Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№74, 07.10.08-ж.






Калдарбек Алишерович Абдраманов,
жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо ИИИнин директору, медицина илимдеринин доктору, профессор:
­ Мирсаид Мирхамидович Миррахимовдун дүйнөдөн кайтышы бул кыргыз медицинасы үчүн эң чоң жоготуу болду деп эсептеймин. Мен мурда кайсы бир теле берүүдө интервью берип жатып Миррахимовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү керек деп айткан элем. Чынында бул киши Нобель сыйлыгына татыктуу болчу. Бизден эки киши Нобель сыйлыгын алса болот эле. Бирөө Чыңгыз Айтматов, экинчиси Мирсаид Миррахимов. Миррахимов тоодогу жашоонун адамдын организмине тийгизген таасирин, принциптерин, мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдеп, аныктап чыккан. Муну менен ал медицинадагы өтө чоң илимдин башатын ачкан. Бул медицина илими боюнча жүз жылдап изилдөөнү уланта берсе болот. М.Миррахимовдун медицина илимине кошкон салымы эбегейсиз.

Кубанычбек АДАМАЛИЕВ,
Медицина илимдеринин доктору, профессор, 20 китептин автору, акын жана жазуучу:
­ Хирург, дүйнөгө белгилүү окумуштуу жана ааламга белгилүү врач бул дүйнөдөн кол үзгөнү бизге өкүнүчтүү. Бир жолу балам лимпа оорусу менен ооруп калганда (кыргызча "кара жамаак" деп коет ­ рак оорусу) мен Мирсаид Мирхамидовичке кайрылдым, ал ошол жерден машинама түшүп, үйгө жөнөдү. Баламды көрүп текшерди. Жыйынтыгында балам жакшы айыгып кетти. Мирсаид Мирхамидович терапиянын атасы болчу. Кардиологияга кийинчерээк өттү. Негизинен 100 миңдеген адамдарды дарылап, алардын алкышына ээ болду. Анын дүйнөдөн өтүп кеткени кыргыз медицинасы үчүн чоң жоготуу. Себеби, мындай терапевт, мындай кардиолог жыл сайын эле төрөлө бербейт. Бирок, артында жалпы дүйнө медицинасы үчүн кызмат кыла турган шакирттери калды. Бизди ошол нерсе гана жубатат.

Арстанбек МЫРЗАЕВ,
академик, медицина илимдеринин доктору, профессор:
­ Мен өзүм невропотологмун, ал кардиология бөлүмүн башкарып, имаратыбыз кошуна жайгашып, көп жылдар бирге иштедик. Белгилүү окумуштуу, мыкты врач катары анын көптөгөн медициналык кызматкерлерден айырмасы, ал физиология, пата­физиология, функционалдык морфология боюнча абдан мыкты адис эле. Мединститутту көп кишилер бүтөт. Бирок, таланттуу врач, талант бойдон калат экен. Кийин өзү ооруп калды. Ошондо аны профессор Рахат Оморов үч жолу операция жасады. Көрсө, ал өзү рак оорусуна чалдыккан экен. Кыргыз медицинасынын эң бир бийик чокуга чыкканына анын зор эмгеги бар деп эсептейбиз жана аны унутпайбыз.


Эми... жүрөктүн дартын ким айтат
Мирсаид Мирхамидович Миррахимов Кыргызстанда иштеген дүйнөгө белгилүү кардиолог. Ал медицинасындагы жүрөк ооруларды айыктыруунун эң бир олуттуу маселелерин иш жүзүнө ашырган. Ал ошончолук дүйнөлүк деңгээлдеги бийиктигине карабастан, өтө жөнөкөй адам болчу. Бийиктик деген нерсенин маани­мазмуну жөнөкөйлүктө окшойт. М.М.Миррахимов кыргыз эли жана бүткүл дүйнөнүн эли үчүн иштеп бере турган эң мыкты адистерди даярдады. Аларды санап отуруу үчүн убакыт керек. Миррахимов албаган сыйлык калган жок. Тагдыр ушул экен. Коштошууга аргасыз болуп отурабыз. Урматтуу Мирсаид Мирхамидович, сиздин эмгегиңизди Кыргыз Республикасы жана анда жашаган көп улуттуу эл эч убакта унутпайт. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

"Эркин Тоо" гезитинин эмгек жамааты.
Мамлекеттик тилге маани берилди
Мамлекеттик тил боюнча мыйзам, токтом, буйруктардын аткарылышы кандай? Облустук мамлекеттик администрациянын кезектеги коллегиясында ушул маселе биринчи болуп каралды. Коллегиянын отурумуна КРнын Президентинин астындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов катышты. Мамлекеттик тилди өркүндөтүү иш кагаздарында кеңири колдонуу боюнча облустук мамлекеттик архив башкармалыгында, кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинде, Аман Токтогулов атындагы облустук китепканасында алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү белгиленди.
Чала сабат мамиле жасаган ишкана, мекеме-уюмдар аталды. Ал эми граждандык коргонуу, финансылык полиция ФОМС, ПЛУАД-5, мекемелеринин жетекчилери мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча КРнын мыйзамын, КРнын Өкмөтүнүн токтомун Талас облустук мамлекеттик администрациясынын буйругун аткарышпагандыгы сынга алынды. Губернатор Бейшенбек Болотбеков аталган мекемелердин жетекчилерине жыйырма күндүк мөөнөттө мамлекеттик тилге өтүү боюнча мыйзамдык талаптарды аткарууну тапшырды. Коллегиянын кийинки отурумунда алардын бул боюнча иш-аракеттери угулмакчы болду.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча республикада алгылыктуу аракеттерге, алдыдагы милдеттерге токтолду. Мамлекеттик тилди өркүндөтүүдө жемиштүү иштеп жатышкан кызматкерлерге: облмамадминистрациянын мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкери Асыл Озокеевага, ТМУнун окутуучусу Зууракан Конгайтиевага, Талас шаарындагы №6 орто мектептин кыргыз тили мугалими Бурул Байбековага "Кыргыз тили" алтын төш белгисин тапшырды.
Аймактарда, облустун ордо шаарында кышка карата даярдыктардын көрүлүшү: социалдык объектилерди, калкты отун-суу менен камсыздоо, электр энергиясын белгиленген лимиттин чегинде пайдалануу тапшырмасын аткаруу маселелери боюнча акимдердин, мэрдин отчеттору угулуп, милдеттери белгиленди. Ошондой эле облуска инвестиция тартуунун абалы тууралуу маалыматтар угулду.
Н.СЕЙДАЛИЕВ,
"Эркин Тоо".




Миррахимов Мирсаид Мирхамидович
На 82-м году жизни после тяжелой болезни ушел из жизни Почетный директор Национального центра кардиологии и терапии при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики, заведующий кафедрой терапевтических дисциплин №2 Кыргызско-Российского Славянского университета, Герой Социалистического Труда, академик Национальной академии наук Кыргызской Республики и Российской академии медицинских наук, лауреат Государственных премий Кыргызской Республики и СССР в области науки и техники, заслуженный деятель науки Кыргызской Республики, заслуженный врач Кыргызской Республики, доктор медицинских наук, профессор Миррахимов Мирсаид Мирхамидович.
Миррахимов Мирсаид Мирхамидович родился 27 марта 1927 года в г.Фрунзе Кыргызской ССР в семье известного музыканта. Окончив в 1948 году Киргосмединститут, в 1952 году - клиническую ординатуру, трудовую деятельность начал ассистентом кафедры факультетской терапии КГМИ; защитив кандидатскую диссертацию, был избран заведующим этой же кафедры. С 1963 по 1978 год - проректор по науке КГМИ. В 1966 году ему присуждена ученая степень доктора медицинских наук, ученое звание профессора, в 1969 году - член-корреспондента АМН СССР, в 1974 году - действительного члена Академии наук Кыргызской ССР, в 1988 году - действительного члена АМН СССР, в 1996 году - члена Нью-Йоркской академии наук. С 1977 г по 2007 год Миррахимов М.М. являлся бессменным директором Национального центра кардиологии и терапии.
М.М.Миррахимов - признанный в мире ученый-клиницист, клинический физиолог, педагог, организатор науки и здравоохранения, общественный деятель, основоположник высокогорной медицины и кардиологии, создатель отечественной школы в этой отрасли. Он внес крупный вклад в разработку биолого-физиологических основ адаптации человека к условиям высокогорья.
Академик М.М.Миррахимов - инициатор создания и совершенствования кардиологической службы в республике. НИИ кардиологии, основанный и возглавляемый им долгие годы, превратился в мощный учебно-научно-практический комплекс, оснащенный современным медицинским оборудованием.
Миррахимовым М.М. внесен большой вклад в дело подготовки кадров для здравоохранения республики, он подготовил более 100 докторов и кандидатов наук. Ему принадлежит более 700 научных трудов, в т.ч. 32 монографии, около 500 научных статей, 19 изобретений.
Многоплановой и широкомасштабной была общественная деятельность М.М.Миррахимова. Он - первый президент Ассоциации кардиологов Центральной Азии, с 1995 года - президент Ассоциации кардиологов СНГ, председатель Общества терапевтов и кардиологов Кыргызской Республики, президент Ассоциации специализированных медицинских обществ Кыргызстана, член президиума ряда медицинских обществ России, член редколлегии и редакционных советов 10 ведущих медицинских журналов, в том числе международных, главный редактор Центрально-Азиатского медицинского журнала, зам.главного редактора журнала "Кардиология СНГ", руководитель движения "Врачи за предотвращение ядерной войны". Неоднократно избирался депутатом Фрунзенского городского и Верховного Советов Киргизской ССР.
Труд М.М.Миррахимова по достоинству оценен Правительством и научной общественностью, ему присвоенно высокое звание Героя Социалистического Труда, награжден двумя орденами В.И.Ленина, орденом Октябрьской Революции, орденом Дружбы народов, орденом "Знак Почета", орденом Манаса I, III степени, орденом Николая Пирогова "За выдающиеся заслуги в научно-практической деятельности в области медицины", медалями и другими знаками почета, отличиями.
Академик М.М.Миррахимов навсегда останется в нашей памяти, как всемирно признанный ученый, выдающийся клиницист, спасший и подаривший радость жизни многим тысячам своих соотечественников, посвятивший и отдавший всю свою жизнь во имя развития и процветания кыргызской медицинской науки и практики во благо укрепления здоровья народа Кыргызстана.


Бакиев К.С., Тагаев А.С., Чудинов И.В., Нур уулу Досбол, Садыркулов М.Ч., Айдаралиев И.Р., Ибраимова Э.С., Мамытов Т.Б., Сыдыков У.С., Узакбаев Э.У., Баекова Ч.Т., Исабеков К.С., Турсунбаев А.А., Исмаилов М.А., Мамбетов М.А., Болджурова И.С., Жоробекова Ш.Ж., Тюлеев Н.Т., Усубалиев Т.У., Кондучалова К., Жумагулов А. Д., Ташпаева Н.А., Исмаилов К.Н., Кудаяров Д.К., Садыков Т.С., Айтматов И.Т., Асанов У.А., Иманалиев М.И., Иманакунов Б., Койчуев Т.К., Оторбаев К.О., Сулайманкулов К.С., Орузбаева Б.О., Рыскулова К.Р., Мамакеев М.М., Мурзалиев А.М., Акималиев Д.А., Мамытов М.М., Данияров С.Б., Борубаев А.А., Алдашев А.А., Айдаралиев А.А., Брудный А.А., Живоглядов В.П., Нифадьев В.И., Мамбетов К.Б., Каратаев М.М., Абдикаримов С.Т., Элебесов Б.Д., Аалиев Г.К., Абдылдаев Р.А., Адамбеков Д.А., Алишеров А.Ш., Джумабеков С.А., Джумагулова А.С., Молдоташев И.К., Ниязов Ш.Н., Раимжанов А.Р., Узакбаев К.А.












??.??