Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№73, 03.10.08-ж.





Кыргыз Республикасына товарларды импорттоо жана жергиликтүү ишканалар тарабынан товар өндүрүлүшү боюнча салыштырмалуу маалыматтары
Кыргыз Республикасынын тышкы соода жагында жүргүзгөн иши улуттук экономиканын өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт жана ал өлкөнүн финансылык туруктуулугун колдоого алуу менен өндүрүштүн өнүгүшүн, ички рынокту зарыл болгон товарлар менен камсыз кылып, бюджеттин киреше бөлүгүн түптөө булактарынын бири болуп саналат.
Тышкы соода көрсөткүчтөрү төлөм теңдеминде мурдатан эле маанилүү орунду ээлеп келген. Товарлардын экспорту менен импортунун наркынын катышы соода балансын түптөйт. Соода балансынын профицитинин же тартыштыгынын экономикалык мааниси, тиешелүү өлкөнүн дүйнөлүк чарбада ээлеген ордуна, өнөктөштөр менен байланышынын мүнөзүнө жана жалпы экономикалык саясатка жараша калыптанат. Өткөөл экономиканы башынан кечирип жаткан өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн активдүү соода балансы, төлөм теңдеминин башка статьялары боюнча эл аралык милдеттенмелерди төлөө үчүн валюталык каражаттар булагы катары да зарыл болуп саналат. Бирок, акыркы бир нече жылдан бери Кыргыз Республикасынын соода балансы терс мааниде түптөлүү менен анын өсүш арымы жыл сайын күч алып бара жатат.
Буга акыркы эки жылдын ичиндеги импорт операцияларынын абдан өсүшү себепкер болгон (импорттун көлөмү 2005-жылы -1 105,5 млн. АКШ долларын түзгөн, 2006-жылы - 1 792,4 млн. АКШ долларын түзгөн, 2007-жылы - 2 635,5 млн. АКШ долларын түзгөн).
Бир да өлкө өз жеке менчик өндүрүштөрүн ички рынокто болгон бардык керектүү жана эң зарыл болгон товарлар менен толук камсыздандыра албайт. Ушуга байланыштуу импорт товарлары улуттук экономиканын өнүгүүсүндө маанилүү зор ролду ойнойт. Бирок, ошол эле учурда импорттун өтө чоң өсүшү өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна терс тасирин тийгизиши да мүмкүн.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын соода балансынын туруктуулук маселеси өлкөнүн импорт товарларына болгон көз карандылыгы абдан орчундуу экендигин билдирет, буга себеп демекчи: энергетикалык жана өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна жооптуу болуучу, зарыл болгон эң негизги импорт товарларына дүйнөлүк баалардын абдан тез өсүшү (болжол менен алганда, бул көрсөткүч жалпы алынган импорт товарларынын 30-35 пайызын түзөт), импорт көлөмүнүн тез түрдө өсүшү тышкы соода балансынын олуттуу тартыштыгына таасир кылуу менен бирге, тышкы экономикалык коньюнктура саясатынын өзгөрүүсү да өлкөнүн көз карандылыгын күчөтөт.
Бул маселени чечүүнүн бир ыкмасы катары сапаты жана салыштырмалуу техникалых мүнөздөмөлөрү импорт товарларына шайкеш келген улуттук өндүрүштүн товарларынын пайда болушу каралат. Бирок мындай маселени мамлекет жалгыз өзү чече албайт, себеби жогоруда айтылып кеткен товарлар менен камсыздандырууга республиканын мүмкүнчүлүгү жетпейт, ошондой эле буга себеп, биздин жаратылышыбыздын кендеринде тиешелүү бардык ресурстардын жетишсиздиги жана жоктугу болуп саналат. Ушундай категориядагы товарларга жаратылыш газы жана нефть (мунай) продуктулары кирет, алардын үлүшү жалпы импорттун көлөмүнүн болжолдуу алганда 27-28 пайызын түзөт, ошондой эле жабдып туруу көлөмүнүн наркы дүйнөлүк баалардын өйдө-төмөн багыттарда өзгөрүлүшүнө да жараша болот. Айтылып өткөн категорияларга мындан тышкары жыгач даярдоо кирет, албетте бул ресурс өлкөдө бар, бирок алардын саны өндүрүштүн көлөмүнүн толук каныктырылышын камсыз кыла албайт.
Жогору айтылып кеткен маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан 2004-жылдан тартып 2008-жылдын январь-апрель айларына чейинки мезгил ичинде импорт товарларынын жана ички рыноктогу өндүрүштүн өнүгүшүнүн көлөмүн билиш үчүн атайын изилдөө жүргүзүлгөн.
Мындай салыштырмалуу изилдөөлөр аркылуу өндүрүш товарларынын негизги түрлөрү аныкталган, аларды өндүрүү ички рынокту зарыл болгон товарлар менен камсыз кылууга багытталган. Бул категориядагы өндүрүш товарларына төмөндөгүлөр кирет: көмүр, иштетилбеген мунайзаттары, эт жана эт азыктары, өсүмдүк майлары, буудай, ун, кургак кесме, арак, пиво, минерал суулары, тамеки, жыгач материалдары, кирпичтен, цементтен же бетондон жасалган плиткалар.
Бул жерде өзгөчө кумшекер боюнча айта кетсек болот, 2006-жылга чейин республикада чыгарылган канттын жалпы көлөмүнүн экиден үчү кошуна өлкөлөргө экспортко жөнөтүлчү, ал эми 2006-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин атайын ички рынокту каныктырууга керектүү болгон кант үлүшү 80,9 пайыздан тартып 87,6 пайызга чейин өсүп кеткен (2008-жылдын 4 ай ичиндеги көрсөткүчтөр), буга кант өндүрүүнүн көлөмүнүн кыскарышы себепкер болгон.
Ошондой эле, өлкөдө импорт товарларынын ордунда өзүбүздүн өндүрүштү камсыздандырууга жетишерлик бир топ ресурстар да бар. Бул продуктуларга эт жана эт азыктары, көмүр, өсүмдүк майлары, сүт азыктары, буудай, ун, кант, кургак кесме, арак, минерал суулары, тамеки, цемент кирет.
Импорт товарларынын ордуна өйдөдө айтылып кеткен категориялардагы товарларды тандап алуу принциби төмөндөгүдөй жүргүзүлгөн:
- өлкөдө жетишерлик өз ресурстары бар;
- импорт жабдууларынын көлөмү өндүрүштө керектүү болгон товарлардын көлөмүнөн бир аз эле аша чабуусу.
Ошентип, айрым товарлар боюнча өндүрүш көлөмү импорттун көлөмүнө көбөйтүлүп жана өлкөдө калктын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жетиштүү товарлар өндүрүлгөн шартта, каражаттарды үнөмдөө боюнча маалыматтар эсептелинүүгө тийиш эле.
Үнөмдөлгөн каражаттар 2007-жылы 167,8 млн. АКШ долларына чейинкини, ал эми 2008-жылдын төрт айы ичинде 82,1 млн. АКШ долларын түзүүгө тийиш экендиги эсептөөлөрдө чагылдырууда. Республика ичинде продукция өндүрүү, экспорттоо жана продукцияларды импорттоп алуу боюнча маалыматтарга жүргүзүлгөн иликтөөлөр, өндүрүштүн көпчүлүк түрү өлкөнү жетиштүү камсыз кыла албай жаткандыгын, ушунун кесепетинен тиешелүү продукциялардын белгилүү бир бөлүгүн импорттоп алууга мажбур болуп жактандыгын тастыктоодо.
Бул товарларга эт жана эт азыктарын, өсүмдүк майларын, кант, пиво, тамеки, кездемелер, кийим-кечелер, бут кийим, атайын продуктуларды салууга жана куюуга арналган айнектен жасалган идиштерди кошсо болот.
Кээ бир товарлар боюнча төмөндөгүдөй жагдайлар байкалууда: биздин өлкө импорттук товарларды ташып келүүгө аргасыз болууда, себеби өлкөдө чыгарылуучу продукциялардын көпчүлүк көлөмү экспортко жөнөтүлөт. Мындай товарларга жер-жемиш, жашылча, сүт жана сүт азыктары, тамеки, цемент, трансформаторлор, электр лампалары кирет. Ошол эле учурда өлкөнүн ички жабдууларын толук камсыздандыра ала турган башка товарлар да бар (алар 80-90 пайызды түзөт). Айтылып кеткен импорт товарлары ички суроонун канааттандырылышынын 100 пайызын түзөт жана дагы, эреже катары, импорттун натуралай көлөмү өлкөнүн ичинде чыгарылган көлөмдүн продукциясынан салыштырмалуу алганда аз эле көлөмдү түзөт. Бул категориядагы товарларга буудай, ун, кургак кесме, арак жана минерал суулары кирет.
Айтылып кеткен изилдөөлөр боюнча төмөнкү жыйынтыктар чыгарылган жана сунуштар көрсөтүлгөн:
- чет өлкөлөрдөн алынып келинген айрым продукцияларды Кыргыз Республикасынын өзү чыгарууга кудурети жетет;
- азыркы учурда көпчүлүк ишканалар республиканы керектүү сандагы продукциялар менен камсыздандыра албайт, бул атайын шайкеш келген технологиялардын, сырьенун жана өзгөчө дасыктагы кызматкерлердин жоктугу менен байланыштуу болуп саналат. Мындай көйгөй маселени кошумча тартылган инвестициялар чече алат, себеби алар пиво, тамеки, кездеме, кийим-кече жана башка өндүрүш тармактарынын өсүшүнө жакшы таасирин тийгизет.
Атайын текстиль өндүрүшү боюнча айта кетсек, республикадагы өндүрүш тармактарынан чыгарылган кийим-кеченин көпчүлүк көлөмү республиканын чегинен ташып чыгарылат, себеби бул продуктулар атайын экспортко даярдалып жасатылат (ички базарга түшпөйт) жана кошуна өлкөлөрдө абдан жогору бааланат. Кытай продуктуларына салыштырмалуу биздин ушул айтылып өткөн продуктуларыбыздын сапаты абдан жакшы болгондуктан, аларга суроо-талап да жогору, алардын сатылып өтүшү да абдан ийгиликтүү болуп эсептелет. Ал эми өзүбүздүн ички базар жөнүндө айта кетсек, бул жерде текстиль буюмдары өтө начар сапатта жасалган, ошол себептүү алардын өлкөдө сатып өткөрүлүшү начар болуп, көпчүлүк калк чет өлкөдөн келген буюмдарды алууну туура көрүшөт. Эгерде өндүрүштө текстиль товарларынын экспорту кеңейтилип жана ушул продуктулар сыртка эле эмес ички базарга да багытталган болсо, анда бул айтылып кеткен товарларды чет өлкөдөн ташып келүү кыскарат эле.
- Өлкөдө муктаж болгон мал багуу жана өсүмдүк өстүрүү чарбачылыгын өркүндөтүү керек жана ошондой эле аларды кайрадан иштетүү ишканаларын түзүү зарыл. Атайын жүргүзүлгөн изилдөөдө буудай жана ун сыяктуу продуктулардын көпчүлүк көлөмү өлкөдө чыгарыла турганы билинген, алардын бир аз гана көлөмү (ички өндүрүш көлөмүнүн 10-20 пайызын түзөт) импортко дал келет. Бирок, айтылган продуктулардын анча-мынча натуралай көлөмүнүн түшкөнүнө карабастан, алардын импортко болгон көлөмүнүн наркы буудайга болгон дүйнөлүк баанын өсүшү менен барабар болууда. Ушул себептен өлкөдө бул продуктуларды өндүрүүнү кеңейтүү сунуш кылынат, мындай чаралар өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун сакталышына мүмкүндүк берет жана бул продуктулардын импорттон көз карандылыгын төмөндөтөт. Мындан тышкары азык-түлүк коопсуздугунун сакталышына кант өндүрүүнү көбөйтүү да таасир берет. Өндүрүш көлөмүнө баа берүү динамикасы менен канттын импортун салыштырып караганда төмөнкүлөр билинген, канчалык кантты өндүрүү төмөндөгөн сайын, анын импорту ошончолук өскөн. Мисалы, 2007-жылы кантты импорттоо көлөмү анын өндүрүшүнүн 82,5 пайызын түзгөн. Бирок байкоолор боюнча, 2004-жылы бул продуктуну өндүрүүнү жогорулагандыгы билинген жана ошондой эле, өндүрүлгөн канттын бир канча көлөмүн экспортко жиберүүгө да мүмкүнчүлүк берилген. Мындай көрсөткүчтөр өлкөнүн айтылып кеткен өндүрүүсүн өстүрүүгө бир топ жетиштүү кудуретинин бар экендигин билдирип турат.
- Өндүрүштүн үзүрүн көтөрүү сунуш кылынуу менен бирге өлкөнү керектүү жетишээрлик продуктулар менен камысыздандыруу зарыл, бирок ал экспортко терс таасирин тийгизбеши керек. Акыркы убакта айрыкча Кытай өлкөсүнөн абдан көп жашылча, жер-жемиштердин ташылып келиниши байкалууда. Ушул багыттагы товарлардын Кыргызстанга кандай максатка ылайык ташылып келинип жаткандыгы тууралуу суроолор туулат, өлкө өзүнүн сапаты жана даам-татымы жагынан жогору жашылча, жер-жемиштерин өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү болуп туруп (айрым экзотикалык жер-жемиштерди эске албаганда) эмнеге башка мамлекеттерден пайдалуу жагы аз, химикаттар менен иштетилген айтылган товарларды алууда. Ички рыноктогу жашылча-жемиштердин жетишсиздиги аларды коңшу өлкөлөргө экспорттоодон улам келип чыккан, мунун натыйжасында ички рынок сырттан алынып келинген (айрыкча Кытайдан) продукциялар менен толтурулууда. Мына ушул продукцияларды өндүрүүнүн натыйжалуулугун арттыруу, аларды экспортоону гана эмес, ичтен керектөөнү да канааттандыруу менен бул товарларды импорттоп алууну кыскартмак.
Жогоруда айтылып кеткен оюбуздун корутундусунда белгилеп кетүүчү нерсе, импорт товарларынын ордун керектүү өлчөмдөгү товарлар менен алмаштыруу саясаты жергиликтүү өндүрүш үлүшүн жогорулатууну өзгөчө талап кылат, бул үчүн ишканаларга кошумча тиешелүү шаймандарды сатып алуу керек, зарыл болгон сырьелор жана башка негизги каражаттар керек, мунун баары биригип импорттун номенклатурасынын кеңейүүсүнө алып келиши мүмкүн. Бирок, узак мөөнөттөгү келечекте инвестициялык товарларынын импортунун кеңейүүсү оң мүнөзгө ээ болот жана ал өндүрүштүн өркүндөшүнө, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө шарт түзөт.

Байматова Г. Н. -
экономист,
Мукамбетова Г. А. -
башкы экономист,
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы.




Улгайгандарга урмат-сый
2-октябрда улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Адилет министрлигинин Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде аталган мекеменин ардагерлеринин арасынан 70 жаштан ашкан карыя ардагерлер чакырылып, конок болуп кетишти. Азыркы күндө аталган департаментте ардагерлер 150дөн ашуун адам болсо, алардын ичинен 70 жашка чыккандары 16 адам.
Жайылган дасторкон үстүндө департаменттин башчысы полковник А.Молдобаев ак чач улуу кесиптештерин жылуу куттуктоо менен, алардын жасаган мээнети жана сиңирген эмгектеринин натыйжасы, бүгүнкү күндө аталган департаменттин түптүү пайдубалы катары кызмат өтөп жаткандыгын белгилеп кетти. Ар бир ардагер өз учурунда аталган департаментте узак мөөнөт аскер кызматын өтөө менен чоң салым кошушкан. Дасторкон үстүндө сөз сүйлөшкөн ардагерлер Кеңешинин төрагасы генерал А.Шамкеев, ардагерлер полковник У.Масагутов, подполковник А.Адамалиев ж.б. меймандостукта жылуу тосуп алышкандыктары үчүн департамент жетекчилигине ыраазычылык билдиришип, ийгилик каалашты. Конокторго ошондой эле акчалай сыйлык жана чакан белектер тартууланды. Бул иш- чара департаментте улгайган адамдардын күнүнө карата көңүл бөлүп өткөрүлүп жаткан иш-аракеттердин бир бөлүгү гана экендигин айта кетели. Мындай иш - чаралар муну менен эле токтолуп калбастан такай улантыла бермекчи.

И.Токтоналиев.




Карагандарды кантип жоготобуз?
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги демилге көтөрүп, ушул жумада журналисттер Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды көрүү үчүн барып келдик.
Жыл өткөн сайын Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттардын аянты карагандардын - тикенектүү бадал өсүмдүгүнүн жайылып кетүүсүнөн кыскарып жатканы белгилүү болду. Карагандар болгондо да чөптүү, суулуу жерлерде бапырап көбөйүп, калкты түйшөлтүп жаткан кези экен.
Республикада карагандын сегиз түрү өсөт. Өзгөчө Суусамыр өрөөнү менен Жети-Өгүздүн сырттарында жайылган. Бул тикенектүү өсүмдүк жылына 17 %дан 30 %га чейинки аянтты каптап кетиши мүмкүн. Андан сырткары, 45 - 70 сантиметрге жетип бой салган караганды мал жебейт. Карагандын тикенеги жандыктардын тыбыт жүндөрүн сыйрып калат, ал эми арасында калып калган мал кээде чыга албай өлүп калышы мүмкүн.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жайлоолор боюнча департаментинин билдирүүсүндө, учурда караган менен эффективдүү күрөш жүрбөй жатат. Совет мезгилинде болсо 2-4 Д маркасындагы гербицид менен жок кылынчу, азыр мындай ыкманы жойгондон бери бир гана чара - күзүндө керосин чачып өрттөө жолу калды. Ошондуктан жайлоо аянттарын азайтып аткан карагандар менен күрөшүүдө коопсуз жана эффективдүү чараларды көрүү зарыл. Департамент бул маселе боюнча жайлоолорду башкарууга карата гранттарды бөлгөн донордук бирикмелерге кайрылууну көздөөдө. Жайлоолор боюнча департаменттин директору Абдималик Эгембердиевдин айтуусунда, азыркы кезде жайлоолордун чектерин аныктоо жана аларды эффективдүү колдонуу максатында иштер жүрүп жатат. Айта кетчү нерсе, Суусамыр өрөөнүндө Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын малдары жайылат.
Сымбат Максутова,
"Эркин Тоо".