Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№74, 07.10.08-ж.





"Жаратылыш кырсыктарына каршы турабыз"
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы өзгөчө чара көрүүнүн түндүк борборунун жетекчиси Маматкадыров Искендер Калдарович менен маек
Маматкадыров Искендер Калдарович
1970-жылы туулган.
Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Кесиби боюнча экономист. Эмгек жолун 1991-жылы Таш-Көмүр шаарындагы жарым өткөөл заводунда слесарь-ремонттоочу болуп иштөөдөн баштаган.
1992-1994-жылдары Шахта башкармасында жумушчу,
1994-1998-жылдары "Манас" биргелешкен мекемеде уюштуруучу,
1998-2000-жылдары "Фам-Сайд" уюмунда уюштуруучу,
2000-2004-жылдары "Мамат-Кадыр" ишканасында директордун өндүрүш боюнча орун басары,
2004-2007-жылдары "Жаштар Заманы" социалдык-экономикалык өнүктүрүү фондусунда директор болуп эмгектенген.
2007-2008-жылдары "Кристалл" МАКнын директорунун орун басары, 2008-жылы "Дельта-индустриал" биргелешкен коомунда директордун орун басары болгон. Ушул эле жылдын март айынан бери өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө чара көрүүнүн түндүк борборунун жетекчиси болуп иштөөдө.

- Искендер Калдарович, сиз жетектеген борбордун ишинин негизги милдеттерине токтолсоңуз?
- Биздин борбордун негизги максаты калкты ар кандай жаратылыш кырсыктарынан алдын ала коргоо иштерине багытталган. Ошондой эле бул борбордун алдында азыркы учурдун талабына жооп бере турган мобилдик инженердик механикалык отряд (МИМО) түзүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бекитилген планынын негизинде атайын командалык-штабдык окуулар өткөрүлүп турат.
- Сиздердин борбор тарабынан кандай иштер аткарылууда?
- Быйылкы жылы биздин борбор тарабынан бир топ эле иштер аткарылды десек болот. Атап айтканда, Ысык-Көл облусунун Тоң, Түп, Жети-Өгүз райондорундагы сел жүрүүчү жерлерди бекемдөө иштерин аткардык, ушундай эле иштер Чүй облусунун Сокулук, Чүй, Ысык-Ата, Панфилов, Аламүдүн, Москва, Нарын облусунун Нарын, Кочкор райондорундагы айыл өкмөттөрүнүн аймактарында толугу менен сел коркунучуна каршы бекемдөө иштери бүткөрүлдү. Жалпысынан алганда 10000,0 миң сомдон ашык иштер аткарылды.
Мындан сырткары Чүй -Токмоктогу "Шамшы" суусунун жээктерин бекемдөө иштери март айында башталып, 20049,7 миң сомдук жумуш аткарылды.
Ошондой эле мамлекеттик резиденцияда да кайра оңдоп-түзөө иштерин аткардык. Мындан башка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемесин оңдоодо 244,0 миң сомдук жумуштар аткарылды.
Жалпысынан 2008-жылдын январь айынан баштап бүгүнкү күнгө дейре 18853,6 миң сомдук иштер аткарылды. Ошондой эле май айында болуп өткөн жаратылыш кырсыгына байланыштуу Кытай Эл Республикасына 5220,6 миң сомдук курулуш материалдары, 5100 минералдык суу жөнөтүлүп, жалпы суммасы 455,7 миң сомдук гуманитардык жардамдар көрсөтүлгөн.
Мындан башка да биз өзүбүздүн борбордун материалдык- техникалык базасын оңдоо максатында да көп иштер жүргүзүлүүдө.
- Сиздердин борбордо канча адам эмгектенет, аларга түзүлгөн шарттарга токтолсоңуз?
- Бүгүнкү күндө биздин түндүк борбордо 101ден ашык киши эмгектенип жатышат. Биринчи кезекте алардын иштөө шартына көңүл буруп жатабыз. Алар үчүн июнь айында административдик корпустагы ашкананы толук оңдоп бүтүрдүк, азыркы күндө ошол жерде иштегендер үчүн бекер тамак-аш берүүнү уюштуруп жатабыз. Мындан башка биздин борбордо иштегендердин эмгек акыларын жогорулатуу жөнүндө да сүйлөшүлгөн.
Алсак, эмгек акы 2007-жылга салыштырмалуу 70,8%га көбөйдү. Бул болсо түндүк борбордо иштегендер үчүн түзүлгөн жакшы шарт болуп эсептелет. Андыктан, эмгек жамаатынан да жакшы иштин натыйжасын алууга болот.

О.Сатыкулов,
"Эркин Тоо".





  Ата Мекендик өндүрүш

Тигүү тармагы сандан сапатка өтүүдө
"Кыргызстанда жасалган" деген белгиси бар кийим-кечектер чет өлкөлөрдө өтө белгилүү жана аларга болгон суроо-талаптар да өтө жогору болгону менен аны чыгаргандарга өзүбүздө анча деле канааттандырарлык көңүл бөлүнбөй келет.
Жакында ушул маанилүү маселе боюнча өткөрүлгөн "тегерек столдо" көбүн эсе ийгиликтер туурасында эмес, чечилбей жаткан бир катар урунттуу маселелер жагдайында сөз болду. Бул жолугушууга текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн гана эмес, өкмөттүн да өкүлдөрү катышты.
Биздин чыгарган продукцияларыбыздын сапаты жогору, баалары да өңгөлөргө караганда алда канча арзан. Совет мезгилиндегидей эле биздин чыгарган продукцияларыбызга кардарлардын суроо-талаптары да өтө жогору,- дейт "тегерек столдун" катышуучусу Бурул Исмаилова. Тилекке каршы, биздин тармак бүгүнкү күндө бир катар оорчулуктарды башынан кечирип жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Бул биринчи кезекте мамлекет тарабынан биздин өтө маанилүү тармагыбызга керектүү өлчөмдө финансылык колдоо көрсөтүлбөй жатышы жана кадрлардын жетишсиздиги. Бул жерден белгилей кетүүчү жагдай, биздин тигүүчү чеберлерди жакынкы мамлекеттер өтө баалап, ал гана турсун иштөөгө чакырышкандыгы бизди өтө кубандырат.
Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрүндөгү кийим тигүүчүлөр негизинен баалары төмөнкү жана орто категориядагы товарларды чыгарууда алгылыктуу иш алып барышууда. Алардын чыгарган продукциялары рынокто 20%дан ашпайт. А калган 80%ды чет өлкөлөрдөн келген модалуу кийим-кечектер түзөт.
Өлкөнүн өтө маанилүү экономикалык секторунда мындай жагдайдын түзүлүшүнө бир катар себептер бар. Биринчи кезекте бул тармакта иштешкен компаниялардын өз кызыкчылыктарын өйдө коюп, Ата Мекендик өндүрүшкө, жаңы моделдерди иштеп чыгарууга көңүл бөлбөй жатышы, экинчи фактор-өндүрүштүк кубаттуулуктун, кадрлардын жетишсиздиги, бир катар багыттар боюнча жогорку технологиялык өндүрүштү камсыздоого чама-чарктын жетпей жатышы.
Биздин тигүүчүлөрдүн тиккендери мисалы, Оруссиянын рынокторунда бааланат,-дейт республикадагы текстильшиктердин башчысы Любовь Ардамина.
Бирок, ал жакка жөнөтүлгөн продукцияларыбыздын баасынын төмөн болуп жатышы бизди канааттандырбайт. Биз кирешелүү орто деңгээлге жетишибиз керек. Бул үчүн Кыргызстандагы тигүү ишканаларын өтө сапаттуу кездемелер жана фурнитуралар менен камсыздоону, ошондой эле Оруссиядагы соода точкаларындагы уюштуруу иштерин жолго салышыбыз керек.
Жакында түзүлгөн Оруссия -Кыргызстан ишканасы жогоруда айтылган маанилүү маселени ишке ашырууга болгон биринчи кадам болуп саналат. Бул уюм Кыргызстандан тигилген продукциялардын сапатына гана эмес, аларды РФга жөнөтүү жагдайына байланышкан бардык маселелерди мыйзамдаштырып, өзгөчө кийинки кезде Кытайда тигилип, бирок "Кыргызстанда жасалган" деген белги коюлуп, КМШ өлкөлөрүнө мыйзамсыз жөнөтүүлөргө бөгөт коюшу керек. Эксперттердин пикирине караганда бул жаңы структура боюнча продукцияларды жөнөтүүнүн көлөмүнүн өсүшү ушул жылы эле 21 миллион долларга жетүүсү күтүлүүдө. Мындай көзөмөл уюмун түзүү Оруссиянын демилгеси боюнча жүзөгө ашырылгандыгын баса белгилеп кетсек ашыкча болбойт.
Жеке ишкананын директору Азиза Исамухамедованын айтымында, республикадагы тигүү өндүрүшүндөгү конвейердик ыкма совет мезгилине мүнөздүү. Совет мезгилинде чебер тигүүчүлөрүбүз чектелүү гана операцияларды ишке ашырышса, бүгүнкү күндө алар универсалдуу иштеп, бардыгын өздөрү бүткөрүүгө аракеттенишүүдө. "Совет мезгилинде конвейердик агым менен иштөөдө кимдир бирөөлөр кетирген жараксыздык кылуу өзүн гана эмес, анын өнөктөрүн да сыйлыктан кол жуудурчу. Экинчиден, ишке болгон жеке мамиле көпчүлүк учурда өндүрүшкө жаңы технологияларды киргизүүгө, иштин өндүрүмдүүлүгүн арттырууга, продукцияларды чыгарууну көбөйтүүгө, жаңы ассортименттерди өздөштүрүүгө тоскоол болуп келген.
Жогорудагыдай ар кандай тоскоолдуктарга карабастан бул өлкөнүн экономикасына түздөн-түз таасири бар тармакта туруктуу өсүш бар десек аша чапкандык болбос. Өлкөнүн ички дүң продукциясы үстүбүздөгү жылы 7,4%ды түздү. Расмий маалымат боюнча жарым жылда ишканаларда 3,17 миллиард сомдук продукция чыгарылган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 23,4%га жогору. Республикадагы жеңил өнөр жай ассоциациясынын башчысынын айтымында өлкөдө чыгарылган продукциялардын 90-95%ы экспортко жөнөтүлөт, анын көлөмү бүгүнкү күндө 3 миллиард сомду түзүүдө.
Тегерек столдун катышуучулары белгилегендей бул ийгиликтерди негизинен патенттик негизде иштешкен жеке ишкерлер камсыз кылышууда. КРнын Экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаровдун маалыматы боюнча алардын энчисине бул тармакта өндүрүлгөндүн 80%ы тийиштүү. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин тигүү жана текстиль ишканаларын легалдаштыруу жана аларды өндүрүш жайлары жана квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо, чыгарылган продукцияларды экспорттоого көмөктөшүү сыяктуу көптөгөн маанилүү маселелер чечилбей келүүдө.
- Ишкер адамдарды өз бизнестерин жүргүзүү боюнча расмий каттоодон өткөрүү, патенттерди жана күбөлүктөрүн алуулары боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы туурасында Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Неля Бейшеналиева билдирди. Бул кадамдар борбордогу экономика секторундагы абалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк түзгөн. 2007-жылы патенттерди сатуу эки эсеге өсүп, шаардын бюджетине 8 миллион сом түшкөн. Бирок, дале болсо борбордогу ишкерлердин 30%ынан көбү өз бизнестерин көмүскөдө жүргүзүшүүдө.

Б.Имамадиев,
"Эркин Тоо".