email • архив • редакция   


Кыргызстан-Россия биримдиги
Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев Кыргызстанга биринчи ирет расмий иш сапары менен келет.
Уландысы 4-бетте




2008-жылы 5-октябрда Ош облусунун Алай районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондор боюнча Кыргыз Республикасында 2008-жылдын
7-октябрын аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
2008-жылы 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районундагы Сарыташ айыл өкмөтүнүн аймагында жер титирөө болуп өттү, анын кесепетинен адамдар курман болуп, турак үйлөр жана чарбалык курулуштар кыйраган, жолдор бузулган.
Азыркы учурда тийиштүү кызматтар жапа чеккендерге кечиктирилгис жана башка жардамдарды көрсөтүп жатат.
Курман болгондорго аза күтүү менен, алардын тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып токтом кылам:
1. Жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондор боюнча Кыргыз Республикасында 2008-жылдын 7-октябры аза күтүү күнү деп жарыялансын.
2. Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар көрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте курман болгондордун жана жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү, бөөдө кырсыктын кесепетин жоюу боюнча толук чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү,
2008-жылдын 6-октябры.




Жүрөк титиреткен зилзала
5-октябрь күнү түнкү саат 22: 53тө Кыргызстандын бийик тоолуу Алай өрөөнүнүн Кытай, Тажикстан менен чектешкен аймагында жүрөк үшүн алган катуу жер титирөө болуп, зилзаладан 941 адам жашаган Нура айылы чоң кыйроого учурады. Акыркы маалыматтарга караганда зилзаладан 72дей адам каза болуп, 50дөн ашуун адам ар кандай жаракат алышты. Күчү 8 баллга жеткен жер титирөөдөн Нура айылындагы 120 үй толук бойдон кыйрап калган. Ал эми айылда жалпысынан 211 үй жана социалдык объектилер бар болчу. Республиканын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы сейсмологиялык институттун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Ош шаарынын түштүк чыгышынан 220 чакырым, Сопу-Коргон айылынан 150 чакырым алыстыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Ошто - 6, Баткенде-5-6 балл болуп, борбор калаада да 3,5 баллга жеткен.
Бүгүн мамлекет башчысы Курманбек Бакиев катуу зилзаладан кыйроого учураган Нура айылына барып, окуянын кесепеттери менен жеринде таанышат.

Уландысы 7-бетте.




  Бир суроого үч жооп

Жогорку Кеңеш кабыл алган Салык кодексинин артыкчылыктары кайсылар?
Турдукан Жумабекова,
Жогорку Кеңештин депутаты
Кыргызстанда орчундуу мыйзам долбоору кабыл алынды деп ойлойм. Салык кодексине биринчи окуудан кийин 700дөн ашуун сунуштар келип түшүп, андан иргелип, маанилүү 70тен ашуун сунушу кабыл алынды. Салык кодексинин артыкчылыктары - салык төлөөчүлөргө салык төлөөдө өз укугун билүүгө толук шарт түзүлдү. Салык төлөөчүлөр менен салык кызматкерлеринин түздөн-түз байланышы жоюлду. Нарк салыгынын ставкасы 20%дан 12%га чейин төмөндөтүлдү. Салык салууда аныктуулук, милдеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптери сакталды. Андан сырткары кыймылсыз мүлккө салык салууда калктын аз камсыз болгон бөлүгүнүн кызыкчылыгы корголуп, туура чечилди. Бизнесте, тоо-кен иштеринде, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларда ишкерлердин ишин жөнсүз текшере берүүнү азайтуу, отчет жана каттоолордун жөнөкөй формага келтирилиши каралды. Бул мыйзам мамлекетибиздин экономикасынын өнүгүшүнө толук шарт түзөт деп ишенем, ошондуктан муну колдоого алдык.

Ажыбай Калмаматов,
Жогорку Кеңештин депутаты
Салык кодексиндеги негизги нерсе - кошумча нарк салыгын 8%га азайтып жатабыз. Бул ишканаларга, жеке ишкерлерге пайдасын тийгизет. Экинчиден, пайдаланылбай жаткан менчиктештирилген мүлктөр үчүн салыктар алынат. Алар эми жөн турбай калат. Айласы кеткенде иштейт же иштете ала турган кишиге кайтарып бериши керек. Бул жагынан дагы көп ишканалар ишке бериле баштайт деп ойлойм. Биз кабыл алган бул Салык кодексинде элге, жеке ишкерлерге зыяны тие турган же оорчулук алып келе турган бир дагы берене кабыл алынган жок.

Табылды Орозалиев,
Жогорку Кеңештин депутаты
Мурунку Салык кодексинде 16 салыктын түрү бар болчу. Азыркысында 8 гана түрү калды. Салык кодексинде муну - либералдаштыруу процесси деп коет. Мындай Кодекс КМШ өлкөлөрүндө Россияда эле бар, андан кийин бизде болууда. Биз оптималдуу көз карашка барып жатабыз. Ал эми байлардын кыймылсыз мүлкүнө салынуучу салыктын жаңы бир түрү кирип жатат. Бул Кодекс элге эч зыянын тийгизбейт, тескерисинче укуктарды теңдейт.

Суроо салган
С.Максутова.