Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№72, 30.09.08-ж.





  Парламентте өкмөттүк саат

Кыш босогодо, даярдыгыбыз кандай?
26-сентябрь Жогорку Кеңештин күн тартибинде кышка даярдыкты талкуулоо боюнча Өкмөттүк күн болгондуктан КР Премьер-министри Игорь Чудинов парламентке келди. Аны менен чогуу биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев, Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков, Финансы министри Тажикан Калимбетова, Бишкек шаардык ТЭЦтин директору Сергей Бочко, Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев ж.б. жетекчилер келишти.
Игорь Чудинов 2008-2009-жылкы күзгү-кышкы мезгил үчүн Өкмөттүн көрүп жаткан чаралары жөнүндө депутаттарга маалымат берди.
"Өкмөттүн алдыдагы кышка даярдык көрүү эң орчундуу маселелерден. Өзгөчө ушул жылдагы суу-энергетика жаатындагы оор абал бул тармакка өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Былтыркы кыштын өзгөчө катуу болуп, электр энергияны көп пайдалануудан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү апрель айына карата 6,5 млрд. куб.м. түшүп кеткен. Бул Токтогул ГЭСиндеги акыркы 20 жылдын ичинде эң төмөн түшүп кеткен көрсөткүч болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу шашылыш чараларды көрүү боюнча 9-апрелде Өкмөттө жыйын болуп, анын негизинде күзгү-кышкы даярдыктарды көрүү боюнча № 135 токтом кабыл алынган. Токтомдун негизинде суу-энергетикалык абалды стабилдештирүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, Токтогул суу сактагычындагы сууну толтуруу боюнча иш-чаралар көрүлүп, региондорго отундарды мол камдоо боюнча тапшырмалар берилген. Андан ары кабыл алынган абалды көзөмөлдөө боюнча Өкмөт 31-июлда жылуулук сезонуна даярдык көрүү боюнча № 416 экинчи токтомду кабыл алган. Анда электр энергияны пайдалануунун лимиттери, көмүр, газ, мазут сатып алуу боюнча тапшырмалар айтылган. Андан сырткары күзгү-кышкы мезгилди ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык аткаруу органдарына жана жергиликтүү бийлик бутактарына электр энергияны пайдалануудагы лимиттерди туура сактоо, элди көмүр менен камсыз кылуу, мектептердеги кышкы каникулду узартуу, үч фазалуу электр жылыткычтарды өчүрүү, аларды алтернативдүү отун түрүнө которуу, Бишкек шаардык ТЭЦтин иштөө өлчөмүн 250 МВтыга чейин көтөрүү жана электр энергиясын 500,0 млн. кВт-сааттан кем эмес импорттоо тапшырмалары коюлган.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 25-сентябрга карата 9,62 млрд.куб.м., бул мурдагы жылдын ушул убагына караганда 4,1 млрд. куб.метрге аз. Мындай режим менен октябрь айында да суу сактагычтагы суунун көлөмүн 9,6 млрд.куб.м. абалында кармап туруубуз керек. Күзгү-кышкы мезгилдин ичинде суунун кириши 2,5 млрд. куб.м. болоору күтүлүүдө. Өкмөттүн негизги милдети мындай режимди сактоо менен, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн 2009-жылдын 1-апрелине карата 6,1 млрд. куб.м. азайтпоо керек. Коюлган тапшырмалар боюнча жылуулук сезонунда электр энергиясын пайдаланууну 5,2 млрд. кВт- сааттан ашырбашыбыз же 650 МВт кубаттуулукту ноябрдан март айына чейин бошотушубуз зарыл. Республика боюнча күзгү-кышкы мезгил ичинде электр энергиянын дефицити 2,6 млрд. кВт-саат болот.
Белгилей кетчү нерсе, апрель, май жана сентябрь айларындагы электр энергиясын өчүрүү өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизген жок. Биз бүгүн элге жана башка пайдалануучуларга электр энергияны 30 пайызга кыскартууга аргасызбыз. Ушул учурда бардык региондор боюнча жылыткычтарын электр энергия менен иштеткен үч фазалуу жылыткычтарды өчүрүүнү аяктап калдык. 20-сентябрга карата мындай 63 миң жылыткыч өчүрүлдү. Аны менен кышында 502 МВт кубаттуулукту бошотууга мүмкүн.
Бизде эле эмес, Орто Азияда суунун аз болушунан төрт тараптуу өкмөттөр аралык Сырдарыя бассейнинин ресурстарын пайдалануу боюнча келишимдерди түзүүгө өзбек тараптын каршы пикиринен улам мүмкүн болбой калды. Ошондуктан Казакстандын чарба субъекттери менен бир канча келишимдерди түздүк. Экспорттолуп келүүчү электр энергиянын баасы 1 кВт-саатка 4,5 цент. Бишкек ТЭЦтин кыш мезгилинде иштөө көлөмүн 250 МВтка чейин көбөйтүү үчүн Казакстандын көмүрлөрү пайдаланылат. Көмүрлөрдү ташуу график боюнча жүргүзүлүүдө. Ушул тапта 250,0 млн. кВт-саат көлөмүндөгү электр энергиясын импорттоо боюнча Казакстан менен сүйлөшүп бүттүк.
Элди көмүр менен камсыз кылуу боюнча ар бир шаарларда жана райондун борборлорунда көмүрдү таратуучу орундар ачылган. Ушул тапта республика боюнча мындай түйүндөр 360 жерде ачылып, 787 миң тонна көмүр даярдалды, анын 502 миң тоннасы элге таратылууда. Мында апрель-сентябрь айларына коюлган тапшырманын 116%ы аткарылды. Көмүргө болгон баа анын сапатына жана көмүр чыкпаган алыстыгына каралат. Баанын өсүшү алып сатарлар тарабынан көтөрүлүүдө. Өкмөт айрым региондордо көмүрдүн 1 тонна баасын 3-3,5 миң сомго түшүрө алды.
Республикалык бюджеттен каржыланган мекеме-уюмдарга көмүр сатып алуулары үчүн 42,2 млн. сом бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекеме-уюмдарга республикалык бюджеттен 109 млн.сом бөлүнүп берилди.
Газ тармагына республикалык бюджеттен 215 млн. сом, анын ичинде "Мамбашкаруу" беренеси боюнча 89 млн. сом, бюджеттик мекемелердин чыгашасына - 33 млн. сом, бюджеттик ссудага - 93 млн. сом бөлүнүп берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек, Ош шаарларынын жылытуучу борборлорунун иш көлөмдөрүнүн көбөйгөндүгүнө, отунга баалардын өсүп жаткандыгына байланыштуу эл аралык донор уюмдарга каржылык жардам көрсөтүү боюнча кайрылган. Жыйынтыгында Дүйнөлүк Банк 11 млн. доллар, Азия Өнүктүрүү Банкы 12 млн. доллар бөлүп берүүнүн алдында турушат" - деди Премьер-министр Игорь Чудинов.
Андан сырткары ал мекеме-уюмдардын жылуулук сезонуна даярдыктары жөнүндө айтып өттү.
Республикадагы 2111 жалпы билим берүү мектептеринин 1117 мектеби электр жылытууда, анын 440ы электр казан жабдууларында, 677си электр жылыткычтарында турушат. Жылуулук сезонуна келгенге чейин 308 окуу жайы электр жылытуудан көмүр жылытууга өтүшкөн. Буларга кошумча дагы 15 миң тонна көмүр керек. Республика боюнча мектептердин көмүргө муктаждыгы - 68,5 миң тонна. 20-сентябрга карата билим берүү мекемелерине көмүр камдоо 68%га аткарылган.
Премьер-министр маалыматтарды берип бүткөндөн кийин депутаттар ага суроо берүү үчүн жазылышты.
Депутат Ю.Данилов Бишкекте түнкүсүн суук болуп жаткандыгына байланыштуу жылуулукту бере баштаса болбойбу? - деди эле И.Чудинов анда январь айында кыйналып калаарыбызды, бир гана Бишкек шаарын ойлобош керектигин айтты.
Депутат Т.Орозалиев августта Бишкектеги 543 саунаны өчүрдүк деп мактандыңар эле, азыр 180 эле сауна өчүрүлүптүр, а чынында сауналар Бишкекте 2 миңге жетет да? - деди. С.Балкыбеков болсо андай көп сауна Бишкекте жок экенин айтып, үч фазалуу 180 сауна элекетр энергиядан өчүрүлгөнүн айтты. Айта кетсек, Кыргызстандан 2007-жылы 2 млрд. 400 млн. кВт-саат электр энергия экспорттолгон, 2008-жылы 500 млн. кВт-саат экспорттолду.
Депутат З.Жамалдинов Премьер-министрге электр энергия өзүбүзгө жетпей жатса, экспорттобой коюуга болот беле? - деген суроосуна андан түшкөн акча каражаты Бишкек менен Оштогу ТЭЦтердин иштөөсүнө жумшалат деген жооп болду.
Баткенде көмүр жок, болсо да кымбат. Кышка чейин Баткенге тез көмүр жеткирүү керек, деген депутат Г.Дербишеванын суроосуна Премьер-министр 30-октябрда Баткенге бараарын айтып, маселени жеринде чечүүгө убада кылды. Депутат Г.Мамасейитова Ысык-Ата районунун жашоочулары ага кайрылып, күндүзү 6, түнкүсүн 6 саат жарыкты өчүрүп алып, бирок жарык үчүн толук төлөөгө мажбурлап жатышканын айтты. Ага жооп кылып С.Балкыбеков өчүрүлгөн саат үчүн акча алынбаарын билдирди.
У.Ормонов азыркы тапта Өзбекстандан газды кандай баада алып жатабыз? - деген суроого 1000 куб.метрине 100-140 доллардан алып жатканыбызды, 2009-жылга болсо азырынча келишим түзүлө элек экенин Өкмөт башчысы билдирди. Депутат Ибрагим Жунусов орозо учурунда Бишкектен бөлөк жерлерде Ошто, Таласта, Чүйдө жарыктар өчүп жатканын, С.Балкыбеков бир гана Бишкек үчүн иштеп аткандай таасир калтырып жатканын билдирди.
Депутаттар келген министрлердин баарына суроо беришип, каалаган жоопторун алышты. Жыйындын жыйынтыгы менен Өкмөттүн токтому кабыл алынды.
Сымбат Максутова,
"Эркин Тоо".




Кабилова кысымга кабылганбы?
Чын­төгүнүн тергөө иши көрсөтөт
Кечээ республикабыздын Башкы прокурору Э.Сатыбалдиев өз кабинетинде БШКнын экс­төрайымы К.Кабилованын видеокайрылуусуна байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Белгилүү болгондой К.Кабилованын видеобилдирүүсү оппозиция өкүлдөрү тарабынан ачыкка чыгып, жума күнү электрондук маалымат булактары аркылуу жарыя кылынган. Бул видеобилдирүү Башкы прокуратурага берилип, анын негизинде Кылмыш кодексинин 139­статьясынын 2­бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокурордун айтуусу боюнча бүгүнкү күндө бул иш боюнча активдүү түрдө тергөө амалдары жүрүүдө. Э.Сатыбалдиев БШКнын экс­төрайымынын видеобилдирүүсүн анализдөө менен мазмуну боюнча мазактоо, кысым көрсөтүү, кызмат ордун калтыруу деп үч бөлүккө бөлүп карашканын жана анын экинчи кысым көрсөтүү бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун айтты. Себеби, К.Кабилова И.Кадырбековдун шайлоо укугу боюнча маселеде аны коркутуу менен кысым көрсөтүлгөнүн видеобилдирүүсүндө айткан. Ал эми биринчи бөлүгү жеке маселе болгондуктан, бул боюнча Кабилова сотко кайрылса болот. Үчүнчү бөлүк К.Кабилованын отставкасын Президенттин кабыл алуусу менен чечилди дешке болот. Учурда Башкы прокуратуранын тергөө тобунун бир бөлүгү БШКнын ишине, анын ичинде БШКнын төрайымынын ишине кысым көрсөтүү фактысы боюнча иш алып барууда.
Башкы прокурор журналисттердин суроосуна жооп берип, бул кылмыш иши боюнча видеобилдирүүдө аты аталган адамдар, тактап айтканда Максим Бакиев жана Медет Садыркуловдор да сурала тургандыгын билдирди.
Э.Сатыбалдиев кылмыш ишинин тез жүрүшү үчүн тоскоол болуп жаткан нерсе бул К.Кабилованын бул жакта жок болуп жатканы болууда дейт.
Журналисттердин кылмыш ишин алга жылдыруу үчүн дагы кандай иш­чаралар жүрүшү, мисалы БШКнын экс­төрайымын издөө ж.б. маселелер боюнча суроого Башкы прокурор: К.Кабиловага издөө салуунун зарылчылыгы жок. Ал айыпталуучу же шектүү адам эмес. Биз тескерисинче аны жабырлануучу катары карап жатабыз. Бирок, жабырлануучу катары таануу үчүн да анын өзүн сурообуз керек эле. Биз аны сурабай туруп эле, жабырлануучу катары кабыл алдык, ­ деп жооп берди.
Ошентип, экс­төрайым өзү кайрылбаса да видеобилдирүүсү анын арызы катары кабыл алынып, кылмыш ишин козгоого негиз болгон. Албетте, видеобилдирүүдө айтылган нерселер чын эле болгонбу анын баарын тергөө көргөзмөкчү.
Б.ТУРДАЛИЕВА,
"Эркин Тоо".