Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№74, 07.10.08-ж.





Майда - маани
Ысык-көлдүктөрдүн жардамы 750 миң сом
Ысык­Көл облустук мамадминистрациясы 5­октябрда Ош облусунда болгон жер титирөөдөн жабыр тарткан Алай районундагы Нура айылынын жашоочулары үчүн 750 миң сом которушту.
Губернатордун басма сөз катчысы С.Усубакуновдун билдирүүсү боюнча мындай чечим обладминистрациянын аппаратынын жыйынында кабыл алынган. Мындан тышкары обладминистрация кызматкерлери жабыр тарткандарга өзүлөрүнүн 1 күндүк эмгек акысын да которушкан.

Эсептегичтер Канттан чыгат
Кантта газды пайдалануу эсебин алуучу жаңы муундагы приборлорду чыгаруучу кыргыз­кытай биргелешкен ишканасы ачылды. Ишкананын жаңы заманбап жабдуулар менен жабдылышы анын продукциясынын жогорку сапаттуулугуна кепилдик боло алат,- деп айтылат компания тараткан билдирүүдө.
Заводдун өндүрүш кубаттуулугу жылына 50 миң газ эсептегичтерин чыгарууга жөндөмдүү. Компаниянын жетекчилиги келечекте чыгарган продукциянын көлөмүн эки эсеге көбөйтүүнү пландаштырууда. Ошондой эле өз продукциясын экспортко чыгаруу дагы келечек пландагы иш. Бул мурдагы бүт СССР аймагындагы мындай эсептегич приборду чыгаруу биринчи завод болуп саналат.

5-октябрдагы шайлоого шайлоочулардын 61,6%ы катышты
БШКнын төрагасы Дамир Лисовскийдин билдирүүсү боюнча Чүй облусунда шайлоочулар активдүү катышып, алардын 71,84 пайызы добуш берсе, Бишкек шаарында 38,48 пайызды гана түзгөн. Ал эми жалпы республика боюнча 1 млн. 575 миң 183 адам шайлоого катышкан.


Алгачкы жыйынтыктар: Р.Акназарова шаар кеңешине шайланды
Бишкек шаарындагы Тоголок-Молдо округунда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколдор саналып бүтүп, шайланган депутаттар аныкталды. Алар С. Кадыров, А. Завиялова, Т. Табалдиев жана Р. Акназарова. Эми аталган шайлоо округунун протоколдору БШКнын каттоосунан өтүүсү керек.

"Төө­Ашуу" туристтерди күтөт
Суусамыр өрөөнүндө "Төө­Ашуу" тоо­лыжа базасы ачылат. Базанын директору Марс Сагынбаевдин сөзүнө караганда учурда 2 километрдик асма жолдор курулуп бүткөн. Ал бир эле учурда 260 адамды тарта алат. Туристтердин жашоосу үчүн 8 кишилик 4 үйдүн курулушу аяктады. "Төө­Ашуу" базасы кийинки айда иштей баштоосу белгиленүүдө.

Руслан Шаботоев кайда?
СДПК партиясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча спикер жана фракция депутаттары бир канча күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Р.Шаботоевге байланыштуу "укук коргоо органдары салкын мамиле жасап жатканына катуу нааразы" болушууда. Ошондой эле фракция депутаттары Р.Шаботоевди издөө боюнча атайын топ түзүүнү талап кылышууда. Бул маселе боюнча фракция лидери Б.Бешимов Ички иштер министринин 1­орун басары Т.Субанов менен жолугушту деп билдирет маалымат агенттиги.
Фракциянын дагы бир депутаты Ж.Жээнбековдун уулу да дайынсыз болуп жатканына 10 күндөн ашты.

Баткенде токой чарбасынын кирешеси өсүүдө
Баткен районунун токой чарба башчысы А.Кимсанов "АКИпресс" агенттигине өткөн 8 айда ал жетектеген мекеме мамлекеттик казынага 600 миң сом киреше бергенин билдирген.
Баткен токой чарбасынан 2006­жылы мамбюджетке 570 миң, 2007­жылы 655 миң сом түшкөн. Ал эми быйыл 750 миң сом киреше пландаштырылса, иш жүзүндө 900 миң сомдук киреше казынага түшүүсү күтүлүүдө.

Парламенттик угуу гендер саясатына арналат
Бүгүн аял-эркектин саясаттагы тең укуктуулугу боюнча парламенттик угуу өтөт. Анда саясат жаатында аялдар менен эркектерге бирдей шарт түзүп, укугун камсыз кылуу менен улуттук жана эл аралык милдеттемелерди аткаруу үчүн мыйзамдарды жакшыртуу маселеси каралат. ЖКнын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча парламенттик угуу Жогорку Кеңештин Жаштар, гендердик саясат, дене тарбия жана спорт боюнча комитети тарабынан уюштурулууда.

Мырзакеде спортко чоң көңүл бөлүнөт
Өткөн ишемби күнү Дене тарбия жана спорт күнүнө карата Ош облустук мамадминистрациясы тарабынан спорттук мекемелер жана спорт объектилери арасындагы облустук кароо­конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Ош облмамадминистрациянын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча спорттук мекемелер арасындагы I орун жана 10 миң сом акчалай сыйлыкты Өзгөн районундагы Мырзаке айылындагы спорт комплекси жеңип алды. II орун жана 5 миң сомго Ноокат районунун Гүлистан айылынын, III орун Кара­Суу районунун Мады айылындагы спорт комплексттери татыктуу болгон.

"Кыргызстандын жаңы адабияты" ­ жаңы электрондук китепкана
Бүгүнкү күндө Кыргызстандык калемгерлер үчүн өз чыгармаларын басып чыгаруу жана сатуу иши оор маселе. Ошондуктан, авторлорду колдоо боюнча коомдук фонддун башчысы О.Бондаренко авторлор биригип "өзүңө өзүң жардам бер" деген ураан менен фонд түзүшкөнүн билдирди. Түзүлгөн электрондук китепкана жергиликтүү чыгармачыл адамдарды колдоого алып, чыгармалар автордун уруксаты менен бекер жайгаштырылып турмакчы.

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата мааракелик медаль чыгарылат
Улуу Ата Мекендик согуштун 65 жылдыгын белгилөө боюнча даярдыктар башталды. Бишкекте боло турган КМШнын Мамлекет башчыларынын саммитинин кароосуна Улуу Ата Мекендик согуштун 65 жылдыгын майрамдоо жана ага даярдыктар боюнча негизги иш чаралардын планынын долбоору да коюлмакчы. Анын ичинде "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 65 жылдыгы" юбилейлик медалын чыгаруу да белгиленген.

Кондолиза Райс Казакстанга келип кетти
Өткөн жекшемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Казакстанга кыска мөөнөттүү иш сапары менен келип кетти. Ал Казакстандын Президенти Н.Назарбаев менен жолугушуп, анда эл аралык жана регионалдык мүнөздөгү маселелердин кеңири алкагы талкууланды деп билдирет Казак Президентинин басма сөз кызматы. Сүйлөшүүлөрдөгү маанилүү темалардын бири Борбордук Азия регионунун өнүгүү келечеги туурасында болгон.
Н.Назарбаев 2010­ жылы Казакстандын ОБСЕге төрагалык кылуу үчүн талапкерлигин АКШнын колдоосу үчүн ыраазылык билдирип, бул уюмдун ичиндеги жемиштүү кызматташтыкка үмүтүн билдирди.

Путин Украинанын Грузияга курал беришин кылмыш деп атады
Бейшембиде Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко менен биргелешип өткөргөн пресс­ конференциясында Владимир Путин мына ушинтип айтты. Путиндин сөзү боюнча кылмыш "куралдар согуш аракеттеринин жүрүшүндө берилгендигинде жана Украинанын адистеринин башкарышында" турат.

Б.Обаманын атаандашы Ж. Маккейндин шайлоо өнөктүгүнө дооматы бар
Анын билдиргенине караганда, Жон Маккейндин шайлоо өнөктүгүндө атаандашына сокку уруу үчүн мааниси жок айыптар коюлууда. Республикачылардан вице-президенттикке талапкер Сара Пэйлин Обаманы "террорчулар" менен байланышта турганы үчүн айыптаган болчу. Обама республикачылар шайлоочуларды реалдуу маселелерден алагды кылууну көздөөдө, ­ деп билдирди.

"Керемет көчтүн" жаңы бийиктиги
Кыргызстандык мектеп жашына чейинки кичинекей көрөрмандарга арналган "Керемет көч" аттуу мультипликациялык сериалдар кыргыз телесиндеги балдардын сүйкүмдүү көрсөтүүсү болуп саналат. Жагымдуу музыка, кызыктуу картиналар менен коштолгон бул көрсөтүү эң кичинекейлер үчүн тарбия­таалим миссиясын кошо көтөргөнү менен да баалуу. Бул көрсөтүү алгач мындан туура 2 жыл илгери ЮНИСЕФ, Президенттик администрациянын "Кичинекей балдардын өсүүсү" долбоору жана Ага­хан фондусунун колдоосу менен кыргыз телесинде эфирге чыга баштаган.
Эми 6­ноябрдан баштап Кыргыз телесиндеги балдардын "Керемет көч" мультипликациялык көрсөтүүсүнүн жаңы версиясы көрсөтүлө баштады. Жаңы версия бул жолу балдарды мектепке чейин окутуу жана мектепке даярдоого, аларды толеранттуулук жана камкор сезимдерге тарбиялоого багытталмакчы.

БУУнун эл аралык парламентке айланышы мүмкүнбү?
Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварднадзе БУУнун эл аралык парламентке айландырууну сунуш кылды, - деп билдирет "Интерфакс" агенттиги. "Эгерде биз Европарламентти түзсөк, анда эмне үчүн жарым жолдо токтолуп калуу керек? Бул процессти аягына чейин жеткирип, БУУну эл аралык парламентке кайрадан уюштуралы", - деп чакырык кылат Шеварднадзе. Анын пикири боюнча, "бир мамлекеттин күчү жетпеген проблемаларды чече турган" өкмөт түзүлүүгө тийиш

Швейцария Россиянын Грузиядагы кызыкчылыктарын коргойт
Москва менен Тбилисинин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин үзүлгөндүгүнө байланыштуу Россиянын Грузиядагы кызыкчылыктарын Швейцариянын элчилиги коргойт. Бул туурасында Россиянын ТИМинин маалымат жана басма сөз департаменти билдирген. Мындай чечим дипломатиялык жаңжалдан жапа чегишкен россиялык жана грузиндик жарандардын кызыкчылыктарын коргоо максатында кабыл алынган.