Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№72, 30.09.08-ж.





 №2 Жал шайлоо округу

Жаратман эмгектин, куруунун мезгили келин жетти!
Сталбек Өмүрканов
Менин программам - менин жоопкерчилигим
Турак жай - коммуналдык чарбасын масштабдуу реформалоого жана жаңылоого. Ал үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- коммуналдык сектордогу монополияны жоюу жана атаандаштык мамилелерин өркүндөтүү;
- тариф саясатын тартипке келтирип, баалар тейлөө кызматтарынын сапатына жараша болушун камсыз кылуу;
- муниципалдык жана жеке транспорттун ортосунда туура баланска жетишүү аркылуу шаар транспортунун маселесин чечүү;
- шаар чекесиндеги жолдорду реконструкциялоо, шаардын суу артериясы болгон арыктарды калыбына келтирүү.
Шаар бюджетин 4200 миллион сомдон 7800 миллион сомго жеткирүү. Ал үчүн:
- жаңы жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жерди ижарага берүү;
- ишкерлерди окутуу үчүн бизнес-борборлорду жана бизнес-инкубаторлордун санын жана сапатын арбытуу;
- бюджет аралык мамилелерди реформалоо, анын натыйжасында 45 пайыздан кем эмес салык жыйымдары шаар бюджетинде калууга тийиш.
Натыйжалуу социалдык саясатты ишке ашыруу. Бул максатта:
- Социалдык турак-жайларды көбөйтүү. Муниципалдык кирешелүү үйлөрдү уюштуруу;
- ден соолугу начар адамдарды үйүндө жумуш менен камсыз кылуу;
- заманбап спорт комплекстерин куруу, балдардын спорт мектептерин калыбына келтирүү, кыргыз спортсмендеринин атак-даңкка жетишүүсүнө шарт түзүү;
- жаштардын коомдук уюмдарынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү.
Жал шайлоо округунун аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу. Бул максатта:
- инвесторлордун, министрликтердин, ведомстволордун, ири мекемелердин, коммерция структураларынын каражаттарын тартуу;
- бош жаткан жер участкаларын шаардыктардын кызыкчылыгына жараша өздөштүрүү;
- көп кабаттуу социалдык багыттагы үйлөрдү куруу, курулушу бүтпөй жаткан үйлөрдүн курулушун аягына чыгаруу;
- жеке үй кургандардын аймагындагы инженер коммуникацияларынын иштешин жакшыртуу.

Башкаларды билбейм, мен үчүн депутат болуу чоң жоопкерчилик. Өзгөчө Бишкек сыяктуу мамлекетибиздин борбору, өнөр жай жана илим менен маданияттын чордону болгон ири мегаполистин шаардык Кеңешине депутат болуу түйшүгү түмөн болгон оор милдет. Мындай мегаполисти башкаруу үчүн жигердүү, демилгелүү, шаар чарбасын башкаруу ыкмаларын өздөштүргөн профессионалдар керек.
Албетте, ниети таза, ак дили менен шаардын тагдырына, шаардыктардын турмушуна күйүп-бышкан патриот адамдар керек. Бирок, патриоттук сезим профессионалдык деңгээл менен айкалышпаса андай адамдын ишинен жакшы натыйжа күтүү деле күмөн болот. "Ушул киши жакшы, боорукер" деп, бирок, хирургиядан такыр сабаты жок адамга өмүрүн тапшырып, операциялык столго эч ким жатпайт го.
Борбор шаарыбыздын Кеңешине өз ишинин устаттары келиши зарыл. Башкаруу механизмин жаңыдан өздөштүргөнгө көп убакыт талап кылынат. Өтө тездик менен дүйнө өзгөрүлүп турган глобализация заманында ар бир күн, ар бир саат биз үчүн кымбат. "Чөп өсүп чыгат деп күтсө, атыбыз аркы дүйнөгө узайт" деп орус макалында айтылгандай, шаар чарбасы боюнча тажрыйбасы жоктор шаар Кеңешинин критикалык массасын түзсө элге эле убал болот.
Тилегимде борбор шаарыбыз дүйнөдөгү эң кооз, гүлгө оронгон, имараттары көк тиреген көркөм шаарга айланса дейм. Москвадай, Токиодой же Бомбейдей чоң болбосун, бирок, Фрайбургдай таза жана жашыл токой курчаган, Цукубадай интеллекттин чордону болгон шаар болсо деп кыялданам. Ошондой эле Борбордук Азиядагы финансы борборуна айланууга шарт түзүү керек деген биздин экономисттердин оюна кошулам.
Албетте мындай тилекке, максатка жетүү оңой эмес. Саясый конъюнктура, партиялардын тирешүүсүнөн экономикалык маселелердин экинчи планга жылганы, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып жатканы, чала сабат чечимдер, дагы ушул сыяктуулар шаар бийлигинин ишинин натыйжалуу болушуна бөгөт болууда. Андыктан шаардыктар кышында суукка тоңуп, жайында сууга жетпей, ташылбай сасып жаткан таштандылардын жытын аргасыз искеп, караңгы көчөдө карайлап, автобуска батпай "жол азабы-көр азабы" экенин сезип, тагдырдын өгөй баласындай болуп, оор турмушту башынан өткөрүүдө.
Ушул маселелердин бардыгын колумдун келишинче чечейин, эл турмушун оңдогонго билимиме, тажрыйбама жараша салым кошоюн деген ниет менен депутаттыкка ат салышып жатам.
Курулуш тармагында эмгектенгениме жыйырма жылдан ашуун убакыт болду. Бишкек шаарындагы жана башка жерлердеги ондогон объекттерди курууга катыштым.
"Ушул адам-ушул жупун кийимчен
Бүт дүйнөнүн үстүндөгү каймагы",- деп элибиздин улуу акыны Алыкул Осмонов курулушчу жөнүндө жазган эле. Элибиз дагы улуу акын сыяктуу жаратман эмгектин өкүлү болгон курулушчуларды татыктуу баалай билет деп ишенем.
Жапайы капитализм - бүтүндү бүлдүрүп, менчик кылып бөлө албай талкалап бузган мезгил артта калып, кура турган, түзө турган, жарата турган мезгил келип жетти.
Менин ата-энем - жөнөкөй айылдык мугалимдер, ар дайым чынчыл жана жоопкерчиликтүү, адилет жана боорукер бол деп тарбиялашкан. Ушул тарбия каныма сиңген. Мектепте жана жогорку окуу жайларында мугалимдерим өз ишиңдин устаты бол деп тарбиялашкан. "Бөдөнө сойсо да касапчы сойсун" деген накыл сөздүн төркүнүн түшүнгөн мугалимдерим, Бишкек, Москва шаарларындагы илимдин докторлору менен кандидаттары берген билимине, тарбиясына мен дайыма ыраазы болуп келем.
Өз кесибинин устаттары болгон депутаттардан турган конструктивдүү күчтөр гана шаар Кеңешинин ишин илгерилетип, стабилдүү, ишенимдүү, натыйжалуу болушуна өбөлгө боло алат. Шаардын келечеги, ар бирибиздин бакубат жашообуз ар бир шаардыктын аракетине, азыркы шайлоодогу калыс берген добушуна жараша болот. Талапкерлерге калыс болсоңуз, тагдыр да сизге калыс болот.

Талапкердин өмүр таржымалы
Сталбек Өмүрканов 1962-жылы туулган, жогорку билимдүү, инженер, курулушчу жана юрист.
Атасы Өмүрканов Калык бүт өмүрүн мугалимдик кесипке арнап, айыл мектептеринде 44 жыл эмгектенген. Энеси Жумашева Күлбаран баштапкы класстардын мугалими болуп иштеген.
Сталбек Калыкович 1980-жылы туулган жериндеги Панфилов районундагы Панфилов орто мектебин бүтүрүп, Фрунзе политехникалык институтунун инженер-курулуш факультетине өткөн. 1983-жылы Москвага инженер-курулуш институтуна которулуп, аны 1985-жылы бүтүрүп, №1 Курулуш-монтаж башкармалыгына мастер кызматына орношкон. Бул жерде 1995-жылдын апрелине чейин мастер, прораб, өндүрүш-техникалык бөлүмдүн инженери, ПТОнун начальниги, башкы инженер болуп иштеген.
1995-жылы ПСФ Бишкеккурулуш ААКнын №3 курулуш-монтаж башкармалыгына начальник болуп дайындалган. Ушул иш мезгилинде республикалык жана шаардык маанидеги курулуштарды башкарган, анын ичинде "Манас" аэропортун реконструкциялоо, Толук айылындагы жер титирөөдөн кийинки калыбына келтирүү иштери, Арча-Бешик, Келечек, Көк-Жар турак-жай массивдеринде мектептерди куруу, "Айдан" химфармзаводунун курулушу, тамеки заводун куруу жана башка маанилүү объектилер болгон.
2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган.
2005-жылдан баштап 2008-жыл бою Бишкек шаарынын 2010-жылга чейинки Турак-жай программасын аткаруу максатында Бишкек шаарынын мэриясында жаңыдан түзүлгөн көп кабаттуу турак-жайларды комплекстүү куруу жана инвестициялар башкармалыгын башкарган. Бул мезгилде Жал массивинде эксперименталдык пилоттук ипотекалык кредит боюнча жалпысынан 298 квартирадан турган 3 турак-жай курулган, бюджет чөйрөсүндөгү кызматкерлер үчүн 225 квартира пайдаланууга берилген. Учурда укук коргоо жана бюджет тармагында эмгектенгендерге төлөө каражаты жетиштүү болгон 975 квартиралуу 10 объект курулуп жатат.
Социалдык турак-жайларды курууга жигердүү катышкандыгы жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине турак-жай кургандыгы үчүн "Кыргыз милициясына 80 жыл" юбилейлик медалы менен 2006-жылы сыйланган.
Курулуш тармагында сиңирген эмгеги үчүн 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.