялык сервистин Ассоциациясы уюшулду. Анын президенттигине И.И.Сергеев дайындалса, ал кызматтын орун басарлыгына "Кыргыздипсервистин" башдиректору Суванов Эркин Абылкасымовичти бекиткен.
Өлкөлөр ортосундагы дипсервистик кызматташуу байланышынын дагы бири мурдагы жылы Украина дипсервисинин 15 жылдыгына арналган иш­чаралар болду.
Базар экономикасынын тушундагы экономикалык рентабелдүүлүккө жараша жана эл аралык кызматташуунун мүнөзүнө байланыштуу кадрлар тармагындагы тейлөөнүн айрым түрлөрү боюнча кыскартуу жүрүшү мүмкүн. Ал эми учурдун талабына ылайык тилмеч, менеджер ж.б. адистердин катарынын толукталуусу күтүлүүдө.

Кайрымдуулук берекесин берүүдө
Кылым карытып уланып, урпактар жүрөгүнө сакталып, ата­бабалардан мурас болуп келген кайрымдуулук, ырайымдуулук деген мааниси терең боорукерликти жаратуу максатында аталган мекеме спорттук машыгуулардын негизинде эл аралык кайрымдуулук турнирин үч жылдан бери үзбөй өткөрүп келе жатат.
Чет өлкөлүк элчилер тарабынан колдоого алынган бул демилгенин жыйынтыгында, өткөн жылы Бишкектеги балдардын онкологиялык бейтапканасына акчалай каражат берилген болсо, быйыл Токмоктогу жетим балдар үйүнө каржылоо көрсөтүлдү.
Мындай кайрымдуулук жалаң эле бөбөктөр үчүн болбостон табигый кырсыктан жапа чеккендерге дагы көрсөтүлмөкчү. Жакында болуп өткөн Алай районунун Нура айылындагы жер силкинүүдөн жабырлангандарга акчалай жардамдар берилди.

Казынаны кампайткан салык
Бул ишканадагы жетекчинин элге жасаган камкордугу, өзгөчө эмгеги сиңген атуулдарга пенсия, жөлөк пулдардын көбөйүшү, айлык акынын өсүшүнөн адамдардын жумушка болгон мамилесиндеги стимулу оңолду. Элдин келечекке болгон үмүтү жакшырды.
Ошентип бюджеттен айырмалуу каржыланган катмардын бүгүнкү, эртеңки жашоо­тиричилигинде айтаарлык ийгиликтер жаралып, экономиканын негизги булагын түзгөн салык төлөө дагы өсүүнүн үстүндө болуп жатат. Эгерде 2006­жылдын 9 айынын ичинде салыктын бардык түрлөрүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик казынага 5,5 млн. сом төлөнгөн болсо, кийинки жылдары андан дагы көбүрөөк суммага жеткен. Ал эми 2008­жылдагы көрсөткүч 6 млн. 8004 миң 987 сом 43 тыйынды түзгөн.
Шайгүл УРМАТОВА,
"Эркин Тоо".