Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№71, 26.09.08-ж.

PRESSKG.COM

ActionTeaser.ru - ???????? ???????





  Өкмөт жыйыны

Жумушсуздук азайып баратат
Шаршембиде өткөн Өкмөт жыйынында өлкөдөгү жумушсуздук проблемасы менен Ош облусундагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү Фондунун аянттарын колдонуудагы жасап жаткан иштери каралды. Биринчи маселе боюнча доклад менен чыккан Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулованын айтымында, өлкөдөгү жумушсуздардын саны жеке ишкерчилик, орто жана чакан ишканалардын ачылышы, сырттан түз инвестициялардын тартылып жатышы менен кыскарууда. Мисалы, ушул жылдын башынан бери өлкөдө 17,8 миң жаңы ишканалар иштей баштаган, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге көптүк кылат. Ал эми республикадагы кызматкерлердин бир айлык орточо эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 4976 сомду түзгөн.
Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата жумуш менен камсыз болгон адамдардын саны 2152,8 миң адамды түзүп, 2006-жылдагыга караганда 56,6 миң адамга көбөйгөн.
Учурда өлкөдөгү калктын саны 5 миллион 280 миң адамга жетти. Былтыркы жылы мындан 52 миң адамга аз болчу. Калктын эң эле көп бөлүгү Ош (1077,5 миң адам, бардык калктын 20,4 пайызы), Жалал -Абад (986,9 миң адам, калктын 18,7 пайызы) жана Бишкек шаарында (845,1 миң адам же 16 пайыз) орун-очок алышкан. Демографиялык абалдын оңолушу негизинен сырткы миграциялык агымдын азайгандыгынан улам мүмкүн болду. Учурда сыртка кеткендердин саны 15,8 миң адамды түзөт. Салыштырмалуу айтсак, өткөн жылы 31,1 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. Башка өлкөгө барып иштеп жаткандардын көпчүлүк бөлүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын жашоочулары түзөт. Экономикалык жактан активдүү калктын саны 2007-жылы 2 миллион 343 миң адамды түзгөн болсо, быйыл ага салыштырмалуу 2,6 пайызга өсүш жүргөн. Бирок, экономикалык жактан активдүү эмес калктын саны 1 миллион 256 адамга жетип, былтыркыдан 4,3 пайызга көп.
Айгүл Рыскулова эмгек рыногундагы дагы бир маанилүү учурду баса белгилеп өттү. Жакшы айлык акы төлөнгөн ири жана орто ишканаларда эмгек мыйзамдуулуктарынын нормалары сакталгандыктан социалдык коргоонун бардык институттары иштейт. Ал эми "арзан" эмгек күчтөрү талап кылынган чакан ишканалар менен формалдуу эмес сектордо кызматкерлер эмгек кепилдиктери менен корголбойт. Чакан бизнес ири жана орто ишканаларга караганда жумуш орундарынын сапаты жагынан начар: эмгек акынын көлөмү аз, туруктуу эмес жана социалдык гарантиялар менен коргоо нормалары минималдуу же такыр эле жок. Мындай сапатсыз жумуш орундары өлкөдө жогорку маяна төлөнгөн ишканаларга караганда басымдуу. Формалдуу эмес жумуш орундарынын көп болушу-экономикадагы "кымбат" жумуш орундарынын жетишсиздигинин белгиси, бул "арзан" эмгек секторунда 1миллион 479 миң адам эмгектенет. Анын ичинен 52 пайызы айыл чарбасына, 20 пайызы соода тармагына, 10 пайызы курулушка таандык. Мындай арзан эмгек күчүн талап кылган жумушта иштегендердин 73,5 пайызын айылдык адамдар түзөт. Жумуш орундарынын "жабык" түрлөрүнө кирген көчөдөгү соода жүргүзүү, ар кандай кызмат көрсөтүүлөр, дары чөптөрдү чогултуу, сезондук жалданма иштер сыяктуу эсепке алууга мүмкүн болбогон эмгек республиканын бардык аймактарына таандык көрүнүш. Ошондуктан жумушсуздук менен байланышкан кыйынчылыктар бүгүнкү күндөгү социалдык-экономикалык абалдын негизги маселелеринен болуп саналат. Калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Өкмөтү ар кандай чараларды көрүп, программаларды иштеп чыгууда. 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республикада 55 миңден ашык жумуш орундары түзүлгөн. Ошентсе да түзүлгөн жумуш орундарынын көпчүлүгү формалдуу эмес секторго туура келет.
Ушул жылдын август айына карата өлкөдөгү жумушсуздардын саны 272,2 миң адамды түздү, алардын ичинен 105,7 миң адам Миграция жана ишке орноштуруу комитетинин органдарынын эсебинде турушат. Аймактык эмгек рыногун талдоо көрсөткөндөй, Нарын, Баткен, Чүй, Жалал-Абад жана Бишкек шаарында жумуш издеген адамдардын саны көп. Расмий статус берилген жумушсуздардын саны 70,5 миң адам.
Эмгек рыногунун катарын толуктагандардын негизги булагын окуу жайларды аяктагандан кийин өз алдынча жумушка орношо албаган жаштар түзөт. Биринчи кезекте булардын катарында мектептин бүтүрүүчүлөрү турат. Анткени, алар же кесипке ээ эмес, же иштөө тажрыйбасы жок болгондуктан жумуш табуу өтө эле кыйынга турат. Өлкөдө 1739 мектеп бар болсо, алардан бүтүрүп чыккан жаштардын саны былтыркы жылы 69,6 миң адамды түзгөн, жогорку окуу жайларына алардын 79 пайызы өтсө, калган 21 пайызы эмгек рыногун толтурушту. Ошондой эле республикада 242 жогорку жана орто билим берүү мекемелеринен 2007-жылы 55,7 миң бүтүрүүчү чыкса, алардын 5,3 миңи иш менен камсыз кылуу кызматтары аркылуу жумуш таба алышса, калган 90 пайызы жумушсуздардын катарын толуктап же формалдуу эмес эмгек орундарына орношуп, болбосо өз алдынча жумушка ээ болушкан.
Жыл өткөн сайын эмгек рыногунда кесиптик билимине карап жумушка алуу эске алынбагандыктан суроо менен талаптын ортосунда чоң айырмачылык орун алууда. Атайын жүргүзүлгөн сурамжылоодон белгилүү болгондой, атайын адистигине карап кызматкерлерди алуу орточо 61 пайызды түзөт. Мындай абал көбүнесе жеңил, тамак-аш, курулуш материалдары өнөр жайында, курулуш, кызмат көрсөтүү тармактарында байкалат. Кызматкерлердин кесиптик деңгээлинин эл аралык стандарттар талабына жооп бербегендиги өлкөдөгү жана андан сырткары атаандаштыкка терс таасирин тийгизүүдө. Ошондой эле талдоолор көрсөткөндөй өлкөдөгү компаниялардын өтө чоң бөлүгү (75 пайыз) өз кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга каражат бөлүшпөйт. Мындай процесс такыр эле түшкө кирбеген тармактардын катарына соода жана коомдук тамактануу жайлары кирет.
Калкты жумуш менен камсыз кылуунун экономикалык да, саясый да мааниси жогору экени белгилүү. Ошентсе да бул маселе менен жеринде алек болуп чечкенге аракеттер аз көрүлөт.
Өкмөт жыйынында каралган экинчи маселе боюнча Ош облустук, Алай, Каракулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Ноокат райондук мамлекеттик администрациялары жана 13 айыл өкмөтүнүн 2006- 2007-жылдардагы жана 2008-жылдын биринчи жарым жылдыктагы иштери изилденген.
Жыл сайын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджеттерине айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аянттарын колдонуудан 40-45 млн. сом түшөт. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин колдонуудагы натыйжалуу иши үчүн Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүн мисал кылса болот. Аталган айыл өкмөтүндөгү Фонддун жерлери конкурстук негизде гана ижарага берилип, ачык иш жүрөт, анын негизинде ижара акысынан түшкөн каражаттардан жергиликтүү бюджет 2006-жылы 28,6 пайызга, 2007-жылы 36,6 пайызга өскөн.
Ал эми көпчүлүк жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында жергиликтүү кеңештер, атайын мамлекеттик башкаруу структуралары менен калк тарабынан көзөмөлдүн аз жүргүзүлгөндүгүнөн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине карата ижара акысына болгон карыздар өз убагында жана толук түрүндө өндүрүлбөй келет.
Ошондой эле кээ бир жерлердеги сапатсыз эсеп-чот жүргүзүүнүн негизинде ижара акысынын суммалары боюнча айырмалар жаралууда. Мисалы, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын маалыматында ижара акысы 45754 миң сом, а Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинде 37349,5 миң сом деп жүрөт. Ортодогу айырма 8,4 миллион сомду түзүп жатат.
Ж.Эргешбаева,
"Эркин Тоо".




Дүйнөлүк экономикалык кризис
же "камчыны" унутуп "токочту" гана самаганда...
(Башталышы 1-бетте)
Бул акыркы мезгилдерде жанар майга баанын улам өсүшүнө карай түзүлгөн Россиянын экономикасына оор сокку урат деген көз караштар бар. Бирок, буга карата Россия дагы өзүнүн чоң мамлекеттик кубатын салды. Анткен менен бул экономикалык кризис эң болбоду дегенде жарым же бир­эки жылга созулат деген болжолдоолор болуп жатат. Ушул нерсе бүткүл дүйнө жүзүн, анын ичинде Кытай, Япония, Россия сыяктуу чоң державаларды да коркутууда.
Негизи, бүткүл дүйнөлүк глобалдык экономикалык кризистин келип чыгыш себебин изилдеп көргөндө, Америкада экономиканын "камчы жана токоч" принцибинин пропорциясы бузулган дешет. Мында биринчи бөлүк унутулган да "токоч" принциби кете берген. Анан эмне болду? Ач көз жана өзүмчүл америкалык банкирлер кредиттерди оңго да, солго да бере беришкен. Ал эми өз учурунда буга мамлекеттик тескөөчү органдар көңүл бурушкан эмес, анткени пайда өлчөөсүз өсүп жатат да! Ким кой дейт, "байлыкты көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр" деген сөз бар го. Кыскасы, жеңил пайда табуунун ач көздүк арааны Американы ушуга алып келип такады. Качан оңду­солду кете берген миллиарддаган кредиттер кайтарылбай турган деңгээлге жеткенде гана чоң ызы­чуу чыгып олтурат. Капиталисттер мында арзандай баштаган акцияларынан кутулууга шашып, накталай акча жыйнамай жагына өтүштү. Бүткүл дүйнөгө жайылган инвесторлор акчаларын жыйноого шашыла киришти. Бул этапты "ишеничтин кеткен кризиси" деп коюшат экен т.а. эч ким эч кимге ишенбейт.
Маселен, Россия Федерациясынын каржы министри Алексей Кудриндин берген маалыматы боюнча жакында эле болгон глобалдуу экономикалык кризиске байланыштуу Россиядан 10­15 миллиард доллар чыгарылып кеткен. "Биз алардын ордун компенсация кылабыз", ­ дейт РФ каржы министри. Америкадагы башталган кризисти Россия менен Грузиянын ортосундагы болуп өткөн согушка байланыштыргандар да бар. Бирок, бул "версияны" көптөгөн экономисттер жокко чыгарышууда. Эми кайсынысы туура экедигин убакыт көргөзөт. Мүмкүн мында да кандайдыр бир саясат жаткандыр, "эмне болсо да Россияны сындырыш керек" деген. Анткени, дүйнө жүзүнүн байлыгынын 4/1 бөлүгү Америкага таандык. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында темирдей Советтик империя (СССР) да нефтинин баасын көкөлөтүп туруп, анан "аңга түртүп" ийүү "ыкмасын" колдонгондо кыйрап калган.
Бул сапар экономикалык кризис атаандаш державалардын кимисинин "шапкесин" сыйрып түшөт аны да көрө жатаарбыз.
Ошол Америкадан башталган кризис дүйнө өлкөлөрүнөн сырткары, КМШ мейкининде Россиядан бөлөк Казакстанга да катуу тийди. Азыр кредитке маарып жүргөн айрым казак бизнесмендеринин өңдөрү бозоруп жаткан чак. Себеби, фондулук рынок, ипотекалык кредит дегендер Казакстанда өтө эле өөрчүп кеткен эле. Айрыкча Казакстандын Америкага карызы көп. Эми бул өлкө да коңшусу Россия сыяктуу нефти кенине бай мамлекет, мүмкүн ошого ишенип жатышат. А бирок, жанар майга болгон дүйнөлүк баа кескин түшсө кандай болот?..
Быйыл жазда өлкөбүздүн Президенти Курманбек Бакиев "өтө эле тез өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн тагдырына суктанбагыла, кыбыраган кыр ашат" дегендей кылды эле. Калетсиз сөз экендигин турмуш ырастоодо. Дүйнөлүк кризистин Кыргызстанга көп деле залалы тие бербестиги көрүнүп калды. Анткени, фондулук рынок деген бизде али калың элдин массасына жетип, өлкө экономикасын сактап калгыдай деңгээлге жете элек. Бул багыттагы кадамдар эми гана башталды. Кыргызстандын экономикасы өз мээнети менен акырындап, реалдуу түрдө өнүгүп жатат. Бизге эгемендик алган 1990­жылдардан бери эч ким, эч бир өлкө (айрыкча Америка же Россия болсун) 1­2 миллиард долларларды дароо берип, "Экономикалык чудо" жасап жиберишкен эмес. Аз­аздан гана жардам берип коюшат, болду. Калганын мээнеткеч эли өзү жасап келатат. Ошондуктан, Кыргызстандын көп эле чочуй турган нерсеси жок. Бирок, дүйнөлүк глобалдуу кризистин капшабы баары бир тиет. Буга Өкмөтүбүз дайым даяр болуп, анын алдын алып туруш керек. Карапайым элге келе турган болсок, көп деле таасири тийбейт. Дүйнөлүк экономикалык кризис ­ ири бизнесмендерге, чоң ишкерлерге, байларга тийиши мүмкүн. Кыскасы, кимдин колунда акция, баалуу кагаздары жок болсо, коркпой эле койсо болот. Анткен менен айрым инвесторлор өздөрүнүн жериндеги бизнесин сактап калышы үчүн Кыргызстанга салган капиталдарын сыртка алып кете башташы мүмкүн дейт айрым экономисттер. Бул казак банктарына да тиешелүү болуп калышы мүмкүн. Кантсе да мамлекет бардык коркунучтарды эске алып, дайыма сак болуп турганы жөндүү.
Азизбек ЧАМАШЕВ,
"Эркин Тоо".








Яндекс.Метрика