Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№73, 03.10.08-ж.






  Сыйлык-сыймык

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен республиканын билим берүүсүнө сиңирген эмгеги, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн
"Даңк" медалы менен сыйланышты:
Осмонкулов Аскар - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана кыргыз таануу факультетиндеги кыргыз тилин жана адабиятын өтүү методикасы кафедрасынын профессору, Садыков Абдыкадыр - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин дүйнөлүк адабияттын тарыхы жана теориясы кафедрасынын башчысы, Шерстюк Иван Алексеевич - К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин орус адабиятынын тарыхы жана теориясы кафедрасынын консультант-профессору.
Республиканын билим берүүсүнө сиңирген эмгеги үчүн:
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" деген ардактуу наам берилди:
Алиева Гүлайым Үсөновнага - Бишкек шаарындагы №13 лицей-мектеп-комплексинин директору, Бакирова Тажиге - Баткен облусунун Кадамжай районундагы С.Тешеев атындагы орто мектебинин директору, Бакиров Абдимиталипке - Ош облусунун Өзгөн районунун Токтогул атындагы №49 орто мектебинин физика мугалими, Безрукова Анна Ивановнага - Бишкек шаарындагы №13 лицей-мектеп-комплексинин директорунун окуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басары, англис тили мугалими, Боголепова Наталья Владимировнага - Бишкек шаарындагы №13 лицей-мектеп-комплексинин директорунун окуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басары, тарых мугалими, Богомолова Галина Ивановнага - Ош шаарынын С.М.Киров атындагы №4 орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими, Жамангулов Мукашка - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун А.Абдраимов атындагы орто мектебинин тарых мугалими, Кадыров Бахтияр Сабиржановичке - Бишкек шаарындагы №29 мектеп-комплексинин директору, Цой Тамара Семеновнага - Баткен облусунун Кадамжай районундагы №17 орто мектептин англис тили мугалими.
"Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилди:
Асанова Жамалбүбүгө -И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын профессору, Бообекова Сайнакеге - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин химия жана химиялык технология факультетиндеги органикалык эмес химия жана химиялык технология кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, Жаманбаев Мураталы Жүзүмалиевичке - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, Кененсариев Ташманбетке - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинин проректору, Маруфий Адилжан Таджимухамедовичке -академик М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин инженердик-курулуш факультетинин деканы, Муксинов Равиль Мунировичке - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинин архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин деканы, архитектура кафедрасынын башчысы, Сулайманова Окенге - Башкаруу, укук, финансы жана бизнес эл аралык академиясынын табигый илим сабактары кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу, Топчубаева Айганышка - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун директору.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты:
Абдиева Келсинхан -Ош шаарындагы №17 гимназия-мектебинин психологу, Абдыкеримова Канчайым -Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 гуманитардык лицей-мектептин директору, физика мугалими, Алишов Абдулла- Ош облусунун Кара-Суу районундагы №56 орто мектептин англис тили мугалими, Аттокурова Урниса -Чүй облусунун Чүй районундагы А.Жансейитов атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Бостонова Парида Зиябековна -И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин экономикалык журналистика жана реклама кафедрасынын башчысы, Жанузакова Ибадат Шакиевна - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстар мугалими, Исаков Топчубай Эргешович - Кыргыз-Өзбек университетинин физика-математика факультетинин информатика жана окутуунун технологиясы кафедрасынын доценти, Караев Акматбек Алымкулович - Ош соода колледжинин директору, Мамбетакунов Эсенбек - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын башчысы, Моталов Александр Владимирович - Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Дене тарбиясы жактан даярдоо балдар-өспүрүмдөр клубунун директору, Мирзабаева Одина Алимжановна - Ош шаарындагы №29 орто мектептин директору, Ногаева Лиза Шамалбековна - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим, инновациялык жана илимий-техникалык маалымат департаментинин башкы адиси, Раимкулова Мейилкан - Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы А.Юсупов атындагы орто мектептин башталгыч класстар мугалими, Рысбекова Бакта - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А.Сүйүнбаев атындагы орто мектептин немец тили мугалими, Рыскулов Адылбек - К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун директору, Осмонова Айна Мухитдиновна - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептин биология мугалими, Садыкова Созулкан Талиповна -Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Экономика жана укук техникумунун кыргыз тили жана адабияты мугалими, Самсонов Владимир Алексеевич -И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруунун технологиясы кафедрасынын доценти, Сагынбаев Орозалы Эркебекович- Чүй облусунун Жайыл районундагы С.Мырзакматов атындагы орто мектептин директору, Сарыбаев Акматбек -Ош облусунун Алай районундагы М.Адышев атындагы орто мектептин директору, Сооронбаев Манасбек Раишбекович - Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык институтунун директору, Токтосунов Анарбек Адашович - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы №14 лицей-мектебинин директору, Уваркин Евгений Васильевич -Талас облусунун Талас шаарындагы №2 орто мектептин директору, Усупбаев Раимбек Усупбаевич - Чүй облусунун Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы жетим балдар үчүн жатак-мектебинин директору, Эшбаев Абдасбек Асылбекович - Ош медициналык окуу жайынын директору.




Иш билген жерде жылыш бар
"Таза суу" программасы иштей баштагандан бери республиканын көпчүлүк айылдарында таза суу куру тартылып, арыктагы кир суудан пайдаланбай, чоргодон аккан суудан ичип калышты. Бирок, мындай жакшы көрүнүштөр көпкө созулбай, өзүбүздүн илээнди­шалаакылыгыбыздан, кайдыгер мамилебизден улам ошол көп күч, каражат менен курулган суу түтүктөрүн бат эле иштен чыгарып, эски тепшибиз менен олтуруп калган учурлар көп кездеше баштады. Ошондуктан, "туулганына эмес, тураарына сүйүн" дегендей бүткөрүлгөн суу түтүктөрүнүн андан кийинки тагдыры Айылдарды суу менен камсыз кылуу департаментинин, Чүй облустук долбоорлорду турмушка ашыруу бөлүмүнүн жетекчилеринин, адистеринин тынчын алып жаткандыгы мыйзамдуу көрүнүштөй көрүнөт.
Андыктан, райондорго, айыл өкмөттөрүнө тез­тез чыгып, эл, сууну пайдалануучулар арасында колдорунан келишинче түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, мониторинг жасоого, ИСКАКБларга жакындан жардам, кол кабыш көрсөтүүгө умтулуп келишет. Мына ошондой иш­чаралардын бирин Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда өткөргөнүнө күбө болуп кайттык. Албетте, көргөн­билгендерибизди, майда­барат чарбалык иштерди айтып­жаза бергенден көрө өтө олуттуу маселелерди гана көтөрүп чыгууну туура көрдүк.
Чындыгында, райондо 15 Ичүүчү сууну керектөөчүлөр ассоциациясынын коомдук бирикмеси (ИСКАКБ) иш алпарат. Алар ичүүчү таза сууну керектөөчүлөр ­ эл, мектеп, бала бакча, дүкөн, ашкана, киоск, айыл өкмөтү, башка мекемелер, ишкерлер ж.б. менен түздөн түз келишим түзүүсү абзел. Андыктан ИСКАКБлардын жалпы чогулуштары өткөрүлүп, анда сууга төлөнүүчү тарифтин өлчөмүн эл менен бирге талкуулап, бир чечимге келишет. Мурда көпчүлүк учурда ар бир түтүнгө эсептеп, айына 10, 20 же 30 сомдон төлөп келишсе, эми бул кадамдын чыгымдуу экендигине көздөрү жеткен ИСКАКБлар андан баш тартып, адам санына жараша тариф белгилөөгө өтүштү. Мында да проблемалар чыгууда. Маселен, катталуу эсеби боюнча бир үйдө 5­6 адам жашайт делинген менен ал үйдө кары­картаң бир­экөө калып, калган жаштары Россияга, Казакстанга, башка чет өлкөлөргө иш издеп кеткен болот. ИСКАКБлар айыл өкмөттөрү, кудук жамааттары менен биргеликте ушул жагдайды да эске алып, туура чечим кабыл алышы күн тартибине коюлуп жатат. Себеби, жашоо­турмуш оордоп, кымбатчылык кара таандай каптап келатканда ичүүчү суу үчүн акы төлөмдөрүн чогултуу да оорлоп баратат. Себеби, электр жарыгы, газ үчүн төлөмдөр да кымбаттоодо. Ошого карабастан, таза суу үчүн тарифтерди чогултуу район боюнча орточо 60%дын тегерегинде болуп жатканы да колдоого арзырлык. Бирок, мындай көлөм менен ИСКАКБлар өздөрүн актабайт. Чогултулган акчанын көп бөлүгү эмгек акыга, соцтөлөмгө, салыкка кетет да, материалдык­техникалык базаны чыңдоого, өтө керектүү запастык бөлүктөрдү, тетиктерди, хлорду, ж.б. сатып алууга жетпей калат. А тарифти дагы көтөрөйүн десе элдин чөнтөгү жука, төлөй алышпайт. Натыйжада, карыз да көбөйө берет. Ошентсе да, айрым айыл өкмөттөрү ИСКАКБларга жардам көрсөтүп, суу үчүн акы төлөбөсө керектүү справка, ж.б. кагаздар берилбейт деген чечимдерди чыгарып беришкен. Бул кадам абдан пайдалуу жана натыйжалуу экендигин турмуш далилдеп олтурат. Андан сырткары, райондун бардык айылдык кеңештери жергиликтүү салыкты 1% өлчөмүндө бекитип беришкени да көп жеңилдиктерди алып келди. Андан сырткары, калктын жарды катмарына жеңилдиктерди карашып, суу үчүн акы төлөөдөн бошоткон кадамдары колдоого арзырлык. Ошондой эле айрым айыл өкмөттөрү ИСКАКБларга финансылык жардам көрсөтүү максатында иштеткенге жер бөлүп берип жатышат. Алсак, Вознесеновка айыл өкмөтү (башчысы М.Адучиев) "Туюктөр" ИСКАКБга 36 гектар жер үлөштүргөн. ИСКАКБ ал жерлерге эгин эгип же башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүп, түшүмүн жыйнап, аны сатуудан түшкөн акчаны ИСКАКБны өнүктүрүүгө багыттайт. Мында 1400 ичүүчү сууну керектөөчү бар. Айына ар түтүндөн 20 сомдон, бардыгы болуп 28 миң сом чогултулат. 4 айда 112 миң сом жыйноонун ордуна 82 миң сом топтолуп, 74%ды түздү. Чындап келсе бул жогорку көрсөткүч деп эсептелинет. Ошентсе да, төлөбөгөндөрдүн тизмеси жаңыртылып турулат. Натыйжада, бул ИСКАКБнын салык жана соцфонд төлөмдөрү боюнча карызы жок.
Ал эми ушул эле айыл өкмөтүнө караштуу Эркинсай, Орто­Кайырма айылдарын тейлеген Токтобек Ажыкеев атындагы ИСКАКБ 258 үйдү же 1200 адамды таза суу менен камсыздайт. Айына 12000 сомдон чогултуусу керек. Апрель айынан тартып мурдагыдай ар үйдөн 20 сомдон эмес, ар бир адамдан 10 сомдон акы алуу тарифи киргизилген. Айтор, булар сыяктуу эле райондогу Орто айыл өкмөтүндөгү "КМТС", "Чолок­Кайыңды" ИСКАКБларында, Панфилов айыл өкмөтүндөгү Ортоарык, Эфиронос айылдарында, ж.б. да ичүүчү таза суу маселесинде бардыгына тийиштүү окшош жагдайлардын орун алгандыгы көрүндү. Эң биринчи ирээтте тарифти так, өзүн актагыдай, ошол эле учурда керектөөчүлөр төлөй алгыдай кылып түзүү керек. Бул маселеде ИСКАКБларды өзүң чеч деп жалгыз калтырбай, айыл өкмөттөрү да, райакимчилик да, коомдук бирикмелер, жаштар, аялдар уюмдары, аксакалдар соттору да биргелешип, түшүндүрүү­ынандыруу иштерин жүргүзүшсө оң натыйжасын берет.
Экинчиден, монетизациялоо жүргүзүлүп, жеңилдиктерди пайдалануучулар анысын акчалай түрүндө ала башташты. Демек, мурда бул үчүн акчаны ИСКАКБлар айыл өкмөтүнөн алып келишсе, эми элдин өзүнөн накталай чогултууга туура келүүдө. А бул эң кыйын маселеге айланууда. Кимдер жеңилдиктерден пайдаланып келишкенин так билүү үчүн ИСКАКБлар райондук социалдык коргоо кызматынан жеңилдиктен пайдалануучулардын тизмесин алуулары, ошого жараша төлөмдөрдү чогултуусу талап кылынат.
Үчүнчүдөн, ИСКАКБлар айыл өкмөтү менен биргеликте өздөрүнүн жылдык бюджетин туура түзүп чыгуусу, киреше­чыгашаларды, чыгымдарды так эсептөөсү абзел. Башаламан түзүлгөн бюджет менен алыска узай албайсың.
Төртүнчүдөн, көпчүлүк ИСКАКБларда суу жер астынан сордуруп алуу жолу менен берилет. Демек, электр кубаты пайдаланылат. Кийинки убактарда электр жарыгы бат­бат өчүрүлө башташы менен түпкүрдөн суу соруп чыгаруучу насостору бар ИСКАКБлар үчүн дагы бир баш оору кошулду десек болот. Кээде күнүнө 10­14 саатка чейин электр кубаты өчүрүлгөн күндөр болду. Натыйжада, элге ичүүчү таза сууну берүү үзгүлтүккө учурай баштады. Эң жаманы, бир өчүп, бир күйгөндөн улам тереңден суу тартып чыгаруучу насостор бат эле иштен чыгып калууда. А мындай насостор кымбат турат. Аны сатып алуу ИСКАКБлардын бүт бюджетин "жеп" кетет. Анүстүнө, ичүүчү суу чоргодо такай агып турбагандыктан керектөөчүлөр тарифти эмне үчүн төлөшүбүз керек деген талап менен да чыга башташты. Болбосо, сууну үзгүлтүксүз бергиле дешүүдө. Алардын коюп жаткан бул талаптары да туура. Сапатсыз кызмат көрсөтүп жогорку өлчөмдө акы төлөөнү талап кылуу кыйын милдет экенин ИСКАКБчылар да жакшы түшүнүп турушат. Бирок, бул алардын колундагы иш эмес да.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Айылдарды суу менен камсыздоо департаментинин директору Н.Муллакелдиев ИСКАКБларды жалгыз­жарымдап иш кылбай биригүүгө, райондук ассоциацияны түзүүгө чакырды. Ал мындан ары "Таза суу" долбоорунун кийинки транштарында
15%дык элдик салым деген болбой тургандыгын айтты. Анткени, айылдарда ишке жарактуулар калбай калды. Демек, андай жумуштарды аткара турган адамдар жок болгон соң, жөн эле айыл элдерин кыйнай бергенде болбойт. Ошондой эле "Таза суу" программасын аткарууда өздөрүн начар жагынан көрсөтүшкөн подряддык уюмдар "кара тизмеге" түшүрүлүп, андайлар менен иштешүүгө барышпай тургандыгын белгиледи.
Ал эми Долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн директору М.Жусупов Азия өнүктүрүү банкы 4 млн. АКШ долларын бөлүп берүү маселесин оңунан чечип берсе ал каражаттар кайда жумшалаарын ортого салды. Мунун ичинен 1900 миң долларына эксковатор, бульдозер, пикап ширетүүчү аппараттар, ачкычтардын топтому, ж.б. сатылып алынат. А 2,1 млн. доллары мурда ишке киргизилип, бирок бат эле бузулуп калган суу түтүктөрүн кайрадан калыбына келтирүүгө жумшалат. Мындай жагымдуу кабарды ИСКАКБ жетекчилери, айыл өкмөт башчылары кубануу менен тосуп алышты. Анткени, айтылып өткөн техникаларсыз суу түтүктөрүн оң абалда кармап туруу, бузулган, жарылган жерлерин оңдоо кыйынга туруп жатат. Анан айдан тилегендери жерден табылгандай болуп жатса кантип сүйүнүчтөрүн жашыра алышат.
Панфилов районунун акими С.Күчүков жакшы иштеген, тарифтерди толук көлөмүндө чогултууга жетише алган ИСКАКБлар, айыл өкмөттөрү үчүн райондук деңгээлде атайын сыйлыктарды уюштуруу демилгесин көтөрдү.
Кыскасы, ИСКАКБлардын иштешине чындап көңүл бурула баштагандыгын кубаттоо гана керек. Бул жагынан Панфилов районунда үлгү боло тургандай иштерди алпарууга бардык күч­аракеттер көрүлүүдө. Мунун бардыгы тең элдин камын көрүп, алардын жыргалчылыгы, бакубат жашоосу үчүн көрүлүп жаткан камкордук экендигин айта кетүүбүз абзел.
Т.ТЕМИРОВ,
"Эркин Тоо".












??.??