Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезити
№71, 26.09.08-ж.





"Ооматка"-эл ишенет
Кара-Суу шаарындагы "Оомат" кредиттик союзунун төрайымы Асанова Адиетхан ой бөлүшөт

Кара-Суу шаарындагы "Оомат" кредиттик союзу ошол аймактагы алгачкы карлыгач катары түзүлүп, ушул кезге чейин үзгүлтүксүз, туруктуу иштеп келатат. 1995-97-жылдары банктардан кредит алуу өтө кыйын эле. Толгон токой документ топтогонуң аз келгенсип, жылдык пайызы деле жогору болгон. Көп жылдар бою чарбада жетекчилик кызматтарда иштеген, мал жана айыл чарбасы боюнча такшалган адис, ишкердикти өнүктүрүүнүн өзүнчө мектебинен өткөн инсан Амат Маматоморовдун демилгеси менен 1997-жылдын 7-октябрында 15 адамдан турган, уставдык капиталы 37миң сомду түзгөн "Оомат" аттуу кредиттик союз иш баштаган. Өткөн жылы өзүнүн 10 жылдыгын белгилеп, республиканын туш тарабынан өнөктөш-санаалаштарын чакырып, маараке өткөргөн. 10 жылдан ашуун мезгилде карапайым элдин ишенимине кирген, таянычына айланган кредиттик союздун азыркы төрайымы А.Маматоморовдун өмүрлүк жубайы Асанова Адиетхан басып өткөн жолунан чыгарган тыянактарына токтолду.

Ишеним
Биринчи иш баштаган жылдар эсимде калды. Чынын айтайын ошол мезгилде көпчүлүк адамдар акчаны иштеткенди билишкен эмес. Бизден кредит алып барып эле өзүмө костюм-шым же үйгө бирдеме сатып алам дегендер болду. Адамдардын бизге келишинин дагы бир себеби банктардан, корпорациядан акча алыш деген өтө кыйынчылыкка, убарагерчиликке кабылткан. Алар дагы бизге ишенип келип жаткандан кийин ишенимди актайлы деп кардарларга баш отубуз менен киришип жардамдаштык. Кардарлар менен жакындан мамиле түздүк. Үй -жайын көрүп, аялы ала турган болсо күйөөсү менен таанышып, балдары менен сүйлөшүп, бизнесин кантип жүргүзөт, кийин кредитти төгө ала турган мүмкүнчүлүгү барбы же жокпу деп кылдат талдап чыктык. Коңшусуна чейин сураштырып, ошол адамдар жөнүндө маалымат топтогондон кийин мамиле түздүк. "Колуң менен берип, мойнуң менен тартасың" демекчи көп убарагерчиликке салып, убактыңды, нервиңди алып кайтарган күндөр да болду. Бербесе сот аркылуу өндүрүп алабыз деген ойдо болдук. Бирок, бул оюбуз ишке ашкан жок. Куру убарагерчиликтен башка натыйжа чыкпады. Бел байлап адамдарга ишенсең, алардын шартын туура түшүнүп, чын жүрөктөн жардамдашсаң эмгегиң текке кетпейт. Ишеним баарынан бийик, жогору болот.

Адамгерчилик
Ошондо биздин кардарлардын бири айылда жашаган бирөө 30 миң сом кредит алып, өз убагында төлөй албай, турмуштун айынан Россияга иштегени кетиптир. Бой жетип калган балдары бар экен "Коюп берип туруңуз, акча болгондо беребиз"- деп калышты. Качан колго акча тиерин эч ким билбейт. Жарым жылбы, 1-2 жылдабы белгисиз эле... Түшүнүүгө, адамгерчилик кылууга мажбурбуз. Экинчи жылы ошол үй-бүлөнүн уулу бир жылдык чөбүн сатып, куруттай кылып алып келип берди. Эл менен иштеш үчүн сабырдуулук, чыдамдуулук, эрктүүлүк керек. "Паланча суммадагы акчам эки-үч айдан кийин палан сом болот" деген куру кыял. Базарда иштеген майда барат товарлар менен соода жүргүзгөн аялдар келишет. "Азыр кайтара албайм, сезондо төгөйүн" деп суранышат. Жөн жайын билгенден кийин кардардын да талабы менен эсептешпегенге айла калбайт. Жан дүйнөсү таза, акчаны максаттуу иштеткенди билген, өзүн да, өзгөнү да алдабаган жөнөкөй кишилер менен иштөө жеңил. Адамгерчиликтүү мамилең гана ишенимге өбөлгө болуп берет.

Натыйжа
Кредиттик союздардын ишкердүүлүгү жөнүндө эл аралык уюмдар окуткан окуу-семинарлардын, тренингдердин пайдасын көрдүк. Кесибим физик мугалими болчу. 28 жыл мектепте иштедим. 1999-жылдан бери кредиттик комитеттин төрайымымын. Жылда отчёттук шайлоо өтөт. Киреше чыгашалардын кайда жумшалганын тактап берүүгө милдеттүүмүн. 10 жыл ичинде биздин 1-утушубуз элдин ишеними болду. Айыл жериндеги карапайым дыйкан фермерлерден тартып, чакан жана орто бизнести өнүктүргөн ар кыл катмардагы адамдар менен иштешип жатабыз. Бүгүнкү күндө жүгүртүүдөгү каражат капиталдын резерви 9,5 млн. сомго жетти. МТЗ-82-1 деген 3 трактор алдык. Биз Бишкекке 20 пайызын которуп, ар ай сайын пайызын төгүп турабыз. Дыйкандарга 20% төлөсө деле беребиз, жылдын аягында жалпы сумманы кайтарса деле болот. Учурда 550 кардарыбыз бар. 50 миңден 200 миң сомго чейин кредит берүүгө кудуретибиз жетет. Жашоо шарты оор, жакыр үй-бүлөлөргө жардам берип турабыз. Бизге бөлүнгөн мектеп бар. Мечитке каралашабыз. Социалдык шарты оор үй-бүлөнүн баласы ооруп, операция жасатса, каражатын көтөрөбүз. Кыштагы жер титирөөдөн жабыр тарткан Кашкар-Кыштагындагы "Лола" балдар бакчасына, Баш-Булактын элине барып, колдон келишинче кайрымдуулугубузду жасадык.

Өзүңдүн эле эмес, өзгөнүн да пайдасын ойло...
"Оомат" КС түзүп, 1- пайдубалын түптөгөн инсан Амат Маматоморов экендигин жогоруда айтып өттүк. Учурда ал киши Ош областтык Шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп эмгектенет. Көп кыйынчылыктарга карабай бутуна туруп кеткен "Ооматтын" оор-жеңилине, оош-кыйышына дайыма көңүл буруп, ар кандай тоскоолдуктарга моюн бербей, "ооруса" кошо ооруп, кубанычына ортоктош болуп келет. Анын турмуштагы тутунган принциби - "Өзүңдүн эле эмес, өзгөнүн да пайдасын ойло".
Кредиттик союздардын келечеги кең. Анткени, айыл жериндеги айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн талаптарына ылайык иш кыла турган бирден-бир финансылык орган. Айыл банктар түзүлгөнү менен (райондук масштабда) элет жеринде жок. Дыйкандар кредиттик союздарга мүчө болуу менен өздөрүнүн көйгөйүн чечет. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо алыскы, жакынкы ар бир айыл өкмөтүнүн аймагында бирден кредиттик союздарды ачсак, карапайым калк үчүн ыңгайлуу болмок. Бирок, түрдүү себептер менен мындан 10 жыл мурдагыдай кредиттик союздарды өнүктүрүү, аларды жер-жерлерде уюштуруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлбөй жатат. Ушул маселеге жергиликтүү башкаруу органдары көңүл бөлбөй келет. Жер-жерлерде КС уюштуруунун артыкчылыгы сырттан инвестицияны тартууга чоң өбөлгө түзөт. Ар бирин финансылык -кредиттик ресурстар менен камсыздап беришсе, ички миграциянын токтолушуна себепчи болот. Анткени, карапайым адамдар каражаттын жоктугунан жерин иштете албай, малын багалбай ар тарапка кетип жатышат.

Өнүктүрүүнүн үч жолу
Чынында биздин республикада дыйкандар менен жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдүн продукциясын өздөрү сата албай жатат. Ортомчулар сатып, алардан 4-5 эсе көп пайдага туйтунуп калды. Дыйканды бүгүнкү күндө сарсанаа кылган маселе эмнени эксем, продукцияны сатамбы же канча чыгым тартам, канча пайда көрөм деп түмөн ойдон башы ооруйт. Жерге сарпталган каражатынын акталбай жатышы чындык. Бул абалдан чыгуунун бир жолу- өндүрүштүк кооперативдерди же бирикмелерди элдин жер үлүштөрүнүн негизинде уюштуруу керек. Акчасы көп адамдар т.а. ортомчулар териле элек пахтага 15 сомдон акчаны берип коёт. Дыйкан анын "туткунуна" айланат да, товарын накталай наркка эмес, карызына берип, өзү куру жалак калат. Эгерде сервистер иштеп турса, экөөнүн ортосундагы келишим негизинде берип, учуру келгенде 28-30 сомдон сатып алат. Экинчиден, бизде жерди иштетүүдө жеке менчик чарбалар жакшы иштете албай жатат. Чоң гектарлар тилкеленип, майдаланып бөлүнүп кеткен. Президентибиз Курманбек Бакиев да кооперативдештирүү маселесин туура койду. Аянттарды бириктирүү зарыл. Мисалы, Германияда бизге окшоп 2-3 га эмес, 100-1000 гектарларды пайдаланышат. Жеке чарбалар менен айыл чарбасы өнүкпөйт. Майда чарбаларды бириктирип, жердин асылдуулугу үчүн күрөшсөк, сөзсүз майнап чыгат. Азыркыдай жерди пайдалануунун технологиясын сактабай, которуштуруп айдоого көңүл бурбай, ушу кейпибизде кетсек, жерди да чарчатабыз, өзүбүз да убарагерчиликтен чарчайбыз. Жерди бакпаса жер өзүнүн табигый кыртышын жоготуу коркунучуна алып келет. Үч жыл тамеки эгилсе, үч жыл буудай же беде айдалышы керек. Өзүңүздөргө белгилүү Кара-Суу, Араван, Ноокат райондорунун ылдыйкы зоонасында 3-5 соттыхтан жер бөлүнгөн, канча жылдан бери жакшы пайдаланылбайт. 10-20 гектар аянты барлар аларга салыштырганда алда канча көп пайда таап жатышат. Үрөндүн наркы арзан эмес. Жерди айдап-себүүгө, үрөнгө, жер семирткичке, оруп жыйноого, зыянкечтерге каршы чараларга кеткен каражатты эсептесек, кирешеден чыгашасы көп болуп жатпайбы. Андыктан дыйкандар өз эрки менен эч кандай мажбурлоосу жок биригишсе, келечеги жаман болбойт.
Үчүнчүдөн, дыйкан өндүргөн продукциясын баш катырбай, убарагерчилик тартпай эле өткөрө турган соода-сатык кооперативди уюштуруу зарыл. Ошондо гана өндүрүлгөн продукциялар сапатын жоготпой, наркы көтөрүлүп, дыйкандын эмгеги акталат, айыл чарба өндүрүшү алга жылат. Райондогу айыл чарба департаментинин вазыйпасын кайрадан караштырып, дыйкан -фермерлерге жардам берген өбөк-жөлөк болгудай деңгээлде түзүү мезгилдин талабы. Жогоркуларга кошумча айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн үч жолду бекемдеген кредит берүүчү кооперативдерди түзүү да максатка ылайыктуу. Анткени, төмөнкү пайыздагы ишенимдүү кредиттер берилип турса, дыйкан коркпой-үркпөй эле иштетип, өзү да пайда таап, кайтарууга келгенде көңүлү ток болот.
КСтерди кайсы көйгөйлөр кыйнайт?
Кредиттик союздардын келечегине шек келтирүү кыйын. Ошентсе да алардын өнүгүп кете албай жатышынын өзүнчө көйгөйү бар. Кредиттерди бергенде финансылык компаниялар олку-солку абалда болуп, иштейбизби, иштебейбизби деген кыязда бүдөмүк мамиледе болушат. Кайсы бир деңгээлде акча саясаты да роль ойноп калат. Булар жеңилдетилген пайыз менен өз убагында берип турса, КС ойдогудай өнүгүп кетет. Финансы компаниялары азыркыдай катуу талаптарды коюп туруп алышса, кредит алуу кыйындайт, ал гана эмес кайтарарда натыйжасын көрүү кыйын. Андыктан КС жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, кайрадан кабыл алуу мезгилдин талабы.
Ризван Исмаилова,
"Эркин Тоо".




Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан
Быйыл 23-сентябрь күнү кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусуна ээ болгонуна 19 жылдын жүзү болуптур. Андыктан бул майрам өлкөдө өзгөчө шаң менен белгиленди. Мекеме-ишканалар, окуу жайлардын көпчүлүгү тил майрамында кыргыз тилинде гана сүйлөшүп, кыргызча ыр ырдап, бий бийлешип көңүл ачышты. Бирок, жыл өткөн сайын арабызда
Бул тилди кымбат кылдат сырын ачам,
Канымды сыя кылып китеп жазам.
Таң эрте тил өмүрү бүтөт десе,
Күн менен уккан кечте кошо батам (А.Т)- деген ыр саптарында айтылгандай тил үчүн күйүп бышып, тил үчүн өмүрүмдү да берем дегендер калбай барат. Жаштардын баары чет тилдерди үйрөнүп, иш кагаздарыбыздын көпчүлүгү дале кыргыз тилине которулбай жүргөнү эч кимге жашыруун эмес. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери кыргыз тилинин өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Бирок, бул аракеттер азырынча жакшы натыйжасын бере элек. Мисалы, укуктук, экономикалык тармакта кыргыз тилинин жайылышы өтө жай жүрүүдө. Бул маселени Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы эске алып, укуктук тармагында кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча өзүнчө борбор ачышкан. Бул борбор мамлекеттик тил майрам күнү кыргыз тилине арналган салтанаттуу майрам уюштурушту. Майрамга аталган окуу жайдын мугалимдери жана Кыргыз тил коомунан келген өкүлдөр катышышып орус, корей улутундагы студенттердин концертине күбө болушту. Окуу жайдын ректору К.Керезбековдун жана борбордун окуучуларынын демилгеси менен уюштурулган салтанаттуу майрам өзгөчө кызыктуу өттү. Себеби, келечектин укук коргоочулары, юристтери болгондо да башка улуттун балдары кыргызча ыр ырдап, бийлеп жатышса кубанбай койбойт экенсиң. "Борбордун максаты - балдарды кыргызча сүйлөтүш эле эмес, укуктук тармакка кыргыз тилин жайылтуу",- дейт аталган борбордун директору Акматова Венера. Азыр укуктук тармактын иш кагаздарынын баары орус тилинен кыргыз тилине которуу бир топ проблеманы жаратууда,-дейт Венера эже, ошентсе да аракетибиз жакшы. Буюрса келечекте так кыргызча сүйлөгөн, жаза билген юристтерди окутуп чыгарабыз деп үмүттөндүрдү. Кыргыз тили майрамында бул жогорку окуу жайдын ректору К.Керезбеков кыргыз тили мугалимдерине акчалай сыйлыктарды ыйгаруу менен кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн башка улуттун улан кыздарына жана майрамга арналган дубал газеталардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул салтанатта кыргыз тилинде сүйлөгөн орус, корей жана башка улуттун балдарын көрүп орус тилдүү кыргыз жаштарынын да руху көтөрүлгөндөй болду.

Ж.КЕНЖЕТАЕВА,
"Эркин Тоо".