Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№74, 07.10.08-ж.





  Жүрөк титиреткен

Зилзала
(Башталышы 1-бетте)
Ал эми кечээ кырсык болгон жерге барып, абалга өз көзү менен күбө болгон Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев Нура айылы толук бойдон кыйраганын билдирди. Учурда кырсык болгон аймакта кыйроого кабылгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Кечээ өтө оор жаракат алгандардын баары Ош шаарынын ооруканаларына вертолет менен жеткирилип турду. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Муканбет Шадыкановдун жетекчилиги астында чукул кырдаалды калыбына келтирүү боюнча ыкчам аракеттеги штаб түзүлдү. Тиешелүү министрликтин жетекчилигинин буйругуна ылайык, Нура айылына 4 техника, министрликтин куткаруучу бөлүгүнүн жеке курамындагы 27 адам, 100 жылыткыч, 20 кышкы чатыр, 600 литр минералдык суу жана жылуу кийимдер жөнөтүлдү.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында штаб түздү. Штабга жетекчиликти министр Марат Мамбетов кылып, медициналык жардам көрсөтүүчү пункт кырсык болгон жерге 76 чакырым жакын Сары-Таш айылында түзүлдү. Ал жерде үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жардам көрсөтүп, талаа госпиталы жайгаштырылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги жардам көрсөтүлүп жаткан жерде жабырлангандарга кан берген адамдар, дары-дармектер жетиштүү экендигин билдирүүдө. Жер титирөө болгон аймакка Алай аймактык ооруканасынан тез жардам көрсөтүүчү 4 топ, Ош шаарынан кошумча дагы дарыгерлердин 3 тобу жөнөтүлдү. Операция жасоочу жабдыктар, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун гуманитардык жардамдары жеткирилди.
Кырсыкты айтып болбойт дейт. Кыш босогодо турганда минтип табигат кырсыгын жөнөттү. Албетте бир түндө бир айыл жок болуп калат деген өтө чоң трагедия. Эмне дейбиз каза болгондордун жакындарына, тууган-туушкандарына белди бекем бууш керектигин айткандан башка аргабыз жок. Ал эми жабыр тарткандарды кыргыз эли жардамсыз калтырбайт. Кудай айтып келбес кырсыктан сактасын.
Ж.Эргешбаева,
"Эркин Тоо".




  Кыйыры кенен кыргыздын

Якутия - Жакут өлкөсү
Кыргыз менен жакут эли бир боор эл. Адеп­ахлак, салт­санаасы бир. Бирок, мезгилдин катаал агымдарына байланыштуу эки элдин бөлүнгөнүнө 400 жылдан ашык убакыт өтүптүр. Ошого карабастан, аларда кыргыздан тараган сөз тамыры өзүнүн мазмунун биротоло жоготпой, ушул мезгилге чейин сакталып келет. Эки элдин жакындыгын мезгил жана 400 жыл өчүрө алган жок. Ошондуктан, азырынча жакут туугандар тууралуу кыскача маалымат берүүнү туура таптык.

1882­жылы Россия Сибирь аймагын өзүнө кошуп алгандыгынын 300 жылдыгын белгиледи. Бирок, бул талаш маселе экенин айрым тарыхчылар айтып келүүдө. Казак атаманы Ермак 1582­жылы эмес 1579­жылы жортуулга чыккан деген да маалыматтар бар. Ермак 1582­жылы 6 миң аскери менен чабуул жасап, татар ханы, Кучум падыша жашаган Кашлык шаарын басыптыр. Ал ордо борбор Тоболь менен Иртыш дарыясынын куймасынын жанына жайгашкан эле.
1596­жылы казак жоокерлери Сургут менен Нарымга жетип калган. 1604­жылы Томск шаарынын пайдубалы түптөлүп 1619­жылы Енисейск, 1628­жылы Красноярск шаарын түптөп, 1630­жылы Якутияга жетишет. Кыргызча жакут. Анткени Якутияда алмаз жана башка алтын, күмүш кендери көп. Якуттар түрк тилдүү элдердин тобуна кирет. Энесай дайрасынан Лена дайрасына чейин өтө кең мейкинди басып өткөн биринчи орус Пантелей Пенда болуп эсептелет. Албетте, ал ссылкага айдалбай, өз эрки менен кыдырып чыккан.
Сибирде илгери енисейлик кыргыздар гана жашаган. Ермак биринчи ошолор менен салгылашып, кийин татар ханы Кучум менен согушкандыгы гана тарыхта жазылган. Ошол энесайлык кыргыздар миңдеген бутактарга бөлүнүп кеткендей таасир калтырат. Алар тыва, хакас, якут, нганасан, долган, шор, остяк ж.б. болуп эсептелет.
Якут туугандар негизинен бугуларды багып оокат кылышат. Албетте, бүгүнкү күндө ал жерден көптөгөн кен чыгып жаткан үчүн ири өнөр жайлар курулууда. Элинин саны боюнча 300 миңге жакындап барат. Канткен менен хакас, тыва туугандарга караганда көбүрөөк. Тутунган дини Будда. Жайында күндүн эң ысыгы 20 градуска жетсе, кышкы суугу 60 градуска чейин жетет. Токойлорго бай. Өсүмдүктөрдүн миңдеген түрлөрү өсөт. Жаныбарлардын, канаттуулардын сан жеткис түрлөрү бар.
Акыркы кездери Якутияда бугу багуучулардын саны кескин азайып кеткендиги жөнүндө айтып жүрүшөт. Анткени, шаарга окууга кеткен улан же кыз бугу багууга жөндөмсүз болуп калат экен. Менимче шаар турмушуна көнүп кетишет окшойт. Анткени, бугу баккан адамдар электр жарыгы эмне экенин билишпей эки­үч метр кар жааган суук жерде көчүп жүрүшөт. Бугуларды улам чөптүү жерлерге которуп туруш керек.
Ошого байланыштуу Якутияда көчмө мектептер ачылган. 7 жаштан 9 жашка чейинки окуучуларга бугу багууга, ата­энесине жардам көрсөткөндүгү үчүн деп атасынын маянасына кошуп, анын айлыгынын 30 пайызын төлөп берет. 10 жаштан ашкан окуучуларга 50 пайыз маяна төлөнөт. Көчмө мектептин ачылганына быйыл 13 жылдын жүзү болуп, мектепти 29 окуучу бүтүп чыккан. Алар билим алуу менен бирге бугу бакканды да жакшы үйрөнүшүп, көпчүлүгү ошол кесипти тандап алышат экен.
Белгилүү якут акыны Михаил Тимофеевдин "Бугулар" аттуу ырын мисалга келтире кетели.
(Которгон С.Жусуев)

Тундранын мейкининде топ бугу,
Чана сүйрөп тынбай чуркап баратат.
Мойнундагы коңгуроолор шыңгырап,
Айланага торгой үнүн таратат.
Бугулардын туягынан кар ызгып,
Зуудап барат, барган сайын жол кемип.
Бороон, туман калып жатат томсоруп,
Атырылган бугуларга жол берип.
Кекиликтей учуп барат топ бугу,
Арт жагында түтүн сымал кар калып.
Ээрчий карап аска калат жылаңач,
Бадал калат жылбаганга арданып.
Айлананы иңир каптап, ай чыгып,
Бугулардын мүйүзүнөн нур жанды.
Алар көрдү те окчунда үйлөрдүн,
Көздөрүнөн шамы күйүп турганды.
О бугулар, учкул канат болдуңар,
Тагдыр бизге атайылап жиберген.
Бирок, силер шашсаңар да канчалык,
Самолеттор өтүп кетти силерден.
Жок, бул сөзгө калбагыла таарынып,
Мойнуңарда коңгурооңор күү чалып,
Ылдамдыкты самолеттон бөлүшүп,
Чуркагыла мындан бетер күч алып!
Иван Гоглев якут элинин көрүнүктүү акындарынын бири. Кыргызстанды кыдырып көргөн. Токтогулдун ырларын якут тилине которгон. Анын өмүр баянын изилдеп, Үркүттөгү Александровск централь түрмөсүнө да барган.

Тилек
(Токтогул Сатылгановду туурап)

Аппак күмүш үзөңгү,
Жүрсө боло дат баспай.
Мен да дайым тамылжып,
Жүрсөм боло жаш чактай.

Дарак баркин түшүрбөй,
Кармап турар болсочу.
Кыздын көзү дайыма,
Жайнап турар болсочу.

Күндүз дагы жылдыздар
Күйүп турар болсочу,
Достор дайым бир­бирин
Сүйүп турар болсочу.
Бүркүттөрдүн канаты
Эч талыбас болсочу.
Акындардын ырлары
Эч карыбас болсочу.

Шарап куйган чөйчөктөр
Сынбай турган болсочу.
Адам өлбөй түбөлүк
Жыргай турган болсочу.
Якутия, жакуттардын, алтын, күмүштөрдүн жери, сулуулуктун борбору. Бизге тууган өлкөнүн кендерин изилдөө үчүн бүгүнкү күндө бүт дүйнө аракет жасоодо.

Карбалас БАКИРОВ,
"Эркин Тоо".