Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№74, 07.10.08-ж.





Простатит жөнүндө урологдор эмне дешет?
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БСУ) маалыматтары боюнча АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн эркек калкынын 35%дан көбүнүн өмүрүндө жок дегенде бир жолу простатитке мүнөздүү болгон симптомдорду белгилешкен. Ошого карабастан аныкталган "өнөкөт простатит" деген диагнозду алардын ичинен ар бирине коюуга болбойт.

Оорунун өөрчүшүнүн себеби көбүнчө жыныстык катнашуу жолу менен жугуучу же болбосо өздүк жана сексуалдык гигиенаны сактабагандыктын натыйжасында пайда болгон инфекция болуп саналат. Мындан тышкары, өнөкөт простатиттин проблемасы ошондой эле жашоо­турмуш мүнөзү, ашказан­ичеги оорулары жана жыныстык катнаш адаттары менен байланыштуу экендигин соңку изилдөөлөр көрсөтүштү. Өнөкөт простатит менен ооруган эркектерде көбүнчө сексуалдык каалоонун төмөндөшү, эректилдик дисфункция жана уруктун эрте түшүп кетиши байкалган.

Медицинадагы эң эле так эмес диагноз
Простатитти "медицинадагы эң эле так эмес диагноз" деп аташат. Анткени, бул аталыштын алдында канчалык оорунун өзү эле эмес, ошончолук эркектердин мүнөздүү даттанууларын жазуу жашырынып жатат. Урологдор айтышкандай, простатиттин жүзгө жакын белгиси бар жана алардын ар бири эркектердин жашоо­турмушун бир топ эле бузуп коюуга жөндөмдүү. Тилекке каршы, айрым израилдик адистер "простатит" деген оору дегеле жок, а "простатизм" ­ башка, начар диагноздоло турган оорулар менен байланышкан белгилер бар деп ырасташат.
Ошондой болсо да, АКШда гана жыл сайын өнөкөт простатит менен ишке жөндөмдүү курактагы 3 миллионго жакын эркектер оорушат, алардын ичинен 40%ында көбүнчө хломадиялык инфекция табылат. Ошондой эле инфекциялыкка караганда инфекциясыз простатит көп кездешет.

Эмне кылуу керек?
Простатит табылган учурда эмне кылуу керек? Ийгиликтүү дарылоонун биринчи сыры - туура диагноз коюуда жана эмнени издөө керектигин билүүдө жатат. Тажрыйбалуу уролог мына ушунусу менен айырмаланат. Ал эми оорулуунун бардыгын эле бир ыкма, айталы, антибиотиктер менен гана дарылоо простатитти дээрлик айыккыс оору деген атка кондурууга алып келди.
Экинчи сыры - бул дарылоо каражаттарын тандоо. Простатиттин канча түрү болсо дарылоонун да ошончо түрү бар. Урологго так эле ушул ооруну дарылоонун бай тажрыйбасы керек, ал эми бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылууга тийиш. Бүгүн лазердик терапия, ультраүндүк дарылоо, микротолкундуу термотерапия, антимикробдук терапия ж.б. колдонулууда, алардын учурунда микробдор сезгенүү очогунан бөлүнүп чыгышат. Бардык саналып өткөн ыкмалар сезгенүү процессин токтотууга көмөк беришет. Ар бир оорулуу үчүн терапия курсу өнөкөт оору менен кайрылган адамдын жаш курагын эсепке алуу менен жекече иштелип чыгат.
Эң башкысы. Простатаны айыктыруу ошондой эле эркектин жыныстык катнашуу функциясын калыбына кетирүүгө жардам берет. Аягында, чындап эле ушул оорудан кутулгусу келишкен эркектерге бир жөнөкөй кеңеш бере кетели: өзүңүздөрдүн жашоо-турмушуңуздарды өзүн­өзү дарылоо менен татаалдаштырбай, жакшы адиске кайрылыңыздар.


Кишеневде КМШ өлкөлөрүнүн VII эл аралык спорттук оюндары жыйынтыкталды
Молдавиянын борбору Кишенев шаарында КМШ өлкөлөрүнүн VII эл аралык спорттук оюндары сентябрь айынын соңунда жыйынтыкталды. Ага Азербайжан, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Россия, Украина жана Эстониядан, Греция, Румыния менен Франциядан 500гө жакын спортчулар катышты.
Мелдеш спорттун 10 түрү боюнча өтүп, анда аялдар менен эркектер 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогору курактагылар болуп бөлүнүп, өз алдынча мелдештер өткөн. Мына ушул эл аралык спорттук оюндардын жүрүшүндө "КМШ өлкөлөрүндө массалык спортту жана дене тарбиясын өнүктүрүү" деген темада илимий конгресс да болуп өткөн. КМШ өлкөлөрүнүн спорттук оюндары алгачкы ирет 1994­жылы Москвада өткөрүлгөн.

Тогуз коргоол Европада
Кыргыздарда илгертеден акыл оюну деген атка конгон тогуз коргоол Европага да таанылып, ойноло баштады. Жакында эле Чехияда Кыргызстан, Казакстан, Испания, Словакиянын өкүлдөрү катышкан эл аралык турнир болуп өттү. Алдыңкы 1­2­орундарды казакстандыктар ээлесе, биздин өкүлдөр 3­орунду камсыз кылышты. Тогуз коргоол оюнуна соңку жылдары испандар менен чехтердин кызыгуусу артып, Европага жайылып, тааныла баштады.

Велоспортчу Е.Ваккер 23-орунда
Кыргызстандык Евгений Ваккер Италияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта, веложарышта 23­орунду ээлеп кайтты. 40 өлкөдөн барышкан 58 спортчунун ичинен 44 чакырым аралыкты 54 мүнөт 32,02 секунддун ичинде басып өткөнүн Е.Ваккердин бапкери Эркен Акрамов жакшы көрсөткүч катары баалоодо.
Анын айтымында Азияда азыр Ваккерге эч ким теңеле албайт экен. Италиядагы жарышты ал экстрал­класстагы 35 веложарышчыларды артка калтырган. Алардын арасында Афины олимпиадасынын чемпиону болгон россиялык М.Игнатьев жана казакстандык күчтүү эки спортчу да болгон.
Эске сала кетсек Е.Ваккер өткөн жылы Азиянын чемпиону болууга жетишип, велоспорттогу "Б" классында дүйнө чемпиону болгон, бирок ошого карабастан ал жетиштүү упай топтой албагандыктан Бээжин олимпиадасына жолдомо алалбай калган.

Футбол

Чемпиондор лигасында
Чемпиондор лигасында 1/32 финалдык оюндардын 2­туру болуп өттү. Европанын чемпиондорунун жана алдыңкы клубдарынын таймашуусу күйөрмандардын купулуна толуп, чыныгы чемпиондорго оюн көрсөткөндүгү менен айырмаланууда. Бул турнирге КМШнын чемпиондору да катышууда. Россиядан "Зенит", Беларусиядан БАТЭ, Украинанын Донец областынын "Шахтер" жана Киевдин "Динамо" клубдары ойношууда.
"Зенит" "Н" тобунда биринчи турда сыртта, мейманда Италиянын "Ювентус" клубуна уттурса, өткөн аптада өз үйүндө Испаниянын "Реал" клубун кабыл алып, 1:2 эсебинде утулуп калды. Мына ушул топто ойноп жаткан БАТЭ болсо "Ювентус" менен ойноп, 2:2 эсебинде тең чыккан. Беларустар деле "Реал" клубуна Мадридде 2:0 менен утулуп кайтышкан.
"G" тобунда ойноп жаткан "Динамо" (Киев) болсо өз үйүндө Англиянын "Арсенал" командасы менен 1:1 эсебинде тең чыкса, 30­сентябрда Стамбулда жергиликтүү "Фенербахге" клубу менен 0:0 эсебинде тең чыгуу менен кайтты.
"С" тобунда ойноп жаткан "Шахтер" (Донец) биринчи оюнда сыртта Швейцариянын "Базель" командасын 1:2 менен утуп кайтса, 30-сентябрдагы оюнда өз үйүндө "Барселонага" ушундай эле эсеп менен уттуруп койду.
Эми кезектеги оюндар 21­жана 22­октябрда улантылат. Көрүнүп тургандай "Шахтер" 3 упай топтосо, "Динамо" 2 упай жыйнаган. "Зенит" болсо бир да упай ала элек. Демек, өз тобунан кийинки айлампага чыкпай калуу коркунучу бар.

"Ак Пеле"
Ташкентте
Учурунда "Белый Пеле" деген атка конгон 55 жаштагы бразилиялык Зико Ташкенттин "Бунедкор" клубуна башкы машыктыруучу болуп дайындалды. Тагыраагы 15 айга келишим түздү. Буга чейин бул клубду белгилүү оюнчу Миржалал Касымов машыктырып келген. Команда азыр Өзбекстан чемпионатында 1­орунда келүүдө. М.Касымов болсо Өзбекстан курамасына башкы машыктыруучу болуп калды.
Машыктыруучулук карьерасын Зико Япониядан баштаган. 2002­жылы Япония курамасын машыктырып, 2004­жылы Азиянын Кубогун уткан. Андан соң ушул эле команданы 2006­жылы Германияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүнө алып чыккан. 2006­2008­жылдары Түркиянын "Фенербахге" клубун машыктырып, 2006/07­жылы өлкөнүн чемпиондугуна алып чыгып суперкубокту уткан, УЕФАнын чемпиондор лигасында болсо 1/4 финалга чейин жеткен сенсация жараткандыгы менен айырмаланган адис.
Ташкенттин "Бунедкор" клубу АФК­2008 чемпиондор лигасынын жарым финалында ойноого укук алган команда болуп эсептелет. Коңшулаш Өзбекстанда футболго өзгөчө көңүл бурулаарын белгилеп кетүүгө болот. Быйыл эле Европа чемпиону болгон Испаниянын белдүү оюнчулары Ташкентке келип, "Мастер класс" өткөрүп, чеберчиликтерин көрсөтүп кетишти. Мындан сырткары дүйнөнүн мыкты оюнчулары чакырылып турат.

А.ЖУНУСОВ,
"Эркин Тоо".