Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№72, 30.09.08-ж.





 1-октябрь - Улгайган адамдардын эл аралык күнү!

Эмгекке убактылуу жараксыздык боюнча жөлөк пулду дайындоонун жаңы тартиби
Кыргыз Өкмөтүнүн 2008 - жылынын 30- июлундагы №414 Токтомуна ылайык "Кош бойлуу мезгилде жана бала төрөгөн убакта мамлекеттик жөлөк пул менен камсыздоонун жаңы тартиби тууралуу" Жобосу иштелип чыкты.
Мамлекеттик жөлөк пулду дайындоонун жаңы жобонун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп берүүсүн өтүнүп, биз Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы пенсия жана социалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Марина Жапаркуловага суроо узаттык.

- Айтып коюңузчу, кош бойлуулук учурда, бала багып үйдө отурганда же эмгекке убактылуу жарамсыз мезгилде төлөнүүчү мамлекеттик жөлөк пулду дайындоонун жаңы тартиби кандай болуп калды?
- Жаңы эреже боюнча, мындан ары, жогоруда сиз атаган жөлөк пул дайындоо бирдиктүү тартибине ылайык мамлекеттик мекемелерде иштегендерге да, ошондой эле менчиктин башка түрлөрүндөгү ишканаларда да, мисалы, коммерциялык уюмдарда иштеген жарандарга да бирдей дайындалуусу керек. Ошондой эле өзгөчө белгилей кетчү нерсе, кош бойлуулук мезгилде төлөнүүчү жана бала төрөлгөн кезде берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү мурда белгиленген эсептөө көрсөткүчүнө салыштырмалуу 7 - 9 эсе көбөйтүлгөн өлчөмдө бекитилди. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөк пулдун жаңы өлчөмдө төлөнүш эрежеси 2008-жылдын 1-августунан баштап күчүнө кирет.
Иштеген жарандардын жеңилдик алууга укугу бар категорияларына бул жөлөк пул айлык эмгек акысынын 100 пайыз өлчөмүндө төлөнөт, эгерде алардын бир айлык маянасы эсептөө көрсөткүчүнөн 20 эсе көп өлчөмүнөн ашпаса. Белгилей кетчү нерсе бул эсептөө көрсөткүчү азыркы учурда, биздин өлкөдө 100 сомго барабар. Бул жөлөк пул алууга укугу бар жарандардын катарына төмөнкү категориядагы адамдар да кирет: кесиптик ишинин айынан майыптык алган же жумуштун айынан ооруга чалдыккандар, бийик тоолуу аймакта иштегендер , майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуштук аракеттерге катышкандар жана аскердик кызмат өтөп жаткан адамдар. Ошондой эле жеңилдиктерди алууга укугу бар төмөнкү категориядагы жарандарга: Чернобыль АЭСинде жаракат алгандар, донорлор, (эркектер жылына 4 жолу, аялдар жылына 3 жолу кан тапшырган болсо) мына ушундай эрежеде жөлөк пул берилет. Бул категориядагы адамдар эмгекке убактылуу жараксыз болуп калышса айлык маянасынын 100 пайыз өлчөмүндөгү жөлөк пулду ала алышат.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, эмгекке убактылуу жараксыздык боюнча төлөнүүчү, алуучу жөлөк пул кызматкер иштеген мекеменин айлык акыга белгиленген өздүк фондусунан төлөнүшү керек.
- Айтып кетсеңиз, эмгекке убактылуу жараксыздык боюнча төлөнүүчү жөлөк пулду белгилөөдө жалпы эмгек стажы эске алынабы?
- Албетте, ар бир иштеп жаткан адам өз эмгек стажына жараша жөлөк пул алат:
- 5 жылга чейинки стажы бар жарандар айлык маянасынын 60 пайыз өлчөмүндө;
- 5 жылдан 8 жылга чейинки стажы барларга айлык маянасынын 80 пайыз өлчөмүндө;
- 8 жылдан өйдө стажы барларга айлык маянасынын 100 пайыз өлчөмүндө жөлөк пул төлөнүшү керек.
Мындай жөлөк пул жарандардын биринчи 10 күн ооруган маалында төлөнөт, ал эми оорунун 11-күнүнөн тартып эсептөө көрсөткүчтүн 20 эсе көп өлчөмүндө башкача айтканда, 2000 сомдон төлөнөт.
- Кош бойлуулук мезгилинде же ымыркай төрөлгөн кезде жөлөк пул кандай тартипте дайындалат?
- Кош бойлуулук мезгилинде же ымыркай төрөлгөн кезде жөлөк пул биринчи он күнгө жумуш берүүчү мекеме өз эмгек акы фондусунан айлык маянасынын 100 пайыз өлчөмүндөгү жөлөк пул төлөөсү керек.
Ал эми 11-күндөн аркысына эсептөө көрсөткүчүнөн 10 эсе көп өлчөмүндөгү сумма төлөнөт, бул каражатты ар бир мекеме өз фондусунан төлөп берет, бирок отчетун социалдык коргоо уюмдарына тапшырган соң бул каражат Республикалык бюджеттен калыбына келтирилет. Айталы, мекемеде иштеген аял кош бойлуу мезгилинде декреттик отпускага чыгуу менен кайрылса, анда он күндүк жумуш убактысына эмгек акы фондунан 100 пайыз айлык маянасы төлөнөт. 11 күндүк жумушчу күнүнө 1000 сом кошулуп берилет.
- Бийик тоолуу райондордо жашаган жана иштеген жарандарга жөлөк пулдун кайсы түрү кандайча төлөнөт?
- Бийик тоолуу райондордо жашаган жарандарга кош бойлуу, бала төрөгөн мезгилде убактылуу эмгекке жарамсыз учурда 100% эмгек акысы төлөнөт.
- Кирешеден алынуучу салыктын бөлүнүшү жана камсыздоо төлөмдөрүнө карап жөлөк пулдун берилүүсү жөнүндө да тактап айтып кетсеңиз?
- Убактылуу эмгекке жарамсыз мезгилде кирешеден алуучу салык алынат. Ал эми кош бойлуу же бала төрөгөн кезде кирешеден түшүүчү салык үчүн жөлөк пулдан алынбайт. Камсыздоо төлөмдөрү эмгекке жарамсыз кош бойлуу же төрөгөн кезде алынбайт.
- Жалпы эмгек стажына эмне кирет?
- Биринчи, эмгек келишимин түзгөн күндөн тартып жарандын бардык эмгек ишмердүүлүгү жалпы эмгек стажын түзөт. Жалпы эмгек стажы үчүн үзгүлтүксүз иштөө дегендик эмес. Ал ортодо башка мекемелерге которулуп иштесе да болот.
Бүгүнкү күндө жөлөк пулду дайындоо боюнча жаңы эрежеде бизге көптөгөн жарандар телефон чалып сурашууда.
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтына (www.mlspsk) маалыматтарды киргиздик. Келип түшкөн каттарга жооп берип жатабыз. Андан тышкары, жакынкы күндөрдө райондук, областтык социалдык коргоо кызматкерлери жер жерлерге барып, семинар курстарды уюштурууну пландаштырууда.
Маектешкен А.Абилов.




Кайрымдуулук айы өтөт
1-октябрь Карылардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескемеси кабыл алынды.
Ага ылайык 2008-жылдын 1-октябрында Карылардын Эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өтөт. Ошол эле учурда 1-октябрдан 1-ноябрга чейин кайрымдуулук акциялары уюштурулат. Ал эми өлкөдөгү картаң жарандарга, жалгыз бой адамдарга мамлекеттик жергиликтүү администрациялар, административдик ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, министрликтер жана менчик ишканалар төмөнкүдөй багыттарда жардам беришет:
Алар кары-картаңдардын кышка карата даярдыгына, тиричилик жактан акысыз кызмат көрсөтүлүшүнө, жардамга өтө муктаж пенсионерлерге акысыз кайрымдуулук түшкү тамагын уюштуруп берүү, тамак-аш продуктуларын арзан баада сатуучу базар уюштуруу шарттары киргизилди. Андан тышкары саламаттыкты сактоо мекемелеринде акысыз медициналык кеп-кеңештерди берүү акциялары өткөрүлөт.Өкмөттүн тескеме-долбоорунда жардамга муктаж жана майып пенсионерлерди жеке жылып жүрүүчү (кресло-коляска) каражаттар менен камсыз кылуу каралды.Ошондой эле Карылардын Эл аралык күнүндө жана 1-ноябрга чейинки кайрымдуулук айынын жүрүшүндө спорттук жана маданий иш-чаралар өтүп, кары-картаңдарга ар тараптуу моралдык, материалдык, гуманитардык колдоолор көрсөтүлөт.
1-октябрь күнү жана кайрымдуулук айлыгын өткөрүү убагында жергиликтүү администрациялар карылар үчүн фестивалдарды жана конкурстарды өткөрүп, алар үчүн маданий эс алууларды уюштурууну Бишкек шаардык мэриясы колго алууда.
Эл аралык Карылар күнүн жана 1-октябрдан 1-ноябрга чейинки кайрымдуулук айын өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бекитилген каражаттардын негизинде каржылануусу белгиленди. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тескеменин негизинде өлкөдөгү кары-картаңдарга жана жалгыз бой адамдарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү ишин алга жылдырууга бардык аракеттерди көрүүдө.




  Бар бол, кайрымдуулук!

Роза эженин карыларга камкордугу
Эл аралык карылар күнүнө карата Бишкек шаарынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жыл сайын салт болуп калган иш-чараларын улантып, ордо калаабыздагы кары­картаң, майып, ардагер адамдардын бардыгын унутта калтырбай, аларга даректүү жардамдарын көрсөтүү менен мамлекеттик тарых музейинде, шаардагы карылар үйүндө, кайрымдуулук борборунда ж.б. ушундай сыяктуу мекемелерде атайын иш­чараларды өткөрүп келүүдө. Мындай саамалыкты борбор шаарыбызда жашап жаткан кары адамдар, ардагерлер социалдык жактан коргоо облусунда социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жасап жаткан иштин натыйжасы деп билишет.
"Карыларын сыйлабаган коомдун келечеги жок" деген накыл кеп бар эмеспи акылман элибизде. Ошондуктан, бүгүнкү биз жашаган коомдо карылар биз сыйлап, урматтаган сыйлуу адамдар болгондуктан, алардын турмушта алган ордуна Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тараптан чоң маани берилип, башкармалыктын начальниги Роза Исматовна Соромбаева бардык ардагерлерди, кары­ картаң адамдарды көңүл борборуна алып, энелик камкордук көрүп, даректүү социалдык жардамдарды берип келүүдө.
Азыркы мезгилде ордо калаабызда 60 миң ардагер жашайт, анын 18 миңден ашыгы 40тан ашык ар кандай жеңилдиктерден пайдаланышат. Атап айтканда, ардагерлерге электр энергиясына, газга, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча жеңилдетилген эсептөө китепчесин, протез тиш салдырууда жана телефон койдурууда жеңилдиктерди, коомдук транспорттон, ошондой эле эс алууга путевка жана дары­дармек алууда бекер пайдаланууга атайын карточка жана бекер таш көмүр алууга талондорду берип келүүдө.
Республика боюнча бир гана Бишкек шаарында 1996­жылдан бери турак­жай субсидиясы борбору иштеп келе жатат. Мындан үстүбүздөгү жылдын 8 айында турак­жай коммуналдык төлөмдөргө субсидия түрүндө 3599 ардагерлерге социалдык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаары боюнча жардамга муктаж болгон 131272 шаардыктарга 110165,0 миң сом өлчөмүндөгү даректүү, социалдык жардамдар жана жеңилдиктер берилген. Учурда 784 жалгыз жашаган ардагерлерди үйүндө социалдык кызматкерлер тейлеп жатышат.
Шаарда мамлекеттик социалдык жактан колдоого муктаж кары адамдарды тейлөөчү 3 атайын мекеме, анын ичинен 300дөн ашык кары адамды багып жаткан 2 интернат­үй, бир "Ардагер" пансионаты иштеп, кызмат көрсөтүп жатат. Өткөн 9 айда пансионатта 720 кары адам өздөрүнүн ден соолуктарын чыңдап, эс алып келишкен.
Эл аралык карылар күнүн майрамдоого 7 миң улуу муундун кары адамдары катышууда. Мыйзам чегинде каралган нормативдик­укуктук документтердин негизинде ордо калаабызда жашаган кары адамдарга атайын жеңилдиктер берилип, бул багытта алгылыктуу иштердин жүргүзүлүп жаткандыгы ­ Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Роза Исматовна Соромбаеванын ардагерлерге, карыларга, майыптарга көргөн камкордугу болуп саналат.
Азыр социалдык паспортторду киргизүү жолу аркылуу ардагерлерди социалдык жактан коргоо дагы өркүндөтүлүп, кошумча жардам көрсөтүүнүн спектири дагы кеңейүүдө. Мындай бараандуу иштер, албетте, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Роза Исматовна Соромбаеванын улуу муундун өкүлдөрү болгон ардагер ата­энелерге болгон терең урматтоосунун чоң белгиси болуп эсептелет.

Данияр ШАБДАНОВ.