Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№72, 30.09.08-ж.





  Кыргыздын ыйык жерлери

Мерцбахер көлү
Кыргызстанда дүйнөнүн эң кооз жерлеринин катарына киргизилген Мерцбахер көлү Тянь- Шандын борбордук бөлүгүндө түндүк Эңилчек менен түштүк Эңилчек мөңгүлөрү бириккен жеринде улуу Тянь-Шань тоолорунун арасында жайланышкан. Мерцбахер көлүн 1903-жылы немец географ-альпинисти Гортфрид Мерцбахер ачкан. 1903-жылы Мерцбахер өзүнүн экспедициясы менен Хан Теңирине кетип жатып, түндүк Эңилчек менен түштүк Эңилчектин кошулган жеринде муз арасындагы көлгө туштугат. Мерцбахер жетектеген экспедиция тобуна узундугу 4 километр, туурасы 1 километр, тереңдиги 60, 70 метрге жеткен көл Хан Теңир чокусуна чыгууга бир топ тоскоолдуктарды жаратат. Ошол себептен экспедиция бул өрөөндө бир аз убакыт туруп калышат. Ошол кезде алар укмуштай бир кубулушту көрүшөт. Альпинисттердин көз алдында мөңгү түбүндөгү көпкөк, тунук көл толкуп, ташып олтуруп дарыяга айланып, соолуп жок болот. Экспедиция мөңгү арасындагы көлдүн бул кубулушуна таң калып жолун улайт. Көп өтпөй Мерцбахердин экспедициясы Тянь-Шандагы укмуштай көлдү ачкандыгы үчүн атак, даңкка ээ болушат. Бирок, бул ачылыш альпинисттер арасында кызыгуу деле жаратпайт. 28 жылдан кийин гана М.Т. Погребецкий башында турган украиналык альпинисттер тобу Тянь-Шанга келишет. Алар биринчи эле Мерцбахер ачкан көлгө келип токтошуп, соолуп калды деген көлдүн толуп ташып, бети күзгүдөй сулуу болуп тургандыгын көрүшөт. Ошондо Погребецкий көлгө Мерцбахердин урматына анын атын ыйгарат.
Аймакты изилдөөгө алып Хан Теңирин багындырууга келген бул альпинисттердин тобу да көп өтпөй Мерцбахер көлүнүн дагы дарыяга айланышына күбө болушат. Мына ушундан тарта альпинисттердин көлгө болгон кызыгуусу арта баштайт. Алар көлдүн кандайча толуп, кандайча дарыяга айланаарынын сырын билгенге ашыгышат. Биринчи эле байкоочу-альпинисттер көлдүн 5-7 күндө агып жок болгонун байкашат. Андан соң соолуп жок болгон көлдүн түбүндө муздар гана калып, бир аз мезгилден кийин көлдүн орду дагы сууга толо баштаганына күбө болушат.
Ошентип, Погребецкий башында турган альпинисттердин тобу Мерцбахер көлүнүн укмушун экинчи болуп көрүшөт. Мына ушундан кийин гана Мерцбахер көлүнүн табышмагын табуу үчүн чет өлкөлөрдөн түркүн экспедициялар келе башташат. Көрсө, мөңгүлөр арасындагы Мерцбахер көлү жылына эки жолу толуп, эки жолу дарыяга айланат экен. Мөңгү арасындагы көлдүн дарыяга айланган суусу Эңилчек мөңгүсүнүн дарыясы аркылуу Сары-Жаз дарыясына келип кошулат. Көл суусун кое берген учурда Сары-Жаз дарыясынын суусу эки эсе көбөйөт. Кээде Сары-Жаз дарыянын суусу мындан да көбөйүп, нугунан чыгып кеткен учурлар кездешет. Бул Мерцбахер көлү өзүнүн суусун тез мисалы, 2 суткада эле чыгарып салгандыгына байланыштуу болот. Тянь-Шандын аба-ырайын изилдегени келген атайын адистер көлдүн табышмагын чечүүгө канча аракет жасашканы менен Мерцбахердин сырларын алар азырга чейин толук ачып бүтүшө элек. Себеби, көл жыл сайын өзгөрүш жасап, укмуштун түрүн көрсөтүп турат. Мерцбахердин дарыяга айланышынын биринчиси май айларына туш келсе, экинчиси декабрь айында болот. Бул кубулуш да жылда өзгөрүп турат. Кээде көлдүн дарыяга айланышынын биринчиси августка, экинчиси сентябрга туура келген учурлары да кездешет.
Көлдүн толуп, кайра дарыяга айланышын байкоого алган адистер Мерцбахердин бул табышмагын ар кандай гипотезалар менен түшүндүрүп келишет. Аларды эң эле кызыктырганы, көлдүн өз алдынча эле суусун кое берип, соолуп бүткөн соң, суу чыккан каналдарын жабып кайра өзүнө суу чогултуп баштаганы.
Мерцбахер сууну мөңгүдөн алат. Себеби, көл жай айларында, күн жылыган учурда толот. Суу толгон убакта көлгө бир нече тонналаган муздар түшө баштайт (айсберг). Бул учурда көлдүн сулуулугу артып, укмушка айланат. Көлгө суу толгондо ал экиге бөлүнөт. Себеби көлдү ортосунда муз плотинасы бар. Мерцбахер сууга толгон учурда акырындык менен өзүнөн сууну чыгара баштайт. Биринчи болуп көлдүн плотина менен бөлүнгөн кичинекей бөлүгү чыгарылат. Андан соң экинчи бөлүгүнө кезек келет. Көлдүн мындай жол менен суусун чыгаруусу дарыялардагы суунун нугунан чыгып кетпешин шарттайт. Бул да болсо табияттын табышмагы. Суулар көлдөн чыгып бүтөөрү менен кандайдыр бир жол менен суу чыккан каналдар жабылат да көлгө кайрадан суу топтоло баштайт. Түрдүү гипотезалардын биринде ал каналдарды айсбергдер жаап калат, экинчилери көл агып бүтөөрү менен табигый түрдө көл өзүнө плотина пайда кылат деп да жүрүшөт. Ал кандайча ишке ашаары Мерцбахер сууга толо баштаганда анын түбүндөгү муздар да көтөрүлө баштап, бул учурда суу агып чыгуучу каналдарды жаап турган плотиналар да көтөрүлгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Адистердин айтымына караганда көптөгөн изилдөөлөр да так ушул гипотезаны ырастайт. Альпинисттер табигаттын мындай табышмагына дагы изилдөөлөрдү жүргүзүү керек деп эсептешет. Анүчүн көлдүн жээгине жыл бою иштей турган обсерватория уюштуруу керек. Ошондо гана анын табышмагы толугу менен ачылышы мүмкүн.
Мерцбахер көлү чынында сулуу дешет аны өз көзү менен көрүп келгендер. Адистедин айтымында мындай көлдөр Исландияда, Швецарияда жана Гренландия аралында да кездешет. Ал көлдөр да Мерцбахер сыяктуу суусун бир жылда эки жолу агызып чыгарышат жана кооз келишет. Бирок, алардын ичинен Мерцбахер дүйнөнүн эң кооз жерлеринин катарына кошулган.
Мерцбахер чет элдик эле альпинист- окумуштуулар тарабынан гана изилденбестен кыргызстандын гидро-метеорологиялык кызматы тарабынан да изилдөөгө алынган. 1960-жылдарда Мерцбахер көлүнүн жанына байкоо станциялары уюштурулуп, алар көл толуп, суусун кое бергенде Эңилчек дарыясынын суусунун деңгээли 6 метрге чейин көтөрүлөөрүн байкашкан. Ошол мезгилде көлдөн суунун толук чыгып бүтүшү 7-10 күнгө туура келчү экен. Суунун күркүрөгөнү 5- 10 километрге чейин угулуп, бул көрүнүш укмуштай кооз жана табышмактуу көрүнөт дешет байкоочулар. Мына ошондуктан да бул көлгө болгон кызыгуу альпинисттер жана гидрограф, географтардын арасында жылдан жылга артып барат. Анүстүнө кээ бир адистер бул көлдү жок болуп бара жаткан көлдөрдүн катарына кирет деген божомолдорун айтышкан. Себеби, мурун көлдүн өлчөмдөрү азыркыга карганда чоңураак болгондугу аныкталган. Көл окумуштуулардын аныктоолоруна караганда Тянь-Шандагы кичи мөңгү эпохасынын аяктаган мезгилдеринде, башкача айтканда XIX кылымдын башталышында пайда болгон. Андан бери Мерцбахер миң ирет өзгөрүүгө дуушарланган. Ошондуктан да бул кереметти көрүп калууга көп альпинисттер ашыгышат.
Мерцбахер айрыкча толуп турган кезинде кооз болот. Көкмөк, таза, тунук сууга убак убагы менен мөңгүдөн муздар кулап, күнгө бети чагылышканда укмуш көрүнөт. Мындай укмуш учурларды аэрофотохудожниктер да сүрөткө түшүргөнгө ашык. Өкүнүчтүүсү Мерцбахерди ар бир жаран барып көрө албайт. Мындай мүмкүнчүлүк азырынча альпинисттерде гана бар. Көл жөнүндө көпчүлүктүн маалыматы жоктугу да ушундан. Кыргыздын керемет көлдөрүнүн катарына тээ Тянь-Шандын арасында да бир бермет бар экендигин билбеген кыргыз жарандары канча.

Даярдаган Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА,
"ЭркинТоо".