Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№73, 03.10.08-ж.





Ысык-Көл районунун башкы архитектору Абдиев Бакыт Абышевич менен маек
Көлдүн көркүн ачкан имараттар курулууда
- Бакыт Абышевич, Ысык-Көл районунун аймагында курорттук тармактын өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүктөр болгондуктан турак-жай, курулуш иштери башка райондорго салыштырмалуу кызуу жүрүп жатат. Ошол курулуп жаткан объектилерди учур талабына ылайык кооз, сапаттуу болушуна сиздердин кошкон салымыңыздар чоң эмеспи, алгач аткарылып жаткан иштерге токтоло кетсеңиз?
- Чындыгында акыркы мезгилде Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде курулуш иштери жакшы темп менен өнүгүп, мурдагыга салыштырганда 2-3 эсеге арбын курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Айрыкча жеке сектордогу турак-жайлар арбын курулуп, көргөндү суктандырган атайын имараттар шаарыбыздын көркүнө көрк кошуп, тейлөөнүн сапаты да улам жогорулап жатат. Ошону менен бирге 2005-жылдагы болуп өткөн окуялардан кийин, жергиликтүү эл турак-жай курууга жер участкаларын сурап кайрылышкандыктан, мыйзам чегинде Чолпон-Ата шаарынын, Бостери, Кара-Ой, Чоктал, Тамчы, Чоң-Сары-Ой айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларына турак-жай курууга жер бөлүп берилген. Тилекке каршы, алгач турак-жайдын сапаттуу курулушуна маани берилбей, эптеп эле курууга жол берилген. Бирок, азыр элдердин көз карашы кескин түрдө өзгөрүп, бизден жакшынакай долбоорлорду алышып, жер титирөөгө, селге туруштук бере турган, көз жоосун алган кооз, бардык ыңгайлуулуктарга ээ болгон сапаттуу турак-жайларды курууга чоң маани берип жатышат. Албетте, мындай аракет колдоого аларлык көрүнүш. Мисалы, табигый кырсыкка кабылып, сел алып кеткен үйлөр болсо, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардамга келсе, ошол үйдүн документтери туура берилгенби, архитектурадан уруксат алганбы, ошого көңүл бурат. Эгерде архитектурадан уруксаты жок турак-жай курган болсо, аларга мамлекет тарабынан жардам берилбейт. Ошондуктан элдер түшүнүп бизге кайрылып, долбоорлорду алып, андан кийин салып жатышат.
- Ысык-Көл районунун аймагын өнүктүрүү багытында башкы планы барбы?
- Ооба, Ысык-Көл районунун аймагы боюнча табигый кырсыктардын алдын алуу багытында атайын башкы планы түзүлүүдө. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде башкы планы бекитилип ошонун алкагында иш алып барууда. Токтомдо көрсөтүлгөндөй жолдун ылдыйкы тарабын курорттук зонага бөлүп, ал эми жогорку тарабын шаарда, айылдарда жашаган элдерге жер участкаларын берүү каралган. Азыр ушул башпландын негизинде иш алып баруудабыз. Учурда турак-жай курууга негизинен жер участкалары берилип бүттү. Чолпон-Ата шаарында жана айылдардын жака белдеринде жер участкалары дээрлик калбай калды.
- Сиздердин кызматкерлер курулуп жаткан имараттардын сапаттуулугуна дагы көңүл бурабы?
- Курулуштардын сапатын текшерген атайын кызматкерлер бар. Алар райондун аймагында курулуп жаткан объектилердин сапаттуу курулушуна такай көз жүгүртүп турушат. Курулуш материалдары мамлекеттик стандартка жооп береби, сертификаты барбы баары мыйзам чегинде текшерилип, көзөмөл жүргүзүлөт. Биздин тармактын ишин өнүктүрүү багытында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жана Өкмөттүн атайын токтому жарык көргөн. Анын негизинде турак-жай куруу үчүн зарыл болгон долбоорлоодо уруксат берүү системасын реформалоо боюнча бир топ иштер аткарылууда. Буга байланыштуу жумушчу топ түзүлүп, ага бардык кызыкдар структуралар, анын ичинде ЮСАИД программасы да тартылып, биргеликте иш алып барууда. Негизинен уруксат берүүчү системадагы бардык ашыкча, бири-бирин кайталаган жол-жоболор алынып салынды. Мурда мындай 25 жол-жобо болсо, азыр эң зарыл болгон 13 жол-жобого чейин кыскарды. Андан кийин керектүү документтердин тизмесин берүү мөөнөттөрү бир кыйла кыскарды. Белгилей кетүүчү нерсе курулушка арыз берүүгө чейин келечектеги объектке биз тыгыз байланышта иштеп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен архитектуралык кызматтын шаар курулуш кеңешинен өтөт. Шаар курулуш кеңеши келечектеги курулуш объектисин башкы планга ылайык шаар курулуш документацияларын, нормативдерин карап чыгат.
- Арыздарды кароо мөөнөтү дагы мурдагыга салыштырганда бир аз кыскарган турбайбы?
- Албетте, мурдагыга караганда арыздарды кароо мөөнөтү бир кыйла кыскарды. Мисалы, берилген арыздар үч күндүн аралыгында каралып, макул же болбойт деген жообун беришибиз керек.
Инженердик кызматкерлер техникалык шарттарда кароо мөөнөтү 10 күндү алат. Мурда бул 60 күнгө чейин каралышы мүмкүн эле. Ал эми архитектуралык пландоо шарттары 7 күндүн аралыгында бүткөрүлүп берилет. Мурда бул үчүн 111 күн керек эле. Азыр болгону 20 жумушчу күндө биринчи этап бүтөт, а мурда бул 180 күндүн аралыгында бүткөрүлгөн. Ошону менен бирдикте уруксат берүү системасынын баасы да бир топ төмөндөдү. Мисалы, архитектура органдарына тиешелүү жол-жоболорго акы төлөө 40%га, мамлекеттик экспертиза 65%га, мамархитеккөзөмөл 70%га кыскарды. Азыр районубуздун системасындагы жаңы нормаларды түшүндүрүү боюнча дагы бир топ иштер аткарылууда.
- Сиз жетектеген башкармалыктын жыл башынан бери аткарган иштерине да токтоло кетсеңиз?
- 2008-жылдын 6 ай аралыгында биздин кызматкерлерибиз өз милдеттерин мыйзам чегинде так аткарышып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга чоң маани берди. Негизинен курулуш иштери өткөн жылга салыштырганда бир аз азайды. Бирок, жергиликтүү тургундар курулуш иштерине өзгөчө көңүл буруп, жаңы үлгүдөгү эс алуу жайларын куруп жатышат. Үстүбүздөгү жылдын алты айында белгиленген план тапшырмаларды 135 пайызга аткарууга жетиштик. Азыр көзөмөл жүргүзүү боюнча Чолпон-Ата шаарынын жана курорттук айыл өкмөттөрүнүн жол боюнда бүтпөй калган курулуш объектилерин тез арада бүткөрүлүшүн, архитектуралык талаптардын сакталышына көзөмөл жүргүзүп жатабыз. Аялдамаларга жакшынакай долбоорлорду берип, шаардын негизги көчөсүн иретке келтирип, кооз имараттар менен толуктоого аракеттер көрүлүүдө. Айрыкча рекламалык шиттерди иретке келтирип жатабыз. Биздин райондун аймагында 154 эс алуучу жайлар бар болсо, алар быйылкы сезонду жакшы өткөрүүгө көмөк көрсөтүштү. Айрыкча архитектуралык жасалгалоо боюнча ар бир эс алуу жайында өзүнчө иш алып барылды.
Коомдук тамактануучу жайларды көл жээгинен 100 метр бери жакта жайгашуусуна катуу көзөмөл жүргүзүлдү. Эң негизгиси быйылкы эс алуу сезонун тынч, жакшы нукта өткөрүп алдык.
- Келечекте Ысык-Көл районунун аймагында архитектуралык жактан сапаттуу, кооз имараттарды куруу боюнча кандай иш-пландар бар?
- Азыр биз курула турган объектилердин архитектурасына өзгөчө маани берип жатабыз. Буга чейин райондук архитектурада бул багыттагы адистер жетишпей келген экен. Мен Бишкектен 3-4 адисти чакырып, атайын топ түзүп, турак-жайларды азыркы талапка жооп бере турган деңгээлге жеткирүү үчүн Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Кара-Ой, айылдарында бир топ иштер аткарылууда. Учурда биз бир нече долбоорлорду жасап, элдерге сунуш кылганы жатабыз. Негизги максатыбыз - Ысык-Көлдүн аймагына чет өлкөлөрдөн көптөгөн туристтер келгендиктен, аларга кооз, бардык шарты бар турак-жайлар менен камсыз кылуу үчүн архитектуралык жактан жогорку чеберчиликте жасалган объектилердин курулушуна көмөктөшүү.
- Сиз жетектеп жаткан башкармалыкта канча адам эмгектенүүдө, акыркы түзүлгөн шарттарга да токтоло кетсеңиз?
- Бүгүнкү күндө Ысык-Көл райондук архитектурасында жалпысынан 28 кызматкер эмгектенүүдө. Алардын дээрлик көпчүлүгү жогорку билимдүү адистер.
Райондун аймагында 13 айыл өкмөтү болсо, анын ар биринде биздин инженерлер эмгектенет. Кызматкерлердин көпчүлүгү бай тажрыйба жыйнагандар. Өз ишине устат болгон кызматкерлер арбын. Ал эми кызматкерлердин өндүрүмдүү иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарт түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Ар бир бөлүм компьютерлер менен камсыз болушкан. Кызматкерлерибиз эмгек акыларын өз убагында алып турушат. Имаратыбыз бир топ жыл мурда курулгандыктан, сапаттуу ремонтту талап кылат. Азыр каражат караштырып жатабыз буюрса, имаратыбызды ремонттон чыгаруу зарыл.
- Бакыт Абышевич, куруп берген маегиңизге чоң ракмат.

Маектешкен
Абдиламит Жумашев,
"Эркин Тоо".